Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 14-майы № 283

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад чек ара отрядынын "Жийдесай" чек ара заставасына майор Дарчибаев Талантбек Сураровичтин атын ыйгаруу жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)

Жаш муунду аскердик-патриоттук тарбиялоо, курман болгон майор Дарчибаев Талантбек Сураровичтин атын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад чек ара отрядынын "Жийдесай" чек ара заставасына майор Дарчибаев Талантбек Сураровичтин аты ыйгарылсын жана ал мындан ары: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин Жалал-Абад чек ара отрядынын майор Дарчибаев Талантбек Сурарович атындагы "Жийдесай" чек ара заставасы" деп аталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов