Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-майы № 284
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы N 408 "Биргелешкен суюлтулган газ базаларында жана автогаз толтуруу бекеттеринде суюлтулган көмүрсуутек газдарын технологиялык жоготууну аныктоо методикасын жана Резервуарларды тазалоо учурунда мунайзатты технологиялык жоготууну аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин, "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы N 408 "Биргелешкен суюлтулган газ базаларында жана автогаз толтуруу бекеттеринде суюлтулган көмүрсуутек газдарын технологиялык жоготууну аныктоо методикасын жана Резервуарларды тазалоо учурунда мунайзатты технологиялык жоготууну аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Резервуарларды тазалоо учурунда мунайзатты технологиялык жоготууну аныктоо методикасына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Резервуарларды тазалоодо технологиялык жоготууларды аныктоо үчүн мунайзаттары ушул методикага тиркелген 4-таблица боюнча I, II жана III топторго бөлүнөт. Технологиялык жоготуулардын ченемдери илээшкичтигине жана буулангычтыгынын деңгээлине карата I, II жана III топторго кирген мунайзаты үчүн ушул методикага тиркелген тиешелүү түрдөгү 1, 2, 3-таблицаларда белгиленген.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы N 4 таблица менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
| "4-таблица |
┌──────────────────────┬───────────────────────┬──────────────────────┐
│1-топтогу-1 мууназат │2-топтогу муунайзат │3-топтогу муунайзат │
├───────────┬──────────┼───────────┬───────────┼───────────┬──────────┤
│ Мунайзаты-│ Ченемдик │ Мунайзаты-│ Ченемдик │ Мунайзаты-│ Ченемдик │
│ нын │ документ │ нын │ документ │ нын │ документ │
│ аталышы │ │ аталышы │ │ аталышы │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Автомобиль │ГОСТ │Дизель │ГОСТ 305-82│ Авиация │ГОСТ │
│бензини │2084-77 │отуну │ │ майлары │21743-76 │
│ │ │ │ │ │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Автомобиль │Ишканалар-│Экспортто- │Ишканалар- │Автомобиль │ГОСТ │
│бензини │дын │луучу жайкы│дын │майлары │10541-78 │
│(экспортто-│стандарты │дизель │стандарты │ │ │
│луучу) │ │отуну │ │ │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│АИ "Экстра"│Ишканалар-│Экологиялык│Ишканалар- │Автотрактор│ГОСТ │
│автомобиль │дын │жактан таза│дын │майлары │8581-78 │
│бензини │стандарты │дизель │стандарты │ │ │
│ │ │отуну │ │ │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Б-70 │Ишканалар-│Оордотулган│Ишканалар- │Карбюратор-│ГОСТ │
│авиация │дын │фракциялык │дын │лук │10541-78 │
│бензини │стандарты │курамдуу │стандарты │кыймылдат- │ │
│ │ │дизель │ │кычтар үчүн│ │
│ │ │отуну │ │автомобиль │ │
│ │ │ │ │мотор │ │
│ │ │ │ │майлары │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Авиация │ГОСТ │Реактив │ГОСТ │Трансмиссия│ГОСТ │
│бензини │1012-72 │кыймылдат- │10227-86 │майлары │23652-79 │
│ │ │кыч үчүн │ │ │ │
│ │ │отун │ │ │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Бензин- │ГОСТ │Реактив │ГОСТ │Турбина │ГОСТ │
│эриткич │3134-78 │кыймылдат- │12308-89 │майлары │9972-74 │
│ │ │кыч үчүн │ │ │ │
│ │ │термоста- │ │ │ │
│ │ │билдүү отун│ │ │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Техникалык │ГОСТ │Жарыктанды-│ГОСТ 38. │Гидравлика │ГОСТ │
│изооктан │4095-75 │руучу │01407-87 │майлары │16728-78 │
│ │ │керосин │ │ │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Эталондук │ГОСТ │Техникалык │Ишканалар- │Компрессор │ГОСТ │
│изооктан │12433-83 │максаттар │дын │майлары │1861-73 │
│ │ │үчүн │стандарты │ │ │
│ │ │керосин │ │ │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Мунайзат │ГОСТ │МК-8 майы │ГОСТ │Консерва- │ГОСТ │
│ксилолу │9410-78 │ │6457-86 │циялык │10877-76 │
│ │ │ │ │майлар │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Нефрас - С │ГОСТ │АМГ-10 майы│ГОСТ │Синтетика- │ГОСТ │
│50/170 │8505-80 │ │6794-75 │лык майлар │21791-76 │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Мунайзат │ГОСТ │Кеме газ │ГОСТ │Мотор │ГОСТ │
│сольвенти │10214-78 │турбиналары│10289-79 │майлары │23497-79 │
│ │ │үчүн май │ │ │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Мунайзат │ГОСТ │Аз илээшкек│Ишканалар- │Аспап майы │ГОСТ │
│толуолу │14710-78 │кеме майы │дын │ │13374-86 │
│ │ │ │стандарты │ │ │
├───────────┼──────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│Техникалык │ГОСТ │Көбүктөн- │ГОСТ │М-40, М-100│ГОСТ │
│этилбензол │9385-77 │дүргүч │6948-81 │мазуттары │10585-75 │
└───────────┴──────────┴───────────┴───────────┴───────────┴──────────┘
(1) Биринчи топко илээшкичтиги ченемдик документтерде белгиленбеген МЗ киргизилген. Экинчи топко +20 t-да илээшкичтиги 75 сСт ашпаган МЗ кирет. Үчүнчү топко +20 t-да илээшкичтиги 75 сСт ашкан МЗ кирет. Бул топторго жогоруда саналган шарттарга жооп берген башка МЗ да кирет.".
|
|