Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 67 токтому менен бекитилген |
1. "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча
Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасынын милдеттери
2. Улуттук программаны ишке ашыруунун мөөнөттөрү жана этаптары
3. Улуттук программаны каржылоо
4. Күтүлгөн натыйжалар
Манас эпосу кыргыз элинин улуттук байлыгы, оозеки элдик чыгармачылыктын теңдешсиз эстелиги, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври болуп саналат.
Эпос дүйнөдөгү элдердин эпикалык чыгармаларынын формасы жана мазмуну боюнча эң көлөмдүүсү катары XIX кылымда кеңири коомдук белгилүү болгон.
1992-жылы 26-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин "Манас" эпосунун 1000-жылдыгын даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык 1995-жыл Кыргыз Республикасында "Манас" эпосунун 1000-жылдыгын элдик майрамдоо жылы деп жарыяланган жана бул эгемендүү Кыргызстандын жаңы тарыхындагы маанилүү коомдук жана саясий окуя катары каралган.
Улуттук уюштуруу комитетине дүйнөлүк маданияттын, адабияттын жана илимдин кенчинде "Манас" эпосунун кайталангыс маанисин эске алып Манас эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого эл аралык статусту берүү жөнүндө ЮНЕСКОго белгиленген тартипте сунуш киргизүү тапшырылган.
"Манас" эпосу Орто Азия элдеринин көп кылымдык тарыхында аларды колдогон жана бириктирген турмуштук маанилүү звено болгондугун көңүлгө алып, ошондой эле, "Манас" эпосу кыргыз тилинин жана адабиятынын булагы, кыргыз элинин маданий, адеп-ахлактык, тарыхый, социалдык жана диний каада-салттарынын негизи экендигин таанып, 1994-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы тарабынан 1995-жыл "Манас" эпосунун миң жылдыгынын Жылы деп жарыяланган.
2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар комитети Кыргыз Республикасынын атынан номинацияланган "Акын-манасчылардын көркөм өнөрү адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын курамдык бөлүмү катары" долбоорун дүйнөлүк маданий мурастын шедеври деп жарыялаган.
2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши болуп жаткан дүйнөлүк ааламдашуу процессинде кыргыз улутунун сакталышы жана өзүн идентификациялоо маселелерине жалпы тынчсызданууну билдирип, материалдык эмес маданий мурасты коргоо жөнүндө Эл аралык конвенцияны ратификациялап, аны менен 2003-жылы 17-октябрда Париж шаарында БУУ кабыл алган Конвенциянын негизги жоболорун таанууга кошулган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү жөнүндө № 213 Жарлыгынын кабыл алынышы, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан материалдык эмес маданий мурасты коргоо жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо элдик оозеки чыгармачылыкты колдоо жана өнүктүрүү үчүн укуктук негизди түздү.
Кыргыз эли көчмөн цивилизация мезгилинин: эпос айтуучулардын, манасчылардын, жомокчулардын, дастанчылардын, санжырачылардын, төкмө-акындардын поэтикалык-аткаруучулук маданиятын өзүнө камтыган оозеки элдик чыгармачылыктын уникалдуу мурасына ээ. Алардын өнөрүнүн аркасында көркөм поэтикалык түрдө тарыхта жана турмушта болгон окуялар жана маалыматтар чоң жана кенже эпостордо "Кожожашта", "Курманбекте", "Эр Төштүктө", "Олжобай менен Кишимжанда" жана башкаларда чагылдырылган, Кыргыздардын эпикалык мурасынын эң көрүнүктүү берметтеринин бири баатырдык эпос "Манас", ал жарым миллиондон ашык ыр саптарынан турат жана көлөмү боюнча дүйнөдөгү белгилүү бардык эпостордон ашат. "Манас" эпосу элдик асыл ойдун алтын казынасы, анда кыргыздардын тарыхынын жана руханий жашоо-турмушунун эки миң жылдан ашык тажрыйбасы чагылдырылган.
Материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана андан ары изилдөө Кыргыз Республикасынын элдеринин руханий кайра жаралышына жана андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү, ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу жана муундардын жолун жолдоочулугу, өз алдынчалыкты, улуттук жана тарыхый каада-салттарынын жана өзгөчөлүгүн сактоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги милдеттеринен болууга тийиш.
2011-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан баатырдык эпосту сактоо, өнүктүрүү жана андан ары жайылтуу маселесин жөнгө салуучу, материалдык эмес маданий мурас объекттеринин укуктук негиздерин бекемдөөгө өбөлгө болуучу "Манас" эпосу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.
"Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасынын максаты салт болгон руханий, адеп-ахлактык, жалпы адамзаттык дөөлөттөрдү калыбына келтирүү, материалдык эмес маданиятты, элдик оозеки чыгармачылыкты системалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Программа стратегиялык милдетти аткарууга - кыргыз элинин маданиятын жана тилин сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.
Жогорудагыларды эске алып, төмөнкүлөр сунушталат:
- материалдык эмес маданий мурас жагында мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны бекемдөө;
- кыргыз элинин маданий салттарын сактоо, коомдун моралдык-ыймандык биригүүсүнүн маанилүү фактору катары тарыхый аң-сезимди калыптандыруу боюнча бир катар чараларды көрүү;
- айтуучулук искусствону кеңири изилдөө жана өнүктүрүү, акындардын, манасчылардын аткаруучулук чеберчилигин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- кыргыз элинин маданиятынын түрлөрүн жана адамдын чыгармачылык негизин калыптандыруучу каада-салттарынын, адаттарынын жана жөрөлгөлөрүнүн; элдик бийлеринин, оюндарынын, зооктордун, билимдердин, көндүмдөрдүн сакталышына жана көтөрмөлөнүшүнө көмөк көрсөтүү;
- билим берүү жана кадрларды даярдоо, эпикалык жана айтуучулук өнөрдүн ээлерине материалдык, моралдык жана социалдык колдоо көрсөтүү жагындагы программаларды иштеп чыгуу;
- илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, билимди берүүнүн формалдуу эмес ыкмаларын өркүндөтүүгө: манасчылардын, акындардын мектебин, чыгармачыл лабораторияларды, тажрыйбалуу устаттарды (устат-шакирт) тартуу менен айтуучулук өнөрдүн мастер-класстарын ачууга өбөлгө түзүү;
- эпостун "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин ар кыл варианттарынын системага салынган толук чыгарылыштарын басып чыгаруу;
- чоң жана кенже эпостордун окуяларынын негизинде анимациялык фильмдердин, компьютердик оюндардын серияларын жаратуу;
- элдик оозеки чыгармачылыктын балдар жана кеңири коомчулук үчүн ылайыкташтырылган чыгармаларын басып чыгаруу;
- материалдык эмес маданий мураска кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында "Манас" эпосун кыргыз тилинен башка тилдерге которуу;
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматтык камсыздоону активдештирүү;
- Веб-сайттарды, DVD, СD-коллекцияларды түзүү.
1. "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасынын милдеттери
"Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасынын (мындан ары - Улуттук программа) негизги милдети кыргыздын баатырдык "Манас" эпосун - элдик оозеки чыгармачылыктын улуу эстелигин, кыргыз уламыштарынын жана жомокторунун уникалдуу энциклопедиялык жыйнагын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу болуп саналат. "Манас" эпосу байыркы элдин жашоо шартын, адеп-ахлактын принциптерин, каада-салттарын, тарыхын, дүйнө таанымын, кыргыздардын өз мамлекетин түзүү жана коңшу мамлекеттер жана курчап турган дүйнө менен достук мамиле түзүү жөнүндө кылымдардагы ой-тилектерин көркөм жана философиялык формаларда чагылдырат.
Ошондой эле, Улуттук программанын милдети "Манас" эпосунун өзгөчө ролун, анын жаш муундарды руханий тарбиялоодогу гуманисттик мурасын сактоо болуп саналат.
2. Улуттук программаны ишке ашыруунун мөөнөттөрү жана этаптары
Улуттук программаны 2012-2017-жылга чейин 2 этап менен ишке ашыруу пландалууда.
Биринчи этапта (2012-жыл) "Манас" эпосун сактоонун, өнүктүрүүнүн жана кеңири жайылтуунун уюштуруучулук, усулдук жана укуктук негиздерин түзүү, "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу, илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурас объекттеринин Улуттук тизмесин даярдоо, Кыргыз Республикасынын аймактарында жаш манасчылардын, дастанчылардын студия-мектептерин, өнөрканаларын түзүү белгиленүүдө.
Экинчи этап (2013-2017-жылдар) "Манас" эпосун жайылтууга багытталган илимий-агартуучу, басма, билим берүү иштерин жүргүзүү. "Манас изилдөө" окуу программасын иштеп чыгуу жана окуу жайларга киргизүү, "Манас" эпосу жана кенже эпостор жөнүндө документалдуу, анимациялык фильмдерди, материалдык эмес маданий мурас жөнүндө, "Манас" эпосу тууралуу берүүлөрдүн циклин жаратуу.
3. Улуттук программаны каржылоо
Улуттук программанын алкагындагы иш-чараларды ишке тартылган министрликтер менен ведомстволордун республикалык бюджетте жыл сайын бекитилчү бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылчу альтернативдүү булактардын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржылоо белгиленүүдө.
4. Күтүлгөн натыйжалар
Улуттук программаны аткаруунун жүрүшүндө күтүлгөн негизги натыйжалар төмөнкүдөй:
- материалдык эмес мурас жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан материалдык эмес маданий мурас чөйрөсүндө укуктук жана уюштуруучулук базаны түзүү жана жүргүзүү;
- жаш манасчылардын жана дастанчылардын студия-мектептерин (өнөрканаларын) ачуу;
- "Манас изилдөө" окуу программасын, жаш манасчылардын жана дастанчылардын өнөрканаларынын же студия-мектептеринин окуу программаларын иштеп чыгуу;
- Материалдык эмес маданий мурас объекттеринин улуттук тизмесин түзүү;
- Кыргызстандын элинин кеңири катмарын маданий мурастарга тартуу.