Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Иштин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертизаларды өткөрүү тартиби
3. Иштин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертиза жыйынтыктарын тариздөө
1. Жалпы жоболор
1. Бул эрежелер кылмыш жана жарандык иштердин материалдары (документтери) боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертиза (мындан ары - СМЭ) өткөрүү тартибин регламенттейт. Материалдар боюнча экспертизалар алгачкы, кайталанган, кошумча болушу мүмкүн жана эксперттер тобу тарабынан, башкача айтканда комиссиялык түрдө, анын ичинде комплекстеп да аткарылат.
2. Алгачкы, кайталанган жана кошумча комиссиялык жана комплекстик экспертизалар иштердин материалдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик жана Жарандык-процесстик мыйзамдарына, Кыргыз Республикасында экспертизаларды өткөрүүнү регламенттеген башка ченемдик, инструкциялык жана методикалык документтерге, ушул Эрежелерге ылайык жүргүзөт.
3. Иштердин материалдары боюнча комплекстүү жана комиссиялык СМЭ өткөрүүнү СМЭ борборунун татаал экспертизалар бөлүмүнүн соттук-медициналык эксперттери башка квалификациялуу соттук-медициналык эксперттерди, медициналык жождордун соттук медицина кафедраларынын ассистенттери жана иштин профили боюнча жогорку квалификациялуу консультанттарды тартып аткарат.
Эгерде конкреттүү иш боюнча эксперттик комиссиянын курамы экспертиза дайындаган адам тарабынан жекече айтылып такталбаса, аны уюмдун жетекчиси, эксперттик иш боюнча директордун орун басары же татаал экспертиза бөлүмүнүн башчысы дайындайт (түзөт).
Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болсо иштин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертиза процессинде аларды аткарган соттук-медициналык эксперттер да эксперттик комиссиянын курамына камтылышы керек.
4. Иштин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүү үчүн тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому же соттун аныктамасы негиз болуп саналат.
Токтом менен бирге эксперттик уюмдун дарегине кылмыш же жарандык иш жиберилет жана зарыл болсо - изилдене турган документтер, буюмдук далилдер жана объекттер.
Экспертиза бир нече эксперттик уюмдардын адистерине тапшырылган учурда токтомдун бир экземпляры бар биринин дарегине жиберилет, иш жана буюмдук далилдер алдыңкы болуп дайындалган уюмдун дарегине жиберилет.
5. СМЭ борборунун жетекчиси, эксперттик иш боюнча анын орун басары же татаал экспертизалар бөлүмүнүн башчысы түшкөн токтом (аныктама) жана иштин материалдары менен таанышат, экспертиза өткөрүүгө материалдардын жетиштүүлүгү, изилдөөлөрдүн керектүү мүнөзү жана көлөмү, эксперттердин персоналдык курамы жана экспертиза өткөрүү мөөнөтү жөнүндө суроолорду чечет.
6. СМЭ борборунун жетекчиси, эксперттик иш боюнча анын орун басары же татаал экспертизалар бөлүмүнүн башчысы материалдарды кабыл албай коюуга төмөнкү учурларда укуктуу.
1) соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө документтерди туура эмес тариздегенде;
2) экспертиза өткөрүү үчүн керектүү документтердин түп нускасы жок болгондо: окуя болгон жерди кароо протоколдору (өлүктү тапкан жеринен), ушул ишти иликтегенде аткарылган бардык "Эксперттер корутундулары"; иштин материалдары боюнча экспертизалардын тыянактары, өлүктүн, жабырлануучулардын, айып тагылгандардын жана башка адамдардын, күбөлөрдүн экспертизалары, буюмдук далилдери, буюмдук далилдердин соттук-медициналык (соттук-химиялык) изилдөөлөрү, соттук-гистологиялык изилдөөсү, өлүктү жана биологиялык материалды патологоанатомиялык изилдөө протоколдору, амбулатордук жана стационардык бейтаптын медициналык карталары, төрөттөр баяны, клиникалык-анатомиялык конференциялардын протоколдору, ведомстволук тергөө документтери, кылмыш жазасына тартылган медициналык кызматкерлердин курагын, адистиги боюнча иш стажын, кесиптик даярдык деңгээлин (адистештирүү, квалификацияны жогорулатуу, категория, илимий даража) көрсөткөн мүнөздөмөсү ж.б.;
3) өлүктү эксгумациялоо жана аны кайталап изилдөө зарылдыгы, эгерде ансыз коюлган суроолорду чечүү мүмкүн болбосо;
4) изилдөөнүн илимий негизделген методикалары, же тийиштүү профилдеги адистер, же керектүү жабдуулар жоктугуна байланыштуу экспертизаны өткөрүү мүмкүн болбосо;
5) эксперттик тапшырма соттук-медициналык эксперттердин атайын билимдер чегине шайкеш келбестиги.
7. Зарыл учурларда экспертиза өткөрүүдөн жүйөлүү кат түрүндө баш тартууну иштин материалдары менен бирге алар менен таанышкандан кийин 7 күндөн ашырбай экспертиза дайындаган органга же адамга өткөрүп берүү керек.
8. Түшкөн материалдар менен таанышканда экспертиза өткөрүүгө илимдин башка тармактарынан адистерди тартуу зарылдыгы чыкса, борбордун жетекчиси кат түрүндө бул тууралуу экспертиза дайындаган органга же адамга керектүү адистер иштеген медициналык уюмду көрсөтүп билдирет. Экспертиза өткөрүүгө тартылган адистер, алардын процесстик абалы тиешелүү түрдө таризделгенде ишке киришет.
СМЭ борборунун кызматкерлердин жана иштин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө тартылган башка медициналык уюмдардын кызматкерлеринин процесстик абалы бирдей.
9. Соттук-медициналык экспертиза коюлган суроолорго жооп даярдоого керектүү бардык материалдарды алгандан кийин өткөрүүгө кабыл алынган болуп саналат жана белгиленген тартипте катталат.
Эрежеде, экспертизаны өткөрүү мөөнөтү бир айдан ашпайт.
Анализге алган материалдардын көлөмү чоң болгондо, же бир эле объектти ар кайсы адистиктеги эксперттер өтө татаал же ырааттуу изилдөөлөрдү талап кылган объекттердин саны көп болгондо, ошондой эле эгерде экспертиза өткөрүү процессинде кошумча материалдарды көрсөтүү зарылдыгы пайда болсо, же аны өткөрүүнүн башка ыкмасы талап кылынса (мисалы: жабырлануучу же айыпталуучуну амбулатордук жана стационардык изилдөө, эксгумацияланган өлүктү кайталап изилдөө, жаңы объекттерди изилдөө ж.б.), экспертиза өткөрүү мөөнөтүн экспертиза дайындаган адам (орган) менен макулдашып аныктайт. Экспертиза өткөрүү мындай учурда токтотулуп турат.
10. СМЭ борборунун жетекчиси, эксперттик иш боюнча анын орун басары же татаал экспертизалар бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын ЖК жана ЖПК талаптарын эске алып, эксперттик комиссиянын курамын жана керектүү изилдөөлөрдүн көлөмүн аныктайт, эксперттерге КР ЖК жана ЖПК тиешелүү беренелеринде каралган алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
11. Иштин материалдары боюнча экспертиза өткөрүүгө соттук-медициналык эксперт катары тартылган адис КР Жазык процессине, КР Жарандык-процесстик кодексине ылайык төмөндө аталган бир негиз бар болсо, ага катышууга укугу жок болот:
1) эксперт катары өзүн өзү четке кагуу үчүн мыйзамда каралган негиздер болгондо;
2) эгерде ушул иш боюнча жабырлануучу, айыпталуучу, шектүү, жоопко тартылуучу же доо ээси болгон медицина кызматкерлери соттук-медициналык эксперт катары тартылган адис менен бирге дарылоо-алдын алуу уюмунда иштеген учурда;
3) эгерде ал түздөн түз же кыйыр түрдө иштин натыйжасына кызыкдар экендигине негиз берген башка жагдайлар бар болсо;
4) соттук-медициналык эксперт болуп дайындалган адам милдеттүү түрдө тергөөчүгө, прокурорго, сотко, СМЭ борборунун жетекчисине эксперт катары анын катышуусу бул иште мүмкүн эместиги тууралуу билдирет.
2. Иштин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертизаларды өткөрүү тартиби
12. Иштин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө дайындалган комиссия (эксперттик топ) үчтөн кем эмес жогорку квалификациялуу адистерди камтышы керек. Анын бир мүчөсүнө (штаттык кызматкерлерден) СМЭ борборунун жетекчиси, эксперттик иш боюнча анын орун басары же татаал экспертизалар бөлүмүнүн башчысы эксперттик комиссиянын төрагасынын милдетин жүктөйт, мындан ары "алдыңкы адис" деп аталат; комиссиянын башка мүчөсүнө - мындан ары "иш боюнча докладчы" деп аталып - экспертиза өткөрүүнү уюштуруу жагынан камсыз кылуу үчүн, комплекстүү экспертизаларды кошпогондо - мында төрага болбойт.
13. Экспертиза даярдоо жана өткөрүү процессинде алдыңкы эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) экспертиза өткөрүүнүн конкреттүү планын иштеп чыгууга;
2) айрым изилдөөлөрдү аткаруу мөөнөтүн дайындап контролдоого;
3) түшкөн материалдар менен таанышканда экспертиза өткөрүүгө илимдин башка тармактарынан адистерди тартуу зарылдыгы аныкталганда алдыңкы эксперт кат түрүндө бул тууралуу экспертиза дайындаган органга же адамга керектүү адистер иштеген уюмду көрсөтүп билдирет. Экспертиза өткөрүүгө тартылган адистер алардын эксперт катары процесстик абалы тиешелүү түрдө таризделгенден кийин ишке киришет;
4) тыянактарды талкуулоо жана акыркы редакциясын чыгаруу максатында эксперттердин кеңешмесин өткөрүүгө;
5) экспертиза дайындаган адам (орган) аркылуу белгиленген тартипте жетишпеген материалдарды жана изилдөө объекттерди талап кылууга;
6) экспертиза дайындаган адамга кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө (өлүктүн эксгумациясы, текшерүү үчүн стационарга жаткыруу, жабырлануучуну, айыпталуучуну эксперттик топтун мүчөлөрүнүн катышуусу менен суракка алуу ж.б.) жана экспертиза өткөрүү мөөнөтүн узартуу, же буюмдук далилдерди жок кылууга же касиеттердин кайтарылгыс өзгөрүүлөрүнө алып келе турган изилдөө методдорун колдонууга уруксат алуу тууралуу билдирүүгө;
7) экспертиза дайындаган адам (орган) менен башка кат алышууну жүргүзүүгө.
Алдыңкы эксперт тыянак чыгарганда процесстик же башка артыкчылыктарга ээ болбойт. Иштин материалдары боюнча татаал экспертизаларды өткөргөндө алдыңкы эксперттин (эксперттик комиссиянын төрагасынын) милдетин борбордун директору, эксперттик иш боюнча анын орун басары же татаал экспертизалар бөлүмүнүн башчысы аткарган оң.
14. Топтун мүчөсү ("иш боюнча докладчы") - экспертиза өткөрүүнү уюштурууга жооптуу өз милдетин алдыңкы эксперттин жетекчилиги алдында аткарат. Анын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) иштин материалдарын, буюмдук далилдерди экспертиза өткөргөн мезгилде алуу жана сактоо;
2) буюмдук далилдер менен жөнөтмөнү ачуу актын тариздөө;
3) белгиленген мөөнөткө "Корутундунун" кириш жана изилдөөчүлүк бөлүгүн түзүү;
4) эксперттер кеңешмесине керектүү материалдарды даярдоо;
5) "Экспертиза корутундусун" тариздөө;
6) "Корутундуга" кайтарылып берилген материалдар жана объекттер тизмеги менен коштомо катты түзүү.
15. Эксперттик топтун ар бир мүчөсү экспертизага көрсөтүлгөн иштин материалдары менен экспертиза маселесинин чегинде жеке таанышууга милдеттүү.
Эксперттик уюмдун жетекчиси ушул уюмдун штатында турбаган эксперттик топтун мүчөлөрүнө изилдөөгө керектүү жабдууларды, материалдарды, аппаратураны, ошондой эле анын кызматкерлери менен кеңешүү мүмкүндүгүн берүүгө милдеттүү.
16. Эгерде изилдөө процессинде көрсөтүлгөн материалдардын толук эместиги айкындалса, топ жетишпеген материалдарды, эмне талап кылынат, кайсы изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн талап кылынганын көрсөтүп, өтүнүч берсе болот, ошондой эле күбөлөндүрүлчү адамды стационардык же амбулатордук текшерүүнү, эксгумацияланган өлүктүн экспертизасын жүргүзүү тууралуу сураныч берүүгө укуктуу.
Өтүнүчтү орундатуудан баш тартканда топ изилдөөнү уланта берет жана объективдүү тыянак чыгарууга мүмкүн болбосо, экспертиза дайындаган адамга бул тууралуу билдирет.
Көрсөтүлгөн өтүнүчкө байланыштуу топтун эксперттери кошумча материал алуу боюнча тергөө (соттук) аракеттерине катышууга тартылышы мүмкүн. Алардын катышуусу менен жүргүзүлгөн процесстик аракеттердин жыйынтыктарын топ өзүнүн "Корутундусунда" колдонушу мүмкүн.
17. Тергөөчү бүт изилдөөдө жана эксперттердин айрым аракеттеринде, тыянактарды талкуулоо этабын кошпогондо, катышууга укуктуу.
Тергөөчү өзүнөн катышуу зарылдыгы тууралуу алдыңкы экспертке билдирет, ал тергөөчүгө аны кызыктырган изилдөөлөр өткөрүлө турган жери жана убактысы тууралуу билдирет. Тергөөчүнүн келбей калышы алардын өткөрүлүшүн токтотпойт.
Эксперт өз демилгеси боюнча тергөөчүгө анын экспертизада катышуусу максатка ылайык же ылайык эместиги тууралуу билдириши мүмкүн.
Тергөөчүнүн катышуусу экспертиза өткөрүү үчүн кошумча материал чогултуу менен айкалышуусу мүмкүн: эксперттин көзүнчө сурак жүргүзүү, кароо, тергөө эксперименти ж.б.
18. Эксперт изилдөө үчүн материалдарды өз алдынча чогултууга укуксуз.
19. Изилдөөлөрдү жүргүзгөндө эксперттер экспертизага көрсөтүлгөн объекттердин сактыгына чара көрүүгө, ага зыян келтирүү же бузууга жол бербегенге милдеттүү. Эксперт буюмдук далилдерди жок кылууга же касиеттердин кайтарылгыс өзгөрүүлөрүнө алып келе турган изилдөө методдорун колдонууну туура деп эсептеген учурда, экспертиза дайындаган адам (орган) менен ушундай аракеттердин орундуу болушу тууралуу макулдашуусу керек, алардын зарылдыгын "Корутунду" үчүн жүйөлүү болушун көрсөтүп, ага буюмдук далилдин деталдуу сүрөттөмөсүн, фото сүрөтүн же көчүрмөсүн тиркейт.
20. Анын алдына коюлбаган суроолор боюнча жагдайларды изилдөөдө эксперт демилгени көтөрүшү ага берилген тапшырманы аткарууда гана мүмкүн.
21. Баштаган изилдөөдөн экспертти (эксперттерди) четтеп салууга жана анын "Корутундусун" жокко чыгарууга эч кимдин укугу жок. Конкреттүү изилдөөнүн методикасы же тыянагы менен макул болбогондо, соттук-медициналык экспертиза борборунун директору "Корутундуну" экспертиза дайындаган адамга же органга өз пикирин коштомо катта баяндап берип, жиберүүгө милдеттүү.
22. Соттук-медициналык экспертиза борборунун директору жана бөлүм башчылары, ошондой эле иштин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө катышкан эксперттер экспертиза дайындаган орган же адамдын уруксатын албай. Ага белгилүү болгон тергөө жана сот материалдарын, ошондой эле экспертиза жыйынтыктарын жарыялоого укугу жок.
23. Эксперттерге илимий-методикалык жардамды жана экспертизанын сапатына контролдук соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчилерине жүктөлөт.
3. Иштин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертиза жыйынтыктарын тариздөө
24. Кылмыш же жарандык иш боюнча жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын илимий-негизделген тыянактары эксперттердин атайын билимдеринин негизинде көрсөтүлгөн материалдарды ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө жыйынтыгы болуп берет.
25. Иштин материалдары боюнча "Экспертизанын корутундусу" кириш жана изилдөөчүлүк бөлүктөрдөн, тыянактардан турат. Аталган бөлүктөрдүн бири жок болсо "Корутундуну" далилдүү күчүнөн ажыратат. "Корутунду" жазуу түрүндө гана берилет.
26. "Корутундунун" кириш бөлүгүн титулдук барактын типтүү бланкын колдонуп тариздейт - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен "Корутунду (иштин материалдары боюнча экспертиза)". Кириш бөлүгүндө иштин жагдайын, ошондой эле чечилүүгө тийиш суроолор берилет. Суроолор кириш бөлүктө алардын нумерациясын, берилишин жана ыраатын өзгөртпөй баяндалат. Суроонун мазмуну түшүнүксүз болгондо, эксперт түшүнүү үчүн тергөөчүгө кайрылууга укуктуу, же өзүнүн тыянактарында тигил же бул суроону ал кантип түшүнгөнүн айтып берет.
27. Изилдөөчүлүк бөлүгү "Корутундунун" өз алдынча бөлүгү болуп саналат. Бул бөлүктө иштин материалдары, ошондой эле аткарылган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары берилет жана талдоого алынат. Изилдөөчүлүк бөлүк мазмуну чечиле турган суроолор менен чектелет.
28. Экспертиза өткөрүүдө колдонулган маалыматтарды тиешелүү документтерден көлөмү жана мазмуну боюнча керектүү үзүндү түрүндө, ошол документтердин реквизиттерин көрсөтүп (аталышы, номери, күнү, аткаруучу ж.б.) жана иштин барагындагы номерге милдеттүү түрдө шилтеме берип изилдөөчүлүк бөлүктө чагылдырат. Фактылык материалдын бөлүгүн докладчынын сөзү менен берсе болот, бирок жеке пикир жана баа бербей.
29. Иштин материалынан милдеттүү түрдө төмөнкүлөр чагылдырылат:
1) өлүктү тапкан жерден кароо жана окуя болгон жерди кароонун маалыматтары;
2) бардык соттук-медициналык экспертизалардын корутундулары; анын ичинде соттук-биологиялык, соттук-гистологиялык, соттук-химиялык, медициналык-криминалисттик жана башка экспертизалар жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары;
3) патологоанатомиялык изилдөөлөрдүн протоколдору;
4) амбулатордук же стационардык бейтаптын жеке карталарынын түп нускалары, рентгенограммалар;
5) клиникалык, клиникалык-анатомиялык конференциялардын протоколдору, ведомстволук тергөөлөрдүн жыйынтыктары;
6) жоопкерчиликке тартылган медициналык кызматкерлердин өндүрүштүк мүнөздөмөлөрү;
7) ар тараптуу жана объективдүү эксперттик талдоого керектүү сурактардын, түшүндүрмөлөрдүн, маалым каттардын ж.б. протоколдорунан маалыматтар;
8) башка тергөө маалыматтары, анын ичинде тыянакты негиздөө үчүн маанилүү күбөлөндүрүүлөрдүн, тергөө эксперименттердин жыйынтыктары.
30. Изилдөөчүлүк бөлүктүн түзүмү толугу менен экспертизанын түрүнө жана аны өткөрүү ыкмасына жараша болот. Ар бир суроону же бири бири менен тыгыз байланышкан суроолор тобун чечүү үчүн изилдөөчүлүк бөлүктүн белгилүү бир бөлүмүн бөлүп чыгаруу максатка ылайык. Эгерде экспертиза өткөрүү процессинде кошумча лабораториялык соттук-медициналык изилдөөлөр жүргүзүлсө (гистологиялык, биологиялык, медициналык-криминалисттик, соттук-химиялык), алардын тыянагын изилдөөчүлүк бөлүктө берет, ал эми өз алдынча актыларды "Экспертиза корутундусуна" "тиркеме" кылып тариздейт.
31. Изилдөөчүлүк бөлүгү адабий тил менен түзүлүп, соттук медицинада атайын билими жок адамдарга түшүнүктүү болушу керек. Колдонулган терминдерди түшүндүрүп берүү оң болот. Изилдөөчүлүк бөлүккө топтун бардык мүчөлөрү кол коет.
32. Тыянактар экспертизанын ушул түрүнүн компетенциясына кирген суроолорго жүйөлүү илимий негизделген жооп болуп саналат. Аларды экспертиза процессинде аныкталган объективдүү маалыматтын негизинде, ошондой эле эксперттердин ички ынануусу менен чыгарат.
33. Ар бир коюлган суроого маңыздуу жооп берилиши керек, же аны чечүү мүмкүн эместиги көрсөтүлөт. Коюлган суроонун бирине да жооп берүү мүмкүн болбосо, ошондой эле ал суроолор эксперттердин атайын билимдеринин чегинен чыгып кетсе, "Корутунду" берүү мүмкүн эместиги тууралу "Акт" түзүлөт.
34. Тыянактардын ырааттуулугу, эрежеде, токтомдун суроолор ыраатын чагылдырат. Ачык жана логикасы түшүнүктүү болушу үчүн тыянактарды топтоого же алардын тартибин өзгөртүүгө болот, ушул тыянак кайсы суроого жооп бергенин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен.
35. Эксперттерге берилбеген суроолор боюнча, бирок изилдөө процессинде алар аныктаган жагдайлар жөнүндө тыянактар аягында берилет.
36. Соттук-медициналык эксперттик топ күнөө, кылмыш курамы болушу, өлтүрүлгөн, өзүн өзү өлтүргөн же кырсыктагандыгы жөнүндө корутунду берүүгө укугу жок.
37. Эгерде соттук-медициналык илимдин мүмкүнчүлүгү же изилденген объекттердин өзгөчөлүгү так корутунду чыгарууга мүмкүндүк бербесе, эксперттер жоопту болжолдуу формада берүүгө укуктуу.
38. Тыянактар ар кандай талкуулоого жол бербеши керек. Аларды так, медициналык терминологияны колдонбой же аны түшүндүрүп отурбай, конкреттүү түрдө берүү керек.
Ар бир тыянак фактылык маалыматтар менен, анын ичинде ченемдик материалдарга шилтемелеп, алардын реквизиттерин көрсөтүп далилденет. Маалымдама жана салыштырма таблицалар, фотоиллюстрациялар, сүрөттөр, схемалар, актылар, лабораториялык изилдөөлөрдүн эксперттер кол койгон корутундулары "Корутундунун" курамдык бөлүгү катары каралат жана ага "тиркеме" катары таризделет.
39. Эгерде эксперттик топтун бардык мүчөлөрү бирдей тыянакка келсе, алар жалпы "Корутундуга" кол коюшат. Жалпы пикир менен макул эмес эксперттер өзүнүн өзгөчө пикирин өз компетенциясынын чегинде берүүгө укуктуу. Мында эксперт макул болгон тыянактар бөлүгүнө гана кол коет. Өзгөчө пикирди эксперт комиссиянын (топтун) тыянагы чыгарылгандан кийин берет жана кол коет.
40. Эксперттердин кол тамгалары эксперттик уюмдун мөөрү менен тастыкталат.
41. "Корутундуну" (жана ага тиркемени) эки экземплярда тариздейт: биринчини экспертиза дайындаган орган же адам алат, экинчини эксперттик уюмдун архивинде белгиленген мөөнөттүн ичинде сактайт.
42. "Корутунду" берүү мүмкүн эместиги тууралуу билдирмени (Актыны) эки экземплярда түзөт, эксперттер тарабынан кол коюлат, уюмдун мөөрү басылат, андан кийин бир экземплярды экспертиза дайындаган адамга (органга) каттоодон кийин 1 айдан кеч эмес мөөнөттө жиберет, экинчисин соттук-медициналык экспертиза борборунда сактайт.
43. "Иштин материалдары боюнча экспертизанын корутундусу" же корутунду берүү мүмкүн эместиги тууралуу тыянакты эксперттик уюмда белгиленген тартипте каттоодон өткөрөт жана экспертиза дайындаган адамга (органга) кол койдуруп, изилдөө объекттери жана иштин материалдары менен кошо күбөлүктү көрсөткөндөн кийин берет.