Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 токтому менен бекитилген |
1. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
2. Жалпы жоболор
3. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын аныктоонун жалпы принциптери
4. Кесиптик ишке жарактуулукка баа берүү критерийлери
5. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасын процент менен аныктоо
6. Эмгекке жарамдуулугун жоготуу пайызынын соттук-медициналык таблицасына усулдук көрсөтмөлөр
7. Өндүрүштөгү кокустуктан, кесиптик оорудан же эмгектик милдеттерин аткарууга байланыштуу ден соолугунун башкача бузулушунан жабыркаган адамдардын жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгын аныктоо тартиби
8. Өзүн-өзү тейлөө чектелишинин байкалуу даражасы
9. Тиричиликте башка кишинин багуусун аныктоо
10. Башка бирөөнүн тиричиликтик багып-кароосун талап кылган травмалар жана патологиялык абалдар
11. Атайын медициналык багуу
12. Жабыркагандарга атайын медициналык багып-кароону аныктоо үчүн медициналык көрсөтүүлөрдүн тизмеси
1. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Эмгекке жарамдуулук - бул белгилүү продукт, буюм же кызмат көрсөтүү түрүндө социалдык жактан маанилүү натыйжа алууга багытталган аракетке адамдын тубаса же үйрөнгөн жөндөмдөрүнүн жыйындысы.
Кесиптик эмгекке жарамдуулук - адамдын конкреттүү кесип боюнча иштин айрым көлөмүн жана сапатын аткарууга кудурети.
Өзүн өзү тейлөөгө кудуретинин төмөндөшү - адамдын өзүн багууга кудуретинин төмөндөшү, ал физиологиялык муктаждыктарды башкарууга жана жеке гигиенаны сактоого кудуретинин төмөндөшүн камтыйт. Жашоо-тиричиликтин бул категориясы күндөлүк тиричилик милдеттерин чечүү үчүн кол менен аракеттенүү жана денесин башкаруу, өзүнүн чөйрөсүндө натыйжалуу кыймылдоо кудуретинин төмөндөшү менен байланышкан.
Бөтөн адамдардын жардамына муктаждык - эпизоддуу (айына бир жолудан аз), дайыма (айына бир нече жолу) же туруктуу (жумасына бир нече жолу күн сайын 3-4 жолкуга чейин) болушу мүмкүн.
Жөнгө салынуучу муктаждыктар - пландаштырылышы мүмкүн болгон күндөлүк тиричилик муктаждыктарынын кеңири чөйрөсүн канааттандыруу.
Башкарууга болбоочу муктаждыктар - аларды аткаруу жөнгө салынбай турган жеке гигиенанын иш-чараларын аткарууда, кийинүүдө, тамак ичүүдө, физиологиялык муктаждыктарды ушатууда кечиктирилгис зарылчылыкты канааттандыруу, ошондой эле турак-жайдын чегинде кыймылдоодогу жардам.
2. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык-социалдык экспертиза чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга (мындан ары - МСЭК) өндүрүштөгү кырсыктуу окуялардын натыйжасында ден соолугу бузулган жана кесиптик ооруга чалдыккан жарандарга (мындан ары - жабырлануучулар) кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготушунун даражасын аныктоо милдети жүктөлгөн.
2. Медициналык-социалдык экспертизаны (мындан ары - экспертиза) жүргүзүү жана кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасын (пайыз менен), жабыркаган адамдын медициналык, социалдык, кесиптик реабилитациялоого муктаждыгын аныктоо учурунда МСЭКтер ушул жобону жетекчиликке алат.
3. Саламаттык сактоо уюму жабыркаган адамды өндүрүштөгү кокустукка же кесиптик ооруга байланыштуу бардык зарыл диагностикалык дарылоочу жана реабилитациялоочу иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин экспертизага жиберет.
4. Күбөлөндүрүү учурунда МСЭК жабыркаган адамга кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасын аныктайт, негиздер бар болгон учурда майыптыктын тобун аныктоо боюнча ченемдик укуктук актыларга ылайык майыптыктын тобун белгилейт, жабырлануучунун медициналык, социалдык жана кесиптик реабилитациялоого муктаждыгын аныктайт.
Күбөлөндүрүүнү жүзөгө ашыруу убактысынан тартып, МСЭК көрсөтүүлөр боюнча жабырлануучунун жардамдын кошумча түрлөрүнө (мындан ары - ЖКТ) муктаждыгын аныктайт.
5. Эгерде эмгектеги мертинүүлөр бир иш берүүчүдө иштеген мезгилде кайталап келтирилген болсо, кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы жабыркаган адамга биринчи жана кайталанган мертинүүнүн жыйындысы боюнча кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун жалпы пайызы боюнча белгиленет.
Эгерде эмгектеги мертинүүлөр ар кайсы иш берүүчүлөрдө иштеген учурда болсо, анда кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы жабыркаган адамга тиешелүү эмгектик мертинүү боюнча кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун пайызына таянуу менен өзүнчө жүргүзүлөт.
Эмгекке жарамдуулукту жоготуунун суммасы бүтүндөй алганда 100%дан ашууга тийиш эмес.
6. МСЭК кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын жана жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгын аныктоо үчүн менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерин, жарандык-укуктук келишимдер боюнча иштеген, эмгектик мертинүүнү алган же кесиптик ооруга чалдыккан жарандарды күбөлөндүрүүгө кабыл алат.
7. Кесиптик оорунун же интоксикациянын диагнозун биринчи белгилөөгө өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүчү адистешкен саламаттык сактоо уюмдары гана - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Профпатология борбору укуктуу.
8. Эмгектик милдеттерин аткарууга байланышпаган мертинүүнү же ден соолугунун башкача бузулушун алган жарандарга эмгекке жарамдуулугун жоготуунун даражасы жөнүндө корутундуну соттук-медициналык экспертиза мекемелери белгилейт.
9. Жазаны өтөө жерлеринде жазаны өтөп жаткан жарандар өндүрүштө кырсык болгон учурда эмгекке жарамдуулугун жоготуунун даражасын (пайыз менен) аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Врачтык-эмгектик комиссияларында күбөлөндүрүүдөн өтөт.
Эмгекке милдеттүү түрдө тартуу менен шарттуу түрдө соттолгон, өндүрүштө ден соолугунун бузулушуна (мертинүүгө, ооруга) чалдыккан жарандар белгиленген тартипте МСЭКте күбөлөндүрүүдөн өтөт.
10. Эгерде жабырлануучунун бир нече кесиби бар болсо, кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасын аныктоо учурунда ден соолугунун ушундай бузулушуна алып келген же кыйла узак иш стажы болгон кесибин негизги кесип деп эсептөө керек. Атайын окутуу аркылуу алынган же анда эң жогорку квалификацияга жетишилген кесип да негизги кесип деп эсептелет. Бул маселе конкреттүү кырдаалдарды эске алуу менен чечилет.
11. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасы, жабырлануучунун ден соолук абалына баа берүүгө жана анын компенсатордук жана адаптациялык мүмкүнчүлүктөрү өнүгүшүнүн болжолуна таянып, 1 жылга же 2 жылга белгиленет.
12. Жабырлангандын организминин функциялары туруктуу бузулуу, кесиптик эмгекке жарамдуулугу туруктуу бузулуу менен ден соолугунун бузулушунун кайра ордуна келгис кесепеттеринин учурунда кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы мөөнөтсүз белгиленет.
13. Анатомиялык дефект бар болгон учурда кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы жарандарга аткарып жаткан ишине, эмгегинин шарттарына жана мүнөзүнө карабастан мөөнөтсүз белгиленет.
3. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын аныктоонун жалпы принциптери
14. Өндүрүштөгү кокустукка же кесиптик ооруга чейинки ошондой эле курамдагы жана ошол эле көлөмдөгү жапа чеккен адамдын кесиптик ишти аткарууну улантууга мүмкүндүк берген жөндөмдөрүн, психофизиологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жана кесип жагынан маанилүү сапаттарын эске алуу менен, же демейки же болбосо атайын түзүлгөн шарттарда квалификациянын төмөндөшүн, аткарылуучу иштин көлөмүн же эмгектин оордугун эске алуу менен, өндүрүштөгү кокустуктун натыйжасында ден соолуктун бузулушунун кесепеттерине таянып, кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы күбөлөндүрүү учурунда пайыз менен аныкталат жана 10 пайыздан 100 пайызга чейинки чектерде белгиленет.
15. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын аныктоо учурунда МСЭКтер ар бир конкреттүү учурда төмөнкүдөй критерийлерди эске алууга тийиш:
а) клиникалык-функциялык бузулуулардын байкалышын;
б) кесиптик иштин мүнөзүн (квалификация, иштин сапаты жана көлөмү, аны аткарууга кудурет);
в) турмуш-тиричиликтин чектелишинин категориялары жана даражалары.
16. Клиникалык-функциялык критерийлер төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) травманын, кесиптик оорунун мүнөзүн жана оордугун;
б) өндүрүштөгү кокустук же кесиптик оору менен шартталган патологиялык процесстин жүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн;
в) организмдин функциялары бузулушунун мүнөзүн (түрүн);
г) организмдин функциялары бузулгандыгынын байкалышынын даражасын (даана байкалат, байкалат, орточо, билинээр-билинбес);
д) клиникалык жана реабилитациялык болжолду;
е) психофизиологиялык мүмкүнчүлүктөрдү;
ж) клиникалык-эмгектик болжолду.
17. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын аныктоо учурунда жабырлануучунун органдарынын жана системаларынын функцияларынын иштөөгө кудуреттин чектелишине алып келген бузулушунун жана турмуш-тиричиликтин башка категорияларынын байкалышы эске алынат.
Жабыркаган адамда мүнөзү боюнча, ошондой эле функциялардын бузулушунун байкалышынын даражасы боюнча ар башка болгон клиникалык көрүнүштөрдүн көп түрдүүлүгү байкалат. Жабыркаган адамдарда клиникалык көрүнүштүн көп формалуулугу травманын, кесиптик оорунун тикелей кесепети, ошондой эле алардын ырбап кетиши менен шартталышы мүмкүн. Буга байланыштуу жапа чеккендердин ушул категориясын эксперттик текшерүү ыкмасы кесиптик оору күчөшүнүн травмадан кийинки жана ага чейинки мезгилдерин диагноздоонун жана ретроспективдик талдоонун заманбап ыкмаларын пайдалануу, анамнездик маалыматтарды, саламаттыкты сактоо уюмдарынын, медициналык экспертизанын документтеринин маалыматтарын кылдат иликтөө менен комплекстүү клиникалык-физиологиялык текшерүүнү талап кылат. Клиникалык-физиологиялык мүнөздөгү көрсөткүчтөрдүн комплексин талдоо кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын аныктоонун клиникалык-функциялык критерийлеринин негизи болуп саналган негизги медициналык-биологиялык факторлорду (функциялардын бузулушунун, оорунун жүрүшүнүн мүнөзүн, даражасын ж.б.) тактоого көмөктөшөт.
Эмгектик мертинүү мурда болгон оорунун жүрүшүн начарлаткан же анатомиялык дефекттин кесепеттеринин оордугун күчөткөн учурларда, кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы андан келип чыккан организмдин функцияларынын бузулушунун байкалышына таянып, ошондой эле мурда болгон бузулууларды эске алуу менен күбөлөндүрүү учурунда аныкталат.
18. МСЭКтин чечими социалдык-эмгектик факторлорду (кесипти, эмгектин шарттарын, аткарылуучу иштин мүнөзүн жана көлөмүн) эске алуу менен жабыркаган адамды текшерүүнүн, анамнездик маалыматтарды кылдат иликтөөнүн, медициналык документтерди иликтөөнүн жана башка бардык изилдөөлөрдүн негизинде чыгарылат. Жабырлануучунун эмгектик иши, эмгектин шарттары, аткарылып жаткан иш жөнүндө маалыматтар күбөлөндүрүү процессинде такталат, зарыл учурларда иштеген жеринен суратылат.
4. Кесиптик ишке жарактуулукка баа берүү критерийлери
19. Кесиптик эмгекке жарактуулукту жоготуунун даражасын аныктоо учурунда кесиптик факторду, атап айтканда, жабырлануучунун өндүрүштөгү кокустуктан же кесиптик оору пайда болгондон кийин өзүнүн мурдагы кесиби (кокустукка же кесиптик ооруга чейин) же квалификациясы жана акысы боюнча ага теңдеш башка кесип боюнча толук көлөмдө ишти аткарууга кудурети, ошондой эле демейки же атайын түзүлгөн өндүрүштүк же башка эмгек шарттарында квалификациясы азыраак башка иштеги калган кесиптик эмгекке жарамдуулугун пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл.
20. Толук көлөмдөгү кесиптик иш толук жумушчу күнүн, толук жумушчу жумасын, иштеп чыгуу ченемин 100%га аткарууну болжолдойт.
21. Кесиптик ишти аткаруу мүмкүнчүлүгүнө баа берүү критерийлери тиешелүү кесиптин алкагында тарифтик-квалификациялык разряддардын айырмасы менен байланышкан.
22. Квалификациянын төмөндөшү тиешелүү кесиптик иш үчүн белгиленген тарифтик разряддарды, класстарды, категорияларды эске алуу менен аныкталат.
23. Татаалдыктын даражасы боюнча (жана, тиешелүү түрдө, квалификациянын разряддары боюнча) иштерди рангалоонун негизинде эмгектин татаалдыгынын төмөнкүдөй факторлору турат:
а) технологиялык: эмгек куралдарын башкаруунун (тейлөөнүн, пайдалануунун) татаалдыгы; технологиялык (жумушчу) процесстердин татаалдыгы;
б) уюштуруучулук: аткарылуучу операциялардын (жумуштардын) комплексинин кеңдиги, иштерди аткаруу процессинде кызматкердин өз алдынчалыгынын даражасы;
в) жоопкерчилик: материалдык жана өмүр жана ден соолук үчүн жоопкерчилик;
г) спецификалык: ишке өзгөчө талаптар, мисалы, демейдегиден башкача, шашылыш шарттарга жакын болгон өндүрүштүк жумушту иштөө.
24. Иштердин татаалдыгынын разрядына баа берүү механизация даражасы боюнча айырмаланган иштер боюнча дифференциялуу жүргүзүлөт: кол менен, машина-кол менен, машина менен, автоматташтырылган, аппараттык.
25. Тарифтик-квалификациялык разрядды аныктоо учурунда кызматкердин квалификациясы билимдердин, жөндөмдөрдүн жана эмгек тажрыйбаларынын жыйындысы, ошондой эле даярдоого (окутууга) чыгымдалган убакыт катары эсепке алынат. Билимге квалификациялык талаптар толук эмес орто мектеп көлөмүндө (1-2-разряддар) баштапкы маалыматтардан тартып атайын орто окуу жайларынын толук курсунун көлөмүндө (6-разряд) айрым сабактарды билүүгө чейин өсөт.
26. Иштерге жана жумушчулардын кесиптерине баа берүүнүн тарифтик-квалификациялык системасына разрядды аныктоонун негизи катары алынган төмөнкүдөй ар бир фактор боюнча иштин татаалдыгынын өсүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгү мүнөздүү:
а) технологиялык фактор боюнча биринчи разряддан кийинкисине өтүү учурунда окшош багыттагы тейленүүчү жабдуунун татаалдыгы, кубаттуулугу, габариттери, бирдиктери өсөт;
б) татаалдыктын уюштуруу фактору боюнча аткарылуучу иштердин өз алдынчалыгынын даражасы өсөт жана квалификациянын алда канча төмөн деңгээлиндеги жумушчуларга жетекчилик кылуу боюнча функциялар кошулат.
27. Квалификациялуу кара күч эмгегиндеги жумушчулардын кесиптери алты тарифтик-квалификациялык разряддар менен классификацияланат. Тарифтик-квалификациялык разряд жумушчунун квалификациялык аткарылуучу иштин татаалдыгына, ошондой эле анын билимдеринин, жөндөмдөрүнүн жана эмгектик тажрыйбаларынын деңгээлине ылайык келе тургандыгын көрсөтүп турат.
Жумушчулардын квалификациялуу кесиби разряддардын (1-6, 4-6, 3-5 же башка) ар кыл диапазонуна ээ болушу мүмкүн.
28. Эгерде жапа чеккен адам мурдагы татаалдыктагы (квалификациядагы) ишти аткара албаса, анда аны эмгектин шарттары оптималдуу же кара күч эмгегинин жол берилген шарттары, нервдик-эмоциялык жүгү бар, зыяндуу өндүрүштүк факторлорду камтыбаган жана аны аткаруу үчүн жабырлануучунун психофизиологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген жумуштардын жана кесиптердин тарифтик-квалификациялык маалымдамасында каралган иштердин түрлөрүнө ылайык азыраак татаалдыктагы (квалификациядагы) ишке которуу жөнүндө маселе келип чыгат.
29. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы иштин татаалдыгынын коэффициентин эске алуу менен квалификацияны төмөндөтүү деңгээлине жараша белгиленет.
Мисал: 6-разряддагы жумушчуну 2-разрядга которуу квалификация 4 разрядга төмөндөшүнө жана иштин татаалдыгынын коэффициенти (60%га) азайышына алып келет.
30. Квалификациялуу эмес кара күч эмгегиндеги жумушчунун кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготушунун даражасы анын психофизиологиялык абалына, жөнөкөй кара күч эмгегин аткарууга күчүнүн кудуретине жараша белгиленет жана эмгектин оордугунун көрсөткүчү боюнча эмгектин шарттарынын класстарына баа берүү менен байланышкан.
Бул контингенттеги жумушчулардын кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуусу эмгектин оордугунун категориясынын (классынын) төмөндөө даражасын эске алуу менен аныкталат (мисалы, салмагы боюнча жүктү бир жолу көтөрүү жана жылдыруу).
Мисал: оор кара күч эмгегиндеги 4-категориядагы (салмагы 35 килограммдан ашык болгон жүктү көтөрүү жана жылдыруу) жумушчуну эмгек процессинин оордугунун категориясын (классын) байкалган төмөндөтүү менен жеңил кара күч жумушуна (салмагы 2 килограммдан ашпаган жүктү бир жолку көтөрүү) оордугу 1-категориядагы көрсөтүлгөн жумушка которуу.
31. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын аныктоо учурунда өндүрүштүк чөйрөнүн факторлорунун зыяндуулугунун жана коркунучтуулугунун, эмгек процессинин оордугунун жана кыйынчылыгынын көрсөткүчтөрү боюнча эмгек шарттарынын класстарын эске алуу зарыл.
32. Өндүрүштүк факторлорду чагылдырган көрсөткүчтөрдүн комплекси башынан өткөргөн травмага же кесиптик ооруга байланыштуу кызматкердин кесибин, квалификациясын, анын өндүрүштүк ишинин көлөмүн өзгөртүү зарылчылыгы жөнүндө маселени чечүү үчүн негиз болуп саналат.
33. Ишмердигине эмгекти ченөө колдонулган кызматчылардын (инженерлер, ар кандай деңгээлдеги жетекчилер, чыгармачыл кесиптеги адамдар ж.б.) кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготушу аткарылуучу иштин көлөмүн, анын татаалдыгын жана оордугун, кызматтык милдеттерди азайтууну эске алуу менен аныкталат.
5. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасын процент менен аныктоо
34. Өндүрүштөгү кокустуктун же кесиптик оорунун кесепетинен организмдин функциялары кыйла байкалаарлык бузулган учурда жабыркаган адамда кесиптик ишке жөндөмдүүлүктү толук жоготуу болсо, анын ичинде атайын түзүлгөн өндүрүштүк же эмгектин башка шарттарынын учурунда кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу 100% деп белгиленет.
35. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту толук жоготууну, функциялардын кыйла ачык бузулушун аныктаган кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун 100%ын белгилөөнүн клиникалык-функциялык критерийлеринин болжолдуу тизмеси:
а) ылдыйкы параплегия; даана байкалып турган тетрапарез, трипарез, парапарез булчуңдун чымырдуулугунун тырышуу түрдөгү жогорулашы же буттардын бардык муундарында активдүү кыймылынын минимум көлөмү (5-6 градус) менен кан басымынын төмөндөшү, өз алдынча басып жүрүү жөндөмүн жоготуу менен булчуң күчүнүн даана байкалган төмөндөшү (1 баллга чейин); ЭМГнын III тиби - потенциалдын өзгөрүшү, "улам жапырт болгон осцилляциядан" ЭМГнын нормадагы структурасынын бурмаланышы (өтө байкалып турган парез); ЭМГнын IV тиби - функциялык күч келгенде биоэлектрлик толук кыймылсыздык (буттарынын шал болушу);
б) эки колдун тең даана байкалып турган парези бардык муундарда активдүү кыймылынын минимум көлөмү менен (ийин 5-10 градус, чыканак 4-8 градус, кырк муун 5-9 градус); баш бармактын карама-каршылыгынын олуттуу чектелиши (акыркы муундун учу экинчи манжанын башталышына жетет); манжаларды муштум кылып түйүү - (манжа муундарынын учу алаканга 5-8 см жетпейт); колдун булчуң күчүнүн төмөндөшү (1 баллга чейин); колдун негизги функцияларынын бузулушу: чоң жана кичине буюмдарды ала жана кармап тура албайт, кошумча функциясы - буюмдарды жөлөө жана кысып туруу гана сакталган;
в) вестибулярдык - кара куш мээ бузулуштары. Даана байкалып турган статикалык динамикалык атаксия; 120 секундадан ашкан III даражадагы көздүн ойноктугу бар, вестибулярдык козгогучтуктун гиперрефлексиясы 130 секундадан ашкан III даражадагы калорикалык көздүн ойноктугу;
г) эки буттун тең мултугу (тамандап жогору деңгээлдеги) колунун мултугу менен манжаларынын жок болушунан баштап; эки колунун мултугу, бардык манжаларынын жок болушунан баштап же андан жогору деңгээлде кесилген;
д) III даражада дем алуу жетишсиздиги, III стадиядагы кан айлануунун бузулушу (тынч турганда энтигүү, минутасына 30 жана андан бат дем алуу, дене-бойго бир аз күч келгенде минутасына 10-15ке чейин дем алуусу тездеп мурунку ордуна келбеши, даана байкалып турган көгөрүү (цианоз), тынч турганда дем алууга жардам берүүчү булчуңдардын катышуусу, минутасына 130 жана андан көп соккон даана байкалып турган тахикардия, эпигастралдык пульсация, боордун чоңоюшу, перифериялык шишиктер, өпкөнүн дем алуу көлөмүнүн 50%га чейин, өпкөнүн максимум вентиляциясынын 50%га чейин азайышы, дем алуунун минуталык көлөмүнүн 180%га чейин көбөйүшү, Тиффно индексинин 40%дан, кычкылтекти колдонуу коэффициентинин 20%га чейин төмөндөшү, жүрөктүн оң толтосунун булчуңунун жыйрылуу жөндөмүнүн төмөндөшү өпкөнүн гемодинамикасынын бузулушу менен);
е) даана байкалып турган сенсордук бузулуштар (жакшыраак көргөн же жалгыз көзүнүн иш жүзүндөгү же таптакыр сокурдугу): көрүүнүн курчтугу коррекция менен 0,04-0, көрүү аянты 0-10 градуска барабар (фиксация чекитинен меридиан боюнча перифериялык чектер жана (же) борбордук жана параборбордук куюлуучу скотомалар);
ж) жамбаш чарасындагы органдардын функцияларынын даана байкалып турган бузулуштары (заңынын, заарасынын жижиңдиги).
36. Эгерде жабырлануучунун организминин функцияларынын байкалып турган бузулушу бар болсо жана ал атайын түзүлгөн шартта кесиптик жумушту аткара алса (атайын ишкана, атайын цехтер ж.б.) кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы 70%дан 90%га чейин белгиленет.
Мында организминин функцияларынын байкалып турган бузулушу бар жабырлануучуларга кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы квалификациясынын төмөндөшүнүн деңгээлине жана атайын түзүлгөн өндүрүштүк шарттарда ишти аткарууда кесиптик билимдерди жана жөндөмдөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жараша белгиленет:
а) кадимки өндүрүштүк шартта мурда квалификациялык жумушту аткарган жабырлануучу атайын түзүлгөн шартта квалификациясыз жумушту аткарууга гана мүмкүндүгү болсо, кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу деңгээли 90% деп аныкталат;
б) жабырлануучу атайын түзүлгөн шартта алда канча төмөн квалификациялык жумушту аткарууга гана мүмкүндүгү болсо, кесиптик билимин жана көндүмүн эсепке алып, кесиптик эмгекке жарамдуулугунун даражасы 80% деп аныкталат;
в) жабырлануучу өндүрүштөгү кокустукка же кесиптик ооруга чейинки кесиби боюнча атайын түзүлгөн өндүрүштүк шартта жумушту аткара алса, кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготушу 70% деп аныкталат.
37. Функцияларынын бузулушу байкалган, өндүрүштүк травмалардын жана кесиптик оорунун кесепети бар жабырлануучуларга кесиптик иш мүмкүн болгон учурда атайын түзүлгөн шарттарда кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготушун 70%-90% деп белгилөө үчүн клиникалык-функциялык критерийлердин болжолдуу тизмеси:
а) эки бутунун тең көрүнүп турган парези, тетрапарези, трипарези, гемипарези спастикалык түрү боюнча булчуң тонусунун байкалып турган жогорулаганы менен же булчуңдардын гипотониясы буттарынын бардык муундарында активдүү кыймылдын амплитудасынын байкалып турган чектелиши менен - жамбаш (20 градуска чейин), тизе (10 градуска чейин), таман (6-7 градуска чейин); буттарынын булчуң күчүнүн байкалып турган (2 баллга чейин) төмөндөшү, тамандарынын варустук, эквино-варустук байкалып турган деформациясы менен; спастикалык, паретикалык, перонеалдык басышы тамандарынын байкалып турган салаңдашы менен; кошумча таяныч менен жүрүү (таяк, балдак);
б) басуу биомеханикасынын байкалып турган бузулушу - басууда кадамдарынын саны көп, 100 метрге 204-226 (ченемде 80-120 кадам), эки кадамынын узактыгы 2,6-3,6 секундага чейин (ченемде 1,0-1,3 секунда), басуу темпинин минутасына 29-46 кадамга чейин азайышы (ченемде 80-100 кадам), басуунун ритмикалык коэффициентинин 0,52-0,58ге чейин төмөндөшү (ченемде 0,94-1,0), жүрүү ылдамдыгынын саатына 1 км ге чейин төмөндөшү (ченемде саатына 4-5 км).
ЭМГнин II тиби булчуңдардын биоэлектрдик активдүүлүгүнүн байкалып турган бузулушу менен, "фасцикулляция" тибиндеги төмөнкү тездиктеги потенциалдар тынч турганда жана функционалдык күч келүүдө так ыргак менен;
в) эки колунун тең байкалып турган парези, алардын муундарынын контрактурасы 10-20 градус чегинде бардык муундарынын активдүү кыймылдарынын көлөмү менен, манжаларынын муштум түйө албаган байкалып турган чектелиши (манжаларынын муундарынын учу алаканга 3-4 см жетпейт) колунун негизги функциясынын бузулушу менен; кичине буюмдарды кармоо, чоң буюмдарды узакка жана бекем кармап туруу жөндөмү жок, ЭМГнин II тиби; ийиндин экзартикуляциясы;
г) вестибулярдык - кара куш мээ бузулуштары (тынч турганда башы айлануу, айына 4 жана андан көп жолу оор түрдө баш айлануусунун кармап калышы), II-III даражадагы өзүнөн өзү көз ойнооктугу, кыймыл статикасынын жана координациясынын байкалып турган бузулушу, кошумча таяныч менен жүрүү (таяк, балдак), вестибулярдык козгогучтуктун гиперрефлексиясы 85-120 секундадан ашкан II-III даражадагы тегеренүүчү көздүн ойнооктугу, 110-130 секундадан ашкан II-III даражадагы калорикалык көздүн ойноктугу;
д) ар кандай деңгээлдеги сандын жана шыйрактын кесилген мултуктары, эки шыйрагынын жалган муундары буттарынын туура эмес турушу менен, тизе муунунун функционалдык ыңгайсыз жагдайы 140 градустан ары ийилбеген ийүү контрактурасы менен, буттарынын жаман турушу жамбаш муунунун функционалдык ыңгайсыз жагдайында бутту 165 градустан, ийүүнүн 150 градуста чектелиши жамбаштын кыйшайышы менен, буттарынын функциялык кыскарышы 10 см, байкалып турган контрактура 30 градустан өйдө эмес кыймылынын көлөмү менен же функциялык ыңгайсыз абалында муундардын анкилозу, буттарынын сөөктөрүнүн сыныктарынын жай консолидация;
е) II даражадагы дем алуу жетишсиздиги, II стадиядагы кан айлануунун бузулушу (тынч турганда минутасына 21-29 жолу дем алуу, бир аз иштегенден кийин минутасына 12-16ке чейин дем алуусунун тездеши, даана байкалып турган көгөрүү (цианоз), дем алууга көмөкчү майда булчуңдардын катышуусу, жүрөктүн минутасына 100-129 кагышы, майда перифериялык шишиктер, өпкөнүн дем алуу көлөмүнүн 50-55%га азайышы, өпкөнүн максимум вентиляциясынын 51-54%га азайышы, дем алуунун минуталык көлөмүнүн 150%га көбөйүшү, Тиффно индексинин 54-40%га, кычкылтекти колдонуу коэффициентинин 28%га чейин төмөндөшү, жүрөктүн оң толтосунун булчуңунун жыйрылуу жөндөмүмүн төмөндөшү өпкөнүн гемодинамикасынын бузулушу менен);
ж) көрүнүп турган сенсордук бузулуштар: жакшыраак көргөн же жалгыз көзүнүн жогорку даражадагы начар көрүшү; көрүү курчтугу коррекция менен 1,0-0,05ке барабар же андан аз, көрүү аянтынын перифериялык чектери 20га барабар же андан аз, бирок 10 градустан өйдө жана (же) бириндеген борбордук скотомалар.
Угуунун байкалып турган төмөндөшү: 0,5-1,5 метрге чейин сүйлөшкөндү угуу, угуу чеги 61-80 дцБ, айткан сөздүн кабыл алуу чеги 80-90 дцБ;
з) жамбаш чарасы органдарынын функцияларынын байкалып турган бузулуштары, заара ушаткысы келүүнүн жоктугу жана зааранын заара каналы боюнча өтүшүн сезбегендик; цистрометрияда табарсыгынын сыйымдуулугу детрузордун гипотониясында 500-600 мл, калдык заарасы 400 мл, детрузордун гипертониясында 20-30 мл, дефекациянын болбошу 5 күнгө созулуу, аналдык рефлекс-сфинктердин тонусу жана басымы монометрияда көтөн чучугунда төмөндөгөн, тышкы сфинктер 10-15 сымап мамычасынын миллиметрине чейин, ички сфинктер 16-25 мм сым.мам. (ченем 35-62 мм сым.мам.).
38. Жабырлануучу квалификациясынын төмөндөшү байкалуу менен же аткарылуучу иштин көлөмүнүн азайышы менен кадимки өндүрүштүк шартта кесиби боюнча жумушун аткара алса же организмдин функцияларынын орточо бузулушунун кесепетинен кесиптик ишти улантуу кудуретин жоготсо, бирок кадимки өндүрүштүк шартта алда канча төмөн квалификациядагы ишти аткара алса, кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу деңгээли 40%дан-60%га чейин деп аныкталат.
Мында кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасы организмдин функцияларынын орточо бузулуштары менен квалификация төмөндөшүнүн деңгээлине, өндүрүштүк ишмердигинин көлөмүнө же жумуштун оордук категориясына жараша аныкталат.
39. Кесиптик эмгекке жарамдуулугун алтымыш (60) %га жоготуу төмөнкү учурларда белгиленет:
а) эгерде жабырлануучу кесиби боюнча жумушту аткара алса, бирок квалификациясын төрт тарифтик разрядга төмөндөтүү менен аткара алса;
б) эгерде жабырланган адам кесиптик билимдерин, жөндөмүн жана тажрыйбасын пайдалануу менен жумушту аткара алса, бирок квалификациясын төрт тарифтик разрядга төмөндөтүү менен аткара алса;
в) эгерде жабырланган адам разрядын жумуш оордугунун төрт категориясына төмөндөтүү менен квалификациясыз кара жумушту аткара алса.
40. Кесиптик эмгекке жарамдуулук элүү (50) %га жоготулганы төмөнкү учурларда белгиленет:
а) эгерде жабырланган адам кесиби боюнча жумушту аткара алса, бирок квалификациясын үч тарифтик разрядга төмөндөтүү менен аткара алса;
б) эгерде жабырланган адам кесиби боюнча жумушту өндүрүштүк иштин көлөмүн (0,5 ставкага) азайтуу менен аткара алса;
в) эгерде жабырланган адам разрядын жумуштун оордугунун үч категориясына төмөндөтүү менен квалификациясыз жумушту аткара алса.
41. Кесиптик эмгекке жарамдуулук кырк (40) %га жоготулганы төмөнкү учурларда белгиленет:
а) эгерде жабырланган адам кесиби боюнча жумушту өндүрүштүк иштин көлөмүн азайтуу менен аткара алса;
б) эгерде жабырланган адам кесиптик билимдерин, жөндөмүн жана тажрыйбасын пайдалануу менен жумушту аткара алса, бирок квалификациясын эки тарифтик разрядга төмөндөтүү менен аткара алса;
в) эгерде жабырланган адам кесиби боюнча жумушту аткара алса, бирок квалификациясын эки тарифтик разрядга төмөндөтүү менен аткара алса;
г) эгерде жабырланган адам разрядын жумуш оордугунун 2 категориясына төмөндөтүү менен квалификациясыз кара жумушту аткара алса.
42. Функциялары орточо бузулган, өндүрүштүк травмалардын жана кесиптик оорунун кесепети бар жабырланган адамдарга демейки өндүрүштүк шарттарда кесиптик ишти аткаруу мүмкүн болгон учурда кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготушун 40%-60% деп белгилөө үчүн клиникалык-функционалдык критерийлердин болжолдуу тизмеси:
а) эки бутунун тең орточо парези, тетрапарези, трипарези, гемипарези, монопарези сан булчуңунун 5-7 см ге, шыйрагынын 4-5 см ге гипертрофиясы менен спастикалык түрү боюнча же булчуң тонусунун байкалып турган жогорулашы менен же булчуңдардын гипотопиясы буттарынын бардык муундарында активдүү кыймылдын амплитудасынын орто чектелиши менен - жамбаш (15-20 градуска чейин), тизе (16-20 градуска чейин), таман (14-18 градуска чейин); буттарынын булчуң күчүнүн орто (3 баллга чейин) төмөндөшү, спастикалык, паретикалык, перонеалдык басышы тамандарынын орто, бир аз салаңдашы менен; кээде кошумча таяныч менен жүрүү (таяк);
б) басуу биомеханикасынын орточо бузулушу - басууда кадамдарынын саны көп, 100 метрге 170-190 (ченемде 80-120 кадам), эки кадамынын узактыгы 2,0-3,0 секундага чейин (ченемде 1,0-1,3 секунда), басуу темпинин минутасына 50-60 кадамга азаюу (ченемде 80-100 кадам), басуунун ритмикалык коэффициентинин 0,82-0,75ге чейин төмөндөшү (ченемде 0,94-1,0), жүрүү ылдамдыгынын саатына 2 км чейин төмөндөшү (ченемде саатына 4-5 км); АКБА булчуңдарынын биоэлектрлик активдүүлүгүнүн орто бузулушу ченемден 25%га ашат, бирок 70%га жетпейт;
в) эки колунун орточо парези, бардык муундарында активдүү кыймылдарынын амплитудасынын чектелиши менен гемипарез: ийинде (35-40 градус), чыканакта (30-45 градус), кырк муунда (30-40 градус), колдордун булчуң күчүнүн орто төмөндөшү (3 балл), баш бармагынын карама-каршы турушунун чектелиши (баш бармагынын учу 4-бармактын түбүнө чейин жетет), манжаларынын муштум түйө албаган чектелиши (манжаларынын муундарынын учу алаканга 1-2 см жетпейт), майда буюмдарды кармашы кыйын, ЭМГ-булчуңдардын биоэлектрдик активдүүлүгүнүн орточо төмөндөшү ченемдин 25%-75%нан ашык чектерде;
г) ийин муунунун 30-90 градус, чыканак муунунун 80-130 градус, кырк муунунун 120-130 градус кыймыл көлөмүнүн контрактурасы (бүгүлүү контрактурасы жана жазылуу контрактурасы 200-220 градус); муундардын анкилоздери функциялык жактан ыңгайлуу абалда.
Ийин мултугу; билек мултугу; манжаларынын жоктугу; баш бармактан башка бардык төрт манжасынын жоктугу, баш бармакты кошкондо үч манжасынын жоктугу, алардын анкилозу же функциялык ыңгайсыз абалдагы даана көрүнүп турган контрактура; беш манжа сөөктөрү менен биринчи жана экинчи же үч манжанын жоктугу; майда буюмдарды кармашы кыйындоо менен эки колунун тең баш манжасынын жоктугу;
д) буттарынын ампутациялык мултуктары (саны, шыйрагы, Шопар, Лисфранк муунун деңгээлинде эки таманы); жамбаш менен кашка жиликтин ашташы менен тизе муунунун ийилүүчү орточо контрактурасы; таман менен шыйрак муунунун ийилүүчү контрактурасы (эквинустук таман); буттарынын 5-7 см ге кыскалыгы, муун анкилозу жамбаш муунунун функционалдык ыңгайсыз жагдайында ийилишинин бурчунун 160-170 градус, тизе муунунун 170-180 градус, таманда 95-100 градус чектелиши;
е) вестибулярдык - кара куш мээнин орточо бузулуштары: башынын, денесинин абалын тез өзгөрткөндө, транспортто жүргөндө башынын айланышы; I же I-II даражадагы өзүнөн өзү көз ойноктугу, орточо статодинамикалык бузулуштар (Ромберг позасында, басканда, кыйшаңдап басуу, согончок - тизе кыймылында аксоо), вестибулярдык козгогучтуктун гиперрефлексиясы 50-80 секундага жеткен тегеренүүчү көздүн ойноктугу, 90-110 секундага жеткен калорикалык көздүн ойноктугу;
ж) I-II даражадагы дем алуу жетишсиздиги, I-II стадиядагы кан айдануунун бузулушу (бир аз кара күч менен жумуш кылганда энтигүү, цианоздун күчөшү, тынч турганда минутасына 20га чейин дем алуу, бир аз иштегенден кийин минутасына 12-16ке чейин дем алуусунун ылдамдагандыгы 5 минутадан кийин мурунку деңгээлине келет, бир аз тахикардия (минутасына 90-99 кагуу), өпкөнүн дем алуу көлөмүнүн орточо азайышы 56-69%га чейин, өпкөнүн максимум вентиляциясынын 55-58%га азайышы, дем алуунун минуталык көлөмүнүн 142%-148%га көбөйүшү, Тиффно индексинин 74-55%дан, кычкылтекти колдонуу коэффициентинин 36%-44%га чейин төмөндөшү, кычкылтекти минутасына 277-287 мл алуу, өлкөнүн гемодинамикасынын бузулушу менен айкалышта жүрөктүн оң толтосунун жыйрылуу жөндөмүнүн төмөндөшү;
з) орточо сенсордук бузулуштар: - көрүү анализаторунун функцияларынын бузулушу - начар көрүүнүн орточо даражасы, жакшыраак көргөн же жалгыз көзүнүн орточо даражадагы начар көрүшү, көрүүнүн курчтугу коррекция менен 0,1, көрүүнүн аянтынын перифериялык чектери 40тан ашпайт, бирок 20 градустан кеңири;
- угуунун орточо төмөндөшү: сүйлөшкөндү 2,0-3,0 метрге чейин, шыбыраганды 0,5-0 метрге чейин угуу, орточо угуу чеги 41-60 дцБ, айткан сөздүн кабыл алуу чеги 50-70 дцБ;
и) жамбаш чарасындагы органдардын функцияларынын орточо бузулуштары: табарсыктын толушун сезбейт, цистометрияда табарсыгынын сыйымдуулугу детрузордун гипотониясында 500-400 мл, калдык заарасы 100 мл ден ашык, детрузордун гипертониясында 20-125 мл, дефекациянын болбошу 3-4 суткага чейин, сфинктердин жетишсиздиги - газды кармашы кыйындыкка турат, аналдык рефлекс төмөндөгөн, сфинктердин тонусу жана басымы төмөндөгөн, монометрияда көтөн чучугунда төмөндөгөн, тышкы сфинктер 16-25 сым.мам. мм га чейин, ички сфинктер 26-40 мм сым.мам. (ченем 35-62 мм сым.мам.).
43. Эгерде жабырланган адам демейки өндүрүштүк шарттарда кесиптик жумушун орточо же бир квалификациясын төмөндөтүү менен, же аткарылуучу иштин көлөмүн азайтуу менен, же жабырлануучунун эмгек акысынын азайышына алып келген эмгек шартынын өзгөрүүсү менен кесиптик эмгегин аткара алса, же ал кесиптик ишин аткарышы мурункудан көбүрөөк чымырканууну талап кылса, кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу 10%дан 35%га чейин деп аныкталат.
44. Өндүрүштүк травмадан же кесиптик оорудан организмдин функцияларынын бир аз бузулушу бар болгон жабырлануучулардын кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу деңгээли квалификация деңгээлине, өндүрүштүк аракеттин көлөмүнө же жумуштун оордук категориясына жараша аныкталат:
Кесиптик эмгекке жарамдуулугун 30%-35% жоготуу төмөнкүдөй учурларда белгиленет:
а) эгерде жабырланган адам өз кесиби боюнча жумушту квалификациясын бир тарифтик разрядга төмөндөтүү менен аткара алса;
б) эгерде жабырланган адам квалификациясыз кара жумушту иштин оордугун бир категорияга иштин разрядын төмөндөтүү менен аткара алса;
в) эгерде жабырланган адам өз кесиби боюнча жумуш кесиптик иштин көлөмүн бир аз азайтуу менен (иштеп чыгуу ченемин мурдагы жүктүн 1/3 бөлүгүнө азайтуу) аткара алса.
45. Кесиптик эмгекке жарамдуулугун жыйырма (20)%га жоготуу, эгерде жабырланган адам кесиптик жумушунун көлөмүн мурунку жүктүн 1/5 бөлүгүнө азайтуу менен аткара алса, белгиленет.
46. Кесиптик эмгекке жарамдуулугун он (10)%га жоготуу, эгерде жабырлануучу кесиптик жумушунун көлөмүн мурунку жүктүн 1/10 бөлүгүнө азайтуу менен аткара алса, белгиленет.
47. Функцияларынын бир аз бузулушу болуп саналган квалификациянын, иштин оордугунун категориясынын төмөндөшү же өндүрүштүк иштин көлөмүнүн азайышы менен демейки өндүрүштүк шарттарда кесиптик ишти аткаруу мүмкүн болбой калган учурда өндүрүштүк травмалардын жана кесиптик оорунун кесепети бар жабырлануучуларга кесиптик эмгекке жарамдуулугун 5%-35% жоготкондугун аныктоонун клиникалык-функциялык критерийлеринин болжолдуу тизмеси:
а) эки бутунун тең бир аз парапарези, тетрапарези, трипарези, гемипарези, монопарези сан булчуңунун жана тизенин 1-2 см ге гипотрофиясы менен (бошоң парез), булчуң күчүнүн төмөндөшү (4 баллга чейин), бардык муундардын активдүү кыймылы менен, басканда бир аз биомеханикалык бузулуштар - басканда кадамдарынын саны көп, 100 метрге 150-160 (ченемде 80-120 кадам), эки кадамынын узактыгынын көбөйүшү 1,5-1,7 секунда (ченемде 1,0-1,3 секунда), басуу темпинин минутасына 64-70 кадамга азайышы (ченемде 80-100 кадам), басуунун ритмикалык коэффициентинин 0,85-0,90го чейин төмөндөшү (ченемде 0,94-1,0), жүрүү ылдамдыгынын саатына 3 км га чейин төмөндөшү (ченемде саатына 4-5 км); булчуңдардын биоэлектрлик активдүүлүгүнүн бир аз 25%га чейин бузулушу ЭМГ чайпалуу амплитудасына бир аз төмөндөө менен;
б) эки же бир колунун бир аз парези ийин булчуңдарынын гипертрофиясы менен, каруусунун 1,5-2,0 см ге (бошоң парез), колдордун булчуң күчүнүн бир аз (4 баллга чейин) төмөндөшү муундарда активдүү кыймылдарын толук көлөмдө жана беш манжанын негизги функциясы - буюмдарды уучтоо жана кармап турууну сактоо менен. ЭМГ - эки колдун булчуңдардын биоэлектрлик активдүүлүгүнүн бир аз төмөндөшү менен, ченемдин 25%ы чегинде;
в) ийин муунунун, чыканак муунунун, кырк муунунун бир аз контрактурасы, беш манжанын негизги функцияларынын сакталышы менен баш бармакты кошпогондо бир колунун эки манжасы жоктугу;
г) вестибулярдык - кара куш мээнин бир аз бузулуштары: кээде башынын айланышы; айрым учурда I даражадагы өзүнөн өзү көз ойноктугу;
д) болоор-болбос статодинамикалык бузулуштар (Ромберг, Сарбо позасында кыйшайып туруу), вестибулярдык козгогучтуктун гиперрефлексиясы 50-80 секундадан ашкан тегеренүүчү көздүн ойноктугу, 80-90 секундадан ашкан калорикалык көздүн ойноктугу;
е) буттардын муундарынын бир аз контрактурасы: таман жана шыйрак муунунда 100 градуска ийилүү тамандын эквинустук абалында (ийилүүчү контрактура), тамандын 80 градуска чейин ийилиши (түзөлүү контрактурасы);
ж) I даражадагы дем алуу жетишсиздиги, I стадиядагы кан айлануунун бузулушу (бир топ кара күч менен жумуш кылганда, бат басканда энтигүү, тынч турганда минутасына норманын чегинде 16-20га чейин дем алуу, бир аз иштегенден кийин же 10 жолу отуруп турганда минутасына 10-12ге чейин дем алуусунун ылдамдагандыгы 3 минутадан кийин мурунку деңгээлине келиши, кара жумуштан кийин цианоздун кескин эмес күчөшү, өпкөнүн дем алуу көлөмүнүн 80-90%га азайышы, өпкөнүн максимум вентиляциясынын 60-74%га азайышы, дем алуунун минуталык көлөмүнүн 130%-140%га көбөйүшү, кычкылтекти минутасына 260-270 мл алуу, жүрөктүн оң толтосунун булчуңунун жыйрылуу жөндөмүнүн компенсаторлук гиперфункциянын белгилери);
з) бир аз сенсордук бузулуштар:
көрүү анализаторунун функциясынын бузулушу, жакшыраак көргөн же жалгыз көзүнүн бир аз даражада начар көрүшү, көрүүнүн курчтугу коррекция менен 0,3, көрүү аянтынын перифериялык чектери ченемде же 40 градуска чейин куушталган.
кулагы катуулоо, 3-5 метрге чейин сүйлөшкөндү, шыбыраганды 1,5-2 метрде кабыл алуу, орточо угуу чеги 20-40 дцБ, айткан сөздүн кабыл алуу чеги 30-40 дцБ;
и) жамбаш чарасындагы органдардын функцияларынын бир аз бузулуштары, табарсыгынын толушуна сезими начар, цистометрияда табарсыгынын сыйымдуулугу 200-250 мл, калдык заарасы 50 мл, дефекациянын болбошу 2-3 күнгө созулуу, газды кармоо кыйындыкка турат, аналдык рефлекс төмөндөгөн, сфинктердин тонусу төмөндөгөн, монометрияда тышкы сфинктер 22-33 мм сым.мам., ички сфинктер 41-58 мм сым.мам.
48. Эгерде эмгек ишинин мезгилинде диагноздолгон кесиптик оору же өндүрүштө кокустук болгон кырсыктын кесепети кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготууга алып келбесе жана тиешелүү кесип боюнча өз жумушун мурдагыдай эле квалификациясын, жумуштун оордук классын жана эмгек акысын төмөндөтпөстөн уланта берип пенсияга карылык боюнча чыкса, бирок күбөлөндүрүү учуруна карата өзүнөн-өзү эле эмгекке жөндөмдүүлүгү чектелсе, кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготууну % менен аныктоо ар кандай башка жумушту аткаруу мүмкүндүгүн эске алып белгиленет.
49. Эгерде эмгек ишинин мезгилинде диагноздолгон кесиптик оору же өндүрүштө кокустуктун кесепети кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготууга алып келбесе жана тиешелүү кесип боюнча өз жумушун мурдагыдай эле квалификациясын, жумуштун оордук классын жана эмгек акысын төмөндөтпөстөн уланта берип пенсияга карылык боюнча чыкса, бирок күбөлөндүрүү учуруна карата өзүнөн-өзү эле эмгекке жөндөмдүүлүгү чектелсе, анда кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу деңгээли аныкталбайт.
50. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы кезектеги кайра күбөлөндүрүү учурунда жабырлануучуну реабилитациялоонун натыйжаларын эске алуу менен белгиленет.
51. МСЭК кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасы жөнүндө маселени пайыз менен кароодо жабыркаган адамдын кесиптик эмгекке жарамдуулугун эсепке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Эмгекке жарамдуулугун жоготуу пайызынын соттук-медициналык таблицасын жетекчиликке алышы мүмкүн.
6. Эмгекке жарамдуулугун жоготуу пайызынын соттук-медициналык таблицасына усулдук көрсөтмөлөр
52. Ден соолукка зыяндын оордугун аныктоо учурунда оордук көбүнесе ден соолукка зыяндын оордугуна ылайык келген белги боюнча белгиленет.
53. Ден соолуктун көп сандаган бузулуулары бири-бирине өз ара күч келтиргенде, ден соолукка зыяндын оордугуна жыйынды баа берүү жүргүзүлөт.
54. Эмгекке жарамдуулукту жоготуунун пайызы көрсөтүлгөн таблицага ылайык белгиленет.
55. Кокустуктан улам тигил же бул орган бузулган учурда эмгекке жарамдуулукту жоготуунун пайызы тиешелүү кокустуктан гана болгон иш жүзүндөгү эмгекке жарамдуулукту жоготууга таянуу менен аныкталат.
56. Кокустуктан улам бир эле орган көп сандаган бузулууларга дуушарланган учурда эмгекке жарамдуулукту жоготуунун пайызы суммалоо жолу менен аныкталат, бирок жалпы суммасында бул пайыз эмгекке жарамдуулукту жоготуунун соттук-медициналык таблицасында каралган максималдуу пайыздан ашпайт.
57. Кокустуктан улам бир нече орган көп жолу бузулган учурда эмгекке жарамдуулукту жоготуунун пайызы ар бир орган боюнча белгиленген пайыздарды суммалоо жолу менен аныкталат, бирок жалпы суммасында 100%дан ашууга тийиш эмес.
58. Кайталанган кокустуктан улам тигил же бул орган бузулган учурда күбөлөндүрүү учуруна карата абал боюнча эмгекке жарамдуулукту жоготуунун пайызы аныкталат жана белгиленген пайыздан бул органдын мурда болгон бузулушуна байланыштуу МСЭК тарабынан белгиленген эмгекке жарамдуулукту жоготуунун пайызы кемитилет. Эгерде эмгекке жарамдуулукту жоготуунун пайызы мурда белгиленбеген болсо, анда тиешелүү кокустуктан улам гана эмгекке жарамдуулукту жоготуу аныкталат.
59. Кокустуктан бир же эки көзүнүн тең көрүүсү начарлаганда, ошондой эле бир көзү такыр көрбөй калганда, эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготуу пайызы күбөлөндүрүү учурундагы абалы боюнча эки көзүнүн курчтугун эске алуу менен аныкталат жана белгиленген пайыздан мурдагы эмгекке жарамдуулугун жоготуу пайызы кемитилет. Мурдагы эмгекке жарамдуулугун жоготуусу кокустукка чейинки эки көзүнүн курчтугуна таянуу менен аныкталат. Көздүн курчтугу коррекциясыз аныкталат.
Эгерде кокустукка чейинки эки көзүнүн курчтугун аныктоого мүмкүндүк болбосо, ал кырсыкка чейин жабыркаган көзүнүн курчтугу ойдогудай болгон, ал эми зыян тартпаган көзүнүн курчтугу күбөлөндүрүү учурундагыдай болгон деген божомолго таянуу менен аныкталат.
60. Кокустуктан улам эки көзү тең, ошондой эле көрүп жүргөн жалгыз көзү таптакыр көрбөй калса, эмгекке жарамдуулугун жоготуу 100% өлчөмүндө аныкталат.
61. Кокустуктан улам бир же эки кулагынын тең угуусу төмөндөсө же таптакыр укпай калса, эмгекке жарамдуулугун жоготуу пайызы күбөлөндүрүү учуруна карата эки кулагынын угушун эске алуу менен аныкталат жана белгиленген пайыздан мурдагы эмгекке жарамдуулугун жоготуу пайызы кемитилет. Мурдагы эмгекке жарамдуулугун жоготуу кокустукка чейинки мурдагы угушуна негизделип аныкталат.
Эгерде кокустукка чейинки угуу абалын аныктоого мүмкүн болбосо, анда мурда эмгекке жарамдуулугун жоготушу кырсыкка чейин зыян тарткан кулагынын угушу ойдогудай болгон, зыянга учурабаган кулагынын угушу күбөлөндүрүү учурундагыдай болгон деген божомолго таянуу менен аныкталат.
7. Өндүрүштөгү кокустуктан, кесиптик оорудан же эмгектик милдеттерин аткарууга байланыштуу ден соолугунун башкача бузулушунан жабыркаган адамдардын жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгын аныктоо тартиби
62. Эмгектик мертинүүдөн же кесиптик оорунун натыйжасында жапа чеккен адамды күбөлөндүрүү учурунда МСЭК анын жардамдын кошумча түрлөрүнө (ЖКТ) муктаждыгын, эгерде аларга муктаждык ушул эмгектик мертинүү менен шартталган болсо, аныктайт.
ЖКТга муктаждыкты МСЭК өндүрүштөгү кокустуктун же кесиптик оорунун тикелей кесепеттери боюнча, күбөлөндүрүү учуруна карата эмгектик мертинүүнүн кесепеттерине таянуу менен аныктайт.
Эгерде жапа чеккен адам МСЭКте күбөлөндүрүлгөн учурдан тартып медициналык, социалдык, кесиптик реабилитациялоого муктаж деп таанылган болсо, МСЭК анын жардамдын ушул түрлөрүнө муктаждыгын аныктайт.
Жардамдын бир нече түрлөрүнө муктаж болгон жабыркаган адамга МСЭК жардамдын ар бир түрүн көрсөтүү менен корутунду чыгарат.
63. Атайын медициналык багууга, кошумча тамактанууга, дары-дармек каражаттарына, санаторий-курорттук дарыланууга муктаждыгы жөнүндө корутундуну саламаттык сактоо уюмунун врачтык-консультациялык комиссиясынын (ВКК) корутундуларынын негизинде МСЭК чыгарат.
64. МСЭК жабырланган адамдын башка бирөөнүн багып-кароосуна муктаждыгы жөнүндө корутунду чыгарат.
65. Жабырланган адамдын таяныч-кыймылдаткыч аппараты (протези, ортези, корсети, балдагы, ичке таягы жана башка) бузулганда протез-ортопедиялык жардамга муктаждыгы жөнүндө корутундуну МСЭК алгач протездөө зарыл болгон учурда, ошондой эле протездерди жана протездик-ортопедиялык буюмдарды алмаштыруу учурунда чыгарат.
66. Эгерде жумуштан майып болуудан же кесиптик оорудан келип чыккан ден соолугунун абалы дарыланууну талап кылса, МСЭК дары-дармек сатып алууга корутунду чыгарат.
67. Жабырланган адам жумуштан майып болуунун кесепетинен мурдагы кесиби боюнча жумушту аткара албаса, МСЭК жабырлануучунун макулдугу менен аны кайра окутууга же жаңы кесипке окутууга чечим чыгарат.
68. Жабырланган адамдын колунда атайын транспорт каражаттары менен камсыз болууга белгиленген медициналык көрсөткүчү бар болсо, МСЭК атайын транспорт каражаттарына (кресло-коляска, велоколяска, автомобиль) муктаждык жөнүндө корутунду чыгарат.
69. Ар бир конкреттүү учурда МСЭК жабырланган адамдын ЖКТга болгон муктаждыгын ден соолугуна келтирилген зыянды жана аны калыбына келтирүү мүмкүндүгүн же саламаттык сактоо уюмдун тийиштүү корутундусунун негизинде колдоо көрсөтүүнү эске алуу менен аныктайт.
70. Жабырлануучунун медициналык, социалдык жана кесиптик реабилитациянын бул же тигил түрүнө болгон муктаждыгы мөөнөтсүз белгиленбейт.
Дары-дармекке, тамак ашка ЖКТ медициналык көрсөткүчтөр бар экендигин эске алуу менен ЖКТнын көрсөтүлгөн түрүнө жабырлануучунун муктаждыгы бар кезде бир жылдан көп эмес мөөнөт менен аныкталат.
71. Жабырланган адам саламаттык сактоонун жана социалдык жактан тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жаткан мезгилде бөтөн медициналык жана тиричилик жактан тейлөөгө кошумча чыгымдарды төлөө болбойт.
72. ЖКТга муктаждык жөнүндө чечим МСЭКтин маалымкаты жана МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү менен таризделет.
8. Өзүн-өзү тейлөө чектелишинин байкалуу даражасы
73. Функциялык класс (ФК) боюнча өзүн-өзү тейлөө чектелишинин байкалуу даражалары төмөнкүлөргө бөлүнөт:
а) ФК 0 - башка адамдарга толук көз карандысыздык;
б) ФК 1 - дене-бой жактан анча-мынча көз карандылык - жөнгө салына турган муктаждыктарды канааттандыруу үчүн мезгил-мезгили менен жардамга муктаждык (айына 1 жолу же андан аз);
в) ФК 2 - дене-бой жактан орточо көз карандылык - жумасына бир жолу жөнгө салына турган бир нече муктаждыкты канааттандыруу үчүн муктаждык, (мисалы: ваннада жуунуу, имаратты күнүгө тазалоо, кир жууш);
г) ФК 3 - дене-бой жактан көз карандысыздыктын кыйла бузулушу жумасына 3-4 жолу жөнгө салына турган муктаждыктардын (азык-түлүк сатып алуу, имаратты тазалоо, ич кийимдерди мезгили менен жууп туруу) көпчүлүгүн канааттандыруу үчүн жардамдын зарылдыгы;
д) ФК 4 - дене-бой жактан абдан көрүнүп турган көз карандылык же дене-бой жактан көз карандысыздыктын толук жоготулушу кыска убакыт ичинде (суткасына 3-4 жолу), анын ичинде критикалык интервалда муктаждыктарды канааттандыруу үчүн такай башка бирөөнүн жардамы зарыл болгон учурда келип чыгат: тамак жасоо жана аны ичкенге, үйдүн ичинде бир жерден бир жерге жылып жүрүүгө такай жардам берүү же жөнгө салынбай турган муктаждыктарды: жеке гигиена чараларын аткаруу, жамбаш чаралары бузулганда физиологиялык муктаждыктарды жүзөгө ашыруу үчүн башка кишинин туруктуу багуусунун зарылчылыгына байланыштуу келип чыгат;
е) Дене-бой жактан даана көрүнүп турган көз карандылык учурунда такай башка бирөөнүн жардамы саналып кеткен муктаждыктардын каалаганы толук жоготулганда аныкталат.
74. Өзүн тейлөө жөндөмдүүлүгүн объективдештирүү тесттик методдорду пайдалануу менен ишке ашырылат. Алардын жардамында өсүү даражасында өзүн тейлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо жүргүзүлөт:
а) күнүмдүк жашоодо башка бирөөнүн жардамына көз каранды эместикти баалоо (өзүн тейлөөнүн жөнөкөй ыкмаларын иш жүзүнө ашыруу учурунда);
б) тиричилик буюмдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талдоо (күнүмдүк жашоодо жигердүүлүктү кеңейтүү максатында өзүн тейлөөнүн жөнөкөй ыкмаларын иш жүзүнө ашыруудан башка);
в) күнүмдүк тиричилик жигердүүлүгү менен социалдык-ролдук чектөөлөрдү дал келтирүүчү баалоо;
г) айрым функциялык бузулууларды өлчөө (нерселерди кармоо жана колуна алуу функцияларын пайдалануу, тең салмак абалды сактоо мүмкүнчүлүгү, күнүмдүк тиричилик маселелеринин кеңири чөйрөсүн аткаруу жагынан басып жүрүү).
9. Тиричиликте башка кишинин багуусун аныктоо
75. Өзүн тейлөө толугу менен чектелген болсо, такай узак мезгилге дене бой жактан көз карандылык бар болсо жана башка адам тарабынан тиричиликтик жана гигиеналык иштерди (продуктуларды, медикаменттерди, тиричилик буюмдарын сатып алууда, тамак даярдоодо, кийимдерди жууганда, кирингенде, турак-жайды тазалаганда, майып адамды эшикке коштоп чыкканда) аткарууга зарылчылык болгон учурда башка бирөөнүн тиричиликтик багып-кароосуна жабырлануучунун муктаждыгы жөнүндө корутундуну МСЭК чыгарат.
Такай башка бирөөнүн багып-кароосуна же башка адамдардын жардамына зарылчылыгы суткасына эки жана андан көп жолу жөнгө салынбай турган муктаждыктарды өз алдынча канааттандырууга толук мүмкүн болбогон учурда келип чыгат.
76. Башка бирөөнүн тиричиликтик багып-кароосун аныктоонун критерийлери:
а) негизги физиологиялык муктаждыктарды өз алдынча канааттандыруу жөндөмдүүлүгүнүн кыйла чектелгендиги;
б) күнүмдүк тиричилик иш-аракеттерди жана өздүк гигиенанын ыкмаларын аткарууга жөндөмдүүлүктүн кыйла чектелгендиги;
в) же өзүн тейлөө жөндөмдүүлүгүнүн толук жоготулушу жана башка адамга толук көз карандылык.
77. Башка бирөөнүн тиричиликтик багуусуна муктаждыкты аныктоонун мөөнөттөрү:
а) өндүрүштө болгон кырсыктын натыйжасында жабырлануучулардын башка бирөөнүн атайын медициналык көз салуусуна же башка бирөөнүн тиричиликтик багып-кароосуна муктаждыгы жөнүндө корутунду көз салуунун кошумча түрүн көрсөтүү максатка ылайык келген конкреттүү мөөнөттү сөзсүз көрсөтүүнү камтышы керек;
б) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү биринчи, экинчи топтогу адамдардын башка бирөөнүн тиричиликтик багып-кароосуна муктаждыгы оорунун мүнөзүнө, өзүн тейлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрүнүп турган чектелүү даражасына карата тиешелүү түрдө эки же бир жылдык мөөнөт менен белгиленет;
в) пенсия курагына жеткен жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп табылган адамдардын башка бирөөнүн тиричиликтик багып-кароосуна муктаждыгын аныктоо мөөнөтсүз, МСЭК жекече белгилейт. Ден соолугунун бузулушу кайтарылбас кесепеттен улам болуп, жүргүзүлгөн реабилитациялык иш-чаралардан натыйжа жок учурда башка бирөөнүн тиричиликтик багып-кароосуна муктаждык мөөнөтсүз белгилениши мүмкүн (экинчи же үчүнчү топторду белгилеген учурда мөөнөтсүз).
10. Башка бирөөнүн тиричиликтик багып-кароосун талап кылган травмалар жана патологиялык абалдар
78. Эки колдун ар кандай деңгээлдеги ампутацияланган мултуктары, салаалардын деңгээлинен тышкаркы.
79. Эки буттун ампутацияланган мултуктары, салаалардын деңгээлинен тышкаркы.
80. Колдордун жана буттардын травмалык ампутациялары, салаалардын деңгээлинен тышкаркы.
81. Колдордун жана буттардын травмалык ампутациялары, ар кандай деңгээлдеги ар кандай комбинация.
82. Рейно оорусу учурундагы кол, буттардын гангренасы.
83. Терисинин жана анын астындагы клетчатканын калың болуп кеткен баскычындагы эки буттун лимфостазы.
84. Кыймылдатпай таңып салган (иммобилизация) мезгилдеги кол, буттардын сөөктөрүнүн, жамбаш сөөктөрүнүн сынышы.
85. Кыймыл-аракетинин бузулушу кыйла көрүнүп турган жана дароо көрүнүп турган баш-мээ травмасы.
86. Кыймыл-аракетинин бузулушу кыйла байкалып турган жана даана көрүнүп турган жүлүндүн травмасы.
87. Четки нерв системасынын травмалары (ийин, бел-куймулчак нерв чиелеништери, кыймыл-аракетинин бузулушу кыйла көрүнүп турган жана даана көрүнүп турган көчүктүн нерви.
88. Четки нерв системасынын токсинден жапа чегиши, кыймыл-аракетинин бузулушу кыйла көрүнүп турган жана даана көрүнүп турган полиневропатия.
89. Борбордук нерв системасынын токсинден жапа чегиши, кыймыл-аракетинин бузулушу орун алган 3-даражадагы энцефалопатия.
90. Жүрөктүн өнөкөт ишемиялык оорусу, жүрөктүн чыңалуусу ФК IV:
а) жүрөктүн өнөкөт болгон жетишсиздиги - Н III стадиядагы;
б) АБ туруктуу жогору деңгээлдеги жана клиникалык абал менен кошо жүрүүчү III даражадагы артериялык гипертензия.
91. III даражадагы дем алуу жетишсиздиги.
92. Н IIБ-III стадиядагы өпкө-жүрөк жетишсиздиги.
93. Бөйрөктүн өнөкөт болгон жетишсиздиги - терминалдык стадия.
94. Боордун энцефалопатия II симптомдуу көрүнүп турган декомпенсация стадиясындагы жана кыйла көрүнүп турган стадиядагы боордун өнөкөт болгон жетишсиздиги.
95. III даражадагы функциялык жетишсиздик орун алган ризомиеликалык жана висцералдык формадагы анкилоздоочу спондилоартрит.
96. IV стадиядагы муундардын ревматоиддик артрити жана башка оорулары, муундардын функцияларынын бузулушунун IV даражасы.
11. Атайын медициналык багуу
97. Эгерде жабырлануучунун ден соолук абалы тизмеси жана көлөмү дарылап-алдын алуучу мекемелердин врачтары тарабынан аныктала турган такай медициналык байкоо жүргүзүп турууну жана атайын медициналык процедураларды аткарууну (жарасын таңуу, жараттарды тазалоо, дезинфекциялоочу каражаттарды салуу менен табарсыкты катетерлөө, заара чыгуучу каналды кеңейтүү ж.б.) талап кылса, башка бирөөнүн атайын медициналык багып-кароосуна муктаждыгы жөнүндө корутундуну МСЭК чыгарат.
98. Башка бирөөнүн атайын медициналык багып-кароосун аныктоонун критерийлери:
а) атайын ыкма менен физиологиялык муктаждыктарды (заара кылуу, заңдоо) дароо канааттандыруунун зарылдыгы;
б) организмдин жалпы функцияларын милдеттүү түрдө колдоо үчүн сырткы жасалма тешиктердин нормалдуу иштешин камсыз кылуу үчүн медициналык жана санитардык манипуляцияларды ишке ашыруунун зарылдыгы;
в) дененин сырткы бетин кароо боюнча атайын медициналык манипуляцияларды ишке ашыруунун зарылдыгы.
99. Башка бирөөнүн атайын медициналык багып-кароосун аныктоонун мөөнөтү оорунун өтүү мүнөзүн жана тибин эске алуу менен өзгөртүлүп турушу мүмкүн.
100. Башка бирөөнүн атайын медициналык багып-кароосуна муктаждык мөөнөтсүз белгиленбейт.
12. Жабыркагандарга атайын медициналык багып-кароону аныктоо үчүн медициналык көрсөтүүлөрдүн тизмеси
┌───┬───────────────────────────────┬─────────────────────────────────┐
│101│Көңүл бурууну жана карап │Өнөкөт дерматит, теринин жана │
│ │турууну талап кылган жасалма │тери астындагы май клетчатканын │
│ │тешиктерди жасоо менен аяктаган│серознонекротикалык өзгөрүшү, │
│ │операциялык дарылоодон кийинки │стомиялык тешиктин айланасындагы │
│ │абал: орун алган │теринин ириңдеп сезгенүүдөн │
│ │гастростоманын, еюностоманын, │өзгөрүшү Жалпы соматикалык оор │
│ │илеостоманын, колостоманын, │абал учурундагы жасалма тешиктери│
│ │энтеростоманын, цистостоманын │бар оорулуулар. Трахеостомикалык │
│ │болушу, орун алган │түтүктү алмаштырууда │
│ │трахеостоманын болушу │ │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│102│Ички органдардын тешиги │Кеңири хирургиялык дарылоого │
│ │(ичеги-карын тешиги, │чейин тешиктин ириңдеп ырбашын │
│ │заара-табарсык тешиги, кызыл │айыктыруу мезгилине │
│ │өңгөч-тери тешиги, │ │
│ │плевралдык-тери тешиги, │ │
│ │уретра-аралык тешик) │ │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│103│Ичегинин түйүлүп калышы │Оору белгилерин айыктыруу │
│ │(паралитикалыкка өткөн) │мезгилине │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│104│Декубиталдык жара, оюлуу │Оюлууну айыктыруу мезгилине │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│105│Буттардын варикоздук жаралары │Төмөнкү көңдөй венанын синдрому │
│ │ │учурундагы системалуу │
│ │ │гемодинамика бузулган жана жалпы │
│ │ │абал оорлошкон учурда │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│106│Табарсыктын кеңип кетиши │Оору белгилерин айыктыруу │
│ │(атония) │мезгилине │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│107│Уретранын стриктурасы │Оору белгилерин айыктыруу │
│ │(спазмалык, травмалык, │мезгилине │
│ │посткатетеризациялык) │ │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│108│Трахеостома, дароо көрүнүп │Оюлууну, трахеостоманы айыктыруу │
│ │турган жута албастык │мезгилине. Бузулган функцияларды,│
│ │(дисфагия), табарсыктын жана │жутууну, заара кылууну, заңдоону │
│ │жоон ичегинин иштешинин кыйла │калыбына келтирүү мезгилине │
│ │байкалып турган бузулуусу, │ │
│ │оюлуу учурларындагы баш │ │
│ │сөөк-мээнин травмасы │ │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│109│Трахеостома, дароо көрүнүп │Оюлууну, трахеостоманы айыктыруу │
│ │турган жута албастык │мезгилине. Бузулган функцияларды,│
│ │(дисфагия), табарсыктын жана │жутууну, заара кылууну, заңдоону │
│ │жоон ичегинин иштешинин кыйла │калыбына келтирүү мезгилине │
│ │байкалып турган бузулушу, оюлуу│ │
│ │учурларындагы жүлүндүн травмасы│ │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│110│Четки нерв системасынын │Оюлууну айыктыруу мезгилине │
│ │травмалары (ийин, бел-куймулчак│ │
│ │нерв чиелеништери, оюлуп кеткен│ │
│ │учурдагы көчүктүн нерви) │ │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│111│Четки нерв системасынын │Оюлууну айыктыруу мезгилине │
│ │токсинден жапа чегиши, оюлуп │ │
│ │кеткен учурдагы полиневропатия │ │
├───┼───────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│112│Борбордук нерв системасынын │Оюлууну, трахеостоманы айыктыруу │
│ │токсинден жапа чегиши: │мезгилине. Бузулган функцияларды,│
│ │трахеостома, дароо көрүнүп │жутууну, заара кылууну, заңдоону │
│ │турган жута албастык │калыбына келтирүү мезгилине │
│ │(дисфагия), табарсыктын жана │ │
│ │жоон ичегинин иштешинин кыйла │ │
│ │байкалып турган бузулушу, │ │
│ │оюлуу учурларындагы │ │
│ │энцефалопатия │ │
└───┴───────────────────────────────┴─────────────────────────────────┘