Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №68 токтому менен бекитилген |
1. Бул Жобо Куралдуу Күчтөрдөн бошотулган аскер кызматчыларына (мындан ары - мурдагы аскер кызматчылары) Куралдуу Күчтөрдүн курамында, фронтто же башка аскердик иш-аракеттер мезгилинде, анын ичинде интернационалдык милдетин аткарып жүрүп, Кыргыз Республикасын коргоо учурунда аскердик иш-аракеттер зонасында кызмат өтөп жүрүп, жарандардын жаракат (контузия, травма, майып болуп калуу) алуусунан, дартка чалдыгышынан майыптыкка дуушар болуу менен себептик байланышын белгилөөнүн тартибин аныктайт.
2. Майыптыктын себептери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык аныкталат.
3. Медициналык-социалдык эксперттик комиссия (мындан ары - МСЭК) төмөнкүдөй мурдагы аскер кызматчылардын майыптыгынын себептик байланышы жөнүндө корутунду чыгарат:
- ден соолугунун абалы боюнча СССРдин же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн бошотулган жана оорусу жөнүндө күбөлүгү же тийиштүү ведомствонун аскердик-врачтык комиссиясынын (мындан ары - АВК) токтому бар;
- башка себептер боюнча СССРдин Куралдуу Күчтөрүнөн же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн бошотулган жана АВКнын корутундусу бар.
4. Аскер кызматында, анын ичинде аракеттеги бөлүктөрдө кызмат өтөп жүргөн мезгилде жаракат алуу, контузия, майып болуп же ооруп калуу фактылары төмөнкүдөй аскердик-медициналык документтер менен далилдениши мүмкүн: АВКнын токтому, оорусу тууралу күбөлүк, АУЭ № 16 формасындагы маалымкат (аскер убактысын эсепке алуунун формасы), АВКнын маалымкаты, аскердик-медициналык мекемелерден маалымкаттар, Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архивинен, Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Аскердик-медициналык музейинин аскердик-медициналык документтеринин архивинен, Россиянын мамлекеттик аскердик архивинен жана башка архивдерден маалымкаттар менен тастыкталышы мүмкүн.
5. 4-пунктта көрсөтүлгөн аскердик-медициналык документтерде оорулардын, жаракат алуунун (контузия, травма, мертинүү) себептик байланышы тууралу жазуу жок болсо, же бул токтомго арыз ээси же МСЭКтин мүчөлөрү макул болбосо, мурдагы аскер кызматчылардын документтерин МСЭК тиешелүү ведомствонун АВКсына карап чыгууга жөнөтөт.
6. Ден соолугунун абалы боюнча кызматтан бошотулган, бирок аскердик-медициналык документтери болбогон мурдагы аскер кызматчыларга МСЭК майыптыкты белгилейт, анын себебин тийиштүү ведомстволордун АВКсынын корутундусун алгандан кийин гана аныктайт.
7. Мурдагы аскер кызматчылардын өткөн мезгилдеги ооруларынын, жаракатынын жана контузиясынын, травмасынын, майыптык алышынын себептик байланышы тийиштүү аскер ведомстволорунун АВКсы тарабынан белгиленет.
8. Кызматтан ден соолугунун абалы боюнча эмес бошотулган мурдагы аскер кызматчыларга МСЭК майыптык алышынын себептик байланышын жаракат алышынын, контузиянын, майып болуп калуунун, же аскер кызматын өтөп, фронтто же башка согуштук аракеттердин зонасында жүргөн мезгилде жана АВКнын токтому менен ырасталган оорусу боюнча жарандардын кайрылуу мөөнөтүнө карабастан белгилейт.
9. Мурдагы аскер кызматчысында, анын ичинде туткунда жүргөн учурда СССРдин же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө мезгилинде АВКда күбөлөндүрүү тууралуу кайсы бир маалымат жок учурда, бирок дененин жабыркоосунун анык кесепетинен (буту-колдун жоктугу, баш сөөгүнүн дефекттери, жаракат алгандан кийин көп жериндеги тырыктар, бөтөн заттардын болушу ж.б.), аскерден бошотулган себептерге карабастан фронтто, аскердик аракеттер зонасында болгон учурда алган жаракаттардын (контузия, травма, майып болуп калуу) байланышы тууралуу маселе соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен аларды күбөлөндүрүүдөн жана тийиштүү ведомстволордун АВКсынын токтомдорун алгандан кийин чечилет.
10. Ден соолугунун абалы боюнча кызматтан бошотулган жана АВКнын корутундусу болгон мурдагы аскер кызматчыларга тийиштүү АВКнын токтомунда көрсөтүлгөн оорулар (контузия, травма, майып болуп калуу) боюнча майыптыкты белгилөө учурунда МСЭК АВКнын корутундусунда көрсөтүлгөн оорулардын, жаракат алуунун (контузия, травма, майып болуп калуу) себептик байланыштары жөнүндө аныктамага так ылайык майыптыктын себебин белгилейт.
11. Оорунун, жаракат алуунун (контузия, травма, майып болуп калуу) себеби тууралуу АВКнын корутундусун өзгөрткөнгө МСЭКтин укугу жок.
12. Арыз ээси же МСЭК мүчөлөрү оорунун, жаракат алуунун (контузия, травма, майып болуп калуу) себеби тууралуу АВКнын корутундусуна макул болбогон учурда, оорунун, жаракат алуунун (контузия, травма, майып болуп калуу) себептерин тактоо же кайра карап чыгуу үчүн МСЭК аскердик-медициналык документтерди тиешелүү ведомствонун АВКсына жөнөтөт, такталгандан кийин майыптыктын себеби АВКнын корутундусуна так ылайык белгиленет.
Эгерде оорунун, жаракаттын (контузия, травма, майып болуп калуу) себептери тууралуу аныктама аскердик-медициналык документте жок болсо, же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп табуу жөнүндө жободо көрсөтүлгөн оорунун, жаракат алуунун (контузия, травма, майып болуп калуу) себептеринин аныктамаларына туура келтирилбесе, аскердик-медициналык документтер тийиштүү ведомствонун АВКсына жөнөтүлөт.
13. Мурдагыга жаңыдан кошулган оорунун же травманын кесепетинен күчөгөндүктүн натыйжасында майыптыгынын группасы жогорулатылган адамдарда, ошондой эле оорунун, жаракат алуунун (контузия, травма, майып болуп калуу) кесепети кезектеги кайрадан күбөлөндүргөн учурда жумушка жарамдуулукту чектебеген, ал эми майыптык тобун белгилөө жаңы пайда болгон оору менен шартталган учурда мурдагы аскер кызматчыларга белгиленген майыптыктын себеби сакталат.
14. Мурда Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы деп табылган мурдагы аскер кызматчыларга азыркы учурда "жалпы оору" аныктамасы менен майыптыктын себеби белгиленген мурдагы аскер кызматчыларга аскер кызматчылары үчүн каралган аныктамаларда майыптыктын себеби мурдагы аскер кызматчысы мурда Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы деп табылгандыгын ырастаган документ болгон учурда кызмат аткарып жаткан аскерде кызмат өтөгөндүк жөнүндө документтин, фронтко келген мезгилде жаракат, травма алгандыгын, майып болуп калгандыгын, контузияга туш болгондугун, ооругандыгын тастыктаган документтер бар учурда майыптыктын себеби аныкталат.
15. Фронтто же башка аскердик аракеттерден жаракат алуунун (контузия, травма, майып болуп калуу), анын ичинде интернационалдык милдетин аткаруу учурунда жана жалпы оорудан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп таанылган мурдагы аскер кызматчыларга жаракат алуу, контузия, майыптык менен майыптыктын себептик байланышы (мыйзамга каршы иш-аракеттерден улам болгон майыптык учурлардан башка) ошол жаракаттын (контузиянын, травманын, майыптыктын), оорунун себептик байланышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын тийиштүү ведомствосунун АВКсынын токтомунун негизинде белгиленет.
16. Аскердик жыйындан өтүп жаткан мезгилде ооруп калуунун, жаракат алуунун (контузия, травма, мертинүү) кесепетинен жумушка жарамдуулугун жоготкон аскерге милдеттүүлөргө майыптыкты белгилөө учурунда анын себебин аскер кызматчылары үчүн каралган аныктамадагы ооруп калуунун, жаракат алуунун (контузия, травма, мертинүү) себептик байланыштары жөнүндө АВКнын токтомунун негизинде аныкташат.
17. Фронтто болгондук же аскер кызматынын милдеттерин аткаруу менен майыптыктын байланышы жаракат алуунун, майып болуп калуунун, контузиянын же оорунун түздөн-түз кесепеттери боюнча гана эмес, ошондой эле оорунун, жаракат алуунун (контузиянын, травманын, майып болуп калуунун) себептик байланышы жөнүндө тийиштүү ведомствонун АВКсынын токтомунун негизинде МСЭКке кайрылган мөөнөткө карабастан алардын ар кандай ырбап кетиши жана көп жыл өткөн натыйжасы боюнча да белгиленет.
18. Мурдагы аскер кызматчынын майыптыгынын себебин белгилөөдө МСЭК күбөлөндүрүү актысында бардык документтерди көрсөтүүгө милдеттүү, мунун негизинде ал майыптыктын себебин белгилейт: мурдагы аскер кызматчынын дарыланууда болгондугун тастыктаган аскердик-врачтык мекемелердин маалымкаттары; оорусунун аты көрсөтүлгөн оору таржымалынын көчүрмөсү; жаракат алгандык же кокустан болгон кырсык тууралуу маалымкаттар; фронтто, партизандык отрядда болгондук, туткунда болгондук же аскер кызматында иштегендик фактыларын тастыктаган документтер, фронттон берилген документтер, Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архивинен же Аскердик-медициналык музейинен маалымкаттар.
19. МСЭКтин күбөлөндүрүү актысында оору жөнүндө күбөлүктүн (маалымкаттын) номери, документти берген мекеменин аталышы, берилген дата, оорунун аты, оорулардын расписаниелеринин статьясы, аскер кызматына жарактуулук жөнүндө АВКнын токтому, оорунун, жаракат алуунун (контузиянын, майып болуп калуунун) себеби көрсөтүлөт.
20. Татаал эксперттик учурларда организмдин функцияларынын көрүнүп турган бузулууларынын мүнөзү, даражасы, этиопатогенези жөнүндө маселелерди чечүү үчүн тыкан текшерүү жүргүзүү керек.
21. Мурдагы аскер кызматчыларда аскердик-медициналык документтери жоктугунан фронтто болуу менен майыптыктын байланышын белгилөөгө мүмкүн болбогон учурларда МСЭК кабыл алынган чечимдин себептерин аларга толук түшүндүрөт жана ошону менен бирге эле мезгилде аскердик-медициналык документтерди издөөнүн тартиби тууралуу маалымат берет.
22. Эгерде мурдагы аскер кызматчынын майыптыктын себепкери болгон оорусу, жаракаты (контузия, травма, майып болуп калуу) аскердик-медициналык комиссиянын диагнозунда эскертилбеген болсо, МСЭК майыптыктын себебин "жалпы оору" деп белгилейт.