Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-июлу № 522
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын орун басарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген 5-тиркемесине төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
"Орун басарлардын саны" графасында:
- 4-пункту "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия" деген сөздөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|