Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-августу № 530
Бишкек шаарында 1993-жылдын 19-апрелинде кол коюлган маданият жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Макулдашууну бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарында 1993-жылдын 19-апрелинде кол коюлган маданият жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы мамлекеттик тилде тиркелген Макулдашуу бекитилсин.
2. Аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тийиштүү министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнө билдирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|