КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-августу № 531
Имараттарга энергетикалык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Буу казандардын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Имараттарга энергетикалык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Буу казандардын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыялангандан тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|