Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-августу № 532
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун аймагында жайгашкан "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участкасын убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун аймагында жайгашкан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы 5,5 га жерди, анын ичинен: 2,5 га - "Талды-Булак Сол жээк" капчыгайындагы жана 3,0 га - "Желкилдек" капчыгайындагы жерди жер астындагы тузсуз сууну пайдалануу жана пайдалуу казылмаларды иштетүү үчүн алтын кен объекттерин куруу максатында № 922 скважинасын жана № 2 штольнясын иштеп чыгуу үчүн "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "Алтынкен" ЖЧКсы) берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер пайдалуу казылмаларды иштетүү үчүн ижара шартында "Алтынкен" ЖЧКсына убактылуу пайдаланууга берилсин:
- "Талды-Булак Сол жээк" капчыгайындагы 2,5 га жер - алтын кенин өздөштүрүү максатында № 2 штольняны иштеп чыгуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2006-жылдын 7-апрелинде берилген № 471 АЕ лицензиясынын жарактуулук мөөнөтүнө;
- "Желкилдек" капчыгайындагы 3,0 га жер - жер астындагы тузсуз сууну пайдалануу жана "Талды-Булак Сол жээк" алтын кен объекттерин куруу максатында № 922 скважинаны иштеп чыгуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан 2010-жылдын 16-декабрында берилген № 2907 ВЕ лицензиясынын жарактуулук мөөнөтүнө.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- "Алтынкен" ЖЧКсынын айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген нормативдерге ылайык алынбай калган пайданын суммасын төлөөсүн көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Октябрь жана Жаңы-Алыш айыл өкмөттөрү менен "Алтынкен" ЖЧКсынын ушул 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна ижара келишимдерин түзүүнү камсыз кылсын.
4. "Алтынкен" ЖЧКсына төмөнкүлөр сунушталсын, белгиленген тартипте:
- берилген жер участогунда экологиялык жана техникалык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана пайдалануу бөлүгүндө эксперттик корутундулары менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
- пайдалуу казылмаларды иштеп чыгуу боюнча иштер аяктагандан кийин жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|