Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-августу № 539
"2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган, Аба кемесин басып алуу (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин күчтөрүнүн асман чабуулунан коргоо боюнча нөөмөтчүлөрүнүн аракетин уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган, Аба кемесин басып алуу (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин күчтөрүнүн асман чабуулунан коргоо боюнча нөөмөтчүлөрүнүн аракетин уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- 2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган, Аба кемесин басып алуу (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин күчтөрүнүн асман чабуулунан коргоо боюнча нөөмөтчүлөрүнүн аракетин уюштуруу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган, аба кемесин басып алуу (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин күчтөрүнүн асман чабуулунан коргоо боюнча нөөмөтчүлөрүнүн аракеттерин уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетин аталган Макулдашуунун күчүнө киришине зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткарганын жана аталган Макулдашууну ишке ашыруу жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө кабарласын.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Көрсөтүлгөн Макулдашууга 2011-жылдын 3-сентябрында Душанбе шаарында (Тажик Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги сессиясында кол коюлган.
Бул Макулдашуунун максаты болуп Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аба мейкиндигин коркунучсуз колдонушун камсыздоо, терроризмге каршы аракеттенүү жана аба кемесин (учуучу аппаратты) басып алуу (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин күчтөрүнүн асман чабуулунан коргоо боюнча нөөмөтчүлөрдүн аракетин уюштурууда бирдей мамилени камсыздоо болуп саналат.
Макулдашуу менен төмөнкүлөр каралган:
- аба мейкиндигинде (чөйрөсүндө) террористтик актысынын болушу жана (же) аба кемесин (учуучу аппаратты) басып алуу (айдап качуу) коркунучтарын табуунун тартиби жана ыктары;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын аба мейкиндигинде (чөйрөсүндө) террористтик актынын болуу коркунучу жана (же) аба кемесин (учуучу аппарат) басып алуу (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда аракеттеринин тартиби;
- аба мейкиндигинде (чөйрөсүндө) террористтик актынын болуу коркунучу келип чыкканда жана (же) аба кемесин (учуучу аппарат) басып алууда (айдап качуу) маалыматтарды алмашууну уюштуруу тартиби.
Ушул Макулдашууну ратификациялоо аба мейкиндигинде (чөйрөсүндө) террористтик актынын болуу коркунучу келип чыкканда жана (же) аба кемесин (учуучу аппаратты) басып алганда (айдап качуу) аскердик башкаруу органдарынын аракеттерин өркүндөтүүгө жана дайыма даярдыкта кармап турууга, ошондой эле жыл сайын Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин асман чабуулунан коргоосунун бириккен тутумунун күчтөрүнүн Асман чабуулунан коргоо боюнча нөөмөтчүлөрдүн аракеттери боюнча биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбайт.
Жогоруда айтылгандын негизинде көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун колдоп берүүнү суранам.
Кыргыз Республикасынын коргоо министри генерал-майор | Т.Омуралиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган, Аба кемесин басып алуу (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин күчтөрүнүн асман чабуулунан коргоо боюнча нөөмөтчүлөрүнүн аракетин уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча, төмөнкүлөрдү билдирет.
Ушул Макулдашууну кабыл алуу үчүн укуктук негиз болуп, 1991-жылдын 8-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндө макулдашуу, 1991-жылдын 8-декабрында Минск шаарында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы (РСФСР) тарабынан, Украина (1991-жылдын 21-декабрында) тарабынан кол коюлган, Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 6-мартындагы № 840-ХII токтому менен ратификацияланган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндө макулдашууга Протокол, 1992-жылдын 15-майындагы Аба мейкиндигин колдонуу жөнүндө макулдашуу, ошондой эле эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоодо жана аба мейкиндигин колдонуу маселелеринин маанилүүлүгүнүн, КМШнын аба кыймылдарын башкаруу жана контролдоодо кызматташуу принциптерине негизделген КМШ алкагында түзүлгөн бир катар башка эл аралык макулдашуулар эсептелет.
КМШга катышуучу-мамлекеттердин аба мейкиндигин коопсуз пайдаланууну камсыздоо, терроризмге каршы аракетке жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттерде аба кемесин (учуучу аппаратты) уурдоо (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда асман чабуулунан коргонуу күчтөр боюнча нөөмөтчүлөрдүн аракетин уюштурууга бирдиктүү мамилени камсыздоо максатында Макулдашууга кол коюлган.
Ушул Макулдашууда төмөнкүлөр каралат:
- аба мейкиндигинде (чөйрөсүндө) жана (же) аба кемесин (учуучу аппаратты) уурдоодо (айдап качууда) коркунучту табуунун ыкмасы жана тартиби;
- КМШга катышкан-мамлекеттердин башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын аба мейкиндигинде (чөйрөсүндө) террордук аракет кылуу коркунучу жөнүндө маалымат алганда жана (же) аба кемесин (учуучу аппаратты) уурдоодо (айдап качууда) аракеттеринин тартиби;
- аба мейкиндигинде (чөйрөсүндө) террордук аракет кылуу коркунучу жана (же) аба кемесин (учуучу аппаратты) уурдоо (айдап качуу) келип чыкканда маалымат алмашууну уюштуруу тартиби.
Тактап айтканда, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Жободо, аба мейкиндигинде террордук аракет кылуу коркунучу жана (же) аба кемесин (учуучу аппаратты) уурдоо (айдап качуу) келип чыкканда аба мейкиндигинде террордук аракетти кылуу коркунучу жана (же) аба кемесин (учуучу аппаратты) уурдоо (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда КМШга катышкан-мамлекеттердин башкаруу органдарынын аракеттеринин тартиби аныкталат.
Ушул Макулдашууну ратификациялоо аба мейкиндигинде (чөйрөсүндө) террордук аракет кылуу коркунучу жана (же) аба кемесин (учуучу аппаратты) уурдоо (айдап качуу) келип чыкканда аскер башкармалыктарын аракеттерге дайым даярдыкта кармоого жана өркүндөтүүгө, ошондой эле жыл сайын Асман чабуулунан коргонуу күчтөрдүн нөөмөтчүлөрүнүн аракети боюнча КМШга катышкан-мамлекеттердин Асман чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн бириктирилген системасынын биргелешкен машыгууларын өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Жогоруда аталган Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерине ылайык келет.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тийиштүү жылга республикалык бюджет менен каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт. Ошондой эле, ушул Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражат бөлүүнү талап кылбайт.
|
|