Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2012-жылдын 3-августу № 540
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларыңа өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | О.Бабанов
|
Долбоор
1-берене.
"Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 11, 514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча:
1) түрдүү жөндөмөдөгү "Конституциялык сотунун" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) түрдүү жөндөмөдөгү "салык кызматы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги" деген сөздөр "Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьянын 1-пунктунда:
1) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси, жетекчисинин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу мамлекеттик органдардын жетекчилери;";
2) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын министрлери жана мамлекеттик комитеттеринин төрагалары, администрациялык ведомстволордун жетекчилери;";
3) он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жана ыйгарым укуктуу салык органдарынын борбордук жана жергиликтүү жетекчилери;".
4) 1-статьянын 2-пунктунда "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., № 11, 981-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "аткаруучу-тескөөчү жана башка" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 18-статьянын 1-бөлүгүндө:
1) "Конституциялык сотунун" деген сөздөр "Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) расмий тилде баяндалган текстиндеги "Омбудсмена (Акыйкатчы)" деген сөздөр "Акыйкатчы (Омбудсмена)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 35-статьядагы расмий тилде баяндалган текстиндеги "Омбудсмену (Акыйкатчы)" деген сөздөр "Акыйкатчы (Омбудсмену)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 104-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-статьянын 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "Конституциялык соту" деген сөздөр "Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 14-статьянын 1-бөлүгүндөгү ", Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секретары" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезитинин 2007-жылдын 19-июнундагы № 44 саны) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-статьянын төртүнчү абзацындагы "Конституциялык соту" деген сөздөр "Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., № 6, 517-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эл аралык маанидеги юбилейлик иш-чараны өткөрүү жөнүндөгү чечим эл аралык уюмдардын чечимдерин жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.".
2. 7-статьядагы "Конституциялык соту" деген сөздү "Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 10-статьядагы "кеңештин" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезитинин 2009-жылдын 7-августундагы № 68-69 саны) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
31-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ченемдик укуктук актылардын ченемдерин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) ошол актыны кабыл алган ченем жаратуучу орган тарабынан ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жолу менен ишке ашырылат.".
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Ушул "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишинин чегинде иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору менен "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө", " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө ", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарына оңдоолор киргизилет.
Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт деп белгилеген Конституциянын 93-беренесин эске алып, мыйзам долбоору менен жогоруда аталган мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
Андан башка, жүргүзүлүп жаткан реформаларды эске алып, мыйзамдардын аталыштары өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткандыктарына байланыштуу, "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" мыйзамында мыйзамдардын конкреттүү аталыштарына шилтемелерди бирдейлештирилген термин "мыйзам чөйрөсүндө ____" менен алмаштыруу сунушталат.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секретары" деген кызмат орду жоюлгандыгын билдиребиз. Ошондуктан, Мыйзам долбоору менен "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Мыйзамынын 1-беренесине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Мыйзамынын 14-беренесине тиешелүү өзгөртүү сунушталат.
Ошондой эле, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө өткөрүлүп жаткан реформаларга байланыштуу, мамлекеттик органдардын аталыштары да өзгөрүүгө дуушар болот, бул өз кезегинде колдонулуп жаткан мыйзамдарга көп сандагы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келет, ошону эске алып, мамлекеттик органдардын бирдейлештирилген аталыштарын белгилөө жаатында "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Мыйзамынын бүткүл тексти боюнча тиешелүү оңдоолор киргизүү сунушталат.
Андан башка, белгилеп кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы)" деген терминге тиешелүү мыйзам долбоору тарабынан киргизилген оңдоолор, мыйзамдарда мурда айтылган кээ бир нормаларды Конституцияга ылайык келтирүүгө багытталган, ошондой эле бирдей терминдерди колдонуу максатында сунушталган.
Ошону менен бирге, "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын. ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Мыйзамынын 1-беренесинин жоболоруна "Президенттин Администрациясы" деген сөздөр "Президенттин Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырууга тийиштүү оңдоо киргизүү, аталган беренени Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 346 Жарлыгы менен бекитилген Президенттин Аппараты жөнүндө Жобого ылайык келтирүү максатында сунушталат.
Андан башка, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын белгилеген Конституциянын 111-беренесин эске алып, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамына "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталат.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренеси Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын укук системасынын бөлүгү болуп саналат деп белгилеген Конституциянын 6-беренесинин талабына ылайык келтирилгендигин белгилеп кетебиз.
Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт деп белгилеген Конституциянын 93-беренесин эске алып, мыйзам долбоору менен жогоруда аталган мыйзамдын 7-беренесине тиешелүү өзгөртүү киргизилет.
Андан башка, терминологияны бирдей колдонуу максатында, жана Конституциянын 111-беренесинде "жергиликтүү кеңештер" аныктамасы ачылгандыктан мыйзам долбоору менен аталган мыйзамдын 10-беренесине тиешелүү өзгөртүү киргизүү каралат.
Ошону менен бирге, Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз.
Ошондой эле, аталган мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт.
Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт.
Кошумча иретинде, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр | А.Шыкмаматов |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Мурдагы редакциясы │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган │
│ адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, │
│ милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо │
│ жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│1-статья. Ушул Мыйзамдын │1-статья. Ушул Мыйзамдын │
│ колдонулуш чөйрөсү │ колдонулуш чөйрөсү │
│ │ │
│1. Ушул Мыйзам төмөнкү кызматтарды│1. Ушул Мыйзам төмөнкү кызматтарды│
│ээлеп турган адамдарга карата │ээлеп турган адамдарга карата │
│жайылтылат: │жайылтылат: │
│[Кыргыз Республикасынын │[Кыргыз Республикасынын │
│Президенти, Кыргыз │Президенти, Кыргыз Республикасынын│
│Республикасынын Мамлекеттик │Президентинин Аппаратынын │
│катчысы, Кыргыз Республикасынын │жетекчиси, жетекчисинин орун │
│Президентинин Администрациясынын │басарлары, Кыргыз Республикасынын │
│жетекчиси, жетекчисинин орун │Коргоо кеңешинин катчысы, Кыргыз │
│басары, Кыргыз Республикасынын │Республикасынын Президентинин │
│Коопсуздук кенешинин катчысы, │Аппаратынын түзүмдүк │
│Кыргыз Республикасынын │бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери, Кыргыз│
│Президентинин Администрациясынын │Республикасынын Президенти │
│түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн │тарабынан дайындалуучу мамлекеттик│
│жетекчилери, Кыргыз │органдардын жетекчилери;] │
│Республикасынын Президенти │Кыргыз Республикасынын │
│тарабынан дайындалуучу │Премьер-министри; │
│мамлекеттик органдардын │Кыргыз Республикасынын Жогорку │
│жетекчилери;] │Кеңешинин Төрагасы, Төрагасынын │
│Кыргыз Республикасынын │орунбасарлары жана депутаттары; │
│Премьер-министри; │Кыргыз Республикасынын [Жогорку │
│Кыргыз Республикасынын Жогорку │сотунун Конституциялык │
│Кеңешинин Төрагасы, Төрагасынын │палатасынын] Төрагасы, анын │
│орунбасарлары жана депутаттары; │орунбасары жана Кыргыз │
│Кыргыз Республикасынын │Республикасынын [Жогорку сотунун │
│[Конституциялык сотунун │Конституциялык палатасынын] │
│Төрагасы,] анын орунбасары жана │судьялары; │
│Кыргыз Республикасынын, │Кыргыз Республикасынын Жогорку │
│[Конституциялык сотунун] │сотунун Төрагасы, анын │
│судьялары; │орунбасарлары жана Кыргыз │
│Кыргыз Республикасынын Жогорку │Республикасынын Жогорку сотунун │
│сотунун Төрагасы, анын │судьялары, ошондой эле жергиликтүү│
│орунбасарлары жана Кыргыз │соттордун судьялары; │
│Республикасынын Жогорку сотунун │Кыргыз Республикасынын биринчи │
│судьялары, ошондой эле │вице-премьер-министри жана │
│жергиликтүү соттордун судьялары; │вице-премьер-министрлери; │
│Кыргыз Республикасынын биринчи │[Кыргыз Республикасынын │
│вице-премьер-министри жана │министрлери жана мамлекеттик │
│вице-премьер-министрлери; │комитеттеринин төрагалары, │
│[Кыргыз Республикасынын │администрациялык ведомстволордун │
│министрлери жана мамлекеттик │жетекчилери;] │
│комитеттеринин төрагалары, Кыргыз │Кыргыз Республикасынын Социалдык │
│Республикасынын Өкмөтүнүн │фондунун төрагасы; │
│алдындагы администрациялык │Кыргыз Республикасынын Башкы │
│ведомстволордун, мамлекеттик │прокурору жана анын орунбасарлары,│
│комиссиялардын жана фонддордун │ошондой эле областтардын, Бишкек, │
│жетекчилери;] │Ош шаарларынын прокурорлору, │
│Кыргыз Республикасынын Социалдык │адистештирилген прокуратуралардын │
│фондунун төрагасы; │прокурорлору жана райондук │
│Кыргыз Республикасынын Башкы │прокурорлор; │
│прокурору жана анын │Кыргыз Республикасынын Эсептөө │
│орунбасарлары, ошондой эле │палатасынын төрагасы; │
│областтардын, Бишкек, Ош │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│шаарларынын прокурорлору, │банкынын төрагасы жана анын │
│адистештирилген прокуратуралардын │орунбасарлары; │
│прокурорлору жана райондук │Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана│
│прокурорлор; │референдумдарды өткөрүү боюнча │
│Кыргыз Республикасынын Эсептөө │борбордук комиссиясынын төрагасы; │
│палатасынын төрагасы; │[борбордук жана жергиликтүү бажы │
│Кыргыз Республикасынын Улуттук │иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │
│банкынын төрагасы жана анын │органдардын жана ыйгарым укуктуу │
│орунбасарлары; │салык органдардын жетекчилери; │
│Кыргыз Республикасынын Шайлоо │финансы полициясынын борбордук │
│жана референдумдарды өткөрүү │жана жергиликтүү органдарынын │
│боюнча борбордук комиссиясынын │жетекчилери;] │
│төрагасы; │областтык, райондук мамлекеттик │
│[бажы жана салык кызматтарынын │администрациялардын жетекчилери │
│борбордук жана жергиликтүү │жана Бишкек, Ош шаарларынын │
│органдарынын жетекчилери;] │мэрлери. │
│финансы полициясынын борбордук │2. Ушул Мыйзам [мамлекеттик кызмат│
│жана жергиликтүү органдарынын │жөнүндө мыйзамдарга] ылайык Кыргыз│
│жетекчилери; │Республикасынын Мамлекеттик │
│областтык, райондук мамлекеттик │кызматтарынын реестринде │
│администрациялардын жетекчилери │көрсөтүлгөн саясий жана атайын │
│жана Бишкек, Ош шаарларынын │мамлекеттик кызматтарды ээлеп │
│мэрлери. │турган башка адамдарга да │
│2. Ушул Мыйзам ["Мамлекеттик │жайылтылат. │
│кызмат жөнүндө" Кыргыз │ │
│Республикасынын Мыйзамына] ылайык │ │
│Кыргыз Республикасынын │ │
│Мамлекеттик кызматтарынын │ │
│реестринде көрсөтүлгөн саясий │ │
│жана атайын мамлекеттик │ │
│кызматтарды ээлеп турган башка │ │
│адамдарга да жайылтылат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│5-статья. Декларация берүүнүн │5-статья. Декларация берүүнүн │
│ тартиби, шарттары │ тартиби, шарттары жана │
│ жана мөөнөттөрү │ мөөнөттөрү │
│ │ │
│1. Декларация төмөнкүдөй берилет: │1. Декларация төмөнкүдөй берилет: │
│ушул Мыйзамдын 1-статьясында │ушул Мыйзамдын 1-статьясында │
│каралган кызматка шайланган же │каралган кызматка шайланган же │
│дайындалган учурда, ал кызматка │дайындалган учурда, ал кызматка │
│шайлангандан же дайындалгандан │шайлангандан же дайындалгандан │
│кийин ал кызмат ордун ээлеген │кийин ал кызмат ордун ээлеген │
│күндөн тартып отуз күндүн ичинде; │күндөн тартып отуз күндүн ичинде; │
│бир кызматтан экинчисин которулган│бир кызматтан экинчиси которулган │
│учурду кошуп алганда ушул │учурду кошуп алганда ушул │
│Мыйзамдын 1-статьясында каралган │Мыйзамдын 1-статьясында каралган │
│кызматта турган мезгилде - │кызматта турган мезгилде - │
│отчеттук жылдан кийинки жылдын │отчеттук жылдан кийинки жылдын │
│1-мартынан кечиктирилбестен жыл │1-мартынан кечиктирилбестен жыл │
│сайын 1-январдан 31-декабрга │сайын 1-январдан 31-декабрга │
│чейинки мезгил отчеттук жыл деп │чейинки мезгил отчеттук жыл деп │
│эсептелет; │эсептелет; │
│ушул Мыйзамдын 1-статьясында │ушул Мыйзамдын 1-статьясында │
│көрсөтүлгөн кызматтан бошогон │көрсөтүлгөн кызматтан бошогон │
│учурда кызматтан бошогон күндөн │учурда кызматтан бошогон күндөн │
│тартып отуз күндүн ичинде - өтүп │тартып отуз күндүн ичинде - өтүп │
│жаткан жылдагы мезгил үчүн. │жаткан жылдагы мезгил үчүн. │
│1-январдан тартып декларация │1-январдан тартып декларация │
│берилгенге чейинки күн өтүп жаткан│берилгенге чейинки күн өтүп жаткан│
│жыл деп эсептелет. │жыл деп эсептелет. │
│2. Ушул Мыйзамдын 1-статьясында │2. Ушул Мыйзамдын 1-статьясында │
│көрсөтүлгөн кызматты ээлеп турган │көрсөтүлгөн кызматты ээлеп турган │
│адам кызматтан бошотулган учурда │адам кызматтан бошотулган учурда │
│кызматтан бошотулгандан кийинки │кызматтан бошотулгандан кийинки │
│эки жылдын ичинде жылдык │эки жылдын ичинде жылдык │
│декларацияларды берүүгө милдеттүү.│декларацияларды берүүгө милдеттүү.│
│Эгерде кызматтан бошотулган адам │Эгерде кызматтан бошотулган адам │
│ушул Мыйзамдын 1-статьясында │ушул Мыйзамдын 1-статьясында │
│каралган башка кызматка дайындалса│каралган башка кызматка дайында │
│(шайланса), анда бул ченем │(шайланса), анда бул ченем │
│колдонулбайт. │колдонулбайт. │
│3. Декларация [Кыргыз │3. Декларация [Мамлекеттик кызмат │
│Республикасынын Мамлекеттик кызмат│иштери боюнча ыйгарым укуктуу │
│иштери боюнча агенттигине] │органына] берилет. Декларациянын │
│берилет. │формасы, аны толтуруунун, │
│Декларациянын формасы, аны │берүүнүн, эсепке алуунун, │
│толтуруунун, берүүнүн, эсепке │сактоонун жана жарыялоонун тартиби│
│алуунун, сактоонун жана │[Мамлекеттик кызмат иштери боюнча │
│жарыялоонун тартиби [Кыргыз │ыйгарым укуктуу органы] тарабынан │
│Республикасынын Мамлекеттик кызмат│[ыйгарым укуктуу салык органынан] │
│иштери боюнча агенттиги] тарабынан│консультация алуу боюнча │
│[салык кызматынан] консультация │аныкталат. │
│алуу боюнча аныкталат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6-статья. [Кыргыз Республикасынын │6-статья. [Мамлекеттик кызмат │
│ Мамлекеттик кызмат │ иштери боюнча ыйгарым │
│ иштери боюнча │ укуктуу органынын] │
│ агенттигинин] ыйгарым │ ыйгарым укуктары │
│ укуктары │ │
│ │[1. Мамлекеттик кызмат иштери │
│[1. Кыргыз Республикасынын │боюнча ыйгарым укуктуу органы:] │
│Мамлекеттик кызмат иштери боюнча │а) декларанттардын реестрин жана │
│агенттиги:] │алынган декларациялар эсебин │
│а) декларанттардын реестрин жана │жүргүзөт, алардын сакталышын жана │
│алынган декларациялардын эсебин │ачыкка чыгарууга жатпаган │
│жүргүзөт, алардын сакталышын жана │маалыматтардын жашыруундуулугун │
│ачыкка чыгарууга жатпаган │камсыз кылат; │
│маалыматтардын жашыруундуулугун │б) декларациялардын бланктарын │
│камсыз кылат; │жана аларды толтуруу боюнча │
│б) декларациялардын бланктарын │колдонмолорду берет; │
│жана аларды толтуруу боюнча │в) декларанттарга декларацияны өз │
│колдонмолорду берет; │убагында бер зарылдыгы жөнүндө │
│в) декларанттарга декларацияны өз │кабарлайт, берилүүчү │
│убагында берүүнүн зарылдыгы │декларациялардын жана аларда │
│жөнүндө кабарлайт, берилүүчү │көрсөтүлүүчү маалыматтардын │
│декларациялардын жана аларда │толуктугун жана аныктыгын камсыз │
│көрсөтүлүүчү маалыматтардын │кылуу боюнча чараларды көрөт; │
│толуктугун аныктыгын камсыз кылуу │г) декларацияда көрсөтүлгөн │
│боюнча чараларды көрөт; │маалыматтарды иликтейт; зарыл │
│г) декларацияда көрсөтүлгөн │болгондо декларацияда көрсөтүлгөн │
│маалыматтарды иликтейт; зарыл │маалыматтардын толуктугун жана │
│болгондо декларацияда көрсөтүлгөн │аныктыгын тактоо үчүн [ыйгарым │
│маалыматтардын толуктугун жана │укуктуу салык органдарына] │
│аныктыгын тактоо үчүн [салык │суроо-талап жиберет; мамлекеттик │
│кызматтарына] суроо-талап жиберет;│башкаруу органдарынан, жергиликтүү│
│мамлекеттик башкаруу органдарынан,│өз алдынча башкаруу органдарынан, │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруу │коммерциялык жана коммерциялык │
│органдарынан, коммерциялык жана │эмес уюмдардан жана жарандардан │
│коммерциялык эмес уюмдардан жана │келип түшкөн, ушул Мыйзамдын │
│жарандардан келип түшкөн, ушул │колдонулушуна туура келген │
│Мыйзамдын колдонулушуна туура │адамдардын кирешелерине, │
│келген адамдардын кирешелерине, │милдеттенмелерине жана мүлктөрүнө │
│милдеттенмелерине жана мүлктөрүнө │тиешелүү маалыматтарды иликтейт, │
│тиешелүү маалыматтарды иликтейт, │зарыл болгон учурда декларанттар │
│зарыл болгон учурда декларанттар │менен биргелешип декларацияда │
│менен биргелешип декларацияда │көрсөтүлгөн маалыматтарды тактайт;│
│көрсөтүлгөн маалыматтарды тактайт;│д) декларанттар 1-майга чейин │
│д) декларанттар 1-майга чейин │беришкен декларацияларга │
│беришкен декларацияларга │декларация бергенден кийин │
│декларация бергенден кийин │оңдоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк │
│оңдоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк │берет; │
│берет; │е) саясий жана башка атайын │
│е) саясий жана башка атайын │мамлекеттик кызматтарды ээлеп │
│мамлекеттик кызматтарды ээлеп │турган адамдардын, ошондой эле │
│турган адамдардын, ошондой эле │алардын жакын туугандарынын │
│алардын жакын туугандарынын │кирешелери жана мүлкү жөнүндө │
│кирешелери жана мүлкү жөнүндө │кошмо маалыматтарды жарыялайт; │
│кошмо маалыматтарды жарыялайт; │ж) өз иши жөнүндө Кыргыз │
│ж) өз иши жөнүндө Кыргыз │Республикасынын Президентине, │
│Республикасынын Президентине, │Кыргыз Республикасынын Жогорку │
│Кыргыз Республикасынын Жогорку │Кеңешине жыл сайын 1-сентябрга │
│Кеңешине жыл сайын 1-сентябрга │чейин отчетту берип турат жана │
│чейин отчетту берип турат жана │тийиштүү маалыматтарды Кыргыз │
│тийиштүү маалыматтарды Кыргыз │Республикасынын Премьер-министрине│
│Республикасынын Премьер-министрине│берет; │
│берет; │з) Кыргыз Республикасы │
│з) Кыргыз Республикасы │мыйзамдарында каралган башка │
│мыйзамдарында каралган башка │ыйгарым укуктарды аткарат. │
│ыйгарым укуктарды аткарат. │2. Декларациядагы маалыматтар │
│2. Декларациядагы маалыматтар │толук эмес жана/же анык эмес экени│
│толук эмес жана/же анык эмес экени│1-майдан кийин табылган учурда │
│1-майдан кийин табылган учурда │[Мамлекеттик кызмат иштери боюнча │
│[Кыргыз Республикасынын │ыйгарым укуктуу органы] ал жөнүндө│
│Мамлекеттик кызмат иштери боюнча │тийиштүү маалыматты бир айдын │
│агенттиги] ал жөнүндө тийиштүү │ичинде Кыргыз Республикасынын │
│маалыматты бир айдын ичинде Кыргыз│Президентине, Кыргыз │
│Республикасынын Президентине, │Республикасынын Жогорку Кеңешине, │
│Кыргыз Республикасынын Жогорку │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, │
│Кеңешине, Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын [Жогорку │
│Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын │сотунун Конституциялык палатасына]│
│[Конституциялык сотуна] жана │жана Кыргыз Республикасынын │
│Кыргыз Республикасынын Жогорку │Жогорку сотуна жиберет жана ал │
│сотуна жиберет жана ал жөнүндө │жөнүндө маалыматты ар жылдык │
│маалыматты ар жылдык отчетто │отчетто чагылдырат. │
│чагылдырат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7-статья. Декларацияда көрсөтүлгөн│7-статья. Декларацияда көрсөтүлгөн│
│ маалыматтарды жарыялоо │ маалыматтарды жарыялоо │
│ │ │
│[1. Кыргыз Республикасынын │[1. Мамлекеттик кызмат иштери │
│Мамлекеттик кызмат иштери боюнча │боюнча ыйгарым укуктуу органы] │
│мамлекеттик агенттиги] саясий жана│саясий жана башка атайын │
│башка атайын мамлекеттик жогорку │мамлекеттик жогорку кызматтарды │
│кызматтарды ээлеп турган адамдар │ээлеп турган адамдар менен алардын│
│менен алардын жакын туугандарынын │жакын туугандарынын кирешелери │
│кирешелери жана мүлкү жөнүндө │жана мүлкү жөнүндө кошмо │
│кошмо маалыматтарды расмий │маалыматтарды расмий бюллетенде │
│бюллетенде жарыялайт, ошондой эле │жарыялайт, ошондой эле көрсөтүлгөн│
│көрсөтүлгөн маалыматтарды Кыргыз │маалыматтарды Кыргыз │
│Республикасынын Мамлекеттик │Республикасынын Мамлекеттик │
│кызматтар порталына жайгаштырат. │кызматтар порталына жайгаштырат. │
│2. Декларацияда көрсөтүлгөн: │2. Декларацияда көрсөтүлгөн: │
│а) декларанттын жана анын жакын │а) декларанттын жана анын жакын │
│туугандарынын жашаган жери, │туугандарынын жашаган жери, │
│телефон номери жөнүндө жан алар │телефон номери жөнүндө жана алар │
│менен түз байланышка чыгууну │менен түз байланышка чыгууну │
│жүзөгө ашыруу каражаттарына │жүзөгө ашыруу каражаттарына │
│тиешелүү башка маалыматтарды; │тиешелүү башка маалыматтарды; │
│б) декларацияда көрсөтүлгөн │б) декларацияда көрсөтүлгөн │
│мүлктүн турган жери жөнүндө │мүлктүн турган жери жөнүндө │
│маалыматтарды ачыкка чыгарылууга │маалыматтарды ачыкка чыгарылууга │
│жана жарыяланууга жатпайт. │жана жарыяланууга жатпайт. │
│[3. Кыргыз Республикасынын │[3. Мамлекеттик кызмат иштери │
│Мамлекеттик кызмат иштери боюнча │боюнча ыйгарым укуктуу органы] │
│агенттиги] ушул статьянын │ушул статьянын 2-пунктунда │
│2-пунктунда каралган маалыматтын │каралган маалыматтын купуялыгын │
│купуялыгын камсыз кылат. Купуя │камсыз кылат. Купуя маалыматты │
│маалыматты ачыкка чыгаргандык │ачыкка чыгаргандык Кыргыз │
│Кыргыз Республикасынын │Республикасынын мыйзамдарында │
│мыйзамдарында белгиленген │белгиленген жоопкерчиликке алып │
│жоопкерчиликке алып келет. │келет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│8-статья. Ушул Мыйзамдын жоболорун│8-статья. Ушул Мыйзамдын жоболорун│
│ бузгандык үчүн │ бузгандык үчүн │
│ жоопкерчилик │ жоопкерчилик │
│ │ │
│Декларацияны белгиленген мөөнөттө │Декларацияны белгиленген мөөнөттө │
│бербеген же купуя маалыматты │бербеген же купуя маалыматты │
│ачыкка чыгаруу боюнча укукка │ачыкка чыгаруу боюнча укукка │
│сыйбаган аракеттер жасалган учурда│сыйбаган аракеттер жасалган учурда│
│күнөөлүү адамдар Кыргыз │күнөөлүү адамдар Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдары менен │Республикасынын мыйзамдары менен │
│белгиленген тартипте жоопкерчилик │белгиленген тартипте жоопкерчилик │
│тартат. │тартат. Декларацияны аны берүүнүн │
│Декларацияны аны берүүнүн │мөөнөттөрүн бузуу менен берген, │
│мөөнөттөрүн бузуу менен берген, │берилген декларацияда толук эмес │
│берилген декларацияда толук эмес │жана анык эмес маалыматтар болгон │
│жана анык эмес маалыматтар болгон │учурда [мамлекеттик кызмат иштери │
│учурда [Кыргыз Республикасынын │боюнча ыйгарым укуктуу органы] бул│
│Мамлекеттик кызмат иштери боюнча │адамдар жөнүндө жалпыга маалымдоо │
│агенттиги] бул адамдар жөнүндө │каражаттарында жарыялайт. │
│жалпыга маалымдоо каражаттарында │ │
│жарыялайт. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9-статья. Мыйзамдын күчүнө │9-статья. Мыйзамдын күчүнө │
│ киргизилиши │ киргизилиши │
│ │ │
│1. Ушул Мыйзам 2005-жылдын │1. Ушул Мыйзам 2005-жылдын │
│1-январынан тартып күчүнө кирет. │1-январынан тартып күчүнө кирет. │
│2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенден │2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенден │
│кийин ушул Мыйзамдын 1-статьясында│кийин ушул Мыйзамдын 1-статьясында│
│көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамда │көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамда │
│каралган 2004-жыл үчүн │каралган 2004-жыл үчүн │
│декларацияны 2005-жылдын 1-майына │декларацияны 2005-жылдын 1-майына │
│чейин [Кыргыз Республикасынын │чейин [мамлекеттик кызмат иштери │
│Мамлекеттик кызмат иштери боюнча │боюнча ыйгарым укуктуу органына] │
│агенттигине] берүүгө милдеттүү. │берүүгө милдеттүү. │
│3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│[Кыргыз Республикасынын │[мамлекеттик кызмат иштери боюнча │
│Мамлекеттик кызмат иштери боюнча │ыйгарым укуктуу органы] менен │
│агенттиги] менен биргелешип: │биргелешип: │
│- ушул Мыйзамды ишке ашыруу │- ушул Мыйзамды ишке ашыруу │
│максатында ушул Мыйзамдан келип │максатында ушул Мыйзамдан келип │
│чыгуучу Кыргыз Республикасынын │чыгуучу Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп │мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп │
│чыксын жана Кыргыз Республикасынын│чыксын жана Кыргыз Республикасынын│
│Жогорку Кеңешинин кароосуна │Жогорку Кеңешинин кароосуна │
│киргизсин; │киргизсин; │
│- өз чечимдерин ушул Мыйзамга │- өз чечимдерин ушул Мыйзамга │
│ылайык келтирсин. │ылайык келтирсин. │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана │
│ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган │
│ маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу │2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу │
│ чөйрөсү │ чөйрөсү │
│ │ │
│Ушул Мыйзам жеке жана юридикалык │1. Ушул Мыйзам жеке жана │
│жактардын мамлекеттик органдардын │юридикалык жактардын мамлекеттик │
│жана жергиликтүү өз алдынча │органдардын жана жергиликтүү өз │
│башкаруу органдарынын карамагында │алдынча башкаруу органдарынын │
│турган маалыматтарга жетүүлөрүнө │карамагында турган маалыматтарга │
│байланышкан мамилелерди жөнгө │жетүүлөрүнө байланышкан │
│салат. │мамилелерди жөнгө салат. │
│2. Ушул Мыйзамдын жоболоруна │2. Ушул Мыйзамдын жоболоруна │
│ылайык маалыматтарды берүү боюнча │ылайык маалыматтарды берүү боюнча │
│милдеттер бардык мамлекеттик │милдеттер бардык мамлекеттик │
│органдарга жана жергиликтүү │органдарга жана жергиликтүү өз │
│өз алдынча башкаруу органдарына │алдынча башкаруу органдарына │
│жүктөлөт. │жүктөлөт. │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│Конституциясына, Кыргыз │Конституциясына, Кыргыз │
│Республикасынын конституциялык │Республикасынын конституциялык │
│жана башка мыйзамдарына, Кыргыз │жана башка мыйзамдарына, Кыргыз │
│Республикасынын Президентинин │Республикасынын Президентинин │
│жарлыктарына ылайык, туруктуу │жарлыктарына ылайык, туруктуу │
│негизде уюшулган, мыйзам чыгаруу, │негизде уюшулган, мыйзам чыгаруу, │
│аткаруу же соттук мамлекеттик │аткаруу же соттук мамлекеттик │
│бийликтердин иш милдеттерин жүзөгө│бийликтердин иш милдеттерин жүзөгө│
│ашырууга ыйгарым укук берилген, │ашырууга ыйгарым укук берилген, │
│ошондой эле толугу менен │ошондой эле толугу менен │
│республикалык бюджеттен │республикалык бюджеттен │
│каржыланган, милдеттүү түрдө │каржыланган, милдеттүү түрдө │
│аткарылуучу чечимдерди кабыл │аткарылуучу чечимдерди кабыл │
│алууну жана аларды жүзөгө ашырууну│алууну жана аларды жүзөгө ашырууну│
│камсыз кылган уюмдар, ошондой эле │камсыз кылган уюмдар, ошондой эле │
│борбордук мамлекеттик органдын │борбордук мамлекеттик органдын │
│иш милдеттерин же иш милдеттеринин│иш милдеттерин же иш милдеттеринин│
│бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу │бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу │
│аймактык бирдик же түзүмдүк бирдик│аймактык бирдик же түзүмдүк бирдик│
│мамлекеттик органдар катары │мамлекеттик органдар катары │
│таанышат. │таанышат. │
│Өкүлчүлүктүү, [аткаруучу-тескөөчү │Өкүлчүлүктүү, [аткаруучу] │
│жана башка] жергиликтүү маанидеги │жергиликтүү маанидеги иштерди │
│иштерди чечүү үчүн, жергиликтүү │чечүү үчүн жергиликтүү жамааттар │
│жамааттар тарабынан түзүлгөн │тарабынан түзүлгөн органдар, │
│органдар, ошондой эле жергиликтүү │ошондой эле жергиликтүү өз алдынча│
│өз алдынча башкаруу органдарынын │башкаруу органдарынын │
│иш милдеттерин же иш милдеттеринин│иш милдеттерин же иш милдеттеринин│
│бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу │бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу │
│аймактык бөлүм же түзүмдүк бирдик │аймактык бөлүм же түзүмдүк бирдик │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруу │жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│органдары катары таанылат. │органдары катары таанылат. │
│"Мамлекеттик орган" жана │"Мамлекеттик орган" жана │
│"жергиликтүү өз алдынча башкаруу │"жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│органы" терминдери ар кандай │органы" терминдери ар кандай │
│мекемени, анын толугу менен же │мекемени, анын толугу менен же │
│жарым-жартылай республикалык же │жарым-жартылай республикалык же │
│жергиликтүү бюджеттен каржыланган │жергиликтүү бюджеттен каржыланган │
│аймактык бөлүмчөсүн же түзүмдүк │аймактык бөлүмчөсүн же түзүмдүк │
│бирдигин жана мамлекеттик бийликти│бирдигин жана мамлекеттик бийликти│
│же жергиликтүү өз алдынча │же жергиликтүү өз алдынча │
│башкаруунун иш милдеттерин аткаруу│башкаруунун иш милдеттерин аткаруу│
│менен байланышпаган саламаттыкты │менен байланышпаган саламаттыкты │
│сактоо, билим берүү мекемелерин, │сактоо, билим берүү мекемелерин, │
│маалыматтык, статистикалык, │маалыматтык, статистикалык, │
│консультациялык, кредит берүү │консультациялык, кредит берүү │
│боюнча мекемелери да камтылат. │боюнча мекемелери да камтылат. │
│3. Ушул Мыйзамдын күчү │3. Ушул Мыйзамдын күчү │
│төмөнкүлөргө жайылтылбайт: │төмөнкүлөргө жайылтылбайт: │
│жарандар мамлекеттик органдарга │жарандар мамлекеттик органдарга │
│жана жергиликтүү өз алдынча │жана жергиликтүү өз алдынча │
│башкаруу органдарына сунуштар, │башкаруу органдарына сунуштар, │
│арыздар жана даттануулар менен │арыздар жана даттануулар менен │
│кайрылганда келип чыгуучу │кайрылганда келип чыгуучу │
│мамилелерге; │мамилелерге; мамлекеттик │
│мамлекеттик органдардын жана │органдардын жана жергиликтүү өз │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруу │алдынча башкаруу органдарынын │
│органдарынын башка мамлекеттик │башка мамлекеттик органдардын жана│
│органдардын жана жергиликтүү өз │жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│алдынча башкаруу органдарынын │органдарынын карамагында турган │
│карамагында турган маалыматтарга │маалыматтарга жетүүсүнө │
│жетүүсүнө байланышкан мамилелерге;│байланышкан мамилелерге; │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарына ылайык аны алуу │мыйзамдарына ылайык аны алуу │
│чектелген маалыматтарды берүү │чектелген маалыматтарды берүү │
│менен байланышкан мамилелерге. │менен байланышкан мамилелерге. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│18-статья. Иштин жыйынтыктары │18-статья. Иштин жыйынтыктары │
│ жөнүндө ар жылдык │ жөнүндө ар жылдык │
│ баяндамалар │ баяндамалар │
│ │ │
│1. Кыргыз Республикасынын │1. Кыргыз Республикасынын │
│Президентинин өлкөдөгү иштердин │Президентинин өлкөдөгү иштердин │
│абалы жөнүндө Кыргыз │абалы жөнүндө Кыргыз │
│Республикасынын элине ар жылдык │Республикасынын элине ар жылдык │
│кайрылуусун, Кыргыз │кайрылуусун, Кыргыз │
│Республикасынын [Конституциялык │Республикасынын [Жогорку сотунун │
│Сотунун] конституциялык │Конституциялык палатасы] │
│мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана│конституциялык мыйзамдуулуктун │
│Кыргыз Республикасынын │абалы жөнүндө жана Кыргыз │
│Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) │Республикасынын Акыйкатчысынын │
│адамдын жана жарандын укуктарын │(Омбудсменинин) адамдын жана │
│жана эркиндиктерин сактоо жана │жарандын укуктарын жана │
│коргоо чөйрөсүндөгү иштердин абалы│эркиндиктерин сактоо жана коргоо │
│жөнүндө баяндамаларын элге │чөйрөсүндөгү иштердин абалы │
│жарыялоо Кыргыз Республикасынын │жөнүндө баяндамаларын элге │
│Өкмөтү тарабынан камсыз кылынат. │жарыялоо Кыргыз Республикасынын │
│2. Мамлекеттик органдар жана │Өкмөтү тарабынан камсыз кылынат. │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруу │2. Мамлекеттик органдар жана │
│органдары отчеттук мезгил ичиндеги│жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│өз иштери жөнүндө баяндамаларды │органдары отчеттук мезгил ичиндеги│
│элге жарыялайт, аларда отчеттук │өз иштери жөнүндө баяндамаларды │
│мезгил ичинде социалдык-саясий, │элге жарыялайт, аларда отчеттук │
│экономикалык жана маданий │мезгил ичинде социалдык-саясий, │
│чөйрөлөрдө болуп өткөн │экономикалык жана маданий │
│өзгөрүүлөрдүн динамикасы, атап │чөйрөлөрдө болуп өткөн │
│айтканда төмөнкүлөр: │өзгөрүүлөрдүн динамикасы, атап │
│бюджеттик каражаттарды чыгымдоо, │айтканда төмөнкүлөр: │
│республикалык бюджетке жана │бюджеттик каражаттарды чыгымдоо, │
│жергиликтүү бюджетке салыктык │республикалык бюджетке жана │
│түшүүлөрдүн булактары жана көлөмү,│жергиликтүү бюджетке салыктык │
│рыноктун айрым секторлору боюнча │түшүүлөрдүн булактары жана көлөмү,│
│өндүрүштүн жана керектөөнүн │рыноктун айрым секторлору боюнча │
│көлөмү, ички жана тышкы │өндүрүштүн жана керектөөнүн │
│инвестициялардын көлөмү, │көлөмү, ички жана тышкы │
│кылмыштуулукка каршы күрөшүү, │инвестициялардын көлөмү, │
│саламаттыкты сактоо, калктын │кылмыштуулукка каршы күрөшүү, │
│миграциясы, экология, ошондой эле │саламаттыкты сактоо, калктын │
│иштердин башка маанилүү багыттары │миграциясы, экология, ошондой эле │
│чагылдырылат. │иштердин башка маанилүү багыттары │
│ │чагылдырылат. │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" │
│ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│9-статья. │9-статья. │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│Президентине мамлекеттик │Президентине мамлекеттик │
│сыйлыктарга көрсөтүү сунушун: │сыйлыктарга көрсөтүү сунушун: │
│Жогорку Кеңешинин комитеттери жана│Жогорку Кеңешинин комитеттери жана│
│фракциялары; │фракциялары; Кыргыз │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү; │Республикасынын Өкмөтү; Кыргыз │
│Кыргыз Республикасынын │Республикасынын [Жогорку сотунун │
│[Конституциялык соту,] Кыргыз │Конституциялык палатасы,] Кыргыз │
│Республикасынын Жогорку Соту; │Республикасынын Жогорку Соту; │
│министерстволор, административдик │министерстволор, административдик │
│ведомстволор жана башка │ведомстволор жана башка │
│мамлекеттик аткаруу органдары, │мамлекеттик аткаруу органдары, │
│областтык мамлекеттик │областтык мамлекеттик │
│администрациялар, Бишкек жана Ош │администрациялар, Бишкек жана Ош │
│шаарларынын жергиликтүү өзүн-өзү │шаарларынын жергиликтүү өзүн-өзү │
│башкаруу органдары, жергиликтүү │башкаруу органдары, жергиликтүү │
│кеңештер, ошондой эле коомдук │кеңештер, ошондой эле коомдук │
│бирикмелердин атынан алардын │бирикмелердин атынан алардын │
│республикалык органдары киргизе │республикалык органдары киргизе │
│алат. │алат. │
│Кыргыз Республикасынын юридикалык │Кыргыз Республикасынын юридикалык │
│жактарын жана │жактарын жана │
│администрациялык-аймактык │администрациялык-аймактык │
│бирдиктерин, чет өлкөлүк │бирдиктерин, чет өлкөлүк │
│граждандарды жана граждандыгы жок │граждандарды жана граждандыгы жок │
│адамдарды сыйлыкка көрсөтүү жалпы │адамдарды сыйлыкка көрсөтүү жалпы │
│негизде жүргүзүлөт. │негизде жүргүзүлөт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│14-статья. │14-статья. │
│ │ │
│Мамлекеттик сыйлыктарды Кыргыз │Мамлекеттик сыйлыктарды Кыргыз │
│Республикасынын Президентинин │Республикасынын Президентинин │
│тапшыруусу боюнча жана анын │тапшыруусу боюнча жана анын │
│атынан: Кыргыз Республикасынын │атынан: │
│Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу │Кыргыз Республикасынын Жогорку │
│жыйынынын Төрагасы, Кыргыз │Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынын │
│Республикасынын Жогорку Кеңешинин │Төрагасы, Кыргыз Республикасынын │
│Эл өкүлдөр жыйынын Төрагасы, │Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр │
│Кыргыз Республикасынын │жыйынынын Төрагасы, Кыргыз │
│Премьер-министри; Кыргыз │Республикасынын Премьер-министри │
│Республикасынын мамлекеттик │жана башка кызмат адамдары тапшыра│
│секретары жана башка кызмат │алышат. │
│адамдары тапшыра алышат. │ │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик │
│ жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби │
│ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│2-статья. Ушул Мыйзамда │2-статья. Ушул Мыйзамда │
│ колдонулуучу негизги │ колдонулуучу негизги │
│ түшүнүктөр │ түшүнүктөр │
│ │ │
│Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги │Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги │
│түшүнүктөр пайдаланылат: │түшүнүктөр пайдаланылат: │
│мамлекеттик жалпыга маалымдоо │мамлекеттик жалпыга маалымдоо │
│каражаты - уюштуруучусу │каражаты - уюштуруучусу │
│мамлекеттик бийлик органы болгон │мамлекеттик бийлик органы болгон │
│жалпыга маалымдоо каражаты; │жалпыга маалымдоо каражаты; │
│мамлекеттик региондук жалпыга │мамлекеттик региондук жалпыга │
│маалымдоо каражаты - областтык, │маалымдоо каражаты областтык, │
│шаардык жана райондук мамлекеттик │шаардык жана райондук мамлекеттик │
│бийлик органдары менен бирге │бийлик органдары менен бирге │
│мамлекеттик бийлик органдары же │мамлекеттик бийлик органдары же │
│болбосо областтык, шаардык жана │болбосо областтык, шаардык жана │
│райондук мамлекеттик бийлик │райондук мамлекеттик бийлик │
│органдары гана уюштуруучусу болгон│органдары гана уюштуруучусу болгон│
│жалпыга маалымдоо каражаты; │жалпыга маалымдоо каражаты; │
│мамлекеттик бийлик органдары - │мамлекеттик бийлик органдары - │
│Кыргыз Республикасынын Президенти,│Кыргыз Республикасынын Президенти,│
│Кыргыз Республикасынын Жогорку │Кыргыз Республикасынын Жогорку │
│Кеңеши, Кыргыз Республикасынын │Кеңеши, Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик │Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик │
│администрациялар, Кыргыз │администрациялар, Кыргыз │
│Республикасынын [Конституциялык │Республикасынын [Жогорку сотунун │
│соту,] Кыргыз Республикасынын │Конституциялык палатасы,] Кыргыз │
│Жогорку соту, укук сотунун │Республикасынын Жогорку соту, укук│
│системасынын соттору жана │сотунун системасынын соттору жана │
│судьялары; │судьялары; │
│маалымат программалары - автордук │маалымат программалары - автордук │
│маалымат-аналитикалык │маалымат-аналитикалык │
│программаларын кошпогондо, күн │программаларын кошпогондо, күн │
│сайын берилүүчү жаңылыктардын теле│сайын берилүүчү жаңылыктардын теле│
│жана радиопрограммалары; │жана радиопрограммалары; │
│аналитикалык программалар - │аналитикалык программалар - │
│окуяларга талдоо жүргүзүүчү, │окуяларга талдоо жүргүзүүчү, │
│узактыгы 20 мүнөттөн кем болбогон │узактыгы 20 мүнөттөн кем болбогон │
│апта сайын берилүүчү теле жана │апта сайын берилүүчү теле жана │
│радиопрограммалар. │радиопрограммалар. │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар │
│ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│3-статья. Эл аралык маанидеги │3-статья. Эл аралык маанидеги │
│ юбилейлик иш-чаралар │ юбилейлик иш-чаралар │
│ │ │
│[Эл аралык маанидеги юбилейлик │[Эл аралык маанидеги юбилейлик │
│иш-чараны өткөрүү жөнүндөгү чечим │иш-чараны өткөрүү жөнүндөгү чечим │
│эл аралык уюмдардын чечимдерин, эл│эл аралык уюмдардын чечимдерин │
│аралык ченемдик укуктук актыларды │жана белгиленген тартипте күчүнө │
│эсепке алуу менен Кыргыз │кирген, Кыргыз Республикасы │
│Республикасынын Президенти │катышуучусу болуп эсептелген эл │
│тарабынан кабыл алынат.] │аралык келишимдерди эсепке алуу │
│Эл аралык маанидеги юбилейлик │менен Кыргыз Республикасынын │
│иш-чаралардын уюштуруу комитети │Президенти тарабынан кабыл │
│жана тизмеси Кыргыз │алынат.] │
│Республикасынын Өкмөтү тарабынан │Эл аралык маанидеги юбилейлик │
│бекитилет. │иш-чаралардын уюштуруу комитети │
│Эл аралык маанидеги юбилейлик │жана тизмеси Кыргыз │
│иш-чаралардын тизмеси каржылоонун │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│көлөмү көрсөтүлүү менен кийинки │бекитилет. │
│бюджеттик жылга карата аныкталат. │Эл аралык маанидеги юбилейлик │
│ │иш-чаралардын тизмеси каржылоонун │
│ │көлөмү көрсөтүлүү менен кийинки │
│ │бюджеттик жылга карата аныкталат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7-статья. Юбилейлик иш-чараларды │7-статья. Юбилейлик иш-чараларды │
│ өткөрүү жөнүндө │ өткөрүү жөнүндө │
│ сунуш киргизүү укугу │ сунуш киргизүү укугу │
│ │ │
│Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү │Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү │
│жөнүндө сунуштар Кыргыз │жөнүндө сунуштар Кыргыз │
│Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз │Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз │
│Республикасынын Жогорку Кеңешинин │Республикасынын Жогорку Кеңешинин │
│депутаттары, Кыргыз │депутаттары, Кыргыз │
│Республикасынын [Конституциялык │Республикасынын [Конституциялык │
│соту,] Кыргыз Республикасынын │соту,] Кыргыз Республикасынын │
│Жогорку соту, Кыргыз │Жогорку соту, Кыргыз │
│Республикасынын министрликтери, │Республикасынын министрликтери, │
│мамлекеттик комитеттери жана │мамлекеттик комитеттери жана │
│администрациялык ведомстволору, │администрациялык ведомстволору, │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│
│өкүлчүлүктүү органдары, ошондой │өкүлчүлүктүү органдары, ошондой │
│эле коомдук бирикмелердин атынан │эле коомдук бирикмелердин атынан │
│алардын республикалык органдары │алардын республикалык органдары │
│тарабынан киргизилет. │тарабынан киргизилет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10-статья. Айкелдик, │10-статья. Айкелдик, │
│ архитектуралык жана │ архитектуралык жана │
│ башка мемориалдык │ башка мемориалдык │
│ курулуштарды куруу │ курулуштарды куруу │
│ (орнотуу) │ (орнотуу) │
│ │ │
│Тарыхый окуяларды жана көрүнүктүү │Тарыхый окуяларды жана көрүнүктүү │
│адамдарды түбөлүккө эскерүүчү │адамдарды түбөлүккө эскерүүчү │
│айкелдик, архитектуралык жана │айкелдик, архитектуралык жана │
│башка мемориалдык курулуштарды │башка мемориалдык курулуштарды │
│жана объекттерди курууга │жана объекттерди курууга │
│(орнотууга) Кыргыз Республикасынын│(орнотууга) Кыргыз Республикасынын│
│мыйзамдарына ылайык тийиштүү │мыйзамдарына ылайык тийиштүү │
│кеңештин жана архитектура │[жергиликтүү өз алдынча │
│органдарынын уруксаты менен жол │башкаруунун өкүлчүлүктүү │
│берилет. │органдарынын жана архитектура │
│ │органдарынын] уруксаты менен жол │
│ │берилет. │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары │
│ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│31-берене. Расмий чечмелөө │31-берене. Расмий чечмелөө │
│ (түшүндүрмө берүү) │ (түшүндүрмө берүү) │
│ │ │
│1. Ченемдик укуктук актыларда так │1. Ченемдик укуктук актыларда так │
│эместиктер, аларды колдонуу │эместиктер, аларды колдонуу │
│практикасында туура эместиктер же │практикасында туура эместиктер же │
│карама-каршылыктар табылган учурда│карама-каршылыктар табылган учурда│
│расмий чечмелөө (түшүндүрмө) │расмий чечмелөө (түшүндүрмө) │
│берилет. │берилет. │
│2. Конституциянын ченемдерин │[2. Ченемдик укуктук актылардын │
│расмий чечмелөө (түшүндүрүү) │ченемдерин расмий чечмелөө │
│Кыргыз Республикасынын │(түшүндүрүү) ченемдик укуктук │
│Конституциялык соту тарабынан │актыны кабыл алган ченем жаратуучу│
│жүзөгө ашырылат. │орган тарабынан ишке ашырылат.] │
│Конституцияны кошпогондо, башка │3. Расмий чечмелөөдө ченемдердин │
│ченемдик укуктук актылардын │мазмуну түшүндүрүлөт же такталат, │
│ченемдерин расмий чечмелөө │алардын мыйзамдар системасындагы │
│(түшүндүрүү) ошол ченемдик укуктук│орду, ошондой эле бир эле түрдөгү │
│актыны кабыл алган ченем жаратуучу│коомдук мамилелердин ар кандай │
│орган тарабынан ишке ашырылат. │аспектилерин жөнгө салуучу башка │
│3. Расмий чечмелөөдө ченемдердин │ченемдер менен болгон функциялык │
│мазмуну түшүндүрүлөт же такталат, │жана башка байланыштары аныкталат.│
│алардын мыйзамдар системасындагы │4. Ченемдик укуктук актыларды │
│орду, ошондой эле бир эле түрдөгү │расмий чечмелөө процессинде аларга│
│коомдук мамилелердин ар кандай │өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду │
│аспектилерин жөнгө салуучу башка │киргизүүгө жол берилбейт. │
│ченемдер менен болгон функциялык │5. Мыйзамдардын ченемдери │
│жана башка байланыштары аныкталат.│Конституциянын жоболоруна толук │
│4. Ченемдик укуктук актыларды │ылайык келгендей түрдө, ал эми │
│расмий чечмелөө процессинде аларга│башка ченемдик укуктук актыларда │
│өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду │камтылган ченемдер - │
│киргизүүгө жол берилбейт. │Конституцияга, конституциялык │
│5. Мыйзамдардын ченемдери │мыйзамдарга, кодекстерге жана │
│Конституциянын жоболоруна толук │мыйзамдарга ылайык чечмелениши │
│ылайык келгендей түрдө, ал эми │керек. │
│башка ченемдик укуктук актыларда │ │
│камтылган ченемдер - │ │
│Конституцияга, конституциялык │ │
│мыйзамдарга, кодекстерге жана │ │
│мыйзамдарга ылайык чечмелениши │ │
│керек. │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘