Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-августу № 542
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | О.Бабанов
|
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
239-беренеде:
- 2-бөлүмдөгү "өз сырьесунан" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-бөлүмдөгү "3 жылдык" деген цифра жана сөз "6 жылдык" деген цифрага жана сөзгө менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам 2012-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Бул мыйзам долбоор айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн даярдалды. Белгилүү болгондой, мурун КНСти төлөөдөн бошотуу боюнча ченемдер айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 239-беренеси менен үч жыл мөөнөтүнө аныкталган (белгиленген үч жылдык мөөнөт 2012-жылдын сентябрь айында аяктайт).
Ушуга байланыштуу, бул мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба сырьелорун кайра иштүүнү көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү максатында демилгеленди.
Ушул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу зарылдыгы мурунку үч жыл аралыгында КНС боюнча берилген жеңилдиктердин натыйжасы дурус болгондугу менен тастыкталат, бул жеңилдиктерди узартуу зарылдыгын шарттайт. Демек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын берген маалыматтарынан улам, ата мекендик сырьелорду кайра иштетүүчү - ишканалар 2008-2011-жылдар аралыгындагы берүүлөрдүн жана салык төлөөлөрдүн көлөмүнүн динамикасын талдоо төмөнкүдөй болду:
- Кыргыз Республикасынын кайра иштетүүчү ишканаларынын КНС боюнча берүүлөрүнүн көлөмү 2008-жылы 1163968,3 миң сомду түзүп, 2011-жылы 1918828,9 миң сомго чейин өстү же берүүлөрдүн көлөм 64,8%га жогорулады;
- ал эми 2009-жылы КНС боюнча берүүлөрдүн көлөмү 2237059,1 миң сомго, 2010-жылы 2139599,9 миң сомго чейин жетти, булар берилген жеңилдиктердин оң таасир бергендигин тастыктап турат.
Жеңилдик берилген мезгилдерде айыл чарба продукцияларын иштетүүчү Ишканалардан түшкөн киреше салыгы жана пайдага салык жогорулады. Ошентип, киреше салыгынан түшүүлөр 2008-жылы 7497,8 миң сомдон, 2011-жылы 15259,8 миң сомго чейин көбөйдү. Пайдага төлөнүүчү салыктык түшүүлөр 2008-жылы 8650,05 миң сомдон, 2011-жылы 22620,0 миң сомго чейин көбөйдү. Жеңилдик мезгилинде ата мекендик сырьену кайра иштетүүчү 5 жаңы ишкана ачылды жана алардын саны республика боюнча кыркка чейин жетти.
Белгилей кетчү нерсе, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүнү токтотуп туруучу көйгөйлөрдүн бири болуп КНС боюнча жеңилдик өзүнүн жеке сырьесун кайра иштетүүчүлөргө гана берилгендиги саналууда. Ушуга байланыштуу, дыйкан жана фермер чарбаларында өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүнү жогорулатуу үчүн көрсөтүлгөн чектөөнү жок кылуу талап кылынат. КНС боюнча жеңилдиктерди берүү зарылдыгы бүгүнкү күндөгү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн КНСтен бошотуунун натыйжасында мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү боюнча тармактарда тең эмес абал пайда болуп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Ушул себептен улам Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр өндүрүүчүлөрдү бошотуунун кесепеттерин жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, ушул мыйзам долбоорду ишке киргизүү социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, бул экспертизанын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү милдеттү эмес экендигин билдирет.
Коомдук талкуулоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-статьясын ишке ашыруу үчүн мыйзам долбоор Өкмөтүн расмий сайтында жайгаштырылды.
Министр | Т.Сариев |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Салык кодексинин колдонуудагы │ Салык кодексинин сунушталып │
│ редакциясы │ жаткан редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│239-берене. Айыл чарба │239-берене. Айыл чарба │
│ продукциясынын жана │ продукциясынын жана │
│ мөмө-жемиштери жана │ мөмө-жемиштери жана │
│ жашылчаларды өнөр │ жашылчаларды өнөр │
│ жайлык кайра иштетүү │ жайлык кайра иштетүү │
│ азыктарынын беримдери │ азыктарынын беримдери │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2. Аларды кайра иштетүү түздөн-түз│2. Аларды кайра иштетүү түздөн-түз│
│аталган субъект тарабынан жүзөгө│аталган субъект тарабынан жүзөгө│
│ашырылган [өз сырьесунан]│ашырылган мөмө-жемиштер жана│
│мөмө-жемиштер жана жашылчаларды│жашылчаларды өнөр-жайлык кайра│
│өнөр-жайлык кайра иштетүүнүн│иштетүүнүн товарларын субъект│
│товарларын субъект тарабынан│тарабынан жөнөтүүлөр КНСтен│
│жөнөтүүлөр КНСтен бошотулган│бошотулган жөнөтүү деп саналат. │
│жөнөтүү деп саналат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│5. Ата мекендик айыл чарба│5. Ата мекендик айыл чарба│
│сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш│сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш│
│жана кайра иштетүүчү өнөр жай│жана кайра иштетүүчү өнөр жай│
│ишканаларынын товарларынын,│ишканаларынын товарларынын,│
│жумуштарын жана кызмат│жумуштарын жана кызмат│
│көрсөтүүлөрүн (товарлардын│көрсөтүүлөрүн (товарлардын│
│акциздик тобун өндүрүү үчүн│акциздик тобун өндүрүү үчүн│
│пайдалануудан тышкары) берүүлөр│пайдалануудан тышкары) берүүлөр│
│Кыргыз Республикасынын Өкмөт│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү│
│бекиткен Тизме боюнча 3 жылдык│бекиткен Тизме боюнча 6 жылдык│
│мөөнөткө КНС төлөөдөн бошотулган│мөөнөткө КНС төлөөдөн бошотулган│
│берүүлөр болуп эсептелет. │берүүлөр болуп эсептелет. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Министр | Т.Сариев |
|
|