Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-августу № 546
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, ошондой эле балык запастарын коргоону тиешелүү түрдө камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөгү балыктардын табигый түрлөрүн калыбына келтирүү, көбөйтүү жана аңчылык кылуу, мыйзамсыз балык кармоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 122-беренеде:
биринчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сууну бөлүштүрүү эрежелерин жана ченемдерин, бөлүнгөн кулактардын санын жана сапатын эсепке алуунун тартибин бузуу, суу ресурстарын акыр-чикирге толтуруу жана азайтуу, агын сууну тазалоо технологиясын, тазалоочу жайларды жана жасалгаларды пайдалануу эрежелерин, суу кадастрын жүргүзүү эрежелерин бузуу, кыртыштын суу эрозиясын жана башка зыяндуу көрүнүштөрдүн пайда кылуучу суу топтоолордо суу сактоо режимин сактабагандык, суу объекттердин жана ресурстардын булганышына алып келүүчү тыюу салынган балык кармоочу куралдарды колдонуу, ошондой эле суу объектилеринин табигый абалын бузуучу белгиленген ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен сууну буруу," -
биринчи бөлүктүн экинчи абзацында "бирден беш, кызмат адамдарына бештен он" деген сөздөр "жыйырмадан отуз, кызмат адамдарына - отуздан элүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 149-беренеде:
биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"укук бузуучунун жеке менчигинде болгон буюм заттарды жана аталган укук бузууну жасоонун куралы болуп эсептелген каражаттарды белгиленген тартипте алып коюу жана конфискациялоо менен же андай кылбастан, жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан жетимишке чейин, кызмат адамдарына - жетимиштен жүз эсеп өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.";
экинчи бөлүктүн биринчи абзацында "аңчылыктын" деген сөздөн кийин ", балык кармоонун" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи бөлүктүн экинчи абзацында "укук бузуучунун жеке менчигинде болгон буюм заттарды жана аталган ушул бузууну жасоонун куралы болуп эсептелген каражаттарды конфискациялоо менен же андай кылбастан, жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн он, кызмат адамдарына - он бештен отуз" деген сөздөр "укук бузуучунун жеке менчигинде болгон буюм заттарды жана башка куралдарды, аңчылык кылуунун жана балык кармоонун куралы болуп эсептелген каражаттарды белгиленген тартипте алып коюу жана конфискациялоо менен же андай кылбастан, жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүү, кызмат адамдарына - жүз элүүдөн эки жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 149-1-берененин экинчи бөлүгү "конфискациялоо менен жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - отуз эсептик көрсөткүчүнө чейин" деген сөздөр "белгиленген тартипте балыкты алып коюу жана конфискациялоо менен жарандарга элүүдөн жүз, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү эсептешүү көрсөткүчүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 149-2-берене менен толукталсын:
"149-2-берене. Балык кармоочу куралдарды жана товарларды алып келүү, экспорттоо, реэкспорттоо, сатуу
Көлмөлөргө жана курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизүүчү балык кармоочу куралдарды жана товарларды, коргошунду пайдалануу менен түйүнсүз согулган монофильдик торлорду Кыргыз Республикасына алып келүү, сатуу,
- продукцияларды жана балык кармоочу куралдарды белгиленген тартипте алып коюу жана конфискациялоо менен жарандарга - жүздөн жүз элүү, кызмат адамдарына - жүз элүүдөн эки жүз эсептик көрсөткүчкө чейин администрациялык айып салууга алып келет".
5. 508-берененин биринчи бөлүгү "149-1," санынан кийин "149-2," саны менен толукталсын.
6. 556-1-берененин биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунун он үчүнчү абзацы "149-1," санынан кийин "149-2" саны менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
271-берененин биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(1) Көлмөлөрдү (жер үстүндөгү же жер астындагы сууларды), агынды суулар, өндүрүштүк, тиричилик жана башка таштандылар жана калдыктар, ошондой эле балыкты жана суу жаныбарларын кармоого тыюу салынган куралдар менен булгоо же ылайлоодон калктын саламаттыгына, суу ресурстарынын жана суу жаныбарларынын абалына зыян келтирилсе же башка оор кесепеттерге алып келсе,".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (Агенттик) тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 29.03.2012-жылдын № 16-1069 кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын ишке ашыруу, балык байлыктарын коргоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз балык кармоону токтотуу, браконьердик кылуунун жоопкерчилигин күчөтүү, суулардагы балык популяциясынын табигый өндүрүлүшү жана калыбына келтирүү максатында иштелип чыккан.
Жаратылыш экотутумун туруктуу өнүгүшү үчүн экологиялык аспекттерди жана био артүрдүүлүктүн жашоодогу мааниси көңүлдүн борборунда болуш керек, өзгөчө бөлүп караганда, флора менен фаунанын эндемикалык түрлөрүн жана аларды калыбына келтирүү, көбөйтүү жана сактап калууда кечиктирилгис чараларды көрүүбүз зарыл.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жеткиликсиз болгондугунан балык байлыктарын сактоо жана башкаруу начарлоодо. Бардык жерлерде балык кармоо көбөйүүдө, браконьерлердин жабдыланган атайын топтору пайда болууда, алар мыйзам бузуу жолдору менен балыктарды уулап, ташып кетип, башка жактарга өткөрүп, балык азыктарын сатуу менен иштеп жатат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын сууларындагы балык кармоонун эрежелеринин, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары жана ченемдери бузулган учурларда административдик жана кылмыш жоопкерчилигинин чараларын күчөтүүгө багытталган.
Акыркы жылдары мыйзамсыз балык улоо жана суу жаныбарларын кармоо, өзү сүзүп жүрүүчү унааларды колдонуу менен кармоо, жардыргыч жана химиялык заттардын, электр тогун жана башка, аларды массалык кыруучу жолдордун ыгын таап пайдалангандар көбөйгөнүн белгилей кетсек болот. Кошуна өлкөлөрдө кенен сатылган, салмагын оорлотуу катарында коргошунду пайдалануу менен түйүнсүз согулган монофильдик торлор, курчап турган чөйрөгө, адамдын ден-соолугуна, балык ресурсуна жана суу жаныбарларына терс таасирин тийгизген, зыяндуу химиялык заттарды камтыган, арзан жана эффективсиз балык кармоочу буюмдар алып келинүүдө.
Мындан тышкары, балык улоо учурунда торлордун жоголуп кетүүсү, торлор менен ичиндегилери кошо чөгүп кетүүлөрүнө, андан ары дагы башка балыктардын, сууда жашаган сан жеткис жаныбарлардын зыян болоору, көлмөлөрдүн абалына, суу жаныбарларына, балык байлыктарына жана жалпы курчап турган чөйрөгө орчундуу коркунуч жаратат.
Аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору сууларга, курчап турган чөйрөгө, адамдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизген балык кармоочу буюмдарды жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүнү жана сатууну токтотууга багытталган. Ушуга байланыштуу, жеке ишмердүүлүктү коргоо максатында, көтөрүлгөн маселе боюнча иш чаралардын комплексин кабыл алып жана иштеп чыгуу зарыл. Ошондой эле жарандардын, кызмат адамдарынын административдик жоопкерчилик ченемдерин киргизүү керек.
Аталган токтомдун долбоору "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 22-беренесинин талабына ылайык, коомчулукта кеңири талкуулоо жүргүзүү максатында Мамагенттиктин расмий сайтына жайгаштырылган. Бирок, коомчулуктан эч кандай сунуш, пикирлер түшкөн эмес.
Мындан тышкары, аталган токтом долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Директор | С.Атаджанов |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуу редакциясы │ Сунушталган редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК │ │
│ ЖӨНҮНДӨ КОДЕКС │ │
│ │ │
│122-статья. Суу ресурстарын коргоо│122-статья. Суу ресурстарын коргоо│
│ эрежелерин бузуу │ эрежелерин бузуу │
│ │ │
│Сууну бөлүштүрүү эрежелерин жана │[Сууну бөлүштүрүү эрежелерин жана │
│ченемдерин, бөлүнгөн кулактардын │ченемдерин, бөлүнгөн кулактардын │
│санын жана сапатын эсепке алуунун │санын жана сапатын эсепке алуунун │
│тартибин бузуу, суу ресурстарын │тартибин бузуу, суу ресурстарын │
│акыр-чикирге толтуруу жана │акыр-чикирге толтуруу жана │
│азайтуу, агын сууну тазалоо │азайтуу, агын сууну тазалоо │
│технологиясын, тазалоочу жайларды │технологиясын, тазалоочу жайларды │
│жана жасалгаларды пайдалануу │жана жасалгаларды пайдалануу │
│эрежелерин, суу кадастрын жүргүзүү│эрежелерин, суу кадастрын жүргүзүү│
│эрежелерин бузуу, суу топтоодо суу│эрежелерин бузуу, кыртыштын суу │
│сактоо режимин сактабагандыктан │эрозиясын жана башка зыяндуу │
│кыртыштын суу эрозиясын жана башка│көрүнүштөрдүн пайда кылуучу суу │
│зыяндуу көрүнүштөрдүн пайда │топтоолордо суу сактоо режимин │
│болушун, ошондой эле суу │сактабагандык, суу объекттердин │
│объектилеринин табигый абалын │жана ресурстардын булганышына алып│
│бузуп, сууну буруунун белгиленген │келүүчү тыюу салынган балык │
│ченемдерин жана эрежелерин бузуу -│кармоочу куралдарды колдонуу, │
│ │ошондой эле суу объектилеринин │
│ │табигый абалын бузуучу белгиленген│
│ │ченемдерди жана эрежелерди бузуу │
│ │менен сууну буруу, -] │
│жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│
│[бирден беш, кызмат адамдарына │[жыйырмадан отуз, кызмат │
│бештен он] өлчөмүнө чейин │адамдарына - отуздан элүү] │
│администрациялык айып салууга алып│өлчөмүнө чейин администрациялык │
│келет. │айып салууга алып келет. │
│Ишканаларды, коммуналдык жана │Ишканаларды, коммуналдык жана │
│башка объектилерди суунун │башка объектилерди суунун │
│булганышын жана акыр-чикирге │булганышын жана акыр-чикирге │
│толушун же алардын зыяндуу │толушун же алардын зыяндуу │
│таасирин болтурбай коюучу │таасирин болтурбай коюучу │
│курулуштарсыз жана жасалгаларсыз, │курулуштарсыз жана жасалгаларсыз, │
│ошондой эле балык сактоочу │ошондой эле балык сактоочу │
│курулуштарсыз жана жасалгаларсыз │курулуштарсыз жана жасалгаларсыз │
│пайдаланууга берүү - │пайдаланууга берүү - │
│кызмат адамдарына эсептешүү │кызмат адамдарына эсептешүү │
│көрсөткүчүнүн бештен он беш │көрсөткүчүнүн бештен он беш │
│өлчөмүнө чейин администрациялык │өлчөмүнө чейин администрациялык │
│айып салууга алып келет. │айып салууга алып келет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│149-статья. Аңчылыктын жана балык │149-статья. Аңчылыктын жана балык │
│ уулоонун эрежелерин, │ уулоонун эрежелерин, │
│ ошондой эле жаныбарлар│ ошондой эле жаныбарлар│
│ дүйнөсүн пайдалануунун│ дүйнөсүн пайдалануунун│
│ башка түрлөрүн жүзөгө │ башка түрлөрүн жүзөгө │
│ ашыруунун эрежелерин │ ашыруунун эрежелерин │
│ бузуу │ бузуу │
│ │ │
│Аңчылыктын жана балык уулоонун │Аңчылыктын жана балык уулоонун │
│эрежелерин, ошондой эле жаныбарлар│эрежелерин, ошондой эл жаныбарлар │
│дүйнөсүн пайдалануунун башка │дүйнөсүн пайдалануунун башка │
│түрлөрүн жүзөгө ашыруунун │түрлөрүн жүзөгө ашыруунун │
│эрежелерин бузуу - │эрежелерин бузуу - │
│укук бузуучунун жеке менчигинде │[укук бузуучунун жеке менчигинде │
│болгон буюмзаттарды жана аталган │болгон буюм заттарды жана аталган │
│укук бузууну жасоонун куралы болуп│укук бузууну жасоонун куралы болуп│
│эсептелген каражаттарды │эсептелген каражаттарды │
│конфискациялоо менен же андай │белгиленген тартипте алып коюу │
│кылбастан, жарандарга эсептешүү │жана конфискациялоо менен же андай│
│көрсөткүчүнүн бир, кызмат │кылбастан, жарандарга эсептешүү │
│адамдарына - ондон жыйырма │көрсөткүчүнүн отуздан жетимишке │
│өлчөмүнө чейин администрациялык │чейин, кызмат адамдарына - │
│айып салууга алып келет. │жетимиштен жүз өлчөмүнө чейин │
│ │администрациялык айып салууга алып│
│ │келет.] │
│Аңчылыктын эрежелерин кыянаттык │Аңчылыктын, [балык кармоонун] │
│менен бузуу (тиешелүү уруксатсыз │эрежелерин кыянаттык менен бузуу │
│же тыюу салынган жерлерде же │(тиешелүү уруксатсыз же тыюу │
│болбосо тыюу салынган мөөнөттөрдө,│салынган жерлерде же болбосо тыюу │
│тыюу салынган куралдар же ыкмалар │салынган мөөнөттөрдө, тыюу │
│менен аңчылык кылуу), ошондой эле │салынган куралдар же ыкмалар менен│
│администрациялык жаза-чаралары │аңчылык кылуу, [балык кармоонун]),│
│колдонулгандан кийин жыл ичинде │ошондой эле администрациялык │
│кайталап жасаганда - │жаза-чаралары колдонулгандан кийин│
│ │жыл ичинде кайталап жасаганда - │
│[укук бузуучунун жеке менчигинде │[укук бузуучунун жеке менчигинде │
│болгон буюмзаттарды жана аталган │болгон буюм заттарды жана башка │
│укук бузууну жасоонун куралы болуп│куралдарды, аңчылык кылуунун жана │
│эсептелген каражаттарды │балык кармоонун куралы болуп │
│конфискациялоо менен же андай │эсептелген каражаттарды │
│кылбастан, жарандарга эсептешүү │белгиленген тартипте алып коюу │
│көрсөткүчүнүн үчтөн он, кызмат │жана конфискациялоо менен же андай│
│адамдарына - он бештен] отуз │кылбастан, жарандарга эсептешүү │
│өлчөмүнө чейин администрациялык │көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүү, │
│айып салууга, же болбосо │кызмат адамдарына - жүз элүүдөн │
│мылтыктарын жана аңчылыктын башка │эки жүз] өлчөмүнө чейин │
│куралдарын конфискациялоо менен же│администрациялык айып салууга, же │
│андай кылбастан, жарандардын жана │болбосо мылтыктарын жана │
│кызмат адамдарынын аңчылык кылуу │аңчылыктын башка куралдарын │
│укугунан соттун чечими боюнча үч │конфискациялоо менен же андай │
│жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга │кылбастан, жарандардын жана кызмат│
│алып келет. │адамдарынын аңчылык кылуу укугунан│
│ │соттун чечими боюнча үч жылга │
│ │чейинки мөөнөткө ажыратууга алып │
│ │келет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│149-1-статья. Мыйзамсыз кармалган │149-1-статья. Мыйзамсыз кармалган │
│ балыкты биле туруп │ балыкты биле туруп │
│ сатуу максатында │ сатуу максатында │
│ өткөрүү же сатып │ өткөрүү же сатып │
│ алуу │ алуу │
│ │ │
│Мыйзамсыз кармалган балыкты же │Мыйзамсыз кармалган балыкты же │
│андан жасалган балык продукциясын │андан жасалган балык продукциясын │
│жана икраны биле туруп сатуу │жана икраны биле туруп сатуу │
│максатында өткөрүү же сатып алуу -│максатында өткөрүү же сатып алуу -│
│балыкты жана андан жасалган │балыкты жана андан жасалган │
│продукцияны жана икраны │продукцияны жана икраны │
│[конфискациялоо менен жарандарга -│[белгиленген тартипте балыкты алып│
│жыйырма, кызмат адамдарына - отуз │коюу жана конфискациялоо менен │
│эсептик көрсөткүчкө чейин] │жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│
│администрациялык айып салууга │элүүдөн жүз, кызмат адамдарына - │
│кириптер кылынат. │жүздөн жүз элүү эсептешүү │
│ │көрсөткүчүнө чейин] │
│ │администрациялык айып салууга │
│ │кириптер кылынат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │[149-2-берене. Балык кармоочу │
│ │ куралдарды жана │
│ │ товарларды алып │
│ │ келүү, экспорттоо, │
│ │ реэкспорттоо, сатуу│
│ │ │
│ │Көлмөлөргө жана курчап турган │
│ │чөйрөгө терс таасирин тийгизүүчү │
│ │балык кармоочу куралдарды жана │
│ │товарларды, коргошунду пайдалануу │
│ │менен түйүнсүз согулган │
│ │монофильдик торлорду Кыргыз │
│ │Республикасына алып келүү, сатуу, │
│ │- продукцияларды жана балык │
│ │кармоочу куралдарды белгиленген │
│ │тартипте алып коюу жана │
│ │конфискациялоо менен жарандарга - │
│ │жүздөн жүз элүү, кызмат адамдарына│
│ │- жүз элүүдөн эки жүз эсептик │
│ │көрсөткүчкө чейин администрациялык│
│ │айып салууга алып келет.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│508-статья. Судьялар │508-статья. Судьялар │
│ │ │
│Райондук, шаардык соттордун │Райондук, шаардык соттордун │
│судьялары ушул Кодекстин 57-64, │судьялары ушул Кодекстин 57-64, │
│66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, │66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, │
│85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, │85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, │
│92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, │92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, │
│147, 148, 149, 149-1, │147, 148, 149, 149-1, [149-2], │
│151-157-статьяларында, │151-157-статьяларында, │
│228-статьянын экинчи бөлүгүндө, │228-статьянын экинчи бөлүгүндө, │
│230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │
│232-статьянын экинчи жана үчүнчү │232-статьянын экинчи жана үчүнчү │
│бөлүктөрүндө, 234-статьянын │бөлүктөрүндө, 234-статьянын │
│биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын │биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын │
│бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, │бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, │
│240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │
│241-статьянын биринчи, үчүнчү жана│241-статьянын биринчи, үчүнчү жана│
│төртүнчү бөлүктөрүндө, │төртүнчү бөлүктөрүндө, │
│242-статьянын экинчи бөлүгүндө, │242-статьянын экинчи бөлүгүндө, │
│246, 250-статьяларында, │246, 250-статьяларында, │
│254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │
│264, 265, 271, 273, │264, 265, 271, 273, │
│277-статьяларында, 286-статьясынын│277-статьяларында, 286-статьясынын│
│экинчи бөлүгүндө, │экинчи бөлүгүндө, │
│286-1-статьясында, 289-статьясынын│286-1-статьясында, 289-статьясынын│
│экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1,│экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1,│
│301-2, 301-3-статьяларында, │301-2, 301-3-статьяларында, │
│302-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│302-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│
│305-статьясынын экинчи, үчүнчү, │305-статьясынын экинчи, үчүнчү, │
│төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, │төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, │
│339-345, 346-1, 354, 363, 364, │339-345, 346-1, 354, 363, 364, │
│368, 369, 370, 371, 373, 374, │368, 369, 370, 371, 373, 374, │
│382-статьяларында, 390-статьясынын│382-статьяларында, 390-статьясынын│
│экинчи бөлүгүндө, 391, │экинчи бөлүгүндө, 391, │
│392-395-статьяларында, │392-395-статьяларында, │
│400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │
│400-1 400-2-статьяларында, │400-1 400-2-статьяларында, │
│404-406, 409-1, 409-2, │404-406, 409-1, 409-2, │
│412-статьяларында, 417-статьясынын│412-статьяларында, 417-статьясынын│
│биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1│биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1│
│- 422-4, 454, 464, 466-468, 476, │- 422-4, 454, 464, 466-468, 476, │
│505-1 - 505-10-статьяларында │505-1 - 505-10-статьяларында │
│каралган администрациялык укук │каралган администрациялык укук │
│бузуулар жөнүндө иштерди карайт │бузуулар жөнүндө иштерди карайт │
│жана администрациялык жаза │жана администрациялык жаза │
│чараларды көрөт. │чараларды көрөт. │
│Ушул Кодекстин 503-статьясынын │Ушул Кодекстин 503-статьясынын │
│биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14,│биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14,│
│504-16, 504-17, 504-19, 504-23, │504-16, 504-17, 504-19, 504-23, │
│504-32, 504-33, 504-36, 505, │504-32, 504-33, 504-36, 505, │
│505-17-статьяларында каралган │505-17-статьяларында каралган │
│администрациялык укук бузуулар │администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндөгү иштер, мындай │жөнүндөгү иштер, мындай │
│администрациялык укук бузуу │администрациялык укук бузуу │
│жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти│жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти│
│орган же кызмат адамы судьянын │орган же кызмат адамы судьянын │
│кароосуна өткөрүп берген учурларда│кароосуна өткөрүп берген учурларда│
│судьялар тарабынан каралат. │судьялар тарабынан каралат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│556-1-статья. Администрациялык │556-1-статья. Администрациялык │
│ укук бузуулар │ укук бузуулар │
│ жөнүндө │ жөнүндө │
│ протоколдорду │ протоколдорду │
│ түзүүгө ыйгарым │ түзүүгө ыйгарым │
│ укуктуу кызмат │ укуктуу кызмат │
│ адамдары │ адамдары │
│ │ │
│1. Администрациялык укук бузуулар │1. Администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндөгү иштер боюнча соттор │жөнүндөгү иштер боюнча соттор │
│тарабынан кароо ишке ашырылуучу │тарабынан кароо ишке ашырылуучу │
│администрациялык укук бузуулар │администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндө протоколду түзүүгө │жөнүндө протоколду түзүүгө │
│төмөндөгүлөр укуктуу: │төмөндөгүлөр укуктуу: │
│1) ага ыйгарым укуктуу кызмат │1) ага ыйгарым укуктуу кызмат │
│адамдары: │адамдары: │
│прокуратура органдары (49, 50, 51,│прокуратура органдары (49, 50, 51,│
│52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, │52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, │
│61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, │61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, │
│67, 82-1-статьялар, 400-статьянын │67, 82-1-статьялар, 400-статьянын │
│экинчи бөлүгү, 404, 406, │экинчи бөлүгү, 404, 406, │
│409-1-статьялар); │409-1-статьялар); │
│ички иштер органдары (66-3, 66-4, │ички иштер органдары (66-3, 66-4, │
│66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, │66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, │
│66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, │66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, │
│152, 153, 154, 155, 157, 354, 364,│152, 153, 154, 155, 157, 354, 364,│
│368, 369, 370, 371, 373, 374, 382,│368, 369, 370, 371, 373, 374, 382,│
│390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, │390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, │
│392, 393, 422-статьялар); │392, 393, 422-статьялар); │
│шайлоо жана референдум өткөрүү │шайлоо жана референдум өткөрүү │
│боюнча комиссиялар (49, 50, 51, │боюнча комиссиялар (49, 50, 51, │
│52, 53, 54, 55, 56-статьялар); │52, 53, 54, 55, 56-статьялар); │
│мамлекеттик каражаттарды │мамлекеттик каражаттарды │
│пайдаланууга контролдоону жүзөгө │пайдаланууга контролдоону жүзөгө │
│ашыруучу органдары (60-статья); │ашыруучу органдары (60-статья); │
│балдардын укуктарын жана мыйзамдуу│балдардын укуктарын жана мыйзамдуу│
│кызыкчылыктарын коргоо боюнча │кызыкчылыктарын коргоо боюнча │
│ыйгарым укуктуу органдар (65, 66, │ыйгарым укуктуу органдар (65, 66, │
│66-1, 66-3-статьялар); │66-1, 66-3-статьялар); │
│дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу │дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу │
│мамлекеттик органы (61, │мамлекеттик органы (61, │
│395-статьялар); │395-статьялар); │
│мамлекеттик эмгек инспекцияларынын│мамлекеттик эмгек инспекцияларынын│
│жана аларга баш ийген мамлекеттик │жана аларга баш ийген мамлекеттик │
│инспекциялардын органдары (68, 70,│инспекциялардын органдары (68, 70,│
│71, 72, 73, 74, 79-статьялар); │71, 72, 73, 74, 79-статьялар); │
│миграция жана ишке орноштуруу │миграция жана ишке орноштуруу │
│боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик│боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик│
│органы (80-статья); │органы (80-статья); │
│социалдык коргоо чөйрөсүндөгү │социалдык коргоо чөйрөсүндөгү │
│ыйгарым укуктуу органдары │ыйгарым укуктуу органдары │
│(80-статья); │(80-статья); │
│саламаттыкты сактоо органдары (85,│саламаттыкты сактоо органдары (85,│
│85-1, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, │85-1, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, │
│286-статьялар); │286-статьялар); │
│стандартташтыруу жана метрология │стандартташтыруу жана метрология │
│боюнча мамлекеттик инспекциясынын │боюнча мамлекеттик инспекциясынын │
│органдары (92-статьянын экинчи │органдары (92-статьянын экинчи │
│бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын │бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын │
│экинчи бөлүгү, 412-статья); │экинчи бөлүгү, 412-статья); │
│геология жана минералдык ресурстар│геология жана минералдык ресурстар│
│органдары (102-статья); │органдары (102-статья); │
│айлана-чөйрөнү коргоо жана токой │айлана-чөйрөнү коргоо жана токой │
│чарба органдары (140, 142, 147, │чарба органдары (140, 142, 147, │
│148, 149, 149-1, 151, 152, 153, │148, 149, 149-1, [149-2], 151, │
│154, 155, 156, 157-статьялар); │152, 153, 154, 155, 156, │
│ │157-статьялар); │
│мамлекеттик бажы кызматынын │мамлекеттик бажы кызматынын │
│органдары (147, 153-статьялар, │органдары (147, 153-статьялар, │
│289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, │289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, │
│503, 504-10, 504-14, 504-16, │503, 504-10, 504-14, 504-16, │
│504-17, 504-19, 504-23, 504-32, │504-17, 504-19, 504-23, 504-32, │
│504-33, 504-36, 505-статьялар); │504-33, 504-36, 505-статьялар); │
│мамлекеттик автомобиль │мамлекеттик автомобиль │
│инспекциясынын органдары (228, │инспекциясынын органдары (228, │
│232, 234-статьялар, 235-статьянын │232, 234-статьялар, 235-статьянын │
│экинчи бөлүгү, 238-статья, │экинчи бөлүгү, 238-статья, │
│240-статьянын экинчи бөлүгү, 241, │240-статьянын экинчи бөлүгү, 241, │
│242, 248, 250-статьялар); │242, 248, 250-статьялар); │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза│ │
│кодексине │ │
│ │ │
│ 26-глава │ │
│ Экологиялык кылмыштар │ │
│ │ │
│271-статья. Сууларды булгоо │271-статья. Сууларды булгоо │
│ │ │
│[(1) Көлмөлөрдү (жер үстүндөгү же │[(1) Көлмөлөрдү (жер үстүндөгү же │
│жер астындагы сууларды), агынды │жер астындагы сууларды), агынды │
│суулар, өндүрүштүк, тиричилик жана│суулар, өндүрүштүк, тиричилик жана│
│башка таштандылар жана калдыктар │башка таштандылар жана калдыктар, │
│менен булгоо же ылайлоодон калктын│ошондой эле балыкты жана суу │
│саламаттыгына зыян келтирилсе же │жаныбарларын кармоого тыюу │
│башка оор кесепеттерге алып │салынган куралдар менен булгоо же │
│келсе, -] │ылайлоодон калктын саламаттыгына, │
│ │суу ресурстарынын жана суу │
│ │жаныбарларынын абалына зыян │
│ │келтирилсе же башка оор │
│ │кесепеттерге алып келсе, -] │
│эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн │эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн │
│жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып │жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып │
│салынат же болбосо үч жылга │салынат же болбосо үч жылга │
│чейинки мөөнөткө белгилүү │чейинки мөөнөткө белгилүү │
│кызматтарды ээлөө же белгилүү иш │кызматтарды ээлөө же белгилүү иш │
│жүргүзүү укугунан ажыратуу менен │жүргүзүү укугунан ажыратуу менен │
│үч жылга чейинки мөөнөткө │үч жылга чейинки мөөнөткө │
│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│
│(2) Ошол эле жосундар, │(2) Ошол эле жосундар, │
│байкабастыктан адамдын өлүмүнө │байкабастыктан адамдын өлүмүнө │
│алып келсе, │алып келсе, │
│- үч жылга чейинки мөөнөткө │- үч жылга чейинки мөөнөткө │
│белгилүү кызматтарды ээлөө же │белгилүү кызматтарды ээлөө же │
│белгилүү иш жүргүзүү укугунан │белгилүү иш жүргүзүү укугунан │
│ажыратуу менен эки жылдан беш │ажыратуу менен эки жылдан беш │
│жылга чейинки мөөнөткө │жылга чейинки мөөнөткө │
│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|