Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-августу № 558
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Иманалиев жана К.Бокоев тарабынан демилгеленген "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Иманалиев жана К.Бокоев тарабынан демилгеленген "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Иманалиев жана К.Бокоев тарабынан демилгеленген "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга төмөндөгү сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен макулдугун берет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык преамбулага ченемдик жазма буйруктарды киргизүүгө жол берилбестигин, ошондой эле мыйзам долбоорунун жөнгө салуу предмети долбоордун 1-беренесинде ачып берилгендигин эске алып, преамбуланын 2-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
Бюджеттин пландаштырылбаган чыгымдарын, ошондой эле баш аламан курултайларды өткөрүүнү болтурбоо максатында, Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "зарылдык пайда болгон учурда" деген сөз айкашын чакырылыштын максатка ылайыктуулугунун конкреттүү учурларынын тизмеси болушунун зарылдыгын эске алуу менен берүүнү сунуштайбыз.
Маселелерди ачык талкуулоо максатында долбоордун 12-беренесинин 6-бөлүгүндөгү "эреже катары" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 6-бөлүгүнүн жана 18-беренесинин 7-бөлүгүнүн жөнгө салуу предмети чектөөлөрдү белгилөө болуп эсептелет, ага ылайык бир катар субъекттер жергиликтүү жамааттардын курултайларынын жана Кыргызстан элинин курултайынын делегаттары боло алышпайт. Ошого байланыштуу, долбоордун беренелеринин көрсөтүлгөн ченемдерин бириктирип жана өзүнчө берене катары бөлүп, ошондой эле делегаттарды курултайга шайлоо жол-жобосуна кылмыштуу элементтердин катышуусун болтурбоо жана чектөө максатында аны ", ошондой эле соттуулугу бар адам" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Жергиликтүү жамааттарынын курултайларынын жана Кыргызстан элинин курултайларынын делегаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу учурларын белгилөөчү Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 8-бөлүгүнө жана 11-беренесинин 10-бөлүгү боюнча ушундай эле сын-пикирлерди айтабыз.
Элдик курултай жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын аткаруу органдарынын иши жөнүндөгү отчетторун угууга укуктуу экендигин караган Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна карата "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле Президентине өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча отчет бере тургандыгын билдиребиз.
Ошондой эле, элдик курултай коомдук тартипти сактоо, экологиялык жана санитариялык талаптарды сактоо боюнча негизги эрежелер менен чараларды белгилөөгө жана өзгөчө кырдаалдарда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн коомдук тартипти коргоого карата кызмат өтөөсү боюнча милдеттүү ченемдерди белгилөөгө укуктуу экендиги каралган долбоордун белгиленген беренесинин 1-бөлүгүнүн 6 жана 7-пункттарына карата Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык курултайдын чечими сунуштоочу мүнөзгө ээ экендигин белгилейбиз.
Мындан тышкары, ченемдик укуктук актылар гана милдеттүү мүнөзгө ээ экендигин белгилейбиз, мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси менен ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугу берилген субъекттердин толук чөйрөсү аныкталган, ал өзүнө курултайларды камтыбайт.
Ошондой эле, "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 7-пунктунда жергиликтүү мамлекеттик администрация өзгөчө кырдаалдардын, табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялай жана жүзөгө ашыра тургандыгы каралган.
Ошол эле учурда, долбоордун 13-беренеси жана 14-беренесинин 3-бөлүгү толуктап иштеп чыгууну талап кылат, анткени жогоруда белгиленгендей, курултайдын чечимдери сунуштама мүнөзгө ээ болот.
Мыйзам долбоорунун 15-беренесинде жергиликтүү жамааттардын курултайларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдери сотко даттанылышы, каршылык билдирилиши мүмкүн экендиги каралган. Соттун чечими кабыл алынганга чейин жергиликтүү жамааттын курултайынын чечиминин ишке ашырылышы токтотулуп турат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилээрин дагы бир жолу белгилейбиз.
Долбоордун 19-беренесинин 3-бөлүгүндө Кыргызстан элинин Курултайынын ишине кеңеш берүү добушу укугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү катышууга укуктуу.
Бул учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык курултайларды өткөрүү жарандардын укугу болуп эсептелээрин белгилейбиз. Ушуга байланыштуу, биздин оюбузча жогоруда аталган адамдарга кеңеш берүүчү добуш укугун берүү курултай чечим кабыл алган учурда жарандардын укугун кемсинтет.
Долбоордун 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда Президиум мүчөлөрүн шайлоо формасын ар бирин өзүнчө, же болбосо тизме менен аныктоону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 20-беренесинин 8-бөлүгүндө уюштуруу-методикалык жана башка ишмердүүлүктөрдү камсыз кылуу Кыргызстан элинин Курултайынын Секретариатына жүктөлөт. Алсак, тактап айтканда, аталган орган делегаттардын тизмесин түзүү жана аларды мандаттар менен камсыз кылуу боюнча иш жүргүзөт. Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунда Секретариаттын укуктук статусу жана аны түзүү тартиби, ким тарабынан жана кандайча аныкталаарын кароону максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, маалымат катары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынаарын билдиребиз. Жыйынтык маалымат ченемдик укуктук актынын долбооруна карата маалымкат-негиздемеде чагылдырылат.
Ошондой эле, мыйзам долбоорунда ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кире тургандыгын белгилөө сунушталган. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап милдеттүү аткарылууга жатаарын белгилейбиз.
Ошону менен бирге, долбоордун ченемдерин ишке ашыруу финансылык ресурстун болушуна жараша болоорун эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүндүгүн белгилейбиз.
Бирок, мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн 2012-жылы 1,0 млн. сом керек болоорун белгилейбиз, ал "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган эмес.
Ошол эле мезгилде, Мыйзам долбоорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасында баяндалган ченем жаратуучу техниканын талаптарына ылайык редакцияда толуктап иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейбиз.
|
|