Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-августу № 563
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгымдарын контролдоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кайрасурап алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын долбоорлору кайра сурап алынсын:
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгымдарын контролдоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|