Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-августу № 568
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кээ бир категориядагы кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтомго № 1 тиркемеде:
- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эскертүү: Адистин кызматтык маянасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат."
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|