Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 581 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-августу № 570
Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү чаралары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомунун редакциясына ылайык)
Жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жана жаш дарыгерлерди саламаттык сактоо уюмдарында бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген жаш дарыгерлерди кошумча түрткү берүү программасын аткаруу боюнча типтүү келишим 2-тиркемеге ылайык.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылдын 1-январынан тартып Программаны ишке ашырууга керектүү каражаттарды республикалык бюджетте жыл сайын караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- 2024-жылдын 1-июлунан тартып республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн "Эмгек акы" жана "Социалдык фондго төгүмдөр" беренелери боюнча каралган ассигнованиелердин чектеринде Программа боюнча келишим түзгөн жана конкурстан өткөн дарыгер иштеген саламаттык сактоо уюмунун депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү эсепке алуу менен квартал сайын 66000 (алтымыш алты миң) сомдон которуп турсун;
- Программа боюнча келишим түзүү укугуна дарыгерлердин жана медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында конкурс жарыяласын;
- клиникалык ординаторлор клиникалык практиканы алыскы райондордун, чакан шаарлардын жана айыл жергесинин саламаттык сактоо уюмдарында өтүшүн уюштурсун;
- "Дарыгердин депозити" программасын аткаруу боюнча түзүлгөн келишимдердин шарттарын алардын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин аяктоону камсыз кылсын.
- дарыгердин депозитинин ар кварталдык суммасын негизги иш орду боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн үч тараптуу контракттын же келишимдин негизинде төлөсүн.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомунун редакциясына ылайык)
4. 2013-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 373 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында врачтарды бекитүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
2-тиркеме
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомунун редакциясына ылайык)
__________________ кол коюлган жер |
| 200_-ж. "___" __________________ кол коюу датасы |
Мындан ары "Министрлик" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри: ________________________________________ атынан (аты-жөнү)
чыгуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, мындан ары "Заказчы" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобонун негизинде иштөөчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын өкүлү жана саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси:
_______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
______________________________________________________________________,
(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аталышы)
_______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(саламаттык сактоо уюмунун аталышы)
жана мындан ары "Дарыгер" деп аталуучу жаран __________________________
(аты-жөнү)
____________________________ төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1. Министрлик Заказчы менен бирдикте ушул Келишимде каралган шарттарда Дарыгерге алыскы райондогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттыкты сактоо уюмунда иш берет, ал эми Дарыгер иштей турган жерге келүүгө жана үч жыл иштөөгө милдеттүү.
2. Дарыгер _____________________________________________ катарында (дарыгердин адистиги)
_______________________________________________________________________
(саламаттыкты сактоо уюмунун жайгашкан жери)
_______________________________________________________________________
(саламаттыкты сактоо уюмунун аталышы)
иштөөгө жиберилет.
3. Дарыгердин иши башталган дата 20__-жылдын "___" ______________.
4. Бул Келишимди түзүү адистикке жана кызмат орундарынын тизмесине ылайык эмгек акынын өлчөмүнө таасир этпейт.
2. Тараптардын милдеттери
5. Министрликтин милдеттери:
- Дарыгерди ишке орноштуруу;
- ушул Келишим колдонулган мөөнөттүн ичинде Дарыгер иштеген саламаттык сактоо уюмунун депозиттик эсебине Социалдык фондго чегерүүлөрдү кошкондо квартал сайын 66000 (алтымыш алты миң) сом которуу.
6. Министрликтин укуктары:
- Дарыгерге иш ордун аныктоо;
- Келишимдин шарттары бузулган учурда Дарыгер менен ушул Келишимди бузуу.
7. Заказчы (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) дарыгерди саламаттык сактоо уюмунда бекитүү максатында жашоо-турмушу жана тиричилиги үчүн бардык шарттарды түзүүгө (иштеген мезгилде турак жай берүү) милдеттенет.
8. Заказчы (саламаттык сактоо уюму) төмөнкүгө милдеттенет:
- Дарыгерди жумушка орноштурууга;
- Дарыгерге саламаттык сактоо уюмунун депозиттик эсебинен, ушул Келишимдин иш мөөнөтү ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кармап калууларды эске алуу менен квартал сайын акы төлөп берүүгө;
- депозиттик эсеп боюнча квартал сайын финансылык жана бухгалтердик отчет жүргүзүүгө жана берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жумуш жана эс алуу убактысынын узактыгы боюнча эрежелерди колдонууга;
- Программаны аткарууга каралган каражаттарды максаттуу колдонууну камсыз кылууга;
- Дарыгердин иши жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирмени каражаттарды депозиттик эсепке которуу үчүн Министрликке өз убагында берүүгө.
9. Заказчы (саламаттык сактоо уюму) Келишим боюнча иштеп жаткан мезгилде Дарыгер эмгек тартибин бузган учурда Дарыгерге Келишимди бузууга чейинки тиешелүү чараларды колдонуу жөнүндө Министрликтен өтүнүүгө.
10. Дарыгер төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Министрликтин жолдомосу боюнча саламаттык сактоо уюмундагы иш ордуна айтылган мөөнөттө келүүгө;
- саламаттык сактоо уюмунда өз ишин ойдогудай кесиптик деңгээлде жүзөгө ашырууга;
- өзүнүн кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн дайыма өркүндөтүүгө;
- медициналык практикага жаңы дарылоо-диагноз коюу ыкмаларын киргизүүгө;
- саламаттык сактоо уюмунун ички иш тартибинин эрежелерине баш ийүүгө жана эмгек тартибинин нормаларын сактоого;
- Министрлик белгилеген саламаттык сактоо уюмунда толук үч жыл иштөөгө.
11. Дарыгер Министрликтен жана Заказчыдан ушул Келишимдин шарттарын аткарууну жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоону талап кылууга укуктуу.
3. Кошумча шарттар
12. Дарыгердин жүктөмү адистиги боюнча бир кызматтык ставкадан кем эмести түзөт.
13. Иштин мөөнөтү ушул Келишимге ылайык иш башталган күндөн тартып эсептелет жана толук үч жылга созулат, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген эмгектик өргүүлөр иштин мөөнөтүнө кирет.
14. Акы төлөнбөгөн өргүү, окуу жана чыгармачыл өргүүлөр, кош бойлуулук жана бала багуу боюнча өргүүлөр ушул Программанын жарактуулук мөөнөтүнө кошулбайт жана бул убакыт үчүн акча каражаттары депозиттик эсепке которулбайт. Ишке чыккан учурдан тартып төлөө калыбына келтирилет.
15. Бул Келишим боюнча иштөө мезгилинде жүйөөлүү себеп боюнча узакка созулган тыныгуу (кош бойлуулук, төрөт, ооруп калуу ж.б.) болгон учурда, Министрлик тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Келишимдин айрым пункттарын (иштеген жер, адистик жагынан) өзгөртүү укугун өзүндө калтырат.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
16. Бул Келишимдин катышуучулары Программага ылайык кабыл алынган милдеттерди өз учурунда жана толук аткаруу үчүн жооп берет.
17. Министрлик жиберген жер боюнча иштөөдөн баш тартылган, жиберилген жер боюнча Дарыгердин эмгек иши токтотулгандыгы, эмгек тартибин бузуулар жөнүндө саламаттык сактоо уюмунан расмий маалымат келип түшкөн учурда Министрлик бул Келишимди бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.
5. Корутунду жоболор
18. Бул Келишим төрт нускада жазуу жүзүндө түзүлөт, ага Министрликтин өкүлү, Заказчы жана Дарыгер кол коет, мында бардык төрт нуска бирдей юридикалык күчкө ээ.
19. Келишим иш башталган учурдан тартып күчүнө кирет жана иштеп берүү мөөнөтү - үч жыл толук аяктаганга чейин колдонулат. Анын колдонулушу ушул Келишимдин 14-пунктунда каралган учур келип чыкканда өзүнөн-өзү узартылат.
20. Бул Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча гана киргизилет.
21. Бул Келишим менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле кошумча макулдашуулар менен жөнгө салынат. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда тараптар сотко кайрылууга укуктуу.
Тараптардын реквизиттери жана колдору:
Министрлик: _______________________________________________________
М.О.
Заказчы: (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы)
__________________________________________________________________
М.О.
Заказчы: (саламаттык сактоо уюму) __________________________________
М.О.
Дарыгер: _________________________________________________________ (аты-жөнү)