Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу № 571
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 63-статьянын 7-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"(7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш жасаган, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт.".
2. 129-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"129-статья. Зордуктоо
(1) Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга психикалык жана кара күч зомбулугун көрсөтүү, жабырлануучуга же башка адамдарга зомбулук көрсөтөм деп ошого тете алардын алсыз абалынан пайдалануу менен алардын каалоосуна жана эркине каршы жыныстык катнашта болгондо, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Зордуктоо:
1) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда;
2) адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
4) өлтүрөм деп же саламаттыгына оор залал келтирем деп коркутуу менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө ырайымсыздык менен жасалганда;
5) жабырлануучуга жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Зордуктоо:
1) жашы жете элек кызга карата жасалганда;
2) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктештиктин) өкүлү же өкүлдөрү тарабынан жасалганда;
4) жабырлануучуга ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келгенде;
5) жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде, -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушундай эле аракеттер жаш кызга карата жасалганда, -
жыйырма жылга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул берененин үчүнчү бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган башка оор кесепеттер деп: жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүшү же өзүн-өзү өлтүрүүгө кол салуу, анын психикасынын бузулушу, күнөөлү адам тарабынан жабырлануучунун ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүү (боюна бүткөрүү, боюна жатындан тышкары бүткөрүү, боюнан алдыруу, зордуктоонун натыйжасында бала төрөтө), анын ичинде залал келтирген учурда өмүрүнө коркунуч келтирген аракеттерди түшүнүү керек.
Жашы жете элек адамдар болуп он сегиз жашка чыга электер саналат. Ал эми жаш кыз-бала болуп он төрт жашка чыга электер эсептелет.".
3. 130-статьянын:
1) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүнүн 6) пункту күчүн жоготту деп табылсын;
3) 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар:
1) жашы жете электерге карата жасалса;
2) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктештиктин) өкүлү же өкүлдөрү тарабынан жасалганда;
4) байкабастыктан жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) саламаттыгына оор залал келтирүүгө, ага (ал аялга) ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келсе;
5) жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) өлүмүнө алып келсе, - он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
4) төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"(4) Ушундай эле жосундар жаш кыз-балдарга карата жасалганда, -
жыйырма жылга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
4. 131-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"131-статья. Жыныстык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо
1. Шантаж, жок кылам, зыянга учуратам же мүлкүңдү алып коем деп коркутуу же жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) материалдык же башка жагынан көз карандылыгынан пайдалануу менен адамды жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбиянчылыкка же жыныстык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоого мажбурлаганда, -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар:
1) жашы жете электерге карата жасалса;
2) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда, -
3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушундай эле аракеттер жаш кыз-балдарга карата жасалганда, -
3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
5. 132-статья күчүн жоготту деп табылсын.
6. 133-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"133-статья. Ыплас аракеттер
(1) Он сегиз жашка чыга элек адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушундай эле жосундар:
1) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
2) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
(3) Ушундай эле жосундар жаш кыз-балдарга карата жасалганда, -
3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
7. 157-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "сойкулукка, сексуалдык аракеттерди жасоого," деген сөздөр алып салынсын.
8. 260-статья төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"(3) Ушундай эле жосундар жашы жете электерди тартуу менен жасалганда, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушундай эле жосундар жаш кыз-баланы тартуу менен жасалганда, -
он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
9. 261-статьянын:
1) 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"(3) Ушундай эле жосундар жашы жете электерди тартуу менен жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
2) төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"(4) Ушундай эле жосундар жаш кыз-баланы тартуу менен жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
10. 262-1-статьянын:
1) аталышындагы, 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы жана 3-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "билип туруп" деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "беш жылдан сегиз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки жылдан үч" деген сөздөр "сегиз жылдан он" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Премьер-министри О.Бабановдун 2012-жылдын 11-майындагы № 8-1611 тапшырмасын аткаруу үчүн иштелип чыккан, Өкмөт башчысынын тапшырмасында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы жасалган кылмыш үчүн жазаны күчөтүү каралган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана аны коомдук талкууга коюу тапшырылган.
Ушул тапта коомчулук өкүлдөрүн жана мамлекеттин жетекчилигин жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы жасалган кылмыштардын өскөндүгү жана кылмыш-жаза мыйзамдарынын жоболорунун чалалыгынан мыйзам бузуучуларга карата аныкталган жазалардын жеңил болуп жаткандыгы өзгөчө тынчсыздандырууда. ИИМ маалымдоо-талдоо борборунун маалымат боюнча, республиканын аймагында зордуктоолордун саны жылдан жылга өсүп барууда. Эгерде 2009-жылы Кыргызстанда 281 зордуктоо катталса, 2010-жылы алардын саны 301ге, ал эми 2011-жылы 324кө жеткен, ал эми үстүбүздөгү жылдын төрт айында эле бул көрсөткүч саны 82ни түзгөн.
Ушундан улам КР Юстиция министрлиги тарабынан КР Ички иштер министрлиги менен бирге "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору даярдалып, анда Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда: 63- (Шарттуу соттоо), 129- (Зордуктоо), 130- (Жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракеттер), 131- (Жыныстык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо), 132- (Он сегиз жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашуу жана жыныстык мүнөздөгү башка аракеттер), 133(Ыплас аракеттер), 157- (Жашы жете элек адамды коомчулукка жакпаган аракеттерди жасоого тартуу), 260- (Сойкулук кылууга тартуу), 261- (Сойкулук менен алектенүү үчүн бузукулук уюктарын уюштуруу же аны кармоо) жана 262-1- (Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же предметтерди даярдоо менен байланышкан аракеттерге жашы жете элек адамды, ошондой эле аларды ушуга тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучулар катарында тартуу).
Кылмыш-жаза кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн мааниси жашы жете электердин жана жаш кыз-балдардын өзгөчө тобунун жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү мыйзам ченемдери аркылуу бекемдөөдө болууда.
Ал эми ушундай кылмышка баргандарды жазалоону күчөтүүнүн мааниси болсо жашы жете электерге жана жаш кыз-балдарга жыныстык коопсуздугун кепилдөө эсептелет.
Кылмыштардын ушул категориясын жарандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштардын жалпы категориясына киргизүүгө болбойт, анткени жаш кыз-балдарды жана жашы жете электерди зордоо жыныстык жактан гана жетиле электик гана эмес, социалдык жактан, чон киши катары жетиле электик менен да мүнөздөлөт.
Жашы жете электердин жана жаш кыз-балдардын өзгөчө тобунун жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн шарттуу соттоо деген жазанын түрүн колдонууга жол бербөө максатында Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө.
Ошону менен бирге зордуктоо атайылап жасалган кылмыш болуп эсептелет. Ар бир жаран анын коомго келтирген коркунучун түшүнүшү абзел. Күнөөлүү жабырлануучуну мүнөздөгөн ар кыл маалыматты пайдаланат: туулгандыгы тууралу документтер, жабырлануучунун айтканы, анын досторунун же туугандарынын айткандары, жүрүм-туруму, эмне менен алектенгени, сырткы кебетеси ж.б. Ушундай объективдүү маалыматтардын негизинде жабырлануучу 14кө же 18ге толо электиги жөнүндө түшүнүк сөзсүз болушу керек. Ушундан улам сунуш кылынган мыйзам долбоору аркылуу кылмыш жабырлануучунун жашын билип туруп жасалган деген түшүнүктү алып салуу сунушталууда.
Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси мыйзам бузуучулардын талаптагыдай кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетишине мүмкүнчүлүк берүүдө. Андыктан жашы жете электерге каршы жыныстык кылмыштардын курамын өркүндөтүү максатында аталган беренени алып салуу сунушталууда.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жашы жете электердин жана жаш балдардын жыныстык кол тийгистигине каршы жасалган кылмыштарды азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт деп күтүлүүдө.
Ошондой эле аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Мындан сырткары, улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзам долбоорундагы ченемдер колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын жана долбоорду жөнгө салуучу таасирин талдоодон өткөрүүгө жатпастыгын белгилейбиз.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык сунушталган ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын сайтында коомчулуктун талкуулоосу үчүн жайгаштырылганын жана анын натыйжасында мыйзам долбору боюнча сунуштар түшпөгөндүгүн белгилейбиз.
Мындан тышкары ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарын талап кылбай тургандыгын кошумча билдире кетебиз.
Министр | А.Шыкмаматов |
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси │
│ (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин │
│ ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-б.) │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын күчүндөгү │Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза│
│ Кылмыш-жаза кодекси │ кодексинин айрым нормаларынын │
│ │ сунушталган долбоору │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│63-статья. Шарттуу соттоо │63-статья. Шарттуу соттоо │
│ │ │
│(1) Эгерде сот эркиндигинен │(1) Эгерде сот эркиндигинен │
│ажыратуу, дисциплинардык бөлүктө │ажыратуу, дисциплинардык бөлүктө │
│кармоо түрүндө жаза белгилөөдө │кармоо түрүндө жаза белгилөөдө │
│жасалган кылмышынын мүнөзүн жана │жасалган кылмышынын мүнөзүн жана │
│коомдук коркунучтуулук деңгээлин, │коомдук коркунучтуулук деңгээлин, │
│күнөөкөрдүн инсандыгын жана иштин │күнөөкөрдүн инсандыгын жана иштин │
│башка жагдайларын эске алуу менен,│башка жагдайларын эске алуу менен,│
│жазаны өтөбөй эле, бирок анын │жазаны өтөбөй эле, бирок анын │
│жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү │жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү │
│шарттарында соттолгондун оңолушу │шарттарында соттолгондун оңолушу │
│мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка │мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка │
│келсе, анда күнөөкөргө карата │келсе, анда күнөөкөргө карата │
│жазаны шарттуу колдонбоо жөнүндө │жазаны шарттуу колдонбоо жөнүндө │
│токтом чыгара алат. Эгерде алар │токтом чыгара алат. Эгерде алар │
│тарабынан белгиленген сынак │тарабынан белгиленген сынак │
│мөөнөтүнүн ичинде соттолгон адам │мөөнөтүнүн ичинде соттолгон адам │
│жаңы кылмыш жасабаса жана ага сот │жаңы кылмыш жасабаса жана ага сот │
│жүктөгөн милдеттерди аткарса, │жүктөгөн милдеттерди аткарса, │
│мындай учурда өкүм аткарылбайт. │мындай учурда өкүм аткарылбайт. │
│(2) Шарттуу соттоо белгиленгенде │(2) Шарттуу соттоо белгиленгенде │
│мүлктү конфискациялоодон тышкары │мүлктү конфискациялоодон тышкары │
│кошумча жазалар дайындалышы │кошумча жазалар дайындалышы │
│мүмкүн. │мүмкүн. │
│(3) Сынак мөөнөтү бир жылдан үч │(3) Сынак мөөнөтү бир жылдан үч │
│жылга чейинки убакытка белгиленет.│жылга чейинки убакытка белгиленет.│
│(4) Сот шарттуу соттогондо, ага │(4) Сот шарттуу соттогондо, ага │
│карата негиздер болгондо, │карата негиздер болгондо, │
│соттолгон адамды белгилүү бир │соттолгон адамды белгилүү бир │
│мөөнөттө келтирилген зыянды │мөөнөттө келтирилген зыянды │
│четтетүүгө, жумушка же окууга │четтетүүгө, жумушка же окууга │
│кирүүгө, жазык-аткаруу │кирүүгө, жазык-аткаруу │
│инспекциясынын макулдугусуз │инспекциясынын макулдугусуз │
│жашаган жерин алмаштырбоого, │жашаган жерин алмаштырбоого, │
│иштеген же окуган жери │иштеген же окуган жери │
│өзгөрүлгөндүгү жөнүндө │өзгөрүлгөндүгү жөнүндө │
│жазык-аткаруу инспекциясына │жазык-аткаруу инспекциясына │
│маалымдоого, жазык-аткаруу │маалымдоого, жазык-аткаруу │
│инспекциясына катталуу үчүн │инспекциясына катталуу үчүн │
│мезгил-мезгили менен келип │мезгил-мезгили менен келип │
│турууга, аларга маалымдабай туруп │турууга, аларга маалымдабай туруп │
│туруктуу жашаган жеринен кетпөөгө,│туруктуу жашаган жеринен кетпөөгө,│
│белгилүү бир жерлерге барбоого, │белгилүү бир жерлерге барбоого, │
│белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин│белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин│
│жашаган жеринде болууга, │жашаган жеринде болууга, │
│алкоголизмден, баңгиликтен, │алкоголизмден, баңгиликтен, │
│токсикоманиядан жана жыныстык │токсикоманиядан жана жыныстык │
│оорудан дарылануу курсунан өтүүгө │оорудан дарылануу курсунан өтүүгө │
│милдеттендире алат. Сот шарттуу │милдеттендире алат. Сот шарттуу │
│соттолгонго анын оңолушуна │соттолгонго анын оңолушуна │
│көмөктөшүүчү башка милдеттерди │көмөктөшүүчү башка милдеттерди │
│аткарууну да жүктөй алат. │аткарууну да жүктөй алат. │
│(5) Шарттуу соттолгон адамдын │(5) Шарттуу соттолгон адамдын │
│жүрүм-турумуна контролдук │жүрүм-турумуна контролдук │
│жүргүзүүнү ички иштер органдарынын│жүргүзүүнү ички иштер органдарынын│
│көмөгү алдында Кыргыз │көмөгү алдында Кыргыз │
│Республикасынын Юстиция │Республикасынын Юстиция │
│министрлигинин жазык-аткаруу │министрлигинин жазык-аткаруу │
│инспекциясы, ал эми аскер │инспекциясы, ал эми аскер │
│кызматындагыларга карата аскер │кызматындагыларга карата аскер │
│бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин │бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин │
│командачылыгы жүзөгө ашырат. │командачылыгы жүзөгө ашырат. │
│(6) Сынак мөөнөтүнүн ичинде сот │(6) Сынак мөөнөтүнүн ичинде сот │
│шарттуу соттолгондун │шарттуу соттолгондун │
│жүрүм-турумуна контролдук │жүрүм-турумуна контролдук │
│жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу │жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу │
│органдын сунушу боюнча, соттолгон │органдын сунушу боюнча, соттолгон │
│адам үчүн мурда белгиленген │адам үчүн мурда белгиленген │
│милдеттерди толук же │милдеттерди толук же │
│жарым-жартылай алып салышы же │жарым-жартылай алып салышы же │
│кошумчалашы мүмкүн. │кошумчалашы мүмкүн. │
│(7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн │[(7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн │
│соттолгон адамдарга, уюшкан │соттолгон адамдарга, жаш │
│кылмыштуу топтун, кылмыштуу │кыз-балдардын жана жашы жете │
│шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), │электердин жыныстык кол │
│куралдуу топтун (банданын) │тийгистигине каршы кылмыш жасаган,│
│курамында кылмыш жасаган │уюшкан кылмыштуу топтун, │
│адамдарга, туруктуу жашаган жери │кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу │
│жок адамдарга ошондой эле Кыргыз │уюмдун), куралдуу топтун │
│Республикасында убактылуу жашаган │(банданын) курамында кылмыш │
│чет өлкөлүк граждандарга жана │жасаган адамдарга, туруктуу │
│граждандыгы жок адамдарга карата │жашаган жери жок адамдарга, │
│шарттуу соттоо колдонулбайт. │ошондой эле Кыргыз Республикасында│
│ │убактылуу жашаган чет өлкөлүк │
│ │жарандарга жана жарандыгы жок │
│ │адамдарга карата шарттуу соттоо │
│ │колдонулбайт.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│129-статья. Зордуктоо │129-статья. Зордуктоо │
│ │ │
│(1) Зордуктоо, башкача айтканда, │[(1) Зордуктоо, башкача айтканда │
│жабырлануучуга же анын жакындарына│жабырлануучуга психикалык жана │
│зомбулук көрсөтүү, зомбулук │кара күч зомбулугун көрсөтүү, │
│көрсөтөм деп коркутуу аркылуу, │жабырлануучуга же башка адамдарга │
│ошого тете жабырлануучунун алсыз │зомбулук көрсөтөм деп ошого тете │
│абалынан пайдалануу менен жыныстык│алардын алсыз абалынан пайдалануу │
│катнашта болгондо, - │менен алардын каалоосуна жана │
│беш жылдан сегиз жылга чейинки │эркине каршы жыныстык катнашта │
│мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │болгондо, - │
│жазаланат. │беш жылдан сегиз жылга чейинки │
│(2) Зордуктоо: │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│1) ушул главанын статьяларында │жазаланат. │
│каралган кылмыштар үчүн мурда │(2) Зордуктоо: │
│соттолгон адам тарабынан │1) ушул главанын статьяларында │
│жасалганда; │каралган кылмыштар үчүн мурда │
│2) адамдардын тобу тарабынан │соттолгон адам тарабынан │
│жасалганда; │жасалганда; │
│3) алдын ала макулдашуу боюнча │2) адамдардын тобу тарабынан │
│адамдардын тобу тарабынан; │жасалганда; │
│4) өлтүрөм деп же саламаттыкка оор│3) алдын-ала макулдашуу боюнча │
│залал келтирем деп коркутуу менен │адамдардын тобу тарабынан │
│коштолгондо, ошондой эле │жасалганда; │
│жабырлануучуга же башка адамдарга │4) өлтүрөм деп же саламаттыгына │
│карата өзгөчө ырайымсыздык менен │оор залал келтирем деп коркутуу │
│жасалганда; │менен коштолгондо, ошондой эле │
│5) жабырлануучуга жыныстык оорууну│жабырлануучуга же башка адамдарга │
│жуктурууга алып келгенде; │карата өзгөчө ырайымсыздык менен │
│6) Зордуктоо жашы жете элек кызга │жасалгаяда; │
│карата жасалганда, - │5) жабырлануучуга жыныстык ооруну │
│сегиз жылдан он беш жылга чейинки │жуктурууга алып келгенде, - │
│мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │сегиз жылдан он беш жылга чейинки │
│жазаланат. │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│(3) Зордуктоо: │жазаланат. │
│1) байкабастыктан жабырлануучунун │(3) Зордуктоо: │
│өлүмүнө, ВИЧ-жугуштуу ооруну │1) жашы жете элек кызга карата │
│жуктурууга же башка оор │жасалганда; │
│кесепеттерге алып келгенде; │2) мыйзамдарда жашы жете элек │
│2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан │кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн │
│жасалганда; │атасы же башка адам, ошондой эле │
│3) жаш кызга карата жасалганда, - │мыйзам менен жашы жете электерди │
│он беш жылдан жыйырма жылга │көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн │
│чейинки мөөнөткө эркиндигинен │билим, тарбия берүү, дарылоо же │
│ажыратууга жазаланат. │башка мекеменин ошого тете │
│(4) Жаш кызды зордуктоо өтө оор │педагогу же башка кызматкери │
│кесепеттерге алып келгенде, - │тарабынан жасалганда; │
│жыйырма жылга эркиндигинен │3) уюшкан кылмыштуу топтун │
│ажыратууга же өмүр бою │(шериктештиктин) өкүлү же өкүлдөрү│
│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│тарабынан жасалганда; │
│Эскертүү. Эгерде күнөөлүүнүн │4) жабырлануучуга ВИЧ-жугуштуу │
│аракеттеринде ушул статьянын │ооруну жуктурууга же башка оор │
│экинчи бөлүгүнүн 1-5-пункттарында │кесепеттерге алып келгенде; │
│каралган белгилер жок болсо, жашы │5) жабырлануучунун өлүмүнө алып │
│жете элек жабырланган кызды жашы │келгенде, - │
│жеткен кыз деп ойлоого негиз │он беш жылдан жыйырма жылга │
│болгон учурларда жазык │чейинки мөөнөткө эркиндигинен │
│жоопкерчилиги ушул статьянын │ажыратууга жазаланат. │
│биринчи бөлүгү боюнча келип чыгат.│(4) Ушундай эле аракеттер жаш │
│Эгерде күнөөлүүнүн аракеттеринде │кызга карата жасалганда, - │
│ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 1 │жыйырма жылга же өмүр бою │
│жана 2-пункттарында каралган │эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│
│белгилер жок болсо, жашы жете элек│Эскертүү. Ушул берененин үчүнчү │
│жабырланган кызды жашы жеткен кыз │бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган │
│деп ойлоого негиз болгон учурларда│башка оор кесепеттер деп: │
│жазык жоопкерчилиги ушул статьянын│жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүшү │
│экинчи бөлүгүнүн 6-пункту боюнча │же өзүн-өзү өлтүрүүгө кол салуу, │
│келип чыгат. │анын психикасынын бузулушу, │
│Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 1 │күнөөлү адам тарабынан │
│жана 2-пункттарында каралган башка│жабырлануучунун ден соолугуна ар │
│оор кесепеттер деп: жабырланган │кандай түрдөгү оор залал келтирүү │
│кыздын (жашы жеткен кыздын же жашы│(боюна бүткөрүү, боюна жатындан │
│жете элек кыздын) өзүн-өзү │тышкары бүткөрүү, боюнан алдыртуу,│
│өлтүрүшүн же өзүн-өзү өлтүрүүгө │зордуктоонун натыйжасында бала │
│аракет кылышын, кыздын психикасына│төрөтүү), анын ичинде залал │
│залал келтирүүнү, күнөөлүү адам │келтирген учурда өмүрүнө коркунуч │
│тарабынан жабырланган кыздын ден │келтирген аракеттерди түшүнүү │
│соолугуна ар кандай түрдөгү оор │керек. │
│залал келтирүүнү (боюнан түшүүнү, │Жашы жете элек адамдар болуп он │
│зордуктоонун натыйжасында жатындын│сегиз жашка чыга электер саналат. │
│тышына боюна бүтүп калууну), анын │Ал эми жаш кыз-бала болуп он төрт │
│ичинде залал келтирүү учурундагы │жашка чыга электер эсептелет.] │
│өмүргө коркунуч келтирген │ │
│аракеттерди түшүнүү керек. │ │
│Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө │ │
│каралган өтө оор кесепеттерди: │ │
│жабырланган жаш кыздын өзүн-өзү │ │
│өлтүрүшүн же өзүн-өзү өлтүрүүгө │ │
│аракет кылышын, кыздын психикасына│ │
│залал келтирүүнү, күнөөлүү адам │ │
│тарабынан жабырланган жаш кыздын │ │
│ден соолугуна ар кандай түрдөгү │ │
│оор залал келтирүүнү (зордуктоонун│ │
│натыйжасында жатындын тышына боюна│ │
│бүтүүнү, бала төрөө мүмкүнчүлүгүн │ │
│жоготууну, жыныстык катышуу │ │
│мүмкүнчүлүгүн жоготууну), анын │ │
│ичинде залал келтирүү учурундагы │ │
│өмүргө коркунуч келтирген │ │
│аракеттерди байкабастыктан │ │
│жабырланган жаш кыздын өлүмүнө, │ │
│ага ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга│ │
│алып келүү деп түшүнүү керек. │ │
│Жаш кыз деп он төрт жашка толо │ │
│элек кыз эсептелет. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│130-статья. Сексуалдык мүнөздөгү │130-статья. Сексуалдык мүнөздөгү │
│ зомбулук аракеттер │ зомбулук аракеттер │
│ │ │
│(1) Жабырлануучуга (жабырлануучу │(1) Жабырлануучуга (жабырлануучу │
│аялга) же башка адамдарга зомбулук│аялга) же башка адамдарга зомбулук│
│көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп │көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп │
│коркутуу же болбосо │коркутуу же болбосо │
│жабырлануучунун (жабырлануучу │жабырлануучунун (жабырлануучу │
│аялдын) алсыз абалынан пайдалануу │аялдын) алсыз абалынан пайдалануу │
│менен бачабаздык, лесбиянчылык же │менен бачабаздык, лесбиянчылык же │
│сексуалдык мүнөздөгү башка │сексуалдык мүнөздөгү башка │
│аракеттер жасалганда, - │аракеттер жасалганда, - │
│үч жылдан сегиз жылга чейинки │[беш] жылдан сегиз жылга чейинки │
│мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│жазаланат. │жазаланат. │
│(2) Ошол эле жосундар: │(2) Ошол эле жосундар: │
│1) ушул главанын статьяларында │1) ушул главанын статьяларында │
│каралган сексуалдык мүнөздөгү │каралган сексуалдык мүнөздөгү │
│зомбулук аракеттерди мурда жасаган│зомбулук аракеттерди мурда жасаган│
│адам тарабынан жасалганда; │адам тарабынан жасалганда; │
│2) адамдардын тобу тарабынан; │2) адамдардын тобу тарабынан; │
│3) алдын-ала макулдашуу боюнча │3) алдын-ала макулдашуу боюнча │
│адамдардын тобу тарабынан; │адамдардын тобу тарабынан; │
│4) өлтүрөм деп коркутуу же │4) өлтүрөм деп коркутуу же │
│саламаттыгына оор залал келтирүү │саламаттыгына оор залал келтирүү │
│менен коштолгондо, ошондой эле │менен коштолгондо, ошондой эле │
│жабырлануучуга (жабырлануучу │жабырлануучуга (жабырлануучу │
│аялга) же башка адамдарга карата │аялга) башка адамдарга карата │
│өзгөчө катаалдык менен жасалганда;│өзгөчө катаалдык менен жасалганда;│
│5) жабырлануучуга (жабырлануучу │5) жабырлануучуга (жабырлануучу │
│аялга) жыныстык ооруну жуктурууга │аялга) жыныстык ооруну жуктурууга │
│алып келгенде; │алып келгенде; │
│6) жашы жетпегендиги белгилүү │[6) пункту күчүн жоготту деп │
│болгондорго карата жасалганда, - │табылсын │
│сегиз жылдан он беш жылга чейинки │(3) Ушул статьянын биринчи жана │
│мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │экинчи бөлүктөрүндө каралган │
│жазаланат. │жосундар, эгерде алар: │
│(3) Эгерде ушул статьянын биринчи │1) жашы жете электерге карата │
│жана экинчи бөлүктөрүндө каралган │жасалса; │
│жосундар: │2) мыйзамдарда жашы жете элек │
│1) байкабастыктан жабырлануучунун │кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн │
│(жабырлануучу аялдын) өлүмүнө алып│атасы же башка адам, ошондой эле │
│келсе; │мыйзам менен жашы жете электерди │
│2) байкабастыктан жабырлануучунун │көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн │
│(жабырлануучу аялдын) │билим, тарбия берүү, дарылоо же │
│саламаттыгына оор залал │башка мекеменин ошого тете │
│келтирүүгө, ага (ал аялга) │педагогу же башка кызматкери │
│ВИЧ-жугуштуу оорусун жуктурууга же│тарабынан жасалганда; │
│башка оор кесепеттерге алып келсе;│3) уюшкан кылмыштуу топтун │
│3) он төрт жашка толо электиги │(шериктештиктин) өкүлү же өкүлдөрү│
│белгилүү болгон адамга карата │тарабынан жасалганда; │
│жасалса; │4) байкабастыктан жабырлануучунун │
│4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан │(жабырлануучу аялдын) │
│жасалганда, - │саламаттыгына оор залал │
│он беш жылдан жыйырма жылга │келтирүүгө, ага (ал аялга) │
│чейинки мөөнөткө эркиндигинен │ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же │
│ажыратууга жазаланат. │башка оор кесепеттерге алып келсе;│
│ │5) жабырлануучунун (жабырлануучу │
│ │аялдын) өлүмүнө алып келсе, - │
│ │он беш жылдан жыйырма жылга │
│ │чейинки мөөнөткө эркиндигинен │
│ │ажыратууга жазаланат. │
│ │(4) Ушундай эле жосундар жаш │
│ │кыз-балдарга карата жасалганда, - │
│ │жыйырма жылга же өмүр бою │
│ │эркиндигинен ажыратууга │
│ │жазаланат.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│131-статья. Сексуалдык мүнөздөгү │131-статья. Жыныстык мүнөздөгү │
│ аракеттерге мажбурлоо │ аракеттерге мажбурлоо │
│ │ │
│Шантаж, жок кылам, зыянга учуратам│[1. Шантаж, жок кылам, зыянга │
│же мүлкүңдү алып коем деп коркутуу│учуратам же мүлкүңдү алып коем деп│
│же болбосо жабырлануучунун │коркутуу же жабырлануучунун │
│(жабырлануучу аялдын) материалдык │(жабырлануучу аялдын) материалдык │
│же башка жагынан көз │же башка жагынан көз │
│карандылыгынан пайдалануу менен │карандылыгынан пайдалануу менен │
│адамды жыныстык катнашка, │адамды жыныстык катнашка, │
│бачабаздыкка, лесбиянчылыкка же │бачабаздыкка, лесбиянчылыкка же │
│сексуалдык мүнөздөгү башка │жыныстык мүнөздөгү башка │
│аракеттерди жасоого │аракеттерди жасоого │
│мажбурлаганда, - │мажбурлаганда, - │
│эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн│эки жылга чейинки мөөнөткө │
│эки жүз өлчөмүнө чейин айып │эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│
│салынат же эки жылга чейинки │2. Ушул статьянын биринчи │
│мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │бөлүгүндө каралган жосундар: │
│жазаланат. │1) жашы жете электерге карата │
│ │жасалса; │
│ │2) мыйзамдарда жашы жете элек │
│ │тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы │
│ │же башка адам, ошондой эле мыйзам │
│ │менен жашы жете электерди │
│ │көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн │
│ │билим, тарбия берүү, дарылоо же │
│ │башка мекеменин ошого тете │
│ │педагогу же башка кызматкери │
│ │тарабынан жасалганда, - │
│ │3 жылга чейин педагогикалык иш │
│ │менен алектенүү укугунан ажыратуу │
│ │менен эки жылдан беш жылга чейинки│
│ │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│ │жазаланат. │
│ │3. Ушундай эле аракеттер жаш │
│ │кыз-балдарга карата жасалганда, - │
│ │3 жылга чейин педагогикалык иш │
│ │менен алектенүү укугунан ажыратуу │
│ │менен беш жылдан сегиз жылга чейин│
│ │эркиндигинен ажыратууга │
│ │жазаланат.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│132-статья. Он алты жашка толо │[132-статья күчүн жоготту деп │
│ элек адам менен │табылсын.] │
│ жыныстык катнашта │ │
│ болуу жана сексуалдык │ │
│ мүнөздөгү башка │ │
│ аракеттерди жасоо │ │
│ │ │
│Он алты жашка толо элек экендиги │ │
│белгилүү болгон адам менен он │ │
│сегиз жашка толгон адам жыныстык │ │
│катнашта болгондо, бачабаздык же │ │
│лесбиянчылык кылганда, - │ │
│үч жылга чейинки мөөнөткө │ │
│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│133-статья. Ыплас аракеттер │133-статья. Ыплас аракеттер │
│ │ │
│Он төрт жашка толо элеги белгилүү │[(1) Он сегиз жашка чыга элек │
│болгон адамга карата зомбулук │адамга карата зомбулук │
│көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер │көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер │
│жасалганда, - │жасалганда, - │
│эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн│бир жылдан үч жылга чейинки │
│эки жүз өлчөмүнө чейин айып │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│салынат, же үч жылга чейинки │жазаланат. │
│мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │(2) Ушундай эле жосундар: │
│жазаланат. │1) мыйзамдарда жашы жете элек │
│ │кызды тарбиялоо жүктөлгөн атасы же│
│ │башка адам, ошондой эле мыйзам │
│ │менен жашы жете электерди │
│ │көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн │
│ │билим, тарбия берүү, дарылоо же │
│ │башка мекеменин ошого тете │
│ │педагогу же башка кызматкери │
│ │тарабынан жасалганда; │
│ │2) ушул главанын статьяларында │
│ │каралган кылмыштар үчүн мурда │
│ │соттолгон адам тарабынан │
│ │жасалганда, - │
│ │3 жылга чейин педагогикалык иш │
│ │менен алектенүү укугунан ажыратуу │
│ │менен үч жылдан беш жылга чейинки │
│ │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│ │жазаланат. │
│ │(3) Ушундай эле жосундар жаш │
│ │кыз-балдарга карата жасалганда, - │
│ │3 жылга чейин педагогикалык иш │
│ │менен алектенүү укугунан ажыратуу │
│ │менен беш жылдык мөөнөткө │
│ │эркиндигинен ажыратууга │
│ │жазаланат.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│157-статья. Жашы жетпегенди │157-статья. Жашы жетпегенди │
│ коомчулукка каршы │ коомчулукка каршы │
│ аракеттерди жасоого │ аракеттерди жасоого │
│ тартуу │ тартуу │
│ │ │
│(1) Он сегиз жашка толгон адам │(1) Он сегиз жашка толгон адам │
│тарабынан жашы жетпеген адамды │тарабынан жашы жетпеген адамды │
│аракечтикке, баңги же башка баш │аракечтикке, баңги же башка баш │
│айлантуучу заттарды болбосо аны │айлантуучу заттар врачтын │
│селсаяктыкта же кайырчылыкта │дайындоосуз керектөөгө, селсаяктык│
│пайдаланууга тартканда, - │же кайырчылык кылууга же болбосо │
│жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик │аны селсаяктыкта же кайырчылыкта │
│көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка│пайдаланууга тартканда, - │
│же болбосо бир жылдан үч жылга │жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик │
│чейинки мөөнөткө эркиндигин │көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка│
│чектөөгө же болбосо бир жылдан үч │же болбосо бир жылдан үч жылга │
│жылга чейинки мөөнөткө │чейинки мөөнөткө эркиндигин │
│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│чектөөгө же болбосо бир жылдан үч │
│(2) Ата-эне, педагог же ага мыйзам│жылга чейинки мөөнөткө │
│менен жашы жетпегенди тарбиялоо │эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│
│боюнча милдеттер жүктөлгөн башка │(2) Ата-эне, педагог же ага мыйзам│
│адам тарабынан жасалган ошол эле │менен жашы жетпегенди тарбиялоо │
│жосундар, - │боюнча милдеттер жүктөлгөн башка │
│үч жүздөн беш жүзгө чейинки │адам тарабынан жасалган ошол эле │
│эсептик көрсөткүчтөрдүн │жосундар, - │
│өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч │үч жүздөн беш жүзгө чейинки │
│жылга чейинки мөөнөткө белгилүү │эсептик көрсөткүчтөрдүн │
│кызматтарды ээлөө же белгилүү иш │өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч │
│жүргүзүү укугунан ажыратуу менен │жылга чейинки мөөнөткө белгилүү │
│же болбосо төрт жылга чейинки │кызматтарды ээлөө же белгилүү иш │
│мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │жүргүзүү укугунан ажыратуу менен │
│жазаланат. │же болбосо төрт жылга чейинки │
│(3) Ушул статьянын биринчи жана │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│экинчи бөлүгүндө каралган, │жазаланат. │
│зомбулукту колдонуу же аны │(3) Ушул статьянын биринчи жана │
│колдонуу коркунучу менен жасалган │экинчи бөлүгүндө каралган, │
│жосундар, - │зомбулукту колдонуу же аны │
│беш жылга чейинки мөөнөткө │колдонуу коркунучу менен жасалган │
│белгилүү кызматтарды ээлөө же │жосундар, - │
│белгилүү иш жүргүзүү укугунан │беш жылга чейинки мөөнөткө │
│ажыратуу менен же болбосо беш │белгилүү кызматтарды ээлөө же │
│жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин │белгилүү иш жүргүзүү укугунан │
│чектөөгө же болбосо беш жылга │ажыратуу менен же болбосо беш │
│чейинки мөөнөткө эркиндигинен │жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин │
│ажыратууга жазаланат. │чектөөгө же болбосо беш жылга │
│Эскертүү: Эгерде бул жосундар │чейинки мөөнөткө эркиндигинен │
│жашоонун булагынан ажыроонун же │ажыратууга жазаланат. │
│жашаган жеринин жоктугунан келип │Эскертүү: Эгерде бул жосундар │
│чыккан оор турмуштук жагдайларга │жашоонун булагынан ажыроонун же │
│туш болуунун айынан ата-энелер │жашаган жеринин жоктугунан келип │
│тарабынан жасалса, ушул статьянын │чыккан оор турмуштук жагдайларга │
│колдонулушу жашы жетпегенди │туш болуунун айынан ата-энелер 1 │
│селсаяктыкка тартуунун же болбосо │тарабынан жасалса, ушул статьянын │
│селсаяктыкта пайдалануунун │колдонулушу жашы жетпегенди │
│учурларына жайылтылбайт. │селсаяктыкка тартуунун же болбосо │
│ │селсаяктыкта пайдалануунун │
│ │учурларына жайылтылбайт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│260-статья. Сойкулук жасоого │260-статья. Сойкулук жасоого │
│ тартуу │ тартуу │
│ │ │
│(1) Күч колдонуу же күч колдоном │(1) Күч колдонуу же күч колдоном │
│деп коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок│деп коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок│
│кылуу же алдоо жолу менен сойкулук│кылуу же алдоо жолу менен сойкулук│
│жасоого тартуу, - │жасоого тартуу, - │
│беш жүздөн бир миңге чейинки │беш жүздөн бир миңге чейинки │
│эсептик көрсөткүчтөрдүн │эсептик көрсөткүчтөрдүн │
│өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир │өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир │
│жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө │жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө │
│эркиндигин чектөөгө, же болбосо │эркиндигин чектөөгө, же болбосо │
│бир жылдан үч жылга чейинки │бир жылдан үч жылга чейинки │
│мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│жазаланат. │жазаланат. │
│(2) Ошол эле жосундар уюшкан │(2) Ошол эле жосундар уюшкан │
│кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -│кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -│
│бир миңден он миңге чейинки │бир миңден он миңге чейинки │
│эсептик көрсөткүчтөрдүн │эсептик көрсөткүчтөрдүн │
│өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч │өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч │
│жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө │жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө │
│эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч│эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч│
│жылдан беш жылга чейин │жылдан беш жылга чейин │
│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│
│ │[(3) Ушундай эле жосундар жашы │
│ │жете электерди тартуу менен │
│ │жасалганда, - │
│ │беш жылдан он жылга чейинки │
│ │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│ │жазаланат. │
│ │(4) Ушундай эле жосундар жаш │
│ │кыз-баланы тартуу менен │
│ │жасалганда, - │
│ │он жылдан он беш жылга чейинки │
│ │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│ │жазаланат.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│261-статья. Сойкулук жасоо үчүн │261-статья. Сойкулук жасоо үчүн │
│ жайларды уюштуруу же │ жайларды уюштуруу же │
│ күтүү │ күтүү │
│ │ │
│(1) Башка адамдардын сойкулук │(1) Башка адамдардын сойкулук │
│жасоосун уюштурууга багытталган, │жасоосун уюштурууга багытталган, │
│ага тете эле сойкулук жасоо үчүн │ага тете эле сойкулук жасоо үчүн │
│жайларды күтүүгө багытталган │жайларды күтүүгө багытталган │
│жосундар же сойкулук жасоо үчүн │жосундар же сойкулук жасоо үчүн │
│жайларды туруктуу берүү, - │жайларды туруктуу берүү, - │
│беш жүздөн бир миңге чейинки │беш жүздөн бир миңге чейинки │
│эсептик көрсөткүчтөрдүн │эсептик көрсөткүчтөрдүн │
│өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш │өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш │
│жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин │жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин │
│чектөөгө, же болбосо мүлкүн │чектөөгө, же болбосо мүлкүн │
│конфискациялоо менен үч жылга │конфискациялоо менен үч жылга │
│чейинки мөөнөткө эркиндигинен │чейинки мөөнөткө эркиндигинен │
│ажыратууга жазаланат. │ажыратууга жазаланат. │
│(2) Ошол эле жосундар: │(2) Ошол эле жосундар: │
│1) өзүнүн кызмат абалын │1) өзүнүн кызмат абалын │
│пайдаланган адам тарабынан; │пайдаланган адам тарабынан; │
│2) зордук кылуу менен же аны │2) зордук кылуу менен же аны │
│колдоном деп коркутуу менен │колдоном деп коркутуу менен │
│жасалса, - │жасалса, - │
│эки миңден беш миңге чейинки │эки миңден беш миңге чейинки │
│эсептик көрсөткүчтөрдүн │эсептик көрсөткүчтөрдүн │
│өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга │өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга │
│чейинки мөөнөткө түзөтүү │чейинки мөөнөткө түзөтүү │
│жумуштарына, же болбосо үч жылдан │жумуштарына, же болбосо үч жылдан │
│беш жылга чейинки мөөнөткө │беш жылга чейинки мөөнөткө │
│эркиндигин чектөөгө, же болбосо │эркиндигин чектөөгө, же болбосо │
│мүлкүн конфискациялоо менен үч │мүлкүн конфискациялоо менен үч │
│жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө │жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө │
│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│
│(3) Ушул статьянын биринчи жана │[(3) Ушундай эле жосундар жашы │
│экинчи бөлүктөрүндө каралган │жете электерди тартуу менен │
│жосундар он төрт жашка чыга │жасалса, - мүлкүн конфискациялоо │
│электиги мурда белгилүү болгон │менен беш жылдан он жылга чейинки │
│адамдарды сойкулук жасоосу үчүн │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│пайдалануу менен жасалса, - │жазаланат. │
│мүлкүн конфискациялоо менен беш │(4) Ушундай эле жосундар жаш │
│жылдан он жылга чейинки мөөнөткө │кыз-баланы тартуу менен жасалса, -│
│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│мүлкүн конфискациялоо менен он │
│ │жылдан он беш жылга чейинки │
│ │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│ │жазаланат.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│262-1-статья. Порнографиялык │262-1-статья. Порнографиялык │
│ мүнөздөгү │ мүнөздөгү │
│ материалдарды же │ материалдарды же │
│ буюмдарды даярдоо │ буюмдарды даярдоо │
│ менен байланышкан, │ менен байланышкан, │
│ ошого тете │ ошого тете │
│ порнографиялык │ порнографиялык │
│ мүнөздөгү │ мүнөздөгү │
│ иш-чараларга катышуу│ иш-чараларга катышуу│
│ үчүн аткаруучу │ үчүн аткаруучу │
│ катары аракеттерге │ катары аракеттерге │
│ жашы жетпегенди │ жашы жетпегенди │
│ билип туруп тартуу │ тартуу │
│ │ │
│(1) Порнографиялык мүнөздөгү │(1) Порнографиялык мүнөздөгү │
│материалдарды же буюмдарды даярдоо│материалдарды же буюмдарды даярдоо│
│менен байланышкан, ошого тете │менен байланышкан, ошого тете │
│порнографиялык мүнөздөгү │порнографиялык мүнөздөгү │
│иш-чараларга катышуу үчүн │иш-чараларга катышуу үчүн │
│аткаруучу катары аракеттерге жашы │аткаруучу катары аракеттерге жашы │
│жетпегенди билип туруп тартуу, - │жетпегенди тартуу, - │
│эки жылга чейинки мөөнөткө │[беш жылдан сегиз] жылга чейинки │
│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│(2) күч колдонуп зомбулук кылуу же│жазаланат. │
│аны колдонуу коркунучу менен │(2) күч колдонуп зомбулук кылуу же│
│жасалган ошондой эле жосун, - │аны колдонуу коркунучу менен │
│эки жылдан үч жылга чейинки │жасалган ошондой эле жосун, - │
│мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │[сегиз жылдан он] жылга чейинки │
│жазаланат. │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│(3) Ушул статьянын биринчи │жазаланат. │
│бөлүгүндө каралган жосун: │(3) Ушул статьянын биринчи │
│1) ата-эне же ага мыйзам менен │бөлүгүндө каралган жосун: │
│жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча │1) ата-эне же ага мыйзам менен │
│милдеттер жүктөлгөн башка адам, │жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча │
│ошого тете ага мыйзам менен жашы │милдеттер жүктөлгөн башка адам, │
│жетпегендерге көзөмөлдү жүзөгө │ошого тете ага мыйзам менен жашы │
│ашыруу милдеттери жүктөлгөн │жетпегендерге көзөмөлдү жүзөгө │
│педагог же билим берүү, тарбиялоо,│ашыруу милдеттери жүктөлгөн │
│дарылоо же болбосо башка │педагог же билим берүү, тарбиялоо,│
│мекемелердин башка кызматкерлери │дарылоо же болбосо башка │
│тарабынан; │мекемелердин башка кызматкерлери │
│2) алдын ала бүтүм боюнча │тарабынан; │
│адамдардын тобу тарабынан; │2) алдын ала бүтүм боюнча │
│3) билип туруп жаш балага карата │адамдардын тобу тарабынан; │
│жасалганда, - │3) жаш балага карата жасалганда, -│
│беш жылга чейинки мөөнөткө │[сегизден он беш жылга чейинки │
│белгилүү кызматтарды ээлөө же │мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга │
│белгилүү иш жүргүзүү укугунан │жазаланат.] │
│ажыратуу менен же болбосо үч │ │
│жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө │ │
│эркиндигинен ажыратууга жазаланат.│ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|