Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомунун редакциясына ылайык)
2012-жылдын 17-августу № 573
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жол-жоболорун андан ары тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 28-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуладагы "жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 7-октябрындагы № 331 "Жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү жагында мамлекеттик саясат жөнүндө" Жарлыгын" деген сөздөр жана сандар алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибинде:
- 1.2-пункттун биринчи сүйлөмү "белгиленген формага ылайык" деген сөздөрдөн кийин "жеке адамдар бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча алып келүүчү товарларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын.
- 1.3-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"ТЭИ ТН боюнча товардык позициялардын коддору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүсү жөнүндө нускаманын 3 жана 3-1-тиркемесинде көрсөтүлгөн, жеке жактар тарабынан жеке пайдалануу үчүн, ошондой эле өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иштер үчүн алып келинген продукциялар, буга ТЭИ ТН боюнча төмөнкү товардык позициялардагы товарлар кирбейт: 6108 11 000 0; 6108 19 000 0; 6108 21 000 0; 6108 22 000 0; 6108 29 000 0; 6108 31 000 0; 6108 32 000 0; 6108 39 000 0; 6108 91 000 0; 6108 92 000 0; 6108 99 000 0; 6111 20 100 0; 6111 20 900 0; 6111 30 100 0; 6111 30 900 0; 6111 90 100 0; 6111 90 900 0; 6115 94 000 0; 6115 95 000 0; 6115 99 000 0; 6207 11 000 0; 6207 19 000 0; 6207 21 000 0; 6207 29 000 0; 6207 91 000 0; 6207 99 000 0; 6208 11 000 0; 6208 19 000 0; 6208 21 000 0; 6208 22 000 0; 6208 29 000 0; 6208 91 000 0; 6208 92 000 0; 6208 99 000 0; 6209 20 000 0; 6209 30 000 0; 6209 90 000 0; 6403 51 110 1; 6403 51 110 9; 6403 51 910 1; 6403 51 910 9; 6403 59 310 1; 6403 59 310 9; 6403 59 910 1; 6403 59 910 9; 6403 91 110 1; 6403 91 110 9; 6403 91 910 1; 6403 91 910 9; 6403 99 310 1; 6403 99 310 9; 6403 99 910 1; 6403 99 910 9.".
2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
| "Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүсү жөнүндө нускамага 3-тиркеме
|
┌────────┬────────────────┬────────────────┬──────────────────────────┐
│Товардын│ Жерде жүрүүчү │ Аба транспорту │Бажылык тариздөөнүн ар бир│
│ коду │транспорт менен │ менен алып │ жол-жобосу үчүн бажылык │
│ │ алып келүүдө 1 │ келүүдө 1 кг │ тариздөөгө бажылык │
│ │кг (даана) үчүн │ (даана) үчүн │ жыйымдардын ставкасы │
│ │бажылык алымдын │бажылык алымдын ├────────┬────────┬────────┤
│ │ жана салыктын │ жана салыктын │1000 кг │1000 кг │5000 кг │
│ │ бирдиктүү │ бирдиктүү │ чейин │жогору, │ жогору │
│ │ ставкасы │ ставкасы │ │бирок │ │
│ │(товардын чыккан│(товардын чыккан│ │5000 кг │ │
│ │ өлкөсүнө │ өлкөсүнө │ │көп эмес│ │
│ │ карабастан) │ карабастан)) │ │ │ │
├────────┼────────────────┼────────────────┼────────┼────────┼────────┤
│41-42, │1 кг үчүн 0,35 │1 кг үчүн 1,0 │2 │6 │10 │
│50-56, │АКШ доллары │АКШ доллары │эсептик │эсептик │эсептик │
│58-65, │ │ │көрсөт- │көрсөт- │көрсөт- │
│67 │ │ │күч │күч │күч │
│топтор │ │ │ │ │ │
└────────┴────────────────┴────────────────┴────────┴────────┴────────┘".
2-тиркеме
"5.1-таблица
ТПОнун маалыматтык номери ____________ Бажылык тариздөө боюнча адистин
жеке штампы
М.О. __________________________
Датасы ________________________
Колу __________________________
┌────┬────┬────────┬───────┬─────────┬─────────┬────────┬──────┬──────┐
│То- │То- │Товардын│Салмагы│Статисти-│Товардын │Кошумча │Бир- │Чыгар-│
│вар-│вар-│ аталышы│Брутго.│ калык │саны │ бирдик │диктүү│ган │
│дын │дын │ │Нетто. │ наркы │(кошумча │ │ставка│өлкө │
│ № │коду│ │ │ (АКШ │бирдик) │ │(сом) │ │
│ │ │ │ │ доллары │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ менен) │ │ │ │ │
└────┴────┴────────┴───────┴─────────┴─────────┴────────┴──────┴──────┘
Бажы органынын кызмат адамынын жеке номерлүү мөөрү
Ж.Н.М. _____________ Датасы ___________ Колу _______________".