Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-августу № 574
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж, № 11, 678-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын киришмеси төмөнкү редакцияда берилсин:
"1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам мугалимдин ишине байланышкан мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, укуктук, социалдык-зкономикалык мамилелерди жөнгө салат жана мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин укуктук абалын сапаттуу жакшыртууну камсыз кылган шарттарды түзүүгө, аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган."
2. 1-1-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"1-1-берене. Мугалимдин статусу
Мугалим - зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ, мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында иштеген, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу адам.
Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт.".
3. 2-берененин:
1) 1-бөлүгүндөгү "жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
4. 4-берененин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- окуучуларды жыныс белгиси, расасы, тили, майыптыгы, этникалык теги, диний ишеними, жаш курагы, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча түздөн-түз, тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө же артыкчылыктарды берүүгө жол бербөө;".
5. 5-берененин:
1) 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мыйзамда аныкталган зарыл билими жана тиешелүү педагогикалык квалификациясы бар адамдар педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу.";
2) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 2-бөлүгүнүн тогузунчу абзацындагы "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 6-берененин 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин;
"Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана ишин көзөмөлдөө тартиби билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан аныкталат.".
7. 7-берененин:
1) 1-бөлүгүндөгү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "мыйзамдарда" деген сөзгө алмаштырылсын:
2) 4-бөлүгүндөгү "Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 13-бөлүгү күчүн жоготуу деп табылсын;
4) 14-бөлүгүндөгү "Мектептерде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 16-бөлүгүндөгү "Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 8-берененин 2-бөлүгүндөгү "башкаруу жана" деген сөздөр алып салынсын.
9. 9-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мугалимдин иш күнүнүн жана иш жумасынын узактыгы мыйзамда аныктатат.".
10. 12-беренедеги "мектептердеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 13-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"13-берене. Сыйлануу укугу
Өсүп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мугалим билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктарына жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.".
12. 17-берененин 2-бөлүгүндөгү "билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 18-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекет мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын бардык типтеги мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүнүн кепилдигин алат.
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий булакка жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында иштелип чыккан.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 12-беренесине ылайык мыйзамдын киришмесине ченемдик көрсөтмөлөрдү киргизүүгө жол берилбей тургандыгын эске алуу менен, "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдын аны жөнгө салуу предметин аныктаган киришмесин өзүнчө берене катары жол-жоболоштуруу сунушталууда.
Ошондой эле Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча бирдей атоолорду колдонуу максатында билим берүү уюмдарынын аталыштары "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамдын 12-беренесине ылайык келтирилүүдө, ага ылайык билим берүү уюмдарынын катарына мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары кирет.
Ошондой эле "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесинде мыйзамда аныкталган зарыл билимге жана тиешелүү педагогикалык квалификацияга ээ адамдар педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу деп көрсөтүлгөндүктөн, "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамындагы ички карама-каршылыктарды жоюу максатында анын 2-беренесинин 2-бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу сунуш кылынат.
Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 4-беренеси Конституциянын 16-беренесине ылайык келтирилүүдө, ага ылайык эч кимди жыныс белгиси, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол берилбейт.
Буга кошумча "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамды "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталууда, ага ылайык министрликтер жана ведомстволор ченемдик укуктук актыларды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктарын жоготуп олтурушат.
Мындан тышкары балдар жөнүндө кодекстин жоболорун жүзөгө ашыруу максатында Мыйзам долбоору аркылуу "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесине "жашы жете электер" түшүнүгүн "балдар" түшүнүгүнө алмаштыруу жаатында өзгөртүү киргизүү сунуш кылынууда.
Ошондой эле мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоодо мамлекеттик органдардын аталышы улам өзгөрүүгө дуушар болуп жаткандыгына байланыштуу "иштин тиешелүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жалпыланган атоосун пайдалануу сунушталат.
Ошондой эле "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамда коомдук мамилелердин тиешелүү тармагын жөнгө салган башка мыйзамдардын ченемдери, жоболору кайталанып жүргөндүгүн белгилөө абзел. Ушундан улам "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдын 7-беренесинин 13-бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу сунушталууда, анткени анда козголгон маселе Жер кодекси аркылуу чечилет.
Мындан тышкары "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамда мугалимдин иш күнүнүн жана иш жумалыгынын узактыгы маселелери регламенттештирилбегендиктен "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдын 9-беренесине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө.
Ошону менен бирге көрсөтүлгөн долбоорду коомдук талкуулоонун жүрүшүндө эч кандай сунуштардын жана сын-пикирлердин келип түшпөгөндүгүн белгилейбиз.
Ошондой эле, ушул долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбей тургандыгын айта кетүүгө болот.
Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзам долбоорундагы ченемдер колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилей кетебиз.
Ал эми ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын кошумча билдире кетмекчибиз.
Министр | А.Шыкмаматов |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Иштеп жаткан баяндамасы │ Сунушталган баяндамасы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[Ушул Мыйзам мамлекеттик саясаттын│[1-статья. Ушул Мыйзамды жөнгө │
│принциптерин аныктайт, мугалимдин │ салуу предмети │
│иши менен байланышкан укуктук, │ │
│социалдык-экономикалык мамилелерди│Ушул Мыйзам мугалимдин ишине │
│жөнгө салат жана жалпы орто, │байланышкан мамлекеттик саясаттын │
│мектепке чейинки жана мектептен │принциптерин аныктайт, укуктук, │
│тышкаркы билим берүү мекемелеринин│социалдык-экономикалык мамилелерди│
│мугалимдеринин укуктук абалын │жөнгө салат жана мектепке чейинки │
│сапаттык жактан жакшыртууну камсыз│билим берүү, жалпы билим берүү, │
│кылуучу шарттарды түзүп берүүгө, │мектептен тышкары билим берүү, │
│аларды социалдык жактан коргоо │атайын билим берүү уюмдарынын, │
│кепилдиктерин ишке ашырууга │балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча│
│багытталган.] │билим берүү уюмдарынын │
│ │мугалимдеринин укуктук абалын │
│ │сапаттуу жакшыртууну камсыз кылган│
│ │шарттарды түзүүгө, алардын │
│ │социалдык корголушунун │
│ │кепилдиктерин жүзөгө ашырууга │
│ │багытталган.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[1-статья. Мугалимдин статусунун │[1-1-статья. Мугалимдин статусу │
│ мазмуну │ │
│ │Мугалим - зарыл кесиптик билимге │
│Мугалим - зарыл кесиптик билимге │жана тиешелүү квалификацияга ээ │
│жана тиешелүү квалификацияга ээ, │мектепке чейинки билим берүү, │
│жалпы орто мектепке чейинки жана │жалпы билим берүү, мектептен │
│мектептен тышкаркы билим берүү │тышкаркы билим берүү, атайын билим│
│мекемелеринде иштеп жаткан, │берүү уюмдарында, балдарга жана │
│окутуу, илимий, усулдук, │өспүрүмдөргө кошумча билим берүү │
│тарбиялык, уюштуруучулук жана │уюмдарында иштеген, окуу, илимий, │
│жетекчилик иштерди аткаруучу киши.│усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук │
│Педагогдук иштин шарттары жана │жана жетекчилик ишин аткарган адам│
│мүнөзү мугалимдин статусунун │Педагогдук иштин шарттары жана │
│мазмунун аныктайт, ал мугалимдин │мүнөзү мугалимдин статусунун │
│укуктарын, милдеттерин жана │мазмунун аныктайт, ал өзүндө │
│жоопкерчилигин, ошондой эле аларды│мугалимдин укуктарын, милдеттерин │
│ишке ашыруунун кепилдиктерин │жана жоопкерчилигин, ошондой эле │
│камтыйт. Мугалим Кыргыз │аларды ишке ашыруунун │
│Республикасынын Конституциясында │кепилдиктерин камтыйт.] │
│белгиленген бардык укуктардан жана│ │
│эркиндиктерден пайдаланат.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2-статья. Мугалимдик статуска ээ │2-статья. Мугалимдик статуска ээ │
│ болгондор │ болгондор │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын жана башка │Кыргыз Республикасынын жана башка │
│ар кандай өлкөнүн зарыл болгон │ар кандай өлкөнүн зарыл болгон │
│педагогикалык билимге жана │педагогикалык билимге жана │
│тиешелүү квалификацияга ээ болгон,│тиешелүү квалификацияга ээ болгон,│
│ар түрдүү типтеги жана менчиктин │ар түрдүү типтеги жана менчиктин │
│түрүндөгү, окутуу, илимий, │түрүндөгү, окутуу, илимий, │
│усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук │усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук │
│жана жетекчилик иштерди аткаруучу │жана жетекчилик иштерди аткаруучу │
│[жалпы орто, мектепке чейинки жана│мектепке чейинки [билим берүү, │
│мектептен тышкаркы билим берүү │жалпы билим берүү, мектептен │
│мекемелеринде] иштеген жарандары │тышкаркы билим берүү, атайын билим│
│мугалимдик статуска ээ. │берүү уюмдары, балдарга жана │
│[Педагогикалык билими жана │өспүрүмдөргө кошумча билим берүү │
│квалификациясы жокторго │уюмдары иштеген] жарандары │
│квалификацияны жогорулатуучу │мугалимдик статуска ээ. │
│тийиштүү кайра даярдыктан жана │[Күчүн жоготту деп табылсын.] │
│аттестациядан өткөндөн кийин │ │
│мектептердин, мектепке чейинки │ │
│жана мектептен тышкары билим берүү│ │
│мекемелеринин педагогикалык │ │
│кеңешинин чечими боюнча педагогдук│ │
│иш жүргүзүү укугу берилет.] │ │
│Квалификациясынын жетишсиздигине │Квалификациясынын жетишсиздигине │
│жана окуу-тарбия ишинин │жана окуу-тарбия ишинин │
│принциптерине сыйбаган адепсиз │принциптерине сыйбаган адепсиз │
│аракеттерине байланыштуу мугалимди│аракеттерине байланыштуу мугалимди│
│статусунан ажыратуу Кыргыз │статусунан ажыратуу Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарына │Республикасынын мыйзамдарына │
│ылайык жүргүзүлөт. │ылайык жүргүзүлөт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4-статья. Мугалимдин педагогдук │4-статья. Мугалимдин педагогдук │
│ ишинин принциптери │ ишинин принциптери │
│ │ │
│Мугалимдин ишинин негизги │Мугалимдин ишинин негизги │
│принциптери: │принциптери: │
│- окуучуну окутууга, тарбиялоого, │- окуучуну окутууга, тарбиялоого, │
│өнүктүрүүгө жекече багытталган │өнүктүрүүгө жекече багытталган │
│мамиле; │мамиле; │
│- окуучунун укуктарын жана │- окуучунун укуктарын жана │
│эркиндиктерин, улуттук-маданий │эркиндиктерин, улуттук-маданий │
│каада-салттарга урмат көрсөтүүнү │каада-салттарга урмат көрсөтүүнү │
│камсыз кылган окутуунун жана │камсыз кылган окутуунун жана │
│тарбиялоонун гумандуулук мүнөзү; │тарбиялоонун гумандуулук мүнөзү; │
│- жалпы адамзатка таандык моралдык│- жалпы адамзатка таандык моралдык│
│принциптерди жана адеп-ахлактык │принциптерди жана адеп-ахлактык │
│дөөлөттөрү жактоо; │дөөлөттөрү жактоо; │
│[- окуучуларга алардын жынысы, │[- окуучуларды жыныс белгиси, │
│этникалык теги, тили, тек жайы, │расасы, тили, майыптыгы, этникалык│
│диний ынанымы боюнча түздөн-түз же│таандыктыгы, диний ишеними, жаш │
│жекече же коомдук мүнөздөгү │курагы, теги, мүлктүк жана башка │
│кандайдыр бир башка шарттар жана │абалы, ошондой эле башка жагдайлар│
│жагдайлар боюнча түздөн-түз │боюнча түздөн-түз, тымызын жана │
│тымызын жана (же) кыйыр │(же) кыйыр басмырлоого, укуктарын │
│басмырлоого, укуктарын чектөөгө │чектөөгө же артыкчылыктарды │
│жана артыкчылык берүүгө жол │берүүгө жол бербөө;] │
│бербөө;] │- окуучуларды мекенди сүйүү, │
│- окуучуларды мекенди сүйүү, │жогорку жарандуулук, эл достугунун│
│жогорку жарандуулук, эл достугунун│духунда тарбиялоо; │
│духунда тарбиялоо; │- билим берүүнүн жолун │
│- билим берүүнүн жолун │жолдоочулугу; │
│жолдоочулугу; │- педагогикалык иштин уюштуруу │
│- педагогикалык иштин уюштуруу │усулдардын жана формаларын эркин │
│усулдардын жана формаларын эркин │тандап алуу; │
│тандап алуу; │- окутуу жана тарбия берүү │
│- окутуу жана тарбия берүү │принциптеринин биримдиги; │
│принциптеринин биримдиги; │- илимдин, техниканын жана │
│- илимдин, техниканын жана │маданияттын эн жетишкендиктеринин │
│маданияттын эң жетишкендиктеринин │негизинде өз билимин өркүндөтүү; │
│негизинде өз билимин өркүндөтүү; │- окуучулар жана алардын │
│- окуучулар жана алардын │үй-бүлөлөрү менен тыгыз байланыш; │
│үй-бүлөлөрү менен тыгыз байланыш; │- балдар жана жаштар бирикмелери, │
│- балдар жана жаштар бирикмелери, │эмгек жамааттары, ошондой эле иши │
│эмгек жамааттары, ошондой эле иши │Кыргыз Республикасынын │
│Кыргыз Республикасынын │мыйзамдарында тыюу салынбаган бул │
│мыйзамдарында тыюу салынбаган бул │ишке таламдаш мамлекеттик жана │
│ишке таламдаш мамлекеттик жана │мамлекеттик эмес уюмдар │
│мамлекеттик эмес уюмдар м │кызматташтык болуп саналат. │
│кызматташтык болуп саналат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│5-статья. Мугалимдин кесиптик │5-статья. Мугалимдин кесиптик │
│ ишиндеги укуктары │ ишиндеги укуктары │
│ │ │
│[Мыйзамда аныкталган зарыл билими │Мыйзамда аныкталган зарыл билимге │
│жана тийиштүү педагогикалык │жана тиешелүү педагогикалык │
│квалификациясы бар адамдар │квалификацияга ээ адамдар │
│улутуна, жынысына, тилине, │педагогикалык иш жүргүзүүгө │
│социалдык тегине жана туткан │укуктуу. │
│динине карабастан, педагогикалык │Мугалим: │
│иш жүргүзүүгө укуктуу.] │- мамлекеттик билим берүү │
│Мугалим: │стандарттарына ылайык келген жана │
│- мамлекеттик билим берүү │Өкмөт бекиткен окуу │
│стандарттарына ылайык келген жана │программаларын, окутуу формаларын │
│[билим берүүнү мамлекеттик │жана усулдарын, окуу китептерин │
│башкаруунун борбордук органы] │жана окуу куралдарын эркин тандап │
│бекиткен окуу программаларын, │алууга; │
│окутуу формаларын жана усулдарын, │- жаңы автордук программаларды, │
│окуу китептерин жана окуу │окуу китептерин жана окуу │
│куралдарын эркин тандап алууга; │куралдарын иштеп чыгууга │
│- жаны автордук программаларды, │катышууга; │
│окуу китептерин жана окуу │- новатордук усулдарды жана │
│куралдарын иштеп чыгууга │ыкмаларды түзүүгө жана │
│катышууга; │пайдаланууга, илимий-педагогикалык│
│- новатордук усулдарды жана │эксперимент жүргүзүүгө, алдынкы │
│ыкмаларды түзүүгө жана │педагогикалык тажрыйбаны ишке │
│пайдаланууга, илимий-педагогикалык│ашырууга; │
│эксперимент жүргүзүүгө, алдыңкы │- педагогикалык иште новатордук │
│педагогикалык тажрыйбаны ишке │усулдарды жана ыкмаларды │
│ашырууга; │түзгөндүгү жана жайылткандыгы үчүн│
│- педагогикалык иште новатордук │сыйланууга; │
│усулдарды жана ыкмаларды │- Республикасынын мыйзамдарында │
│түзгөндүгү жана жайылткандыгы үчүн│белгиленген тартипте жекече │
│сыйланууга; │педагогдук иш жүргүзүүгө; │
│- Кыргыз Республикасынын │- категорияны жогорулатуу │
│мыйзамдарында белгиленген тартипте│максатында мөөнөтүнөн мурда │
│жекече педагогдук иш жүргүзүүгө; │аттестацияланууга; │
│- категорияны жогорулатуу │- белгиленген тартипте беш жылда │
│максатында мөөнөтүнөн мурда │бир жолудан кем эмес │
│аттестацияланууга; │квалификациясын жогорулатып │
│- белгиленген тартипте беш жылда │турууга; │
│бир жолудан кем эмес │- [балдар] укуктарын жана │
│квалификациясын жогорулатып │кызыкчылыктарын коргоого укуктуу. │
│турууга; │Мугалим Кыргыз Республикасынын │
│[- жашы жетпегендердин] укуктарын │Эмгек кодексинде жана Кыргыз │
│жана кызыкчылыктарын коргоого │Республикасынын мыйзамдарында │
│укуктуу. │белгиленген ченемдерге ылайык өз │
│Мугалим Кыргыз Республикасынын │ишин башка иш менен айкалыштырып │
│Эмгек кодексин жана Кыргыз │иштөө укугунан пайдалана алат. │
│Республикасынын мыйзамдарында │Мугалим мектепти башкарууга │
│белгиленген ченемдерге ылайык өз │катышууга укуктуу. │
│ишин башка иш менен айкалыштырып │Мугалимдин кызмат абалынын │
│иштөө укугунан пайдалана алат. │туруктуулугу ал мектепте билим │
│Мугалим мектепти башкарууга │берүү тутумун уюштуруу толук же │
│катышууга укуктуу. │жарым-жартылай өзгөртүлгөн учурда │
│Мугалимдин кызмат абалынын │да кепилдикке алынат. │
│туруктуулугу ал мектепте билим │ │
│берүү тутумун уюштуруу толук же │ │
│жарым-жартылай өзгөртүлгөн учурда │ │
│да кепилдикке алынат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6-статья. Мугалимдин ар-намысын │6-статья. Мугалимдин ар-намысын │
│ жана кадыр-баркын │ жана кадыр-баркын коргоо│
│ коргоо │ │
│ │Кыргыз Республикасынын же башка │
│Кыргыз Республикасынын же башка │өлкөнүн жараны катары, мугалимдин │
│өлкөнүн жараны катары, мугалимдин │ар-намысын жана кадыр-баркын │
│ар-намысын жана кадыр-баркын │коргоо кепилдикке алынат. │
│коргоо кепилдикке алынат. │Мугалимдин кесиптик ишмердигин │
│Мугалимдин кесиптик ишмердигин │ииспекциялоо жана контролдоо │
│инспекциялоо жана контролдоо │тутуму анын эркин чыгармачылык │
│тутуму анын эркин чыгармачылык │демилгесине чектөө киргизбөөгө │
│демилгесине чектөө киргизбөөгө │тийиш. Аттестациянын жүрүшүндө │
│тийиш. Аттестациянын жүрүшүндө │жана башка учурларда мугалимдин │
│жана башка учурларда мугалимдин │ишине баа берүү калыстык менен │
│ишине баа берүү калыстык менен │жүргүзүлүүгө жана мугалимдин өзүнө│
│жүргүзүлүүгө жана мугалимдин өзүнө│маалымдалууга тийиш. │
│маалымдалууга тийиш. │[Мугалимди аттестациялоо, │
│[Мугалимдин ишин аттестациялоо, │инспекциялоо жана ишин көзөмөлдөө │
│инспекциялоо жана контролдоо │тартиби билим берүү тармагындагы │
│тартиби билим берүүнүн мамлекеттик│ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган │
│башкаруу борбордук органы иштеп │тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт│
│чыккан жана бекиткен жоболор менен│тарабынан аныкталат.] │
│жөнгө салынат.] │Жалпы билим берүүчү мектептердин, │
│Жалпы билим берүүчү мектептердин, │мектепке чейинки жана мектептен │
│мектепке чейинки жана мектептен │тышкаркы билим берүү мекемелеринин│
│тышкаркы билим берүү мекемелеринин│мугалимдерин, алардын кесиптик │
│мугалимдерин, алардын кесиптик │ишине байланышпаган айыл чарба │
│ишине байланышпаган айыл чарба │жана башка жумуштарга тартууга жол│
│жана башка жумуштарга тартууга жол│берилбейт. │
│берилбейт. │Окуучулардын ата-энелери, өзүнүн │
│Окуучулардын ата-энелери, өзүнүн │мүнөзү боюнча мугалимдин кесиптик │
│мүнөзү боюнча мугалимдин кесиптик │милдетине кирген маселелерге │
│милдетине кирген маселелерге │жүйөөсүз кийлигишүүгө укуксуз. │
│жүйөөсүз кийлигишүүгө укуксуз. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7-статья. Материалдык жактан │7-статья. Материалдык жактан │
│ камсыз болуу укугу │ камсыз болуу укугу │
│ │ │
│Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү │Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү │
│["Билим берүү жөнүндө" Кыргыз │["Билим берүү жөнүндө" Кыргыз │
│Республикасынын Мыйзамында] │Республикасынын Мыйзамында] │
│аныкталган тартипте белгиленет. │аныкталган тартипте белгиленет. │
│Мугалимдин кызмат акысы финансы │Мугалимдин кызмат акысы финансы │
│жылына (12 ай) эсептелет. │жылына (12 ай) эсептелет. │
│Жергиликтүү башкаруу жана өз │Жергиликтүү башкаруу жана өз │
│алдынча башкаруу органдары │алдынча башкаруу органдары │
│жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар │жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар │
│бир категориянын чегинде │бир категориянын чегинде │
│мугалимдердин кызмат акысына │мугалимдердин кызмат акысына │
│кошумчаларды белгилеши мүмкүн. │кошумчаларды белгилеши мүмкүн. │
│[Мектептер, мектепке чейинки жана │[Мектептер, мектепке чейинки жана │
│мектептен тышкаркы билим берүү │мектептен тышкаркы билим берүү │
│уюмдары] камкорчулук кеңеши менен │уюмдары] камкорчулук кеңеши менен │
│макулдашуу боюнча жана Кыргыз │макулдашуу боюнча жана Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарына │Республикасынын мыйзамдарына │
│ылайык өздүк, демөөрчүлүк │ылайык өздүк, демөөрчүлүк │
│каражаттардан педагог │каражаттардан педагог │
│кызматкерлерине кошумча жана кошуп│кызматкерлерине кошумча жана кошуп│
│төлөөнү өз алдынча белгилей алат. │төлөөнү өз алдынча белгилей алат. │
│ │ │
│(Бешинчи бөлүк КР 2011-жылдын │(Бешинчи бөлүк КР 2011-жылдын │
│8-августундагы № 150 Мыйзамына │8-августундагы № 150 Мыйзамына │
│ылайык күчүн жоготту) │ылайык күчүн жоготту) │
│Мугалимдин стандарттык ченемден │Мугалимдин стандарттык ченемден │
│(ставкадан) ашкан окуу-тарбия │(ставкадан) ашкан окуу-тарбия │
│ишине акы төлөнөт. │ишине акы төлөнөт. │
│(Жетинчи бөлүк КР 2011-жылдын │(Жетинчи бөлүк КР 2011-жылдын │
│8-августундагы № 150 Мыйзамына │8-августундагы № 150 Мыйзамына │
│ылайык күчүн жоготту) │ылайык күчүн жоготту) │
│(Сегизинчи бөлүк КР 2011-жылдын │(Сегизинчи бөлүк КР 2011-жылдын │
│8-августундагы № 150 Мыйзамына │8-августундагы № 150 Мыйзамына │
│ылайык күчүн жоготту) │ылайык күчүн жоготту) │
│(Тогузунчу бөлүк КР 2011-жылдын │(Тогузунчу бөлүк КР 2011-жылдын │
│8-августундагы № 150 Мыйзамына │8-августундагы № 150 Мыйзамына │
│ылайык күчүн жоготту) │ылайык күчүн жоготту) │
│Мамлекет мектептердин │Мамлекет мектептердин │
│мугалимдерине жана жетекчилерине │мугалимдерине жана жетекчилерине │
│республикалык жана жергиликтүү │республикалык жана жергиликтүү │
│бюджеттерден айлык акыны жыл │бюджеттерден айлык акыны жыл │
│ичинде толук көлөмдө өз убагында │ичинде толук көлөмдө өз убагында │
│төлөп берүүнү камсыз кылат. │төлөп берүүнү камсыз кылат. │
│Мугалимдердин айлык акысы өз │Мугалимдердин айлык акысы өз │
│убагында төлөнбөгөн учурда, аны │убагында төлөнбөгөн учурда, аны │
│төлөп берүү "Эмгек акыны, │төлөп берүү "Эмгек акыны, │
│пенсияларды, пособиелерди жана │пенсияларды, пособиелерди жана │
│башка социалдык төлөөлөрдү өз │башка социалдык төлөөлөрдү өз │
│убагында берүүнү камсыз кылуу │убагында берүүнү камсыз кылуу │
│жөнүндө" Кыргыз Республикасынын │жөнүндө" Кыргыз Республикасынын │
│Мыйзамына ылайык индексациялоо │Мыйзамына ылайык индексациялоо │
│менен жүргүзүлөт. │менен жүргүзүлөт. │
│Бийик тоолуу жана алыскы айылдык │Бийик тоолуу жана алыскы айылдык │
│райондордо иштеген мугалимдерге │райондордо иштеген мугалимдерге │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│белгилеген тартипте жеңилдиктер │белгилеген тартипте жеңилдиктер │
│жана айлык акысына кошумча │жана айлык акысына кошумча │
│төлөөлөр каралат. │төлөөлөр каралат. │
│[Турак жай аянты менен камсыз │[Турак жай аянты менен камсыз │
│кылынбагандарга же турак жай │кылынбагандарга же турак жай │
│шарттарын жакшыртууга муктаж │шарттарын жакшыртууга муктаж │
│болгондорго жергиликтүү │болгондорго жергиликтүү │
│мамлекеттик администрациялар жана │мамлекеттик администрациялар жана │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруу │жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│органдары тарабынан турак жай │органдары тарабынан турак жай │
│куруу үчүн жер участоктору │куруу үчүн жер участоктору │
│берилет.] │берилет.] │
│[Мектептерде, мектепке чейинки │[Мектептерде, мектепке чейинки │
│жана мектептен тышкаркы билим │жана мектептен тышкаркы билим │
│берүү мекемелеринде] иштеген │берүү мекемелеринде] иштеген │
│илимдин кандидаты же докторунун │илимдин кандидаты же докторунун │
│окумуштуулук даражасы бар │окумуштуулук даражасы бар │
│мугалимдерге Кыргыз │мугалимдерге Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарына │Республикасынын мыйзамдарына │
│ылайык кошумча акы белгиленет. │ылайык кошумча акы белгиленет. │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарында каралбаган │мыйзамдарында каралбаган │
│мугалимдин айлыгынан кармап │мугалимдин айлыгынан кармап │
│калууларга тыюу салынат. │калууларга тыюу салынат. │
│[Мектептер, мектепке чейинки жана │[Мектептер, мектепке чейинки жана │
│мектептен тышкаркы билим берүү │мектептен тышкаркы билим берүү │
│уюмдары] окуучулардын тандоосу │уюмдары] окуучулардын тандоосу │
│боюнча факультативдик сабактарды, │боюнча факультативдик сабактарды, │
│курстарды өткөрүүгө, ийримдерди, │курстарды өткөрүүгө, ийримдерди, │
│клубдарды, илимий студияларды, │клубдарды, илимий студияларды, │
│спорттук жана башка бирикмелерди │спорттук жана башка бирикмелерди │
│уюштурууга, лекцияларга акы төлөп │уюштурууга, лекцияларга акы төлөп │
│берүүгө каражат бөлүүгө укуктуу. │берүүгө каражат бөлүүгө укуктуу. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│8-статья. Социалдык жактан камсыз │8-статья. Социалдык жактан камсыз │
│ болуу укугу │ болуу укугу │
│ │ │
│Мамлекет мугалимди анын │Мамлекет мугалимди анын │
│репродуктивдик функциясына │репродуктивдик функциясына │
│байланышкан эмгектик, │байланышкан эмгектик, │
│турмуш-тиричиликтик жана социалдык│турмуш-тиричиликтик жана социалдык│
│жеңилдик шарттары менен камсыз │жеңилдик шарттары менен камсыз │
│кылат. │кылат. │
│Жергиликтүү [башкаруу] жана өз │Жергиликтүү жана өз алдынча │
│алдынча башкаруу органдары │башкаруу органдары жергиликтүү │
│жергиликтүү бюджеттин │бюджеттин каражаттарынын эсебинен │
│каражаттарынын эсебинен жаш │жаш адистерге турак жай аянтын │
│адистерге турак жай аянтын күтүү │күтүү жана коммуналдык тейлөө │
│жана коммуналдык тейлөө боюнча │боюнча эксплуатациялык чыгымдарын │
│эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө│төлөөдө жеңилдиктерди же жекече │
│жеңилдиктерди же жекече турак жай │турак жай курулушуна процентсиз │
│курулушуна процентсиз ссудаларды │ссудаларды бере алат. │
│бере алат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9-статья. Эс алуу укугу │9-статья. Эс алуу укугу │
│ │ │
│Мугалимдин эс алуу укугу окуу │Мугалимдин эс алуу укугу окуу │
│сааттарын сарамжал пландаштыруу, │сааттарын сарамжал пландаштыруу, │
│жумалык эс алуу берүү, ошондой эле│жумалык эс алуу берүү, ошондой эле│
│мыйзамдарда каралгандай жыл сайын │мыйзамдарда каралгандай жыл сайын │
│төлөнүүчү өргүүлөргө чыгаруу менен│төлөнүүчү өргүүлөргө чыгаруу менен│
│камсыз кылынат. │камсыз кылынат. │
│[Мугалимдин жумуш күнүнүн жана │[Мугалимдин иш күнүнүн жана иш │
│жумуш жумасынын узактыгы Кыргыз │жумалыгынын узактыгы мыйзамдар │
│Республикасынын "Билим берүү │аркылуу аныкталат.] │
│жөнүндө" Мыйзамында каралган │ │
│чектерде белгиленет.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│12-статья. Жогорку кесиптик жана │12-статья. Жогорку кесиптик жана │
│ орто кесиптик билим │ орто кесиптик билим │
│ берүү окуу жайларынын │ берүү окуу жаштарынын │
│ педагогикалык │ педагогикалык │
│ факультеттерин │ факультеттерин │
│ бүтүрүүчүлөрдү чыныгы │ бүтүрүүчүлөрдү чыныгы │
│ аскер кызматына │ аскер кызматына │
│ чакырууну кийинкиге │ чакырууну кийинкиге │
│ калтыруу укугу │ калтыруу укугу │
│ │ │
│Айыл жерлерине иштөөгө жиберилген │Айыл жерлерине иштөөгө жиберилген │
│жогорку кесиптик жана орто │жогорку кесиптик жана орто │
│кесиптик билим берүү окуу │кесиптик билим берүү окуу │
│жайларынын педагогикалык │жайларынын педагогикалык │
│факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө │факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө │
│айыл жерлериндеги [мектептердеги, │айыл жерлериндеги [мектепке │
│мектепке чейинки жана мектептен │чейинки билим берүү, жалпы билим │
│тышкаркы билим берүү │берүү, мектептен тышкаркы билим │
│мекемелеринде] иштеген эмгектик │берүү уюмдарында,] балдарга жана │
│ишинин бүткүл мезгилинде чыныгы │өспүрүмдөргө кошумча билим берүү │
│аскер кызматына чакыруу кийинкиге │уюмдарында иштеген эмгектик ишинин│
│калтырылат. │бүткүл мезгилинде чыныгы аскер │
│ │кызматына чакыруу кийинкиге │
│ │калтырылат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[13-статья. Сыйлануу укугу │[13-берене. Сыйлануу укугу │
│ │ │
│Жаш муундарды окутууда жана │Өсүп келе аткан муундарды окутууда│
│тарбиялоодо жогорку натыйжаларга │жана тарбиялоодо жогорку │
│жетишкендиги үчүн мугалим билим │натыйжаларга жетишкендиги үчүн │
│берүүнүн борбордук мамлекеттик │мугалим билим берүү тармагындагы │
│башкаруу органы тарабынан "Кыргыз │ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│Республикасынын мамлекеттик │органдын ведомстволук сыйлыктарына│
│сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз │жана мамлекеттик сыйлыктарга │
│Республикасынын Мыйзамына ылайык │көрсөтүлүшү мүмкүн.] │
│Кыргыз Республикасынын мамлекеттик│ │
│сыйлыктарына көрсөтүлүшү мүмкүн.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│17-статья. Педагогикалык кадрларды│17-статья. Педагогикалык кадрларды│
│ даярдоо │ даярдоо │
│ │ │
│Кыргыз Республикасында мугалим │Кыргыз Республикасында мугалим │
│кадрларын кесиптик жагынан ар кыл │кадрларын кесиптик жагынан ар кыл │
│типтеги, ар кандай түрдөгү жана │типтеги, ар кандай түрдөгү жана │
│менчиктин ар кандай формасындагы │менчиктин ар кандай формасындагы │
│кесиптик педагогикалык орто жана │кесиптик педагогикалык орто жана │
│жогорку окуу жайлары даярдайт. │жогорку окуу жайлары даярдайт. │
│Кесиптик педагогикалык окуу жайы │Кесиптик педагогикалык окуу жайы │
│инсандын, мамлекеттин жана коомдун│инсандын, мамлекеттин жана коомдун│
│алдында өз иши үчүн жоопкерчилик │алдында өз иши үчүн жоопкерчилик │
│тартат. Кесиптик педагогикалык │тартат. Кесиптик педагогикалык │
│окуу жайдын ишинин анын уставында │окуу жайдын ишинин анын уставында │
│каралган максаттарга ылайык │каралган максаттарга ылайык │
│келээрине контролдукту өз │келээрине контролдукту өз │
│компетенциясынын чегинде │компетенциясынын чегинде │
│педагогикалык окуу жайдын │педагогикалык окуу жайдын │
│уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана│уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана│
│билим берүү ишин жүргүзүүгө │[билим берүү ишин жүргүзүүгө │
│лицензия берген [билим берүүнү │лицензия берген билим берүү │
│мамлекеттик башкаруунун борбордук │тармагындагы ыйгарым укуктуу │
│органы] ишке ашырат. │мамлекеттик органы] ишке ашырат. │
│Мамлекеттик кесиптик педагогикалык│Мамлекеттик кесиптик педагогикалык│
│окуу жайларга педагогикалык │окуу жайларга педагогикалык │
│адистиктер боюнча студенттерди │адистиктер боюнча студенттерди │
│кабыл алуу республикалык бюджеттин│кабыл алуу республикалык бюджеттин│
│каражатынын эсебинен мамлекеттик │каражатынын эсебинен мамлекеттик │
│заказдын чегинде адистерди │заказдын чегинде адистерди │
│даярдоого кабыл алуу планы боюнча │даярдоого кабыл алуу планы боюнча │
│сынактык негизде жүргүзүлөт. │сынактык негизде жүргүзүлөт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│18-статья. Мугалим кадрларынын │18-статья. Мугалим кадрларынын │
│ квалификациясын │ квалификациясын │
│ жогорулатуу жана │ жогорулатуу жана │
│ кайра даярдоо │ кайра даярдоо │
│ │ │
│[Мамлекет мамлекеттик бардык │[Мамлекет мектепке чейинки билим │
│типтеги мектептердин, мектепке │берүү, жалпы билим берүү, │
│чейинки жана мектептен тышкаркы │мектептен тышкары билим берүү, │
│мекемелердин мугалимдеринин │атайын билим берүү уюмдарынын, │
│квалификациясын жогорулатуу жана │балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча│
│кайра даярдоо үчүн шарттарды │билим берүү уюмдарынын бардык │
│түзүүнүн кепилдигин алат.] │типтеги мекемелеринин │
│[Мугалимдердин квалификациясын │мугалимдеринин квалификациясын │
│жогорулатуу юридикалык жактар │жогорулатуу жана кайра даярдоо │
│тарабынан Кыргыз билим берүү │үчүн бардык шарттарды түзүүнү │
│институту, мугалимдердин билимин │кепилдейт. │
│өркүндөтүүнүн областтык │Мугалимдердин квалификациясын │
│институттары, жогорку окуу жайлары│жогорулатуу юридикалык жактар │
│жана илимий уюмдар же мекемелер │тарабынан жогорку жана жогорку │
│менен келишимдер боюнча юридикалык│окуу жайынан кийинки кесиптик │
│жактардын каражаттарынын эсебинен │билим берүү уюмдары, кошумча │
│жүзөгө ашырылат.] │кесиптик билим берүү уюмдары менен│
│ │түзүлгөн келишимдер боюнча │
│ │юридикалык жактардын │
│ │каражаттарынын эсебинен │
│ │жүргүзүлөт.] │
│Мамлекет мугалимдерге жана │Мамлекет мугалимдерге жана │
│илимий-педагогикалык │илимий-педагогикалык │
│кызматкерлерге │кызматкерлерге │
│илимий-педагогикалык, │илимий-педагогикалык, │
│окуу-усулдук, ойлоп табуучулук, │окуу-усулдук, ойлоп табуучулук, │
│эксперименталдык жана эксперттик │эксперименталдык жана эксперттик │
│иш үчүн чыгармачылык өргүү │иш үчүн чыгармачылык өргүү │
│берүүнүн кепилдигин алат. │берүүнүн кепилдигин алат. │
│Мугалимдердин жана │Мугалимдердин жана │
│илимий-педагогикалык кадрлардын │илимий-педагогикалык кадрлардын │
│квалификациясын жогорулатуунун │квалификациясын жогорулатуунун │
│мыйзамдарда жөнгө салынбаган │мыйзамдарда жөнгө салынбаган │
│тартиби, түрлөрү жана формалары │тартиби, түрлөрү жана формалары │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│тарабынан белгиленет. │тарабынан белгиленет. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|