Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-августу № 577
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук жана аймактык уюмдары ишке ашыруучу иштердин тизмесин бекитүү жөнүндө
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин системасындагы мамлекеттик органдардын ишин республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоого которгонго чейин анын ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук жана аймактык уюмдары ишке ашыруучу иштердин тизмеси (мындан ары Иштердин тизмеси) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте 2012-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин лицензиялык-уруксат берүү иштери менен байланышкан маселелерди иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" токтому менен түзүлгөн Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин;
- аткаруу бийлиги органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизүү мүмкүндүгү максатында Иштердин тизмесинде аталган иштерди инвентаризациялоону жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна сунуш киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча
мамлекеттик агенттиктин аймактык органдары
1. Муниципалдык менчикте турган жер участкаларына менчик укугун акысыз берүү же ижаралоо үчүн жер участкаларына шаар куруу корутундусун, ошондой эле жер участкаларынын жана кыймылсыз мүлк объекттеринин функциялык арналышын өзгөртүүгө архитектуралык-техникалык корутунду иштеп чыгуу.
2. Долбоорлоо объекттерди инде архитектуралык-пландалган шарттарды жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгуу.
3. Шаар куруу жана долбоорлоо документтерин макулдашуу.
4. Убактылуу объекттерди жайгаштырууга жана жайлардын асма жана тосмо конструкцияларын өзгөртүүсүз кайра пландоого, кайра профилдештирүүгө, ошондой эле жер участокторунун чек араларын өзгөртүүдө (бөлүү, бириктирүү), жер участкаларынын жана кыймылсыз мүлк объекттеринин функциялык арналышын өзгөртүүгө архитектуралык-техникалык корутунду иштеп чыгуу.
5. Топографиялык материалдарды даярдоо (М 1:500, М 1:500 топографиялык изилдөө жана аткарылуучу сүрөткө тартуулар).
6. Курулуш объекттеринин долбоордук документтерин, курулуш долбоорлорун жана башка шаар куруу документтерин иштеп чыгуу.
7. Шаарлардын, калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн кайра аталышы жөнүндө жарандарга маалымкат берүү.
8. Көп квартиралуу турак үйлөрдүн алдындагы жер участкасынын чегинин долбоорун иштеп чыгуу.
9. Архитектура, тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, топонимика жана ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча техникалык документтерди даярдоо (көчөлөрдү кайра атоо, мемориалдык такталарды, таштарды, эстеликтерди орнотуу).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча
мамлекеттик агенттиктин ведомстволук органдары
1. Курууга же кыймылсыз мүлктү башка өзгөртүүгө долбоордук жана сметалык документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүү.
2. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сыноо.
3. Шайкештигин милдеттүү тастыктоого тийиштүү курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификациялоо.
4. Курулуш тармагында инженердик-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана жумушчуларды курулуш адистиктерине окутуу.
5. Сейсмикалуулугу 9 жана андан жогору балл болгон райондордо курулуучу объекттерди долбоорлоонун атайын техникалык шарттарын иштеп чыгуу.
6. Имараттардын жана курулмалардын техникалык жана табигый абалы жөнүндө корутунду берүү.
7. Кайра профилдештирүү жана реконструкциялоо максатында объекттерди инженердик-техникалык изилдөө.
8. Инвесторлордун жана кесипкөй коомдук уюмдардын суроо-талаптары боюнча курулуш тармагында ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу.
9. Аймактардын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу.
|
|