Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-августу № 580
Жерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 49-беренесине ылайык, мамлекеттик менчиктеги жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ибн Сина атындагы Улуттук фтизиатрия борборуна караштуу Балдар үчүн республикалык реабилитациялык борбордун аймагында жайгашкан жердин ичинен 9,4 га аянттагы жер участогу токой-сейил бак зонасын уюштуруу үчүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясына өткөрүп берилүүчү жер участогун кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдигине бөлүүнү жер участогуна укуктарды күбөлөндүргөн документтерди тариздөө жана мамлекеттик каттоо менен жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|