Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-августу № 583
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында танкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Чакан жана орто бизнестин иштеши үчүн шарттарды түзүү жана электр менен жабдууну камсыздоо, жаңыдан курулган жана курулуп жаткан объекттерди пайдаланууга өз учурунда киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкү мазмундагы 4.1-пункт менен толукталсын:
"4.1. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр" жана "Чыгыш электр" ачык акционердик коомдоруна техникалык мүмкүнчүлүктөр болгондо электр энергияны жылытууга, ысык суу менен жабдууга, тамак-аш даярдоого жана электр менен жылытууга пайдалануу укугусуз электр энергиясын өндүрүштүк максаттарга пайдалануу укугу менен чакан жана орто бизнес объекттерине кошууга 1-апрелден 1-октябрга чейинки мезгилде 500 кВ "Датка-Кемин" жана 500 кВ "Кемин" подстанциясы эксплуатацияга берилгенге чейин техникалык шарттарды берүү;
- "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдоруна "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен бирдикте 35 киловольт подстанциясын жана аларды азыктандыруучу 110 жана 220 киловольт подстанцияларын кошкондо тармакта ашыкча жүктөм жок болгон учурда электр энергиясын электр менен жылытууга жана электр менен ысытууга пайдалануу укугусуз жаңы объекттерди кошууга техникалык шарттарды берүү;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому:
"Түндүк электр" ачык акционердик коому менен бирдикте Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, н/ж дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имаратын кошууга электр жылытууну эске алуу менен "Парковая" подстанциясынын экинчи кезеги ишке киргизилгенден кийин техникалык шарттарды берүү маселесин карасын;
Бишкек шаары, Киев көчөсү, 148 дареги боюнча жайгашкан "Руби Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коому соода-оюн-зоок борбору бар администрациялык-турак жай комплексин электр менен жылытууга укугусуз электр менен жабдууга техникалык шарттарды берүү маселесин карасын;
Бишкек шаары, "Көк-Жар" жаңы конушу, Куйручук көчөсү, 12/21 дарегинде жайгашкан "Арзан турак жай" программасы боюнча курулуп жаткан "Нурлан" жоопкерчилиги чектелген коому турак жай комплексин электр-жылуулук менен жабдууга техникалык шарттарды берүү маселесин карасын.".
- 3-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|