Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-августу № 585
"Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2003-жыл, № 12, 553-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргызстан КП БКнын биринчи секретарларына акыркы иштеген жери боюнча айлык эмгек акынын 300 пайызынын өлчөмүндөгү өмүр бою ай сайын берилүүчү пенсиясы;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилери Т.У.Усубалиевдин жана А.М.Масалиевдин (каза болгон күнүнө карата анын багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү катары кийин анын жубайына) пенсиялык камсыздоосу 2003-жылдан баштап "Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундаты № 196 Мыйзамы боюнча жүргүзүлөт. Бул Мыйзам боюнча пенсиялар республикалык бюджеттен каржыланат.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү партиялык жетекчилердин өлкөнү башкарууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымдарын кемитпейт. Ошондуктан, Кыргыз ССРинин мурдакы биринчи жетекчилеринин жана азыркы кезде Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусу бар адамдардын пенсиялык камсыздоосу бирдей болгону адилеттүү болмок.
Т.У.Усубалиевдин пенсиясын көбөйтүү маселеси 2012-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-министринин жетекчисинде өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кеңешмесинде каралган. Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-министринин 2012-жылдын 22-майындагы № 20-33 протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мыйзам долбоору менен Кыргыз ССРинин мурдакы партиялык жетекчилерине акыркы иштеген жери боюнча эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүнөн акыркы иштеген жери боюнча эмгек акысынын 300 пайыз өлчөмүндө жана каза болгон күнүнө карата анын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнө багуучунун акыркы иштеген жери боюнча бир айлык эмгек акысынын 150 пайыз өлчөмүндө пенсияларын эсептөө ченемдери киргизилди. Ошону менен төлөнүүчү пенсияларынын өлчөмү 18900 сомдон 60480 сомго чейин жогорулайт. Бул пенсияларды төлөп берүүгө жылына 602.0 сом керектелет. Ал каражаттар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарда каралышы керек.
Төрага | М.Абулгазиев |
┌────────────────┬─────────────────────────────┬──────────────────────┐
│Берененин номери│ Колдонулуп жаткан редакция │ Сунушталган редакция │
├────────────────┼─────────────────────────────┼──────────────────────┤
│Мыйзамдын │Төмөнкүдөй мамлекеттик │Төмөнкүдөй │
│2-беренесинин │кепилдиктер белгиленет: │мамлекеттик │
│1-пунктчасы │1) акыркы иштеген жери │кепилдиктер белгилен │
│ │боюнча айлык эмгек акынын │"1) Киргизиянын КП │
│ │75 пайызынын өлчөмүндөгү ай │БКнын биринчи │
│ │сайын өмүр бою берилүүчү │катчыларына акыркы │
│ │пенсиясы; │иштеген жери боюнча │
│ │ │бир айлык эмгек │
│ │ │акысынын 300 пайыз │
│ │ │өлчөмүндө ай сайын │
│ │ │өмүр бою берилүүчү │
│ │ │пенсиясы;" │
└────────────────┴─────────────────────────────┴──────────────────────┘
|
|