Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-августу № 586
"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 11, 901-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 13-статьяда:
экинчи бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Маалымат материалдары экстремисттик деп прокурордун сунуштамасынын негизинде алар табылган, жайылтылган же мындай материалдарды чыгарган уюм жайгашкан жердеги сот тарабынан таанылат.".
төртүнчү бөлүк "жалпыга маалымдоо каражаттарында" деген сөздөрдөн
кийин ", ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын
расмий интернет-сайттарында" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 15-статья төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бирин эле камтыган басма сөз, аудио, аудиовизуалдык жана башка материалдардын (чыгармалардын) автору жана/же аткаруучусу соттун чечими боюнча экстремисттик аракетти ишке ашырган адам катары таанылса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Экстремисттик ишмердикке каршы иш-аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Ички иштер министрлигинде иштелип чыгып, анын "Экстремисттик материалдарды жайылтууга каршы күрөшүү" 13-беренесине жана "Экстремистик ишмердикти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилиги" 15-беренесине түзөтүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын ИИОнун практикалык ишмердигинде Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан экстремисттик сайттарда, "Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүндө экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашыруучу белгилер камтылган жана көпчүлүккө пайдалануу үчүн арналган басма сөз, аудио, аудиовизуалдык жана ар кандай материалдарды жайылткан адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча көйгөйлөр жаралууда. Анткени экстремисттик сайттардын серверлери Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашышкан.
Мындан тышкары "Экстремисттик ишмердикке каршы иш-аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, маалыматтык материалдар табылган жери боюнча сот тарабынан экстремисттик деп таанылат деген бөлүк кошумчаланып киргизилди.
"Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүнө экстремизмге багытталган материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан серверлерге, жеке жана юридикалык жактардын сайттарына кылмыштын субъектилери жайгаштырылат.
Бул кылмышкерлерге укукка каршы жосундарды жасоого жана кылмыш же административдик жоопкерчиликтен баш тартууга жөндөмдүү болот.
Ошол эле мезгилде "Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүнө экстремисттик материалдарды жайылтуучу адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө тоскоолдуктар пайда болууда.
Сунушталган "Экстремисттик ишмердикке каршы иш-аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу экстремисттик материалдарга табылган жеринде кылмыш ишин козгоо, Кыргыз Республикасынын аймагындагы сайттарга толук бөгөт коюу, катышуучусу Кыргыз Республикасы болуп эсептелген эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, макулдашууларга ылайык укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу үчүн негиз берет.
"Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын сайтына 2012-жылдын 21-июнунда № 1/3590 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорунун электрондук варианты жөнөтүлгөн.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алууда:
- социалдык жактан эч кандай негативдүүлүк болбостон, кайра киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жана анын көрүнүштөрүн жоюуда укук коргоо органдарынын ишмердигин координациялоого укуктук негиз түзөт;
- экономикалык жактан алганда, мыйзам долбоору кабыл алынганда экономикага терс залалын тийгизбейт, тескерисинче, республиканын экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө жардам берет, анткени бул мыйзам долбоору экономикага кылмыштуулуктун терс таасирин тийгизүүсүн азайтуучу бир элемент катары каралат;
- мыйзам долбоорунун нормалары колдонулуп жаткан мыйзамдардын нормаларына жооп берип жана анын кабыл алуусу укуктук нормаларга терс таасирин тийгизбейт;
- укуктук функцияларга колдонулууда, бул мыйзам долбоору жарандардын укугун жана эркиндигин камсыз кылууга шарт түзөт, экстремисттик ишмердикти жүргүзгөнү үчүн күнөөлүү деп таануунун же баш тартуунун чечими соттун чечими аркылуу кабыл алынып, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр мыйзамдын нормаларын туура колдонууга шарт түзөт;
- гендерге кесепети тийбейт, анткени бул жаатты жөнгө салбайт;
- экологияга кесепети тийбейт, анткени бул жаатты жөнгө салбайт;
Сунушталган долбоорду кабыл алууда мамлекеттик бюджетке кошумча чыгым келтирилбейт.
Министр | З.Рысалиев |
|
|
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Иштеп жаткан баяндамасы │ Сунушталып жаткан баяндамасы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│13-статья. Экстремисттик │13-статья. Экстремисттик │
│ материалдарды таратуу │ материалдарды таратуу │
│ менен күрөшүү │ менен күрөшүү │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын аймагында │Кыргыз Республикасынын аймагында │
│ушул Мыйзамдын 1-статьясынын │ушул Мыйзамдын 1-статьясынын │
│биринчи бөлүгүндө каралган │биринчи бөлүгүндө каралган │
│белгилердин бирин эле камтыган │белгилердин бирин эле камтыган │
│басма, аудио-аудиовизуалдык жана │басма, аудио-аудиовизуалдык жана │
│башка материалдарды басып │башка материалдарды басып │
│чыгарууга, сактоого, ташууга жана │чыгарууга, сактоого, ташууга жана │
│таратууга тыюу салынат. Мындай │таратууга тыюу салынат. Мындай │
│материалдарга төмөндөгүлөр кирет: │материалдарга төмөндөгүлөр кирет: │
│а) тыюу салынган зкстремисттик │а) тыюу салынган экстремисттик │
│уюмдардын расмий материалдары; │уюмдардын расмий материалдары; │
│б) тынчтыкка жана адам баласына │б) тынчтыкка жана адам баласына │
│каршы кылмыштары үчүн эл аралык │каршы кылмыштары үчүн эл аралык │
│укук актыларынын негизинде │укук актыларынын негизинде │
│соттолгон адамдардын автордук │соттолгон адамдардын автордук │
│материалдары жана ушул Мыйзамдын │материалдары жана ушул Мыйзамдын │
│1-статьясынын биринчи бөлүгүндө │1-статьясынын биринчи бөлүгүндө │
│камтылган белгилер; │камтылган белгилер; │
│в) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын │в) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын │
│биринчи бөлүгүндө камтылган │биринчи бөлүгүндө камтылган │
│белгилер, анын ичинде анонимдүү, │белгилер, анын ичинде анонимдүү │
│жана башка материалдар. Маалымат │жана башка материалдар. Маалымат │
│материалдарында ушул статьянын │материалдарында ушул статьянын │
│биринчи бөлүгүнүн "а"-"в" │биринчи бөлүгүнүн "а"-"в" │
│пункттарында каралган белгилердин │пункттарында каралган белгилердин │
│бар экенин аныктоо прокурордун │бар экенин аныктоо прокурордун │
│сунуштамасынын негизинде ошондой │сунуштамасынын негизинде ошондой │
│материалдарды чыгарган уюм │материалдарды чыгарган уюм │
│жайгашкан жердеги сот аркылуу │жайгашкан жердеги сот аркылуу │
│жүзөгө ашырылат. │жүзөгө ашырылат. │
│Маалымат материалдарында ушул │Маалымат материалдарында ушул │
│Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи │Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи │
│бөлүгүндө каралган белгилердин бар│бөлүгүндө каралган белгилердин бар│
│экендигинин аныкталышы тууралу │экендигинин аныкталышы тууралу │
│соттун чечими анын нускасынын │соттун чечими анын нускасынын │
│сатып өткөрүлбөгөн бөлүгүн алып │сатып өткөрүлбөгөн бөлүгүн алып │
│салууга негиз болуп саналат. │салууга негиз болуп саналат. │
│Экстремисттик материалдарды │Экстремисттик материалдарды │
│чыгарууну экинчи жолу ишке ашырган│чыгарууну экинчи жолу ишке ашырган│
│уюм басып чыгаруу ишин жүргүзүү │уюм басып чыгаруу ишин жүргүзүү │
│укугунан ажыратылат. │укугунан ажыратылат. │
│Маалымат материалдарын │[Соттун чечиминин негизинде, │
│экстремисттик деп таануу жөнүндөгү│маалыматтык материалдар табылган, │
│соттун мыйзамдуу күчүнө кирген │таратылган жери боюнча │
│чечиминин көчүрмөсү юстиция │экстремисттик деп таанылат, же │
│чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик │ушундай материалдарды өндүрүп │
│органына жөнөтүлөт. Экстремисттик │жатышкан, ушул Мыйзамдын │
│материалдардын тизмеси жалпыга │1-беренесинде көрсөтүлгөн │
│маалымдоо каражаттарында │экстремисттик ишмердик │
│жарыяланып турууга тийиш. │субъектилерин табуу боюнча сот │
│Материалдарды экстремисттик │тарабынан таанылат.] │
│материалдардын тизмесине киргизүү │Маалымат материалдарын │
│жөнүндө чечимге белгиленген │экстремисттик деп таануу жөнүндөгү│
│тартипте сотко даттанууга болот. │соттун мыйзамдуу күчүнө кирген │
│Экстремисттик материалдардын │чечиминин көчүрмөсү юстиция │
│тизмесине киргизилген материалдар │чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик │
│Кыргыз Республикасынын аймагында │органына жөнөтүлөт. Экстремисттик │
│таратылбайт. Аталган материалдарды│материалдардын тизмеси жалпыга │
│андан ары таратуу максатында │маалымдоо каражаттарында [жана │
│мыйзамсыз жасоого, таратууга, │ошондой эле "Интернет" эл аралык │
│ташууга жана сактоого күнөөлүү │компьютердик түйүндөрүндө] │
│адамдар административдик же │жарыяланып турууга тийиш. │
│болбосо кылмыш-жазык │Материалдарды экстремисттик │
│жоопкерчилигине тартылышат. │материалдардын тизмесине киргизүү │
│ │жөнүндө чечимге белгиленген │
│ │тартипте сотко даттанууга болот. │
│ │Экстремисттик материалдардын │
│ │тизмесине киргизилген материалдар │
│ │Кыргыз Республикасынын аймагында │
│ │таратылбайт. Аталган материалдарды│
│ │андан ары таратуу максатында │
│ │мыйзамсыз жасоого, таратууга, │
│ │ташууга жана сактоого күнөөлүү │
│ │адамдар административдик же │
│ │болбосо кылмыш-жазык │
│ │жоопкерчилигине тартылышат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│15-статья. Кыргыз Республикасынын │15-статья. Кыргыз Республикасынын │
│ жарандарынын, чет │ жарандарынын, чет │
│ өлкөлүк жарандардын │ өлкөлүк жарандардын │
│ жана жарандыгы жок │ жана жарандыгы жок │
│ адамдардын │ адамдардын │
│ экстремисттик │ экстремисттик │
│ аракеттерди жүзөгө │ аракеттерди жүзөгө │
│ ашыргандыгы үчүн │ ашыргандыгы үчүн │
│ жоопкерчилиги │ жоопкерчилиги │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын жарандары, │Кыргыз Республикасынын жарандары, │
│чет өлкөлүк жарандар жана │чет өлкөлүк жарандар жана │
│жарандыгы жок адамдар │жарандыгы жок адамдар │
│экстремисттик аракеттерди жүзөгө │экстремисттик аракеттерди жүзөгө │
│ашыргандыгы үчүн Кыргыз │ашыргандыгы үчүн Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарында │Республикасынын мыйзамдарында │
│белгиленген тартипте кылмыш-жазык,│белгиленген тартипте кылмыш-жазык,│
│административдик жана │административдик жана │
│жарандык-укуктук жоопкерчиликтерди│жарандык-укуктук жоопкерчиликтерди│
│тартышат. │тартышат. │
│Мамлекеттик жана коомдук │Мамлекеттик жана коомдук │
│коопсуздукту камсыз кылуу │коопсуздукту камсыз кылуу │
│максатында ушул Мыйзамда │максатында ушул Мыйзамда │
│көрсөтүлгөн тартипте жана негиздер│көрсөтүлгөн тартипте жана негиздер│
│боюнча, экстремисттик аракеттерди │боюнча, экстремисттик аракеттерди │
│ишке ашырууга катышкан адамга │ишке ашырууга катышкан адамга │
│соттун чечими менен мамлекеттик │соттун чечими менен мамлекеттик │
│кызматка, аскердик кызматка жана │кызматка, аскердик кызматка жана │
│укук коргоо органдарына кызматка │укук коргоо органдарына кызматка │
│кирүүгө, ошондой эле билим берүү │кирүүгө, ошондой эле билим берүү │
│мекемелеринде, жеке аңдуу-иликтөө │мекемелеринде, жеке аңдуу-иликтөө │
│жана коргоо иштерин жүргүзүүгө │жана коргоо иштерин жүргүзүүгө │
│чектөө коюлушу мүмкүн. │чектөө коюлушу мүмкүн. │
│Эгерде коомдук бирикменин же диний│Эгерде коомдук бирикменин же диний│
│уюмдун, же дагы башка уюмдун │уюмдун, же дагы башка уюмдун │
│жетекчиси же жетекчи органынын │жетекчиси же жетекчи органынын │
│мүчөсү экстремисттик аракеттерди │мүчөсү экстремисттик аракеттерди │
│ишке ашырууга үндөп, эл алдында │ишке ашырууга үндөп, эл алдында │
│айткан билдирүүсү. ошондой эле │айткан билдирүүсү, ошондой эле │
│өзүнүн жеке пикири экенин айтпай, │өзүнүн жеке пикири экенин айтпай, │
│ошого тете эл алдында сүйлөгөн │ошого тете эл алдында сүйлөгөн │
│учурда андай адамга карата │учурда андай адамга карата │
│экстремисттик багыттагы кылмышы │экстремисттик багыттагы кылмышы │
│үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө│үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө│
│кирген учурда, тийиштүү коомдук │кирген учурда, тийиштүү коомдук │
│бирикме, диний, же башка уюм ошол │бирикме, диний, же башка уюм ошол │
│билдирүү жасалган күндөн тартып │билдирүү жасалган күндөн тартып │
│беш күнгө чейин ал адамдын жасаган│беш күнгө чейин ал адамдын жасаган│
│билдирүүсүнө жана анын аракетине │билдирүүсүнө жана анын аракетине │
│макул эместигин эл алдында айтууга│макул эместигин эл алдында, │
│милдеттүү. │айтууга милдеттүү. │
│Эгерде тийиштүү коомдук бирикме же│Эгерде тийиштүү коомдук бирикме же│
│диний уюм же дагы башка уюм эл │диний уюм же дагы башка уюм эл │
│алдында андай билдирүү жасабаса, │алдында андай билдирүү жасабаса, │
│анда бул алардын аракеттеринде │анда бул алардын аракеттеринде │
│экстремизмдин белгилеринин бар │экстремизмдин белгилеринин бар │
│экенин күбөлөндүргөн факт катары │экенин күбөлөндүргөн факт катары │
│каралышы мүмкүн. │каралышы мүмкүн. │
│ │[Ушул мыйзамдын биринчи │
│ │беренесинде каралган белгилердин │
│ │бирин камтыган басма сөз, аудио, │
│ │аудиовизуалдык жана ар кандай │
│ │материалдардын автору жана/же │
│ │аткаруучусу сот чечими тарабынан │
│ │экстремисттик ишмердикти жүзөгө │
│ │ашырган адам деп табылса, Кыргыз │
│ │Республикасынын мыйзамдарында │
│ │белгиленген тартипте жоопкерчилик │
│ │тартат.] │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘