Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 489 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-августу № 591
Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусун тапшыруу, чыгаруу жана сактоо тартибин бекитсин.
3. Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусун жасоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо "2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылаары белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|