Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 505 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу долбоорлор боюнча конкурстук тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Карыз алуучу) менен Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты атынан чыгуучу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн (Кредит берүүчү) ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу долбоорлор боюнча конкурстук торуктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ушул Жобо аталган Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылануучу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча конкурстук тооруктарды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Кредиттин алкагында каржылануучу долбоорлор жабдуучулар/подрядчылар тарабынан ишке ашырылууга тийиш, алар кыргыз жана түркия компанияларынын биргелешкен консорциумдарынын ортосунда конкурстук негизде тандалып алынат.
3. Жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат:
Конкурстук торуктардын заказчылары/уюштуруучулар - тармактык министрликтер жана ведомстволор.
кыргыз жана түркия консорциуму - Кредиттик макулдашууга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн кыргыз жана түркия тараптан ишканалардын убактылуу биригүүсү. Консорциумдун катышуучулары өз алдынчалуулукту сактайт жана ар кандай башка ыктыярдуу бирикмелердин курамына кириши мүмкүн;
конкурстук тооруктардын предмети - инфраструктура объекттерин куруу жана оңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн кредитинин каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордун тизмесине ылайык башка багыттар үчүн зарыл болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси;
тендердик табыштама - тендер өткөргөн учурда товарларды жөнөтүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды ишке ашырууга жасалган сунуш;
лот - сатып алуу-сатууга керектелүүчү бөлүнбөй турган предмет; тендер документтери - тендер өткөрүү шарттарын жана тартибин камтыган тендердик табыштамаларды даярдоо үчүн жабдуучуга (подрядчыга) Заказчы тарабынан берилүүчү документтердин топтому;
чыныгы табыштамалар - тендердик документтердин талаптарына жооп берүүчү тендердик табыштамалар;
бааланган нарк - арифметикалык каталарын оңдоону, ошондой эле бардык сунуштардын бааларын тендердик документте көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага жана дагы башка критерийлерге которууну эске алуу менен сунуштардын баасы;
сатып алуулар жөнүндө келишим - сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжасында Заказчы менен жабдуучунун (подрядчы) ортосунда түзүлгөн келишим;
тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу - Заказчыга жабдуучу (подрядчы) тарабынан берилүүчү ар кандай милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу, буга баштапкы милдеттенмени кайсы бир банктын моюнуна ала тургандыгы тууралуу банк кепилдиктери, резервдик аккредитивдер, чектер сыяктуу камсыз кылуу ыкмалары, накталай каражаттагы депозиттер, жөнөкөй жана которулма векселдер кирет;
жабдуучу (подрядчы) - тендердик документтердин талаптарына жооп берген, кыргыз жана түркия консорциуму;
жумуштар - имаратты, курулманы же объектти курууга, кайра конструкциялоого, бузууга, оңдоого же жаңылоого, анын ичинде курулуш аянтын даярдоого, чуңкурун казууга, курулма тургузууга, жабдуу-шайманды же материалдарды монтаждоого, тышкы жана ички жасалгалоого байланышкан бардык иштер, ошондой эле сатып алуулар жөнүндө Келишимге ылайык көрсөтүлүүчү бургулоо, геодезиялык жумуштар, спутник аркылуу тартып алуу, сейсмикалык изилдөө жана башка кызматтар, эгерде мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы курулуштун өзүнүн наркынан ашпаса;
тендер (торук) - ушул Жободо каралган тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жабдууга жеңүүчүнү аныктоочу сынак;
мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар - мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен канааттандырылуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктары;
сатып алуулар жол-жоболорунун мониторинги боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган).
2. Тендердик комиссия
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында жабдуучуларды/подрячыларды тандоо боюнча Тендердик комиссия (мындан ары - Тендердик комиссия) жабдуучуларды/подрядчыларды тандоо боюнча тендерлерди өткөрүү үчүн Заказчы тарабынан түзүлөт. Тендердик комиссиянын курамына адистер, техникалык эксперттер, ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү жана Тендердик комиссиянын катчысы кирет.
3. Конкурстарды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
5. Конкурстарды өткөрүү жөнүндө чечим товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жабдууга тийиштүү долбоорлордун тизмеси бекитилгенден кийин Заказчы тарабынан кабыл алынат.
6. Заказчы/Конкурстук тоорукту уюштуруучу:
1) Тендердик документтерди, анын ичинде Кредиттик макулдашууга ылайык техникалык спецификацияны иштеп чыгат жана тендердин катышуучуларына берет;
2) өткөрүлгөн тендер жөнүндө маалыматты карап чыгуу жана андан ары жабдуучуну/подрядчыны тандоо жөнүндө Кредиторго кабарлоо үчүн өткөрүлгөн тендердин негизинде ыйгарым укуктуу органдын кароосуна жиберет;
3) тендердик документтерди даярдоо максатында акы төлөө шарттарын жана мөөнөтүн, ошондой эле тендер өткөрүүгө байланыштуу башка документтерди ыйгарым укуктуу орган менен макулдашат;
4) тиркелген документтер менен бирге тендердик табыштамаларды кабыл алууну ишке ашырат;
5) Тендердик комиссиянын корутундусунун негизинде тендердин жеңүүчүсү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;
6) тендердик документтерди, анын ичинде Кредиттик макулдашууга ылайык техникалык спецификацияны иштеп чыгат жана тендердин катышуучуларына берет;
7) Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.
7. Ыйгарым укуктуу орган:
1) жабдуучуларды/подрядчыларды тандоо боюнча тендер өткөрүүдө Заказчынын ишин координациялайт;
2) Тендердин жеңүүчүсү жөнүндө Заказчы тарабынан берилген маалыматты карап чыгат, Заказчы тарабынан өткөрүлгөн тооруктардын негизинде жүргүзүлгөн жабдуучуну/подрядчыны тандоо жөнүндө Кредиторго расмий түрдө билдирет;
3) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашырууда Заказчыларга көмөк көрсөтөт;
4) кийин Түркиянын Экспортун Кредиттөө банкына берүү жана бекитүү үчүн жабдуучу/подрядчы тарабынан берилген (акы төлөөгө берилген) төлөм документтерин күбөлөндүрөт, ал мындан ары "Агент" деп аталуучу жана Агент аркылуу Кредиторго берилүүчү Кредитордун агенти катары иш жүргүзөт;
5) Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат;
8. Тендердик комиссия:
1) катышуучулардын тендердик сунуштары менен конверттерди ачат;
2) тендердик сунуштарды баалоону жүргүзөт жана катышуучуга тендерге катышуу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
3) тендердин жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алат;
4) өзүнүн ишин тендерди өткөрүү графигине ылайык ишке ашырат;
5) Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат;
4. Тендердик документтерди курамы, берүүнүн тартиби
9. Тендердик документтерге кирүүчү документтердин тизмеси:
1) долбоорлорду ишке ашыруу максатында түзүлүүчү кыргыз жана туркия тараптардын юридикалык жактарынын убактылуу бирикмеси жөнүндө келишим (макулдашуу);
2) өздөрүнүн квалификациялык маалыматтарын тастыктоо үчүн жабдуучулар (подрядчылар) тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерди же дагы башка маалыматтарды талап кылуу;
3) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде техникалык спецификациялардын, пландардын, чиймелердин жана эскиздердин баяндамасы жана зарыл болгон техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү; товардын саны; Келишимге ылайык көрсөтүлүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөр; жумуштар аткарылуучу же кызмат көрсөтүлүүчү жай;
4) Келишимди аткаруунун ойдогудай же талап кылынган мөөнөттөрү;
5) тендердик табыштамаларды баалоодо Заказчы тарабынан пайдаланылуучу баадан тышкары бардык критерийлерди, анын ичинде акчалай түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш болгон мындай критерийлердин салыштырма салмагын баяндоо;
6) Заказчы тарабынан зарыл нерсе катары аныкталган, жазуу жүзүндөгү Келишимге киргизилүүчү жоболор;
7) эгерде жабдуучуларга (подрядчыларга) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн бир бөлүгүнө гана тендердик табыштамаларды берүү уруксаты берилсе, тендердик табыштамалар берилиши мүмкүн болгон сатып алынуучу товарлардын бир бөлүгүн же бөлүктөрүн баяндоо;
8) тендердик табыштаманын наркын эсептөөнүн жана көрсөтүүнүн ыкмасы, анын ичинде сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнүн наркынан (ташууга жана камсыздандырууга, бажы алымдарына жана салыктарга жана башкаларга кеткен чыгымдар) башка элементтердин баасын камтышын көрсөтүү;
9) тендердик табыштамаларды чет өлкөлүк валютада берген учурда чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн тендердик табыштамалардын бааларын салыштыруу ыкмасы;
10) тендердик табыштамаларды жана Келишимдин аткарылышынын кепилдигин камсыз кылуунун суммасына жана дагы башка негизги шарттарына карата талаптар, ошондой эле мындай кепилдиктерди колдонуу мөөнөтү;
11) тендердик табыштамаларды берүүнүн такталган орду жана мөөнөттөрү;
12) жабдуучу (подрядчы) сураган тендердик документтер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнүн жол-жоболорунун баяндамасы, ошондой эле заказчынын ушул этапта жабдуучулар (подрядчылар) менен жолугушууга ниетин билдириши;
13) тендердик табыштамалар күчүндө болгон мөөнөт;
14) тендердик табыштамаларды ачуучу жайдын, күнүнүн жана убактысынын так көрсөтүлүшү;
15) тендердик табыштамаларды ачууда жана кароодо пайдаланылуучу жол-жоболор;
16) тендердик табыштамалар даярдалууга тийиш болгон тил же тилдер;
17) жабдуучулар (подрядчылар) менен түздөн-түз байланыш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Заказчынын бир же бир нече кызмат адамынын же кызматчыларынын аты-жөнү, кызматы жана дареги, ошондой эле байланыш жүргүзүү ыкмалары;
18) жабдуучулардын (подрядчылардын) сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Заказчынын тендердик комиссиясы тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерине же чечимдерине даттануу укугу жөнүндө билдирүүсү;
19) эгерде Заказчынын тендердик комиссиясы жабдуучулардан (подрядчылардан) Келишимге кол коюну талап кылса, сатып алуулар боюнча Келишимдин жалпы шарттары жана Келишимдин формасы.
10. Тендердик документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү:
1) өзгөчө учурларда Заказчы тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейинки ар кандай убакта толуктоолорду басып чыгаруу жолу менен тендердик документтерди өзгөртүшү мүмкүн. Ар кандай басып чыгарылган толуктоо тендердик документтердин бөлүгү болуп саналат жана факс же электрондук билдирүү аркылуу тендердик документтерди алуучу тендердин бардык катышуучуларына тез арада жөнөтүлүүгө тийиш. Тендердин катышуучулары жазуу жүзүндө же факс же электрондук билдирүү менен алган ар бир толуктоону тастыктоого тийиш жана бул толуктоолор аны аткаруу үчүн милдеттүү болот.
2) өзүнүн тендердик табыштамаларын даярдоодо киргизилген оңдоолорду эсепке алуу үчүн тендердин катышуучуларына жетиштүү убакыт берүүгө Заказчы тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узартышы мүмкүн;
11. Тендердик табыштамаларды берүү
1) Тендердин катышуучусу тарабынан даярдалган тендердик табыштамалар, ошондой эле Тендердин катышуучулары жана Заказчы алмашуучу бул тендердик табыштамага тийиштүү бардык корреспонденциялар жана документтер тендердик документтерде көрсөтүлгөн тилде түзүлүүгө тийиш.
2) Тендердин катышуучусу тарабынан даярдалган тендердик табыштама төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
а) тендердик табыштаманын толтурулган формасын;
б) Тендердин катышуучусунун квалификациясы жана анын тендердик табыштамасы кабыл алынган учурда Келишимди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга ээ экендигин тастыктаган документтер жөнүндө маалыматты;
в) чыгаша материалдарынын баа коюуларын, бааларын жана тизмесин көрсөтүү менен, анын наркын көрсөтүү менен иштердин көлөмүнүн ведомостун;
г) тендердик документтерге ылайык берилген тендердик табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу (эгер талап кылынса), мында акчалай, облигациялар, банк кепилдиктери түрүндө, ошондой эле сатып алуучу уюмдун уруксаты менен ачык операциялар үчүн кабыл алынган акциялар, көрсөтүүчүгө депозиттик сертификаттар же векселдер түрүндө болушу мүмкүн. Кепилдигин камсыз кылуунун айкын формасы Заказчы тарабынан аныкталат.
д) Келишимдин жалпы жана өзгөчө шарттары (ар бир баракка тендердин катышуучусу тарабынан кол коюлган);
е) жумуштарды аткаруу үчүн пайдаланууга техникалык спецификация;
ж) тендердин катышуучусу тендердик документтерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык толтурууга тийиш болгон документтер.
12. Тендердик табыштаманын баасы:
1) Тендердин катышуучусу "Жумуштардын көлөмүнүн ведомостуна" (чиймелерге, спецификацияларга) киргизилген жумуштардын бардык түрлөрү боюнча баа коюуларды жана бааларды көрсөтөт. Катышуучу аларды аткаргандан кийин акы төлөөгө тийиш болбогон баа коюуларды жана бааларды киргизбеген жумуштардын бул түрлөрү жумуштардын башка түрлөрү боюнча баа коюуларга киргизилген деп эсептелет.
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Подрядчы төлөөгө милдеттүү болгон бардык алымдар, салыктар жана башка жыйымдар тендердик табыштаманын наркына киргизилүүгө тийиш.
13. Тендердик табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу:
1) Тендердин катышуучусу тендердик документтерде көрсөтүлгөн өлчөмдө жана формада тендердик табыштамалардын кепилдигин камсыз кылууну тендердик табыштамаларды колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин 2 жумадан кем эмес мөөнөтү менен өзүнүн тендердик табыштамасынын бөлүгү катары көрсөтүүгө тийиш.
2) Тендердик табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу табыштамалардын өзүнүн валютасында же башка эркин конвертирленүүчү валютада берилүүгө тийиш жана төмөнкү формалардын бирине ээ болушу мүмкүн:
а) банк тарабынан берилген банктык кепилдик, ал Кыргыз Республикасында же чет өлкөдө жайгашкан жана жергиликтүү банк-корреспондент аркылуу Заказчы үчүн алгылыктуу; же
б) ачык операциялар үчүн кабыл алынган накталай, облигациялар, акциялар, көрсөтүүчүгө депозиттик сертификаттар же векселдер сыяктуу тендердик документтерде көрсөтүлгөн башка формаларда.
3) Тендердик табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу төмөнкү учурларда кармалат:
а) өзүнүн табыштамасында каралган шарттардагы Келишимге кол коюудан баш тартканда;
б) Келишимдин аткарылышынын кепилдигин камсыз кылууну берүүдөн баш тартканда;
в) тендердик табыштаманын талапкери аны ачкандан кийин жана анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алып алганда.
14. Тендердик табыштамаларды берүү:
1) Тендердин катышуучусу ар башка конверттерде берилүүчү тендердик табыштамалардын түп нускасын жана эки көчүрмөсүн тийиштүү түрдө "ТҮП НУСКА" жана "КӨЧҮРМӨ" деп белгилөө менен бекитүүгө тийиш. Мындан кийин конверттер тышкы конвертке салынып чапталат.
2) Ички жана тышкы конверттер:
а) тендерге катышууга Чакырууда көрсөтүлгөн дарек боюнча Заказчынын дарегине жөнөтүлөт;
б) тендерге катышууга Чакыруунун аталышын жана номерин жана "ЧЕЙИН АЧПАГЫЛА" деген сөздү камтыйт;
в) Тендердин катышуучусунун аталышын жана дарегин камтыйт.
3) Эгерде тышкы конверт чапталбаса ал жоголуп кеткен же мөөнөтүнөн мурда ачылган учурда Заказчы эч кандай жоопкерчилик тартпайт.
15. Заказчы тарабынан көрсөтүлгөн табыштамаларды берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин Заказчы тарабынан алынган бардык тендердик табыштамалар четке кагылат жана ачылбастан Тендердин катышуучусуна кайтарылып берилет.
5. Тендердик табыштамаларды ачуу жана баалоо
16. Тендердик комиссия буга катышууну каалаган тендердин катышуучу өкүлдөрүнүн катышуусунда бардык тендердик табыштамаларды тендердик документтерде көрсөтүлгөн саатта, күндө жана белгиленген жерде ачат.
Тендердин катышуучу өкүлдөрү өздөрүнүн катышкандыктарын тастыктап журналга катталууга тийиш. Тендердик табыштамаларды ачууга бардык каалоочулардын катышуусуна уруксат берилет. Катышуучуларга аудиожазууларды жана видеотартууларды жүргүзүүгө уруксат берилет. Тендердик комиссиянын жыйынына катышкан адамдар тендердик комиссиянын ишине кийлигишүүгө укуксуз.
17. Биринчи "ЧАКЫРУУ" же "ӨЗГӨРТҮҮ" деген белгиси бар конверттер ачылат жана окулат. Мында чакырып алуу тууралуу кабарлоо жиберилген тендердик табыштамалар Тендердин катышуучуларына ачылбастан кайтарылып берилет.
18. Табыштамаларды ачууда тендердин катышуучусунун аталышы, тендердик табыштаманын баасы, тендердик табыштамалардын зарыл кепилдигин камсыз кылуунун болуусу жана жоктугу жөнүндө маалымат, альтернативдүү табыштамалар, салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздардын болуусу (жоктугу) жөнүндө маалыматтар жарыяланат. Табыштамапарды ачууда, Тендердин катышуучусуна ачылбастан берилүүгө тийиш болгон кеч келген табыштамалардан башка бир да табыштама четке кагылышы мүмкүн эмес.
19. Тендердик комиссиянын катчысы бардык катышуучуларга жарыялана турган маалымат киргизилүүчү тендердик табыштаманы ачуу протоколун жүргүзөт.
20. Толук баалоо жүргүзүлгөнгө чейин Тендердик комиссия критерийлердин укукка ылайыктуулугун, кепилдигин камсыз кылуунун болушун, документтердеги бардык кол коюуларды, ошондой эле жалпысынан маани-маңызы жагынан тендердик документтердин талаптарына жооп берген тендердик табыштамалар менен таанышып чыгат. Тендердик табыштамалар маанилүү эскертмелерсиз, четке кагууларсыз же ката кетирүүсүз бардык көрсөтүлгөн шарттарды канааттандырса, ал талаптарга маани-маңызы жагынан толук кандуу жооп берет деп эсептелет.
Маанилүү эскертмелер, четке кагуулар жана ката кетирүүлөр:
1) жумуштардын көлөмүнө, сапатына жана аткаруу үчүн маанилүү таасир тийгизет;
2) тендердик документтерге ылайык даярдалбаган Келишим боюнча Заказчынын укугун же Тендердин катышуучусунун милдеттенмесин маанилүү түрдө чектейт;
3) оңдоолор мааниси жагынан талаптарга жооп берген тендердик табыштамаларды көрсөтүүчү тендердин башка катышуучуларын бирдей эмес атаандаштык шарттарга алып келиши мүмкүн.
Эгерде тендердик табыштама квалификациялык талаптарга мааниси жагынан толук жооп бербесе, ал Заказчы тарабынан четке кагылат жана Тендердин катышуучусу тарабынан тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин талапка жооп берет деп таанылышы мүмкүн эмес.
21. Тендердик комиссия тендердик документтердин талаптарына мааниси боюнча жооп берет деп таанылган тендердик табыштамаларды гана баалайт жана салыштырат.
Тендердик комиссия тендердик табыштамаларды баалоодо Табыштаманын Бааланган наркынын ар бир тендердик табыштамасына салыштырып кароо менен аныктайт, Тендердик табыштамалардын Наркына төмөнкү оңдоолорду киргизет:
1) арифметикалык каталарды оңдоону;
2) "Жумуштардын көлөмүнүн ведомостуна" ылайык күтүлбөгөн чыгашаларга чыгымдарды алып салууну;
3) акчалай туюнтууда сандык аныкталган алгылыктуу четтөөлөрдү чагылдыруу үчүн тендердик табыштамалардын баасын оңдоону (мындай оңдоолор тендердик табыштамалардын иш жүзүндөгү баасына таасир тийгизүү үчүн эмес, баалоо жана салыштыруу максатында киргизилет).
22. Заказчы төмөнкүдөй учурларда тендердик табыштаманы четке кагат:
1) бул тендердик табыштама тендердик документтерде белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе;
2) бул тендердик табыштама маани-маңызы жагынан тендердик документтердин талаптарына жооп бербесе;
3) талапкер анын тендердик табыштамасындагы арифметикалык каталардын оңдолушуна макул болбосо;
4) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде айтылган жагдайларда.
23. Заказчы төмөнкү учурларда тендер болгон жок деп тааныйт:
1) бардык табыштамалар четке кагылганда;
2) тендердик табыштаманын эң аз баасы сатып алуучу уюм тарабынан сатып алууларды өткөрүүгө бөлүнгөн суммадан ашып кетсе;
3) аудитордун корутундусунун негизинде.
Заказчы табыштамалардын бардыгы четке кагылган учурда талапкерлердин алдында эч кандай жоопкерчилик тартпайт.
6. Келишимди ыйгаруу
24. Тендердик комиссия жеңүүчүнү жарыялаган учурдан баштап 3 (үч) күндүн ичинде Заказчы тендердин жеңүүчүсүнө анын сунушу кабыл алынгандыгы тууралуу билдирет.
25. Заказчы тендердин жеңүүчүсү менен Келишим түзгөндөн кийин андан ары Кредиторго кабарлоо үчүн бул Келишим боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымат берет.
26. Эгерде Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдиргенден кийин Тендердин кайсы бир катышуучусу анын Тендердик табыштамасы жеңүүчү болуп аныкталбагандыгынын себебин тактоону кааласа, ал өзүнүн суроо-талабын Заказчыга даректөөгө тийиш. Суроо-талаптын жообу Заказчы тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жиберилет.
7. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
27. Сатып алуулар жол-жоболоруна катышуучулар Тендердик комиссия тарабынан өндүрүштүк тандоо жөнүндө чечим чыгарылганга чейин Заказчыга даттануу берүүгө укуктуу.
28. Заказчынын чечими чыгарылбаган учурда же жабдуучу (подрядчы) кабыл алынган чечимге канааттанбаса ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сот тартибинде даттануу укугуна ээ.
|
|
|
|