Сравнение редакций…
|
|
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтому менен бекитилген
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-январындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Квалификациялык талаптар
1.Жалпы жоболор
Бул Жобо экономиканы мамлекеттик башкарууну, катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.
2. Квалификациялык талаптар
1. Төмөнкүлөргө коюлуучу квалификациялык талаптар:
а) директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө:
- эл чарбасында адистин иши үчүн зарыл болгон укуктук базаларын, маркетинг теорияларын, менеджменттин негизин, финансылык аудитти жана стратегиялык пландоону билүү;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктештик жана коомдор жөнүндө", "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана экономиканын тиешелүү тармагын экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоочу башка ченемдик укуктук актыларды билүү;
- ишканада, мекемеде же алардын түзүмдүн бөлүмдөрүндө 5 жылдан кем эмес жетекчилик же 5 жылдан кем эмес мамлекеттик органдардын жетекчи кызмат ордунда иш стажысы жана тажрыйбасы;
- жогорку юридикалык, финансы-экономикалык же техникалык билими;
- 30 жаштан кем эмес курагы;
б) текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө:
- экономика, өндүрүштү башкаруу маселелерин, чарбалык укукту, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Салык кодекстерин, "Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктештик жана коомдор жөнүндө", "Банкроттук (кудретсиздик) жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык финансылык отчеттуулук стандартын (ЭФОС) жана башка бухгалтердик эсеп боюнча ченемдик документтерди билүү;
- финансы-экономикалык иш же аудит жагында 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- экономикалык талдоонун ыкмаларын билиши;
- чарбалык келишимдерди түзүү жана аткаруу тартибин билиши;
- жогорку финансы-экономикалык же юридикалык билими.
в) мамлекеттик стратегиялык ишканалардын жетекчилерине жана аткаруу органдарынын мүчөлөрүнө:
- жогорку финансылык-экономикалык же чарбакер коомдун ишинин багытына туура келген тиешелүү билими;
- финансы, чарбалык иш жана корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү;
- жетектөөчү кызмат ордунда кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы;
- аналитикалык иштөө, бизнес-пландоо, болжолдоо жана финансылык менеджмент көндүмдөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-январындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун башкаруу органында бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска төмөнкү адамдар катыша албайт:
- жоюлбаган же болбосо алып салынбаган соттуулугу бар;
- коомдун же анын башкаруучу компаниясынын жакын туугандары (коомдун кызмат адамдарынын жубайы, эне-атасы, балдары, бир туугандары) же аффилирленген жак, ошондой эле товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ушул акционердик коомдун атаандашы болгон юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп саналган;
- коомдун ири контрагенти болуп саналган (коомдун аны менен болгон бүтүмүнүн жыйынды көлөмү жыл ичинде коомдун активдеринин баланстык наркынан 10 жана андан ашык пайызды түзөт).
3. Катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбалык субъекттердин өз алдынчалыгына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан башкаруу органдарынын талапкерлерине кошумча квалификациялык талаптар белгилениши мүмкүн.