Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-августу № 556
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1993-ж., № 3, 90-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-берененин 1-бөлүгүндөгү "эл аралык келишимдер жана макулдашуулар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-берененин 4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "ички иштер органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 11-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ар бир зонага кирүү жана чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана зона жөнүндө жободо чагылдырылат.".
4. 13-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн жана жоюунун тартиби
Эркин экономикалык зона тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирин эске алуу менен мыйзамдын негизинде түзүлөт жана жоюлат.
Ар бир эркин экономикалык зона жөнүндө жобо жана алардын өнүктүрүү программалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Юридикалык жак катары эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы эркин экономикалык зонанын субъекти болуп саналат.".
5. 15-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Эркин экономикалык зоналардагы юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо
Эркин экономикалык зонанын юридикалык жактарын, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) жана ишинин токтотулушун каттоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Экономикалык эркин зонанын аймагында өз ишин жүргүзүшкөн юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) эркин экономикалык зонанын тиешелүү башкы дирекциясында эсебин алуу каттоосунан (кайра каттоосунан) өтүүгө тийиш.
Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) эсебин алуу каттоо (кайра каттоо) тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясына эркин экономикалык зонанын субъекттери катары ички рынокто чекене соода жасоо жана ар кыл кызматтарды көрсөтүү менен алектенген юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоого (кайра каттоого) тыюу салынат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
373-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"373-берене. Эркин экономикалык зонанын субъекти
Эркин экономикалык зонанын (ЭЭЗ) субъекттери болуп бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайра катталган) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗ башкы дирекциясында эсебин алуу каттоосунан (кайра каттоосунан) өткөн юридикалык жактар, филиалда (өкүлчүлүктөр) таанылат.".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишинин чегинде иштелип чыккан.
Ушул мыйзам долбор аркылуу "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөр киргизилүүдө.
Атап айтканда, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесин Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирүү сунушталууда, ага ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле ушул Мыйзамды "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү сунушталат, ага ылайык министрликтер жана ведомстволор ченемдик укуктук актыларды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктарын жоготуп олтурушат.
Мындан тышкары Мыйзам долбоору аркылуу "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө, ага ылайык эркин экономикалык зонасын, тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирин эске алуу менен, мыйзамдын негизинде түзүү жана жоюу сунушталат.
Ошондой эле долбоор аркылуу эркин экономикалык зоналардагы юридикалык жактарды каттоонун жол-жобосун кайра карап көрүү сунушталууда.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын территориясында юридикалык жактарды каттоо функциясын юстиция органдарынан тышкары эркин экономикалык зоналардын башкы дирекциялары (мисалы, "Бишкек" ЭЭЗ 2011-жылдын 20-июнуна ЭЭЗ иштеп жаткан субъекттеринин саны 679ду, "Нарын" ЭЭЗ (2011-жылдын 26-майына) 44тү, "Каракол" ЭЭЗ - (2011-жылдын 30-майына) 97ни жана юстиция министрлиги тарабынан катталган 70154 субъектини түзгөн. Ушундан улам Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды каттоо функциясын ишке ашырган бирдиктүү мамлекеттик орган жок экендигин белгилей кетүүбүз абзел.
Ошондой эле юстиция органдары юридикалык жактарды каттоодо "Юридикалык жактарды, филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алат, ага ылайык юридикалык жак мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндөн кийин арыз ээсине тиешелүү маалыматтар (катар номурдан, каттоо органынын кодунан жана уюштуруучулук-укуктук формасынын кыскартылган белгисинен, ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодунан, салык төлөөчүнүн жекелик номурунан, алгач катталган күндөн, юридикалык дарегинен ж.б. турган каттоо номуру) көрсөтүлгөн мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк берилет.
Мында юридикалык жакты каттоо "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзүлөт. Аталган принцип бир катар оң натыйжаларга жетишүүгө алып келди, атап айтканда:
- арыз ээсинин зарыл документтерди кабыл алган жана берген бир органды аныктады, бул арыз ээсине ыңгайлуу экендиги көрүндү;
- сунуштала турган документтердин санын кыскартты;
- коммерциялык уюмдардын катталуу мөөнөтүн кыскартты.
Бирок каттоонун ушул тартиби ЭЭЗ субъекттерин каттоого таркатылбай тургандыгын белгилөө абзел.
Баяндалгандардан улам мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын территориясында юридикалык жактарды каттоо үчүн бирдиктүү эрежелерди киргизүү жана ЭЭЗ территориясында турган субъекттерди каттоо тартибин жеңилдетүү сунушталууда.
Ошондой эле Мыйзам долбоору аркылуу Салык кодексине да тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.
Бирдиктүү ыйгарым укуктуу органды аныктоо төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөт:
- бардык юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар бир мамлекеттик органда топтолуп, бул жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бир мамлекеттик органдан зарыл маалыматтарды алууга жана маалыматтардын бирдиктүү электрондук базасын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт;
- ушул мезгилде ар кыл мамлекеттик органдарда болгон маалыматты андан ары бир мамлекеттик органга бириктирүү, жалпылоо жана топтоо аркылуу натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүлөт;
- юридикалык жактарды каттоо процессине тартылган кызматчылардын санын кыскартууга өбөлгө түзүлөт;
- юридикалык жактарды каттоо тармагында бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлөт.
Ошону менен бирге, Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз.
Ошондой эле, аталган мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт.
Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт.
Кошумча иретинде, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр | А.Шыкмаматов |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Мурдагы редакциясы │ Сунушталган редакциясы │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" │
│ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│5-берене. Эркин экономикалык │5-берене. Эркин экономикалык │
│ зоналар жөнүндө │ зоналар жөнүндө │
│ Кыргыз Республикасынын │ Кыргыз Республикасынын │
│ мыйзамдары │ мыйзамдары │
│ │ │
│Эркин экономикалык зоналарды │Эркин экономикалык зоналарды │
│түзүүгө жана анын ишине │түзүүгө жана анын ишине │
│байланыштуу келип чыгуучу │байланыштуу келип чыгуучу │
│мамилелер ушул Мыйзам, салык │мамилелер ушул Мыйзам, салык │
│мыйзамдары эркин экономикалык │мыйзамдары эркин экономикалык │
│зоналар жөнүндө жоболор, [эл │зоналар жөнүндө жоболор, КЫРГЫЗ │
│аралык келишимдер жана │РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН │
│макулдашуулар] тарабынан жөнгө │ЖАНА МЫЙЗАМДА АНЫКТАЛГАН ТАРТИПТЕ │
│салынат. Эркин экономикалык │КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР│
│зоналардын аймагында Кыргыз │тарабынан жөнгө салынат. Эркин │
│Республикасынын ушул Мыйзамга │экономикалык зоналардын аймагында │
│карама-каршы келбеген мыйзамдары │Кыргыз Республикасынын ушул │
│жана Эркин экономикалык зоналар │Мыйзамга карама-каршы келбеген │
│жөнүндө жобо колдонулат. │мыйзамдары жана Эркин экономикалык│
│ │зоналар жөнүндө жобо колдонулат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6-берене. Өзгөчө бажы режими │6-берене. Өзгөчө бажы режими │
│ │ │
│Эркин экономикалык зоналарда │Эркин экономикалык зоналарда │
│өзгөчө бажы режими колдонулат, ага│өзгөчө бажы режими колдонулат, ага│
│эркин экономикалык зоналарга алып │эркин экономикалык зоналарга алып │
│келинген товарларга, же реэкспорт │келинген товарларга, же реэкспорт │
│үчүн арналган товарларга бажы │үчүн арналган товарларга бажы │
│алымдарын жокко чыгаруу, ошондой │алымдарын жокко чыгаруу, ошондой │
│эле чек ара аркылуу товарлардын │эле чек ара аркылуу товарлардын │
│тоскоолдуксуз өтүп турушу, │тоскоолдуксуз өтүп турушу, │
│экспортко жана импортко тарифтик │экспортко жана импортко тарифтик │
│эмес чектөөлөрдү жокко чыгаруу │эмес чектөөлөрдү жокко чыгаруу │
│кирет. │кирет. Эркин экономикалык │
│Эркин экономикалык зоналардын │зоналардын аймагынан Кыргыз │
│аймагынан Кыргыз Республикасынын │Республикасынын бажы аймагына │
│бажы аймагына ташылып чыгуучу │ташылып чыгуучу товарларга карата:│
│товарларга карата: │1) салык салуу Кыргыз │
│1) салык салуу Кыргыз │Республикасынын салык мыйзамдары │
│Республикасынын салык мыйзамдары │ылайык жүргүзүлөт; 2) тарифтик │
│ылайык жүргүзүлөт; │жана тарифтик эмес жөнгө салуу │
│2) тарифтик жана тарифтик эмес │чаралары Кыргыз Республикасынын │
│жөнгө салуу чаралары Кыргыз │бажы мыйзамына ылайык колдонулат. │
│Республикасынын бажы мыйзамына │Эркин экономикалык зоналардын │
│ылайык колдонулат. │аймактарында чыгарылбаган жана │
│Эркин экономикалык зоналардын │Кыргыз Республикасынын бажы │
│аймактарында чыгарылбаган жана │аймактарына эркин экономикалык │
│Кыргыз Республикасынын бажы │зоналардын субъекттери тарабынан │
│аймактарына эркин экономикалык │алып келинген товарларга Кыргыз │
│зоналардын субъекттери тарабынан │Республикасынын мыйзамдарына │
│алып келинген товарларга Кыргыз │ылайык бажы алымдары, кошумча нарк│
│Республикасынын мыйзамдарына │салыгы жана акциздик салык │
│ылайык бажы алымдары, кошумча нарк│салынат. Бул режимди камсыз кылуу │
│салыгы жана акциздик салык │үчүн эркин экономикалык зоналардын│
│салынат. │Башкы дирекциялары эркин │
│Бул режимди камсыз кылуу үчүн │экономикалык зоналардын Башкы │
│эркин экономикалык зоналардын │дирекциялары ыйгарым укуктуу бажы │
│Башкы дирекциялары эркин │органы тарабынан жана Кыргыз │
│экономикалык зоналардын Башкы │Республикасынын ИЧКИ ИШТЕР │
│дирекциялары ыйгарым укуктуу бажы │ОРГАНДАРЫ менен биргелешип, бул │
│органы тарабынан жана Кыргыз │зоналардагы бажы кызматтарынын │
│Республикасынын [Ички иштер │жана укук коргоо органдарынын │
│министрлиги] менен биргелешип, бул│бөлүмдөрүн түзөт. Эркин │
│зоналардагы бажы кызматтарынын │экономикалык зоналардын аймагы │
│жана укук коргоо органдарынын │аркылуу экспорттолуучу жана │
│бөлүмдөрүн түзөт. │импорттолуучу товарларды │
│Эркин экономикалык зоналардын │транзиттөө кандайдыр бир бажылык │
│аймагы аркылуу экспорттолуучу жана│жеңилдиктерсиз жүзөгө ашырылат. │
│импорттолуучу товарларды │ │
│транзиттөө кандайдыр бир бажылык │ │
│жеңилдиктерсиз жүзөгө ашырылат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│11-берене. Эркин экономикалык │11-берене. Эркин экономикалык │
│ зонадан чыгып кетүүнүн │ зонадан чыгып кетүүнүн │
│ жана ага келүүнүн │ жана ага келүүнүн │
│ тартиби │ тартиби │
│ │ │
│Эркин экономикалык зоналарда чет │Эркин экономикалык зоналарда чет │
│өлкөлүк граждандардын чыгып │өлкөлүк граждандардын чыгып │
│кетишинин жана ага келишинин │кетишинин жана ага келишинин │
│жөнөкөйлөтүлгөн режими колдонулат.│жөнөкөйлөтүлгөн режими колдонулат.│
│[Ар бир зона үчүн чыгып кетүүнүн │АР БИР ЗОНАГА КИРҮҮ ЖАНА ЧЫГУУ │
│жана ага келүүнүн айкын эрежелери │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ │
│Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер│ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ ЖАНА ЗОНА │
│министерствосу тарабынан │ЖӨНҮНДӨ ЖОБОДО ЧАГЫЛДЫРЫЛАТ. │
│белгиленет жана зона жөнүндө │ │
│Жободо жазылат, бул үчүн Кыргыз │ │
│Республикасынын Тышкы иштер │ │
│министрлиги тарабынан │ │
│финансылануучу атайын агентство │ │
│түзөт.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[13-берене. Эркин экономикалык │13-БЕРЕНЕ. ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК │
│ зоналарды түзүүнүн │ ЗОНАЛАРДЫ ТҮЗҮҮНҮН ЖАНА│
│ жана жоюунун тартиби │ ЖОЮУНУН ТАРТИБИ │
│ │ │
│Эркин экономикалык зона │ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНА ТИЕШЕЛҮҮ │
│жергиликтүү мамлекеттик │ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК │
│администрациялардын жана │АДМИНИСТРАЦИЯЛАРДЫН ЖАНА │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруу │ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ │
│органдарынын пикирин эске алуу │ОРГАНДАРЫНЫН ПИКИРИН ЭСКЕ АЛУУ │
│менен Кыргыз Республикасынын │МЕНЕН ТҮЗҮЛӨТ ЖАНА ЖОЮЛАТ. │
│Жогорку Кеңешинин чечими боюнча │АР БИР ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНА │
│түзүлөт жана жоюлат. │ЖӨНҮНДӨ ЖОБО ЖАНА АЛАРДЫН │
│Эркин экономикалык зонанын чек │ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ КЫРГЫЗ │
│арасы, анын иш жүргүзүүсүнүн │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН │
│тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз │БЕКИТИЛЕТ. │
│Республикасынын Жогорку Кеңеши │ЮРИДИКАЛЫК ЖАК КАТАРЫ ЭЭЗ БАШКЫ │
│тарабынан аныкталат. │ДИРЕКЦИЯСЫ ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК │
│Ар бир эркин экономикалык зона │ЗОНАНЫН СУБЪЕКТИ БОЛУП САНАЛАТ. │
│жөнүндө Жобо Кыргыз │ │
│Республикасынын Өкмөтү тарабынан │ │
│бекитилет. │ │
│ЭЭЗдин Башкы дирекциясы юридикалык│ │
│жак катары эркин экономикалык │ │
│зонанын субъектиси болуп │ │
│эсептелет.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[15-берене. Эркин экономикалык │15-БЕРЕНЕ. ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК │
│ зоналардагы чет │ ЗОНАЛАРДАГЫ ЮРИДИКАЛЫК │
│ өлкөлүк инвестициясы │ ЖАКТАРДЫ, ФИЛИАЛДАРЫН │
│ бар ишканаларды каттоо│ (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮН) КАТТОО│
│ │ │
│Эркин экономикалык зонадагы мурда │ЭЭЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ, │
│иштеп жаткан же жаңыдан түзүлүп │ФИЛИАЛДАРЫН (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮН) │
│жаткан чет өлкөлүк инвестициясы │МАМЛЕКЕТТИК КАТТООНУ (КАЙРА │
│бар ишканалар, ошондой эле эркин │КАТТООНУ) ЖАНА ИШИНИН ТОКТОТУЛУШУН│
│экономикалык зонанын аймагынан │КАТТООНУ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН │
│тышкары жайгашкан ишканалардын │АНЫКТАЛГАН БИРДИКТҮҮ ЫЙГАРЫМ │
│эркин экономикалык зонада мурда │УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН │
│иштеп жаткан же жаңыдан түзүлүп │ЖҮРГҮЗӨТ. │
│жаткан филиалдары, бөлүмдөрү жана │ЭКОНОМИКАЛЫК ЭРКИН ЗОНАНЫН │
│өкүлчүлүктөрү эркин экономикалык │АЙМАГЫНДА ӨЗ ИШИН ЖҮРГҮЗҮШКӨН │
│зонанын башкы дирекциясы │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР, ФИЛИАЛДАР │
│(дирекциясы) тарабынан катталууга │(ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨР) ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК │
│тийиш. Чет өлкөлүк инвестициясы │ЗОНАНЫН ТИЕШЕЛҮҮ БАШКЫ │
│бар чарба жүргүзүүчү субъектилерди│ДИРЕКЦИЯСЫНДА ЭСЕБИН АЛУУ │
│каттоонун тартиби эркин │КАТТООСУНАН ӨТҮҮГӨ ТИЙИШ. │
│экономикалык зонанын башкы │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН, │
│дирекциясы (дирекциясы) тарабынан │ФИЛИАЛДАРЫНЫН (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН) │
│белгиленет. │ЭСЕБИН АЛУУ КАТТОО (КАЙРА КАТТОО) │
│ЭЭЗдин башкы дирекциясы ЭЭЗге │ТАРТИБИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│субъект катары катталгандыгы │ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. │
│жөнүндө Кыргыз Республикасынын │ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНАНЫН БАШКЫ │
│салык органына, Кыргыз │ДИРЕКЦИЯСЫНА ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК │
│Республикасынын Социалдык фондуна,│ЗОНАНЫН СУБЪЕКТТЕРИ КАТАРЫ ИЧКИ │
│Кыргыз Республикасынын Улуттук │РЫНОКТО ЧЕКЕНЕ СООДА ЖАСОО ЖАНА АР│
│статистикалык комитетине жана │КЫЛ КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ МЕНЕН │
│Кыргыз Республикасынын Юстиция │АЛЕКТЕНГЕН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ, │
│министрлигине билдирүүгө │ФИЛИАЛДАРДЫ (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮ) │
│милдеттүү. │КАТТООГО (КАЙРА КАТТООГО) ТЫЮУ │
│Эркин экономикалык зонанын башкы │САЛЫНАТ. │
│дирекциясына чекене соода │ │
│жүргүзгөн жана ички рынокто ар │ │
│кандай кызматтарды көрсөткөн чарба│ │
│жүргүзүүчү субъектилерди эркин │ │
│экономикалык зонанын субъектилери │ │
│катары каттоого тыюу салынат.] │ │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын Салык кодекси │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│[373-берене. ЭЭЗ субъекти │373-БЕРЕНЕ. ЭЭЗ СУБЪЕКТТЕРИ │
│ │ │
│ЭЭЗ субъекти болуп ЭЭЗдин башкы │ЭЭЗ СУБЪЕКТТЕРИ БОЛУП БИРДИКТҮҮ │
│дирекциясында Кыргыз │ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН │
│Республикасынын мыйзамдарына │ТАРАБЫНАН КАТТАЛГАН (КАЙРА │
│ылайык катталган уюмдар │КАТТАЛГАН) ЖАНА КЫРГЫЗ │
│эсептелет.] │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА │
│ │ЫЛАЙЫК ЭЭЗ БАШКЫ ДИРЕКЦИЯСЫНДА │
│ │ЭСЕБИН АЛУУ КАТТООСУНАН (КАЙРА │
│ │КАТТООСУНАН) ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК │
│ │ЖАКТАР, ФИЛИАЛДАРЫ (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮ)│
│ │ТААНЫЛАТ.". │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|