Сравнение редакций…
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 570 токтому менен бекитилген
|
Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү ПРОГРАММАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Алыскы райондордо, чакан шаарчаларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген жаш дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасы (мындан ары - Программа) ушул Программа боюнча келишим түзүү укугуна конкурстан өткөн жаш дарыгерлерди, ошондой эле жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында бекитүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

2. Программаны каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3. Бул Программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- алыскы райондордо жана чакан шаарларда жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарын дарыгерлер менен толуктоо;
- алыскы райондордо жана чакан шаарларда саламаттык сактоо уюмдарына дарыгерлерди бекитүү үчүн зарыл социалдык-турмуш-тиричилик шарттарын түзүү.
4. Бул Программа төмөнкүлөрдү карайт:
- Программаны аткаруу боюнча конкурстан өткөн жана Типтүү келишим түзгөн дарыгер иштеген жериндеги саламаттык сактоо уюмдарын тейлеген региондук казына бөлүмдөрүндө депозиттик эсеп ачууну (аталган токтомго 2-тиркеме);
- дарыгерлерге финансылык жана социалдык колдоо көрсөтүүнү.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Программаны турмушка ашыруу механизмин иштеп чыгат, Программа боюнча дарыгерлерди топтоо жөнүндө сынакты жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
Сынактык комиссия Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен түзүлөт.
6. Сынакка төмөнкүлөр катыша алат:
- соңку 5 жылдын ичинде квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн 35 жашка чейинки курактагы дарыгерлер;
- жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын тиешелүү аттестациялоодон жана мамлекеттик каттоодон өткөн бүтүрүүчүлөрү;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктоочу Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунун, чакан шаарларынын жана айыл жергесинин саламаттык сактоо уюмдарында иштөөчү дарыгерлер.

7. Конкурска катышуу үчүн дарыгерлер төмөнкүдөй документтерди берет:
- арыз (эркин формада);
- резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- жогорку медициналык билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
- жогорку окуу жайынан кийинки билим жөнүндө сертификат;
- квалификацияны (соңку 5 жылдын ичинде) жогорулатуу жөнүндө күбөлүк;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- фотосүрөт (3x4) - 2 даана.

8. Программа боюнча ишмердикти жүзөгө ашыруучу дарыгерлердин санын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт.
9. Уюмдун депозиттик эсеби Программаны жүзөгө ашыруу үчүн ачылат. Бул депозиттик эсепке Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо уюмунан жазуу жүзүндөгү тиешелүү билдирүүнү алгандан баштап 3 жыл бою квартал сайын 66000 (алтымыш алты миң) сомдон акча которуп турат.
Салыкты кармоо жана Социалдык фондго которуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

10. Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан (ушул токтомго 2-тиркеме) саламаттык сактоо уюмдарында иштеген жаш дарыгерлерге Кошумча түрткү берүү программасын аткаруу боюнча Типтүү келишимдин негизинде дарыгер иштеген саламаттык сактоо уюму квартал сайын анын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине маалымат берип турат.

11. Программага катышуу үчүн конкурстан өткөн жана жүйөөлүү себептерден улам (келишимге кол койгонго чейин, ошондой эле андан кийин) ишке киришпеген дарыгерлер белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен башка алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан ушундай эле саламаттык сактоо уюмуна жаңы бөлүнүү алууга жана Программага катышууну улантууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 581 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ