Сравнение редакций…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы N 592 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-майындагы № 296 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) көрсөтүлүүчү тышкы жардамдарды ишке ашыруунун натыйжалуулугу маселелери боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу консультациялык-кеңешме орган болуп саналат.
"Өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк" термини менен эл аралык финансы институттары, донор-өлкөлөр жана чет өлкөлүк банктар түшүнүлөт.
2. Принциптер, милдеттер жана функциялар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр өз иштерин төмөнкү принциптердин негизинде жетекчиликке алат:
тышкы жардамдардын натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы кабыл алынган эл аралык макулдашууларды жактоочулук;
консультациялык процесстин жана диалогдун негизинде өз ара аракеттенүү принцибин орнотуу;
ачык-айкындык жана бирин бири толуктоо, кайталоону болтурбоо жана каражаттарды натыйжалуу жана үзүрлүү пайдаланууну камсыз кылуу.
Кеңештин негизги милдети өнүктүрүү максатында тышкы жардамдарды көрсөтүүнү пайдалануу натыйжалуулугун камсыздоо жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр ортосунда диалог жүргүзүү жана туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.
Бул милдеттерди чечүү үчүн Кеңеш төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына ылайык тышкы жардамдарды пайдалануу жана тартуу маселелери боюнча сунуштарды талкуулоо жана даярдоо;
- тышкы жардамдарды пландоо жана пайдалануу механизмин өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдар үчүн сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- тышкы жардамдарды көрсөтүү механизмин өркүндөтүү максатында эл аралык жана мамлекет ичиндеги жол-жоболорду оптималдаштыруу.
3. Кеңештин укуктары
Кеңеш негизги милдеттерге жетүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жыйындарына тышкы жардамдарды көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү чакырууга;
- өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамдарын тартуунун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жакшыртуу, тышкы жардамдарды көрсөтүү жана пайдалануунун ченемдик укуктук жана процесстик жол-жоболорун өркүндөтүү, тышкы жардамды тартуунун стратегияларын жана артыкчылыктарын аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшү жөнүндө эксперттик баалоолорду ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин, чет өлкөлүктөрдү кошкондо, башка уюмдарды жана эксперттерди тартууга;
- тышкы жардамдарды көрсөтүү жана натыйжалуу пайдалануу чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жана саясатты өркүндөтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн дарегине сунуштарды кабыл алууга жана киргизүүгө.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн Кеңештин тең төрагасы ротациялык негизде бир жылдык мөөнөткө, ачык жалпы добуш берүү жолу менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ичинен тандалат.
Кеңештин төрагасы жана тең төрагасы Кеңешке жетекчилик кылышат, күн тартибин жактырышат, Кеңештин жыйындарында төрагалык кылышат, Кеңештин кабыл алган чечимдерине кол коюшат.
Кеңештин катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмү чыгат.
(4-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-майындагы № 296 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кеңештин жыйыны зарылдыгына жараша, бирок алты айда бир жолудан аз эмес өткөрүлөт.
Чечимди кабыл алуу үчүн зарыл добуштардын саны (кворум) Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3нөн кем болбошу керек.
Каралуучу маселелер боюнча Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана иштелип чыккан сунуштар же рекомендациялар менен протокол түрүндө таризделет. Кеңештин жыйынынын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдери белгиленген тартипте иштелип чыгышы жана кабыл алынышы мүмкүн.
Кеңештин алдында убактылуу жана туруктуу негизде Кеңештин жумушчу органдары түзүлүшү мүмкүн. Кеңештин тиешелүү органдарын түзүү жөнүндө чечим Кеңештин өзү тарабынан кабыл алынат.
Кеңештин ишин камсыздоону уюштурууну Кеңештин катчылыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ишке ашырат.
Кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын аткаруу мониторинги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

5. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары
Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кеңештин жыйындарында жарыш сөздөргө катышууга, талкууга алынуучу маселелердин маңызы боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди жана оңдоолорду киргизүүгө, эксперттердин талапкерлигин сунуштоого, суроо берүүгө, маалымкат берүүгө, ошондой эле ушул Жободо белгиленген тартипте Кеңештин мүчөлөрүнө берилген башка укуктарды пайдаланууга;
- Кеңеш тарабынан кабыл алынган сунуштарды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга;
- Кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды алууга жана алар менен таанышууга;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди талкуулоодо чечүүчү добуш берүү укугу менен Кеңештин жумушчу органдарынын жыйындарына катышууга;
- Кеңештин ишинин бардык маселелери боюнча өзүнүн оюн эркин айтууга;
- көрсөтүлүүчү тышкы жардамдарды ишке ашырууну жакшыртуу жана аны тартуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларынын жана жумушчу топторунун иштерине катышууга;
- мамлекеттик органдарга кайрылууга жана алардан Кеңештин иши үчүн зарыл маалыматтарды суроого.
6. Кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттери
Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кеңештин ишине, анын жумушчу органдарынын ишине жана Кеңештин ишинин кабыл алынган иш планынын алкагында иш-чараларга жеке катышууга;
- Кеңештин жыйындарына жүйөлүү себептерсиз келбей коюуга жол бербестен Кеңештин ишине катышууга;
- Кеңештин башка мүчөлөрүнө Кеңештин кабыл алынган иш пландарынын чегинде өзүнүн ишинин мазмуну, жүрүшү жана жыйынтыгы жөнүндө толук маалыматты берүүгө;
- Кеңештин чечимдерин жана сунуштарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө.
7. Кеңештин Катчылыгынын функциялары жана ыйгарым укуктары
Кеңештин Катчылыгы белгиленген тартипте:
- Кеңештин иши үчүн зарыл маалыматты суроого укуктуу;
- Кыргыз Республикасын Финансы министрлиги менен бирге Кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын кароо мониторингин камсыздайт;
- көйгөйлүү маселелерди оперативдүү тартипте чечүү үчүн эксперттик топторду түзүү жөнүндө өтүнүч менен тиешелүү мамлекеттик органдарга жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө кайрылууга укуктуу;
- Кеңештин мүчөлөрүнө баяндама каттарды даярдайт, төрагага, тең төрагага жана Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын кароо жөнүндө маалымат берет;
- Кеңештин жыйындарын даярдоого катышат.

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 489 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ