Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 597 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын бирдиктүү казыналык эсебинин иштешинин тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
1. Бул Убактылуу Нускама Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы (мындан ары - Борбордук казыналык) тарабынан бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттар менен операцияларды жүргүзүүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын региондук бөлүмдөрүнүн казыналыктын системасындагы агент-банктарда накталай акча каражаттарын берүү боюнча ачылган эсептеринен накталай акча каражаттарын берүүнүн жол-жоболорун жөнгө салат.
2. Бул Убактылуу Нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр, терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
автоматташтырылган иш орун (АЖО) - өндүрүштүк процесстерди автоматташтыруу үчүн арналган жана маалыматты киргизүү (клавиатура, компьютердик жылдырма, сканер ж.б.) жана аны монитордун экранына, принтерге чыгаруу мүмкүнчүлүгү үчүн адамдын компьютер менен өз ара аракетин камсыз кыла турган программалык-аппараттык каражаттарды же чыгаруунун жана андан ары берүүнүн башка түзүлүштөрүн камтыган программалык-техникалык комплекс;
авторлоштуруу - электрондук санарип кол тамгасы аркылуу төлөм документтеринин электрондук формаларына кол коюуда КМБС пайдалануучусу тарабынан жүзөгө ашырыла турган аракеттер;
түшүүлөрдүн администратору - салыктык, салыктык эмес жана башка төлөмдөрдү жыйноону, чегерүүнү, алардын туура эсептелишине, толук жана өз убагында төлөнүшүнө контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органы;
банк-агент - Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген жана казыналыктын системасына банк кызматтарынын белгилүү бир тизмесин көрсөтүү боюнча конкурстук тооруктун натыйжасында тандалып алынган коммерциялык банк, ал кызматтарга акы төлөө жана кызматтарды көрсөтүүнүн шарттары түзүлгөн келишимдердин негизинде белгиленет;
банктык эсеп - банк менен кардардын ортосундагы депозитти (банктык салымды) кабыл алуу же кардарды банктык тейлөөгө байланыштуу, банктык эсеп келишиминде каралган жана банктык практикада банктык жүгүртүүнүн эрежелерине ылайык колдонулган келишимдик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы;
накталай эмес эсептешүү - акчалай жүгүртүүнүн формасы, анда.акча каражаттарынын кыймылы накталай акчаны катыштырбастан жүргүзүлөт, мында акчалай каражаттар төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен чыгарылат жана алуучунун эсептешүү эсебине чегерилет;
бюджеттик милдеттенме - финансылык мамилелердин формасы, мында бюджетти аткаруучу орган, же анын карамагында болгон мекеме бюджеттик мыйзамдарга жана бекитилген кассалык планга ылайык келип чыккан, белгилүү бир мөөнөттүн ичинде бюджеттик (атайын) каражаттарды чыгымдоо боюнча операцияларды жасоо боюнча милдеттенмелерди мойнуна алат;
кассалык чыгымдарды калыбына келтирүү - бюджеттик мекемелердин мурда жүргүзүлгөн кассалык чыгымдары боюнча акчалай каражаттарды бюджеттик мекемелердин эсептерине накталай эмес же накталай ыкма менен кайтарып берүүгө байланыштуу операция;
башкы китеп - бухгалтердик эсептин регистри, ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу боюнча операциялар жөнүндө бухгалтердик маалыматты каттоого, системага салууга жана топтоого арналган;
акчалай каражаттар - Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана чет өлкөлөрдөгү кассада жана банк эсептеринде турган, накталай жана накталай эме формада топтолгон, улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы каражаттар;
эсепке алуу жана кайтаруу билдирмеси - администратордун же анын аймактык органынын бюджетке ашык төлөнгөн, жаңылыш чегерилген төлөмдөрдү төлөөчүнүн эсебине же багыты боюнча алардын эсептешүү эсебине которуу аркылуу эсепке алууну же кайтарууну жүзөгө ашыруу боюнча тескемесин чагылдыра турган документ;
кассалык чыгаша билдирмеси - бюджеттик мекеменин кабыл алынган акчалай милдеттенмелерди аткаруу боюнча бюджеттик, атайын каражаттарды чыгымдоону жүзөгө ашыруу боюнча тескемесин чагылдырган документ;
казыналыкты маалыматтык башкаруу системасы (мындан ары - КМБС) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын кассалык тейлөө боюнча маалымдамаларды генерациялоону, иштетүүнү, берүүнү, кабыл алууну камсыз кыла турган программалык, программалык аппараттык жана аппараттык каражаттардын, ыкмалардын жана жол-жоболордун комплекси жана казыналыктын системасында эсепке алууну жана отчетту автоматташтырып жүргүзүү;
казыналык ордер - акчалай эсептешүү документи, ушул документ аркылуу казыналыктын системасынын ичинде каражаттарды которуу жүргүзүлөт;
кассалык аткаруу - аларды андан ары бөлүштүрүү үчүн өндүрүштүк процесстерди бюджетке акчалай каражаттарды алуу үчүн уюштурууга багытталган иш-чаралардын комплекси, ошондой эле бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу операцияларды эсепке алуу;
кассалык чектөөлөр - өлкөнүн объективдүү экономикалык абалына жана бюджеттик системанын абалына ылайык, ошондой эле социалдык маанилүү иш-чараларды финансылык камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген, бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу боюнча төлөмдөрдүн чектелген жол берилген көлөмдөрү;
кассалык чыгаша - белгиленген тартипте бюджеттик каражаттарды алуучу тарабынан кабыл алынган жана төлөмдүн накталай эмес жана накталай ыкмасы менен мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүгө тийиш болгон акчалай милдеттенмелерин төлөө үчүн бюджеттик мекеменин эсептеринен акчалай каражаттарды которуу боюнча операция;
классификацияланган түшүүлөр - түшүүлөрдүн администраторлорунун аймактык органдарынын өздүк эсептери боюнча КМБСте топтоштурулган акчалай каражаттарынын түшүшү, аларды эсепке алуу кирешелердин классификациясына жана активдери жана милдеттенмелери бар операциялардын классификациясына ылайык төлөм документинде көрсөтүлгөн төлөм коду боюнча жүзөгө ашырылат (классификацияланат);
конвертациялоо - чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аталган операция жасалган күнгө карата белгиленген расмий курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына которуу (кайра эсептөө) боюнча операция;
консолидацияланган билдирме - кассалык чыгашага берилген билдирмелердин же эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелеринин жалпыланган жыйынды маалымдамаларын камтыган документ;
бюджеттик милдеттенмелердин лимиттери - бюджеттик мекеменин чыгашаларынын бекитилген сметасынын чектеринде бюджеттик мекемелер тарабынан бюджеттик милдеттенмелерди кабыл алуу укугунун акчалай билдирилген көлөмү;
төлөмдөрдү көп рейстүү иштетүү - электрондук төлөм документтерин иштетүүнүн көп кайталанган тартиби, анын тушунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жана ыйгарым укуктуу агент-банктарда ачылган эсептер боюнча каражаттарды эсептен чыгарууну же эсепке алууну камсыз кыла турган. Аларды кабыл алуу, контролдоо жана аткаруу ар бир төлөм боюнча убакыттын бүлүнүп коюлган, рейстер деп аталган интервалдарында жүзөгө ашырылат;
накталай акча каражаттар - банкноттор, тыйындар, акча белгилери формасындагы акчалай каражаттар;
казыналыктын региондук бөлүмдөрүнүн накталай эсеби - казыналык системасындагы агент-банкта ачылган эсеп, ал бюджеттик каражаттарды алуучуларга накталай акча каражаттарын берүүгө арналган;
аныкталбаган түшүүлөр - түшүүлөрдүн администраторлорунун аймактык органдарынын ИСУКта топтолгон өздүк эсептери боюнча акчалай каражаттардын түшүшү, төлөм документинде төлөмдөрдүн коддорунун жоктугунан, толук эместигинен же туура эмес көрсөтүлүшүнөн улам аларды эсепке алуу оордойт, бюджеттик классификациялоого ылайык эсепке алуу максатында төлөмдүн түрүн жана таандыктыгын тактоо талап кылынат;
төлөм - накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенмелерди аткаруу же болбосо төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формада накталай эмес акча каражаттарын төлөм системасы аркылуу которуу;
төлөм системасы - акчанын жүгүртүлүшүн камсыз кыла турган төлөм шаймандарынын технологияларынын, жол-жоболорунун, эрежелеринин жана акча каражаттарын которуу системасынын бири-бири менен байланыштуу системасы;
төлөмдүк (эсептик) документтер - төлөм тапшырмалары, алардын негизинде банктык эсептен каражаттарды чыгаруу жана эсепке алуу жүзөгө ашырылат;
төлөөчү -өзүнүн акчалай каражаттарынын эсебинен төлөөнү ишке ашырган юридикалык же жеке жак;
алуучу - төлөмдүн натыйжасында өзүнүн пайдасына акчалай каражаттар келип түшкөн юридикалык же жеке жак;
бюджеттик каражаттарды алуучу - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын, тиешелүү органдын чечиминин же келишимдин негизинде бюджеттен каражаттарды алууга укугу бар жана аларды максатка ылайыктуу пайдаланууга жооптуу болгон бюджеттик уюм жана/же башка уюм;
эсептик көрсөткүч - социалдык төлөмдөрдүн, компенсациялардын, экономикалык санкциялардын, администрациялык өндүрүп алуулардын жана айыптардын, эмгек акы менен байланыштуу болбогон экономикалык башка көрсөткүчтөрдүн өлчөмүн аныктоо (эсептөө) үчүн ченемдик акчалай көрсөткүч;
кассалык чектөөлөр режими - бюджеттик мекемелердин бюджеттик милдеттенмелерди убакыттын жол берилген орточо аралыгынын алкагында чектелген көлөмдөрдө кассалык чыгашаларды жүзөгө ашырышы;
жөнөтүүчүлөрдүн маалымат китеби - бюджеттик мекемелердин контрагенттеринин - товарларды, жумуштарды, кызматтарды жөнөтүүчүлөрүнүн негизги маалымдамаларын жана банк эсептеринин реквизиттерин камтыган маалымат жыйнагы;
түшүүлөрдүн администраторунун аймактык органы (ТААО) - түшүүлөрдүн администраторунун республиканын конкреттүү аймагында катталган төлөөчүлөр тарабынан бюджетке төлөнүүчү мыйзамдуу белгиленген салыктардын жана жыйымдардын, башка төлөмдөрдүн жыйналышын, туура эсептелишин, толук жана өз убагында төгүлүшүн контролдоочу структуралык бөлүмү;
чек - белгиленген үлгүдөгү атайын акчалай документ, ал чекти берген адамдын банктык эсебинен накталай акчалай каражаттарды берүү үчүн агент-банка жазуу жүзүндө берилген буйрукту билдирет;
электрондук санарип кол тамга (ЭСКТ) - пайдалануучунун баштапкы маалыматын кайра өзгөртүүнүн натыйжасында алынган символдордун ырааттуулугу, ал жөнөтүүчүнүн электрондук төлөм документинин мыйзамдуу таризделгендик фактысын ырастап турат.
2. Бирдиктүү казыналык эсептин иштешинин режими
3. Бирдиктүү казыналык эсеп (БКЭ) Борбордук казыналыктын борборлоштурулган банктык эсебинен турат, анда республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин акчалай каражаттары топтолот, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин кассалык аткаруу боюнча операциялары чагылдырылат.
4. Бирдиктүү казыналык эсеп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) ачылат.
5. Борбордук казыналык бирдиктүү казыналык эсептин жардамы менен жана банктар аралык төлөм системасы менен байланыштын тикелей каналы аркылуу банктар аралык төлөм системаларынын тикелей катышуучусу болуп калат.
6. Борбордук казыналык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдары боюнча төлөмдөрдү тиешелүү бюджеттин бирдиктүү казыналык эсептеги акчалай каражаттарынын калдыгынын чектеринде жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
7. Бирдиктүү казыналык эсепте төмөндөгү операциялар жүргүзүлөт:
- дебет боюнча бюджеттик мекемелердин келишимдик жана келишимдик эмес негизде кабыл алынган акчалай милдеттенмелерин аткаруу боюнча чыгаша операциялары, мамлекеттик карызды тейлөөгө байланыштуу операциялар, казыналыгынын региондук бөлүмдөрүнүн накталай эсептерине каражаттарды которуу боюнча операциялар жүргүзүлөт;
- кредит боюнча республикалык, жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, бюджеттик мекемелердин атайын жана депозиттик каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесине багытталган башка төлөмдөрдү чегерүү боюнча операциялар, ошондой эле бюджеттик мекемелердин кассалык чыгымдарын калыбына келтирүү боюнча операциялар жүргүзүлөт.
8. Бирдиктүү казыналык эсепте төлөмдөрдүн накталай эмес формалары гана каралган.
9. Төлөөчүлөрдөн бирдиктүү казыналык эсепке чегерилүүгө тийиш болгон накталай акча каражаттарын кабыл алуу жана акчалай каражаттарды которуу боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан коммерциялык банктар тарабынан банктардын кардарлары үчүн белгиленген агымдагы операциялык күндүн алкагында жүргүзүлөт.
10. Акчалай каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен чыгарып салуу боюнча операциялар Улуттук банк тарабынан мыйзамдуу тартипте белгиленген бүткүл операциялык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
11. Бирдиктүү казыналык эсепке түшүүлөрдүн төмөндөгү түрлөрү жазылат:
- салыктар жана жыйымдар;
- бажылык салыктар жана жыйымдар;
- аванстык бажы төлөмдөрү жана күрөөлүк суммалар;
- бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча негизи сумманы кайтарып берүү жана пайыздарды, айыптарды жана туумдарды төлөө;
- республикалык бюджетте турган бюджеттик мекемелердин убактылуу тескөөсүнө түшкөн каражаттар;
- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалануу үчүн төлөмдөр;
- мурда жүргүзүлгөн кассалык чыгымдарды калыбына келтирүү (накталай эмес төлөмдөр боюнча);
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү бюджеттерине багытталган салыктык эмес жана башка төлөмдөр;
- Борбордук казыналыктын валюталык эсептерине жайгаштырылган валюталык каражаттардын эквиваленти чегерилет.
12. Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттар ушул Убактылуу Нускаманын 1-тиркемесине ылайык таризделген билдирменин негизинде которулат.
13. Консолидацияланган билдирмени тариздөө үчүн негиз кассалык чыгымдын билдирмеси жана эсепке алуу жана кайтаруу билдирмеси болот.
14. Кассалык чыгымдын билдирмеси (ушул Убактылуу Нускаманын 2-тиркемеси) бюджеттик каражаттарды алуу үчүн КМБСда төлөмдөрдүн төмөндөгү түрлөрү үчүн толтурулат:
- товарларды, жумуштарды жана кызматтарды жөнөтүүчүлөргө акчалай каражаттарды которуу;
- бюджеттик каражаттарды алуучуларга накталай акча каражаттарын берүү;
- республикалык бюджеттик мекемелердин убактылуу карамагында болгон жана белгилүү бир шарттар келип чыкканда, аларды мурда которгон жеке (юридикалык) жактарга кайтарылууга же багыты боюнча которулууга тийиш болгон каражаттарды которуу;
- мамлекеттик карызды тейлөөгө, мүчөлүк жана үлүштүк акыларды төлөп берүүгө, казыналык системасын тейлөө үчүн банктык кызматтарга акы төлөөгө багытталган каражаттарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка чыгымдарын которуу үчүн толтурулат.
15. КМБСда таризделген кассалык чыгымдоо билдирмеси төмөндөгү маалымдамаларды камтыйт:
- КМБС тарабынан ыйгарылган каттоо номери;
- билдирмени түзгөн бюджеттик каражаттарды алуучунун аталышы;
- бюджеттик каражаттарды алуучунун өздүк эсебинин коду;
- билдирмени аткаруу мөөнөтү;
- төлөө ыкмасы (накталай эмес же накталай төлөө);
- бюджеттик классификациянын чыгымдоолорунун статьяларынын элементтери боюнча кассалык чыгашанын суммасы;
- кассалык чыгымдоо жүргүзүлгөн валютанын коду жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы суммасы;
- билдирменин жалпы жыйынтыктоочу суммасы;
- кассалык чыгымдоо жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелген документтин номери жана датасы (эсептик-фактуранын, келишимдин, текшерүү актылары же башка документтер);
- алуучунун банктык эсебинин реквизиттери;
- тиешелүү бюджеттик милдеттенменин катталган номери;
- кассалык чектин номери жана сериясы (төлөмдүн накталай ыкмасынын тушунда);
- кассалык чектин колдонулуш мөөнөтү (төлөмдүн накталай ыкмасынын тушунда);
- алуучунун аты-жөнү (алуучу катары жеке адам алуучу катары чыкканда) же болбосо юридикалык жактын толук аталышы (алуучу катары юридикалык жак чыкканда) (төлөмдүн накталай эмес ыкмасынын тушунда же накталай төлөө тушунда) камтылат.
16. Кассалык чыгымдоо билдирмеси бюджеттик каражаттарды алуучу тарабынан түздөн-түз КМБСда АЖОну пайдалануу менен толтурулат. Электрондук түрдөгү кассалык чыгаша билдирмесине бюджеттик каражаттарды алуучунун ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан электрондук санарип кол тамга каражаттарын колдонуу менен менен кол коюлат.
17. Эсепке алуу жана кайтаруу билдирмеси (ушул Убактылуу Нускаманын 3, 4-тиркемелери) республикалык, жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана бюджетке башка төлөмдөр боюнча салык төлөөчүлөргө ашык төлөнгөн, жаңылыш чегерилген каражаттарды кайтаруу, эсепке алуу жөнүндө түшүүлөрдүн администраторунан алынган корутундулардын негизинде КМБСтин жардамы менен автоматтык түрдө калыптандырылат, буга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 278, 279 жана 281-статьяларына ылайык кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу кирбейт.
18. КНС боюнча каражаттарды кайтаруу кассалык чыгаша билдирмесинин негизинде жүзөгө ашырылат.
19. КМБС тарабынан түзүлгөн эсепке алуу жана кайтаруу билдирмеси төмөндөгү маалымдамаларды камтыйт:
- КМБС тарабынан ыйгарылган каттоо номерин;
- билдирмени түзгөн ТОАПтын аталышын;
- ТОАПтын өздүк эсебинин кодун;
- билдирмени аткаруу мөөнөтүн;
- төлөмдүн ыкмасын накталай эмес же накталай төлөө);
- бюджеттин түрү (республикалык же жергиликтүү);
- кирешелердин бюджеттик классификациясына ылайык төлөөчүгө кайтарылууга тийиш болгон төлөмдүн түрүнүн коду;
- кирешелердин бюджеттик классификациясынын статьяларынын элементтери боюнча кайтарыла турган сумма;
- кайтаруу жүзөгө ашырыла турган валютанын коду жана кайтарыла турган сумма Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен;
- кайтарууну жүзөгө ашырууга негиз болгон документтин номери жана датасы (ТОАПтын корутундусу, төлөөчүнүн каты же башка документ);
- алуучунун банктык эсептеринин реквизиттери;

- касалык чектин колдонулуш мөөнөтү (төлөмдүн накталай ыкмасынын тушунда);

3. Кассалык чыгаша билдирмесин каттоонун тартиби
20. Кассалык чыгаша билдирмеси бюджеттик каражаттарды алуучулардын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди кассалык аткаруу боюнча чыгаша операцияларынын бардык түрлөрүн жүргүзүү үчүн эң негизги документ болуп саналат.
21. Кассалык чыгаша билдирмеси:
- бюджеттик эсептер (республикалык, жергиликтүү) боюнча;
- атайын эсептер (республикалык, жергиликтүү) боюнча;
- депозиттик эсептер боюнча өзүнчө толтурулат.
22. Накталай эмес жана накталай төлөмдөр боюнча кассалык чыгаша билдирмеси КМБСте өзүнчө толтурулат, анда төлөмдүн ыкмасы - накталай эмес же накталай ыкмасы милдеттүү тартипте көрсөтүлөт.
23. Бюджеттик каражаттарды алуучунун техникалык жабдылышы жетишсиз болгон учурда, кассалык чыгаша билдирмеси КРБдо кагаз жүзүндө (ыйгарым укуктуу адамдардын колдору коюлат жана бюджеттик каражаттарды алуучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт) же бюджеттик каражаттарды алуучу тарабынан белгиленген формада түзүлгөн жана электрондук каражат аркылуу КРБго берилген тексттик файлдар же электрондук таблицалар түрүндө берилет. КРБ КМБС аркылуу жогоруда аталган тексттик файлдарды же электрондук таблицаларды КМБС тарабынан колдоого алынган форматка кайра форматтоо жана андан кийин билдирмени КМБСда каттоо үчүн билдирменин маалымдамаларын импорттоону жүзөгө ашырат.
24. Мамлекеттик карызды тейлөөгө, мүчөлүк жана үлүштүк салымдарды төлөөгө, казыналыктын системасын тейлөө үчүн банктык кызматтарга акы төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка чыгымдарына багытталган каражаттарды которуу боюнча кассалык чыгаша билдирмеси Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тиешелүү структуралык бөлүмдөрү тарабынан АЖОду пайдалануу менен КМБСте толтурулат жана электрондук санарип кол тамгасынын каражаттарын колдонуу менен алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн колдору коюлат.
25. КМБСда катталган кассалык чыгаша билдирмеси жөнүндө маалымат Борбордук казыналык үчүн мүмкүнчүлүктүү болуп калат. Каттоо процессинде КМБС бюджеттик каражаттар боюнча кассалык чыгаша билдирмесин төмөндөгүдөй текшерүүнү автоматтык түрдө жүзөгө ашырат:
а) кассалык чыгаша билдирмесинин суммасы (операция жасалган датага карата) бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринин суммасынан ашык болбоого тийиш (чыгашалардын бюджеттик классификациясынын тиешелүү коду боюнча мурда эле катталган жана мурда аткарылган кассалык чыгаша билдирмеси боюнча);
б) чыгашалардын бюджеттик классификациясынын тиешелүү коду боюнча катталган бюджеттик милдеттенменин жана ал боюнча аткарылбаган калдыктын болушу;
в) катталган бюджеттик милдеттенме болгон учурда кассалык чыгаша билдирмесинин суммасы бюджеттик классификациянын чыгашалар статьясынын (элементинин) ар бир коду боюнча операция жасалган датага карата бюджеттик милдеттенменин аткарылбаган калдыгынан ашык болбоого тийиш. Контролдун натыйжалары терс болгон учурда кассалык чыгаша билдирмеси четке кагылат жана КМБСда сакталып калбайт.
26. Кассалык чыгаша билдирмеси бюджеттик милдеттенмеге шилтеме жасабастан катталган учурда (ушул Убактылуу Нускаманын 25-пунктунда баяндалган бардык талап кылынган текшерүүлөр аткарылгандан кийин) КМБС ушундай милдеттенмеге контролдук жүргүзүүнүн талап кылынган бардык текшерүүлөрүн аткаруу менен бюджеттик милдеттенмени автоматтык түрдө калыптандырууну жүзөгө ашырат.
27. Кассалык чыгаша билдирмеси чет өлкөлүк валюта менен катталган учурда кассалык чыгаша билдирмесинин суммасы КМБСда расмий курс боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына автоматтык түрдө кайра эсептелип чыгат.
28. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасынын (мындан ары - казыналык системасы) зонасынан тышкаркы бюджеттик каражаттарды алуучулар үчүн КМБС курстук айырманы эсепке алуу үчүн төлөм жүргүзүлгөн датага карата чет өлкөлүк валютанын пландык курсу менен расмий курстун ортосундагы айырманын эсебин чыгарат.
29. Чет өлкөлүк валютада түзүлгөн келишимдик негиздеги бюджеттик милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында пландык курсу боюнча, ал эми кассалык чыгашаны жүзөгө ашырууда бюджеттик милдеттенмени аткаруу КМБСда расмий курс боюнча эсепке алынат.
30. Кассалык чектөөлөр режиминде КМБС кассалык чыгаша билдирмесинин суммасынын кассалык чектөөлөрдүн эркин калдыгынын суммасынан ашып кетпешин контролдойт. Эгерде кассалык чектөө бюджеттик классификациянын коддору боюнча жасалса, анда билдирмелерди контролдоо кассалык чыгаша билдирмесинде көрсөтүлгөн бюджеттик классификациянын ар бир коду боюнча өзүнчө жүзөгө ашырылат. Эгерде кассалык чектөө бюджеттик классификациянын коддорунун топтору боюнча жасалса, билдирменин суммасы бюджеттик классификациянын коддорунун тобу боюнча кассалык чектөөнүн эркин калдыгынын жалпы суммасынан (суммаланган маанисинен) ашып кетпеши контролдонот. Эгерде кассалык чектөө бюджеттик классификациянын коддору боюнча бөлүштүрүлбөстөн жасалса, анда КМБС кассалык чыгаша билдирмесинин суммасынын кассалык чектөөнүн эркин калдыгынан ашып кетпешин контролдой.
31. Аталган текшерүүнү жүргүзүүнүн натыйжасы ийгиликтүү болгондо КМБС кассалык чектөөнүн пайдаланылбай калган суммасынын калдыгын билдирменин суммасына азайтууну жүргүзөт.
32. Контролдун натыйжасы терс болгон учурда, кассалык чыгаша билдирмеси четке кагылат жана КМБСда сакталып калбайт. КМБС каталарды, каттоодон баш тартуунун себептерин баяндоо менен протоколду тариздейт. КРБКМБСнын жардамы менен бул тууралуу бюджеттик каражаттарды алуучуга кабарлайт.
33. Кассалык чыгаша билдирмеси ушул Убактылуу Нускаманын 25-пунктуна ылайык кагаз жүзүндө берилген учурда КРБ кассалык чыгаша билдирмесин бюджеттик каражаттарды алуучуга аткарбастан кайтарып берет, мында берилген кассалык чыгаша билдирмесинин маалымдамалары КМБСда сакталып калбайт.
34. Кассалык чыгаша билдирмеси атайын каражаттар боюнча катталганда КМБС кассалык чыгаша билдирмесинин суммасынын атайын каражаттардын мүмкүн болуучу калдыгынын суммасынан ашып кетпешин контролдойт. Атайын каражаттардын мүмкүн болгон калдыгынын суммасы кирешелердин бюджеттик классификациясынын коддоруна ылайык бюджеттик каражаттарды алуучунун атайын каражаттар боюнча кирешелер жана чыгашалар сметасында көрсөтүлгөн атайын каражаттардын эркин калдыгынын суммасын билдирип турат.
35. Атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметасында каралбаган кирешелердин коддору боюнча кирешелердин түшүшү атайын каражаттардын мүмкүн болгон калдыгынын суммасын жогорулатпайт. Атайын каражаттардын жогоруда аталган түшүүлөрү бюджеттик каражаттарды алуучу тарабынан атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметаларынын өзгөргөндүгү (жогорулагандыгы) жөнүндө тиешелүү документтер берилгенден кийин пайдаланылышы мүмкүн.
36. Кассалык чыгаша билдирмеси банктар аралык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн төлөм тапшырмасын андан ары калыптандыруу үчүн алуучунун банктык эсебинин реквизиттерин, ошондой эле катталган бюджеттик милдеттенмелерге ылайык кассалык чыгаша билдирмесин аткаруунун чектелген датасын да камтыйт.
37. КМБСда чет өлкөлүк валюта менен түзүлгөн кассалык чыгаша билдирмеси катталганда билдирменин суммасы автоматтык түрдө операция жасалган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курс боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына которулат. ИСУК чет өлкөлүк жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы кассалык чыгаша билдирмелерин сактоону жүзөгө ашырат.
38. Текшерүүнүн натыйжасы он болгондо, КМБС кассалык чыгаша билдирмесин сактап калат жана бюджеттик каражаттарды алуучунун өздүк эсебинде бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринин эркин калдыгынын суммасынын азайышын, атайын каражаттар боюнча калдыктын мүмкүн болуучу суммасын (атайын каражаттардын эсебинен чегерүү тушунда), бюджеттик классификациянын коддору боюнча бюджеттик милдеттенмелердин аткарылбаган калдыгынын суммасын эсептөөнү жүргүзөт.
39. КРБ бюджеттик каражаттарды алуучу тарабынан берилген КМБСда белгиленген тартипте контролдон өткөн кассалык чыгаша билдирмелерине, электрондук санарип кол тамгасын колдонуу менен кассалык чыгаша билдирмесинин электрондук формасына кол коет, б.а. кассалык чыгаша билдирмесин авторлоштурат.
40. КМБСте катталган кассалык чыгаша билдирмесинин ал авторлоштурулгандан кийинки мазмуну үчүн жоопкерчилик КРБдо ыйгарым укуктуу кызматкерине жүктөлөт.
41. Кассалык чыгаша билдирмесинде чыгашалардын бюджеттик классификациясынын статьяларынын (элементтеринин) ар кандай коддору боюнча кассалык чыгашалардын бир нече суммасы көрсөтүлүшү мүмкүн.
42. Уникалдуу каттоо номерин ыйгаруу менен КМБСте катталган жана сакталып турган кассалык чыгаша билдирмелеринин маалымдамалары КМСБ Борбордук казыналык үчүн мүмкүнчүлүктүү болуп калат.
4. Эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелерин каттоонун тартиби
43. Түшүүлөрдүн администраторунун аймактык органы үзгүлтүксүз негизде, бирок күнүнө кеминде бир жолу түшүүлөрдүн администраторуна АЖО пайдалануу менен салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алуу жана кайтаруу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү (электрондук түрдөгү) корутунду берип турат.
44. Эсепке алуу жана кайтаруу жөнүндө корутундунун негизинде түшүүлөрдүн администраторунун аймактык органына түздөн-түз КМБСда АЖОну пайдалануу менен 5 жана 6-тиркемелерге ылайык форма боюнча эсепке алуунун жана кайтаруунун реестри (мындан ары - реестр) түзүлөт. Электрондук форматтагы реестрге электрондук санарип кол тамгасынын каражаттарын колдонуу менен түшүүлөрдүн администраторунун аймактык органынын ыйгарым укуктуу адамдарынын колдору коюлат жана КМБС аркылуу корутундуну тиркөө менен түшүүлөрдүн администраторуна берилет.
45. Ар бир реестрде бюджеттин кайтарылууга тийиш болгон акчалай каражаттардын бир нече суммасы көрсөтүлөт, бирок кирешелердин бюджеттик классификациясынын элементинин бир коду боюнча 20дан ашпоого тийиш.
46. Түшүүлөрдүн администратору өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде электрондук форматтагы корутундулары тиркелген алынган электрондук реестрлерди текшерет. Текшерүүдөн өткөн реестрлердин жана корутундулардын негизинде түшүүлөрдүн администраторунун ар бир аймактык органы боюнча эркин реестр түзүлөт.
47. Жыйынды реестр корутундуларды тиркөө менен коштомо каттын электрондук графикалык көчүрмөсү менен КМБС аркылуу Борбордук казыналыкка берилет.
48. КМБСда каттоо номери ыйгарылган реестрлердин катталган жана сакталган маалымдамалары КМБСте Борбордук казыналык үчүн мүмкүнчүлүктүү болуп калат.
49. КМБС корутундуларды Борбордук казыналыктын маалымдамалардын электрондук базасына киргизүүнү камсыз кылат. Киргизүүнүн жол-жобосу кассалык чыгаша билдирмесиникине окшош болот жана түшүүлөрдүн администраторунан электрондук түрдө түшкөн, ошондой эле кагаз жүзүндөгү документтерде көрсөтүлгөн электрондук графикалык көчүрмөлөр түрүндө жүзөгө ашырылат.
50. Борбордук казыналык КМБСда берилген эркин реестрдин тиркелген корутундуларга ылайык бардык зарыл реквизиттер менен толук толтурулгандыгын текшерет.
51. КМБС электрондук корутундунун жана жыйынды реестрдин маалымдамалары боюнча эсепке алуу билдирмесин түзөт.
52. Түшүүлөрдүн администраторлорунун Борбордук казыналыкка түшкөн реестрлеринин негизинде калыптандырылган жана Борбордук казыналыкта калыптандырылган эсепке алуу билдирмелеринин негизинде калыптандырылган консолидацияланган билдирме жактырылгандан кийин, КМБС эсепке алуу боюнча операцияны автоматтык түрдө Борбордук казыналыктын Башкы китебиндеги тиешелүү эсептерде эсепке алуу боюнча операцияны чагылдырат.
53. Салыктык милдеттенмени бир түрдөн экинчи түргө эсепке алуу боюнча операциялар (банктык төлөм системасы аркылуу акчалай каражаттарды которбостон). Борбордук казыналыктын Башкы китебинде ашыкча төлөө пайда болгон салыктын түрү боюнча түшүүлөрдүн жалпы суммасынын азайышы катары ашыкча төлөө таандык кылынган (эсепке алынган) салыктын ошол түрүнүн ашыкча төлөнгөн суммасын жогорулатуу менен чагылдырылат.
54. Бул операция түшүүлөрдүн тиешелүү администраторлорунун өздүк эсеби боюнча жүргүзүлөт, ошондой эле түшүүлөрдүн администраторлорунун бир өздүк эсебинен түшүүлөрдүн башка администраторунун өздүк эсебине жүргүзүлүшү мүмкүн.
55. Түшүүлөрдүн администраторлорунун салык боюнча ашып кеткен же ашык төлөнгөн суммаларды бюджеттен кайтаруу жөнүндө корутундуларды тиркөө менен түшүүлөрдүн администраторлорунун электрондук түрдө Борбордук казыналыкка Жыйынды реестрлеринде КМБСте ашып кеткен же бюджетке ашыкча төлөнгөн каражаттарды төлөөчүгө кайтаруу боюнча төлөм документин калыптандырууда зарыл болгон салык төлөөчүнүн төмөндөгү реквизиттери камтылууга тийиш:
- алуучунун аталышы;

- салыктын түрүнүн элементинин же бюджетке башка төлөмдүн коду;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин тиешелүү статьяларына ылайык кайтарылууга тийиш болгон сумма камтылууга тийиш.
56. Кайтаруунун жыйынды реестрлеринин негизинде КМБС автоматтык түрде кайтаруу үчүн билдирмени калыптандырат (бюджеттик милдеттенмени түзбөстөн).
57. Ашыкча төлөнгөн каражаттарды кайтаруу үчүн корутундуну жүктөөдө төмөндөгү реквизиттердин туура толтурулушун жүзөгө ашырат:
- кирешелердин бюджеттик классификациясынын элементтеринин коддорун;
- жүктөө жол-жобосун аткарган түшүүлөрдүн администраторунун аталышы;
- алуучунун банк эсебинин реквизиттери;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин тиешелүү статьяларына ылайык каражаттарды алуучуга которулган каражаттардын суммасы камтылууга тийиш.
58. Берилген жыйынды реестрди жана ашыкча төлөнгөн каражаттарды кайтаруу жөнүндө корутундуну КМБС кайтаруулардын суммасы түшүүлөрдүн администраторлору тарабынан белгиленген баскычтуу көрсөткүчтөн ашып кетпешин контролдойт.
59. Аталган контролдук КМБСда сакталган маалыматка негизденип, салык төлөөчүнүн маалымат китеби түрүндө жана аталган салык төлөөчү боюнча убакыттын белгилүү бир мезгилинин ичиндеги эсепке алууларды/кайтарууларды эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат.
60. КМБС корутундуну контролдоо жүзөгө ашырылган мезгил: агымдагы ай же жыл көрсөтүлөт.
5. Консолидацияланган билдирмени түзүүнүн тартиби
61. Бирдиктүү казыналык эсептен каражаттарды которуу үчүн консолидацияланган билдирме КМБС боюнча КРБдон келип түшкөн кассапык чыгаша билдирмелеринин, эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелеринин электрондук формаларынын негизинде Борбордук казыналык тарабынан КМБСга түзүлөт. Кассалык чыгаша билдирмесинин жалпыланган жыйынды маалымдамаларды камтыган жана эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелеринин жыйынды жалпыланган маалымдамаларын камтыган консолидацияланган билдирмелер КМБСда өзүнчө түзүлөт.
62. Кассалык чыгаша билдирмеси жана эсепке алуу жана кайтаруу билдирмеси алардын аткарылыш мөөнөтүнө ылайык тиешелүү консолидацияланган билдирмеге киргизилет.
Билдирмелерди аткаруунун чектелген мөөнөттөрү Борбордук казыналык тарабынан аныкталат. ИСУКта билдирмелерди аткаруунун мөөнөттөрү 1 күндөн 30 календарлык күнгө чейин белгиленген, ага ылайык КМБС кассалык чыгаша билдирмелеринин, эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелеринен алынган маалыматтарды консолидацияланган билдирмеге киргизүүнү камсыз кылат.
63. Бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан түзүлгөн кассалык чыгаша билдирмелери, түшүүлөрдүн администраторлору тарабынан түзүлгөн эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелери, КМБС тарабынан Борбордук казыналыкта калыптандырылган консолидацияланган билдирмелер бир бүтүнгө чейинки тактыкта Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен түзүлөт.
64. Борбордук казыналык ошол иш күндүн ичинде кассалык чыгаша билдирмелеринин, эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелеринин КМБСке түшүшүнө жараша берилген электрондук билдирмелерде толтуруу үчүн каралган реквизиттердин жана нөлдүк көрсөткүчтөрдүн бар экендигин текшерет, ошондой эле КМБСнын жардамы менен алардын КМБСда сакталып турган маалымдамаларга ылайык келишин текшерет.
65. Кассалык чыгашанын электрондук билдирмесинде (эсепке алуу жана кайтаруу билдирмесинде) белгиленген көрсөткүчтөр төмөндөгү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- кассалык чыгаша билдирмесинин датасы ошол иш күндөн эрте болбоого тийиш;
- бирдиктүү казыналык эсептен которуу үчүн белгиленген чектелген дата ошол иш күндөн эрте болбоого тийиш;
- өзүнүн пайдасына акча каражаттары которулуп жаткан алуучунун КМБС сакталган жөнөтүүчүлөрдүн Маалымат китебинде камтылган эсептеринин реквизиттери маалыматка ылайык келүүгө тийиш.
66. Эгерде кассалык чыгашанын электрондук билдирмесинин (эсепке алуу жана кайтаруу билдирмесинин) мазмуну ушул Убактылуу Нускаманын 50-пунктунда саналып өткөн талаптарга ылайык келбесе, Борбордук казыналык бюджеттик каражаттарды алуучунун жана түшүүлөрдүн администраторунун тиешелүү КРБга КМБС аркылуу кабарлоо менен мындай билдирмени кабыл албайт.
67. Кассалык чыгаша билдирмеси (эсепке алуу жана кайтаруу билдирмеси) белгиленген талаптарга жооп берсе, ал консолидацияланган билдирмеге киргизилет.
68. КМБСда таризделген электрондук консолидацияланган билдирме Борбордук казыналыктын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кошумча контролдоочу текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Кошумча текшерүү аяктагандан кийин консолидацияланган билдирүүнү авторлоштуруу жүргүзүлөт.
69. Борбордук казыналык жактырылган консолидацияланган билдирменин негизинде жактырылган консолидацияланган билдирменин суммасынын бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттин ар бир түрү боюнча каражаттардын калдыктарынын суммасына ылайык келишин контролдойт жана төмөндөгүлөрдү аныктайт:
- консолидацияланган билдирмени аткарууну камсыз кылуу үчүн кийинки күнү керектелүүчү акча каражаттарынын суммасын;
- КРБнун кардарларын жалпы республика жана ар бир КРБ боюнча өзүнчө накталай акча каражаттары менен менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражаттардын жалпы суммасын аныктайт.
70. Консолидацияланган билдирме жактырылгандан (авторлоштурулгандан) кийин Борбордук казыналык бирдиктүү казыналык эсептен каражаттарды которуу учүн төлөм документтерин (тапшырмаларын) КМБСга түзүүгө демилге көтөрөт.
71. Төлөмдүн талап кылынган датасы бар төлөм тапшырмаларын калыптандыруу КМБС тарабынан автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат, б.а. кассалык чыгаша билдирмелерине жана эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелерине ылайык аткаруу мөөнөтү кийинки операциялык күнгө белгиленген төлөм тапшырмалары консолидацияланган билдирменин негизинде КМБС тарабынан ошол күнкү дата менен калыптандырылат.
72. КМБСда төлөм документтерин автоматташтырылган калыптандыруу төмөндөгү маалыматын негизинде жүзөгө ашырылат:
- накталай эмес формадагы кассалык чыгаша билдирмелеринин негизинде (сом жана чет өлкөлүк валюта менен);
- бирдиктүү казыналык эсептен төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсептерине эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелеринин негизинде;
- бирдиктүү казыналык эсептен накталай берүү боюнча эсептерге которуу үчүн консолидацияланган билдирменин негизинде (төлөмдүн накталай ыкмасындагы бардык билдирмелердин жалпы суммасына бир төлөм тапшырмасы калыптандырылат);
- казыналыктын системасы колдонулган зонадан тышкары жайгашкан бюджеттик каражаттарды алуучулардын эсептерине каражаттарды которуу боюнча кассалык чыгаша билдирмелеринин негизинде;
- убактылуу сактоодо болгон каражаттарды төгүүчүлөргө же багыты боюнча кайтаруу боюнча кассалык чыгаша билдирмелеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
73. Алуучулардын банктык реквизиттерин КМБС консолидацияланган билдирмеге киргизилген кассалык чыгаша билдирмелеринин жана эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелеринин маалымдамалары боюнча, КМБСда сакталган жөнөтүүчүлөрдүн Маалымат китебинде камтылган банк эсептеринин реквизиттери жөнүндө маалымат менен салыштырып аныктайт.
74. Акчалай каражаттарды бир жөнөтүүчүнүн пайдасына (билдирмеге ИИН идентификациялык кодунун көрсөтүлгөн белгиси боюнча) которууда КМБС которуу жүргүзүлүп жаткан бир нече кассалык чыгаша билдирмелери боюнча бир төлөм документин түзөт.
75. Төлөм тапшырмаларын түзүү процессинде КМБС автоматтык түрдө аларды үзгүлтүксүз ырааттуу номерлештирет. КМБСда түзүлүп жаткан төлөм документтеринин: бардык төлөм документтери, төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча, валюталардын түрлөрү боюнча чынымсыз ырааттуу номерлештирүү функциялары жөнгө салынган. КМБС маалыматтык кассалык чыгаша билдирмелеринде төлөм документтеринин "түзүлгөн", "авторлоштурулган жана банкка берилген", статусу жөнүндө маалыматтардын автоматтык түрдө сакталышын камсыз кылат, ошондой эле накталай эмес төлөмдөр боюнча төлөм документтеринин реквизиттерин жана накталай төлөө боюнча чектердин реквизиттерин автоматтык түрдө сактоону камсыз кылат.
76. КМБС Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын биргелешкен чечими менен бекитилген форматта электрондук төлөм документтерин генерациялайт.
77. Даярдалган электрондук төлөм документтери (статусу "түзүлгөн") ЭСКТнын жардамы менен белгиленген тартипте Борбордук казыналыктын ыйгарым укуктуу адамдарынын колдору коюлат жана Улуттук банк менен түз орнотулган электрондук телекоммуникациялык каражаттар аркылуу (статусу авторлоштурулган жана банкка берилген) аткаруу үчүн Улуттук банкка берилет. Төлөм документтери байланыштын электрондук телекоммуникациялык каналдары аркылуу берилип жана электрондук банктык жазманын (статусу "банк тарабынан аткарылган") дебеттик чагылдырылышынан кийин аткарылды деп эсептелет.
78. Борбордук казыналык төлөм жүргүзүлгөн күнү КМБСтын жардамы менен төлөмдүн накталай эмес жана накталай ыкмаларынын тушунда кассалык чыгаша билдирмелерин аткаруу жөнүндө маалыматты КРБго жеткирүү менен, төлөм документтерин Улуттук банкка автоматтык түрдө берет.
79. КМБС кассалык чыгаша билдирмелеринин жана эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелеринин маалымдамалар базасында аткарылган төлөм документтеринин сакталышын жүзөгө ашырат.
80. Кассалык чыгаша билдирмеси Борбордук казыналык тарабынан которуу үчүн төлөм тапшырмасын калыптандыруу башталганга чейин, б.а. консолидацияланган билдирме авторлоштурулгандан кийин дароо кайра алынышы мүмкүн.
81. Кассалык чыгаша билдирмесин кайра алуу үчүн КРБ КМБСнын жардамы аркылуу Борбордук казыналыкка электрондук түрдө билдирмени жокко чыгаруу (мындан ары - жокко чыгаруу сунуш талабы) суроо жиберет, ал бюджеттик каражаттарды алуучу тарабынан ушул Убактылуу Нускаманын 9-тиркемесине ылайык формада түзүлөт.
82. Жокко чыгаруу сунуш-талабын электрондук түрдө берүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондо жокко чыгаруу жөнүндө сунуш-талап факсимиле байланышты пайдалануу менен Борбордук казыналыкка жиберилет. Мында Борбордук казыналык жокко чыгаруу жөнүндө факсимиле байланыш боюнча алынган сунуш-талаптын негизинде КМБСте ыйгарым укуктуу адамга жокко чыгаруу үчүн электрондук түрдө сунушту берет, анын ыйгарым укуктарына жокко чыгаруу сунуш-талабына кол коюу таандык кылынат.
83. Борбордук казыналык КМБСтын жардамы менен жокко чыгаруу жөнүндө берилген сунуш-талапты түзүүнүн тууралыгын, анда КРБ жана бюджеттик каражаттарды алуучулардын толтурушунда каралган реквизиттердин жана нөлдүк эмес көрсөткүчтөрдүн бар экендигин текшерет. КМБСда контролдук текшерүү аяктагандан кийин жокко чыгаруу жөнүндө сунуш-талап боюнча маалымдамалар консолидацияланган билдирмеден чыгарылат (жокко чыгарылат). Тиешелүү түрдө мурда КМБСте калыптандырылган төлөм документи аткарылбайт, ал КМБСтин маалымдамалар базасында жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү сунуш - талапка шилтеме жасоо менен "жокко чыгарылган төлөм документи" деген статус менен сакталат.
84. Жокко чыгаруу жөнүндө сунуш-талап Борбордук казыналыкка кассалык чыгаша билдирмеси (эсепке алуу жана кайтаруу билдирмеси) боюнча төлөм тапшырмасы калыптандырылгандан кийин келип түшкөндө ал кайра алынышы мүмкүн эмес. Мындай учурда жокко чыгаруу жөнүндө сунуш-талап "жокко чыгаруунун аткарылбаган сунуш-талабы" катары КМБСте катталат жана сакталат. КМБСдагы жокко чыгаруу сунуш-талабы автоматтык түрдө КРБго аткарылбастан кайтарылат.
85. Эгерде төлөм документи Улуттук банкка берилип жана аткарылып калса билдирмени КМБСдан кайра алуу мүмкүн эмес, б.а. ал КМБСда "банк тарабынан аткарылды" деген статуска ээ болот. Контролдоонун протоколу жокко чыгаруунун сунуш-талабын аткаруудан баш тартуунун себептерин баяндоо менен КРБга, бюджеттик каражаттарды алуучуга берилет.
86. Кассалык чыгаша билдирмесин кайра алууда (жокко чыгарууда), эгерде бюджеттик милдеттенмелер КМБСда жөнөтүү келишиминин негизинде катталса, автоматтык түрдө кассалык чектөөлөрдүн аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелеринин суммасын (кассалык чыгашаларга убактылуу чектөөлөрдү эске алуу менен) билдирмедеги алардын баштапкы суммасына чейин калыбына келтирет.
87. Кассалык чыгаша билдирмелери (эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелери) Борбордук казыналыкта түзүлгөн консолидацияланган билдирмелер жана төлөм документтери КМБСнын электрондук маалымдамалар базасында 5 жыл бою сакталат.
88. КРБгу аткарылган кассалык чыгаша билдирмелер, эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелер жана алардын кайтарылгандары милдеттүү тартипте үч жыл бою сакталат, алардын эсеби алар аткарылган жылдан тартып башталат. Аткарылган кассалык чыгаша билдирмелеринин, эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелеринин кагаз жүзүндөгү документтеринин электрондук-графикалык көчүрмөлөрү жана кайтарылгандары КМБСнын электрондук маалымдамалар базасында беш жыл бою сакталат.
89. КМБСда түзүлгөн кагаз жүзүндөгү консолидацияланган билдирмелерди басып чыгаруу зарылдыгына жараша ишке ашырылат.
6. Накталай акча каражатты берүүнүн тартиби
90. Казыналыктын региондук бөлүмдөрү тарабынан казыналыктын системасындагы агент банктарда накталай акча каражаттарын берүү боюнча эсептер - КРБдун накталай эсептери ачылат.
91. КРБдун накталай эсептери тиешелүү КРБнун кардарлары болуп эсептелген бюджеттик каражаттарды алуучуларга накталай акча каражаттарын берүү үчүн гана пайдаланылат. КРБнун накталай эсептеринен ашык төлөнгөн салыктарды, жыйымдарды, жаңылыш чегерилген төлөмдөрдү кайтарып берүү жүзөгө ашырылат. Мында аларды кайтарып берүүнүн накталай ыкмасы 100 (жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө жүргүзүлөт.
92. КРБ накталай эсеби боюнча операциялык күндүн башталышында операцияларды жүргүзүү анда нөлдүк калдык болгондо жүзөгө ашырылат.
93. КРБдор накталай эсептеринде төмөндөгү операциялар жүргүзүлөт:
- дебет боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджетте турган бюджеттик каражаттарды алуучулардын ыйгарым укуктуу адамдарына накталай акча каражаттарын берүү боюнча бюджеттик мекемелердин чыгашалык операциялары жана төлөөчүлөргө берилген чектин негизинде накталай акча каражаттарын алуу жүргүзүлөт;
- кредит боюнча бюджеттик каражаттарды алуучуларды накталай акча каражаттары менен камсыз кылуу үчүн ошол күндө зарыл болгон каражаттардын суммасын чегерүү боюнча операциялар жүргүзүлөт (бирдиктүү казыналык эсептен которулган).
Бюджеттик каражаттарды алуучунун мурда накталай ыкма менен жүзөгө ашырылган кассалык чыгашаларын калыбына келтирүү боюнча акчалай каражаттар андан ары бирдиктүү казыналык эсепке чегерүү үчүн агент-банкка же ар кандай жакынкы коммерциялык банкка өткөрүлүшү мүмкүн.
94. Ошол операциялык күндүн ичинде КРБ накталай эсеби боюнча жүргүзүлгөн накталай төлөмдөрдүн натыйжалары боюнча операциялык күндү жабуу башкы агент банктын төлөм документинин негизинде агент-банк тарабынан жүргүзүлөт, ага ылайык РОКтун накталай эсебине жүргүзүлгөн накталай төлөмдөрдүн суммасына барабар каражаттар нөлдүк калдыкка чейин чегерилет.
95. КРБ накталай эсебинен чыгаша операцияларын жүргүзүү үчүн негиз накталай акча каражаттарын алуу үчүн берилген чек болуп эсептелет.
96. Накталай акча каражаттарын алуу үчүн чек бюджеттик каражаттарды алуучунун ыйгарым укуктуу адамы тарабынан казыналыктын региондук бөлүмүндө белгиленген үлгүдөгү кагазга толтурулат жана бюджеттик каражаттарды алуучунун КМБСда катталган кассалык чыгаша билдирмесинин негизинде КРБдо кол коюлат (Борбордук казыналык тарабынан жактырылган консолидацияланган билдирмеге киргизилген). Кагаз чектерин толтуруунун тартиби ушул Убактылуу Нускаманын 10-тиркемесинде баяндалган.
97. КРБдо кассалык чыгаша билдирмелерин каттоо менен катар КМБС автоматтык түрдө кассалык чыгаша билдирмесинде камтылган маалыматтан чек жөнүндө маалымдамаларды алуу аркылуу накталай акча каражаттарын алуу үчүн электрондук чектерди калыптандырууну жана каттоону жүзөгө ашырат, КМБСда электрондук чектин кассалык чыгаша билдирмесинини маалымдамаларына ылайык келиши контролдонот. Электрондук чекти контролдоонун натыйжасы он болгондо РОКтун ыйгарым укуктуу адамдары электрондук чекти авторлоштурушат жана тиешелүү түрдө толтурулган кагаз чекке кол коет.
98. Консолидацияланган билдирмеге киргизилген, бардык электрондук чектерди КРБдо каттоонун натыйжалары боюнча, КМБСда авторлоштурулган электрондук чектердин маалымдамалар базасында сакталган маалымдамалары боюнча электрондук чектердин Реестри калыптандырылат, анын формасы ушул Убактылуу Нускаманын 11-тиркемесине ылайык формада болот.
99. КРБ чектердин электрондук реестрин КРБдун накталай эсеби тейленген жердеги- агент-банкка жиберет, ал эми кагаз чектер бюджеттик каражаттарды алуучулардын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан акы төлөп берүүчү агент-банкка жиберилет.
100. КМБС чектин тиешелүү кассалык чыгаша билдирмесине байланыштырылышын камсыз кылат. Катталган чектер жөнүндө маалыматтар КМБСда консолидацияланган билдирмени түзүүнүн жана андан кийин КМБСда башкы агент банктын КМБСда катталган бардык электрондук чектеринин суммасындагы корреспонденттик эсебин кредиттөө боюнча төлөм документин даярдоо жөнүндө маалымат Борбордук казыналыкта мүмкүн болуп калат.
101. Электрондук чек КСБСда ушул Убактылуу Нускамага карата 12-тиркемеге ылайык форма боюнча жасалат жана төмөндөгүдөй маалыматты камтыйт:
- чектин катталган номерин;
- бюджеттик каражаттарды алуучунун өздүк эсебинен кодун;
- кагаз чектин сериясын, номерин жана датасын;
- чектин жыйынтыктоочу суммасын жана чыгашалардын бюджеттик классификациясынын статьяларынын (элементтеринин) коддору боюнча бөлүштүрүлгөн;
- кассалык чыгашалар билдирмесинин катталган номери, кагаз чеги ага ылайык толтурулат;
- кагаз чектин колдонулуш мөөнөтү.
102. Чектерди КМБСда каттоо аяктап жана консолидацияланган билдирмелер жактырылгандан кийин (накталай акча каражаттарын алуунун алдында саат 15-00дө), КМБС Борбордук казыналык тарабынан бирдиктүү казыналык эсептен КРБнун накталай эсептерине которулууга тийиш болгон суммаларды автоматтык түрдө аныктайт.
103. Борбордук казыналык КМБСда КРБмун накталай акча каражаттары менен камсыз кылуу үчүн төлөм тапшырмасын калыптандырат, ошондой эле тиешелүү КРБ үчүн которулуучу каражаттардын суммасы жөнүндө маалыматты жана консолидацияланган билдирменин курамына киргизилген кассалык чыгаша билдирмелеринин аткарылуучу тизмеси жөнүндө маалымат берет.
104. Бирдиктүү казыналык эсептен башкы агент банктын корреспонденттик эсебине бирдиктүү казыналык эсептен акчалай каражаттарды которуу боюнча төлөм тапшырмасы КМБС бир документ менен таризделет. Борбордук казыналыктан келип түшкөн акчалай каражаттарды банк агенттердин филиалдарынын ортосунда кайра которуу жана бөлүштүрүү КРБ накталай эсептерин тейлөө боюнча агент банк агент менен түзүлгөн келишимге ылайык жүзөгө ашырылат.
105. КРБ жыл сайын жана өндүрүштүк зарылдык боюнча агент банкка өзү тейлеген бюджеттик мекемелердин тизмесин КРБнун накталай акча каражаттарын алууга ыйгарым укук берилген адамынын ишеним катына ылайык жүзөгө ашырылат.
106. Ыйгарым укуктуу адамдарга агент банктардан накталай акча каражаттарын алууга укук берүү бюджеттик каражаттарды алуучунун КРБго берилген белгиленген үлгүдөгү ишеним катына ылайык жүзөгө ашырылат.
107. КРБдун кагаз чегин толтуруу бюджеттик каражаттарды алуучулардын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан накталай акча каражаттары алынган күнү жүзөгө ашырылат. Төлөө үчүн берилген чектер боюнча накталай акча каражаттарын төлөө агент банкта КРБдун накталай эсептерин тейлөө боюнча агент банк менен түзүлгөн келишимге ылайык белгиленген убакыттын белгилүү аралыгында жүргүзүлөт.
108. Бюджеттик каражаттарды алуучулардын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан саат 15.00дөн 17.00гө чейинки убакыт ичинде накталай акча каражаттарын алуу үчүн ыйгарым укуктуу адамдарына кагаз чектерин толтурууга КМБСдан консолидацияланган билдирмени жактыруу жөнүндө кабарлоо алынган шартта жол берилет, ага бюджеттик каражаттарды ушул алуучунун кассалык чыгашасынын тиешелүү билдирмеси кирет.
109. Бирдиктүү казыналык эсептен бардык төлөмдөр накталай эмес ыкма менен жүргүзүлөт. Бюджеттик жана атайын каражаттарды накталай эсеп менен чыгаша кылууга жол берилбейт, буга ушул Убактылуу Нускаманын 13-тиркемесине ылайык тизме боюнча чыгашалар кирбейт.
110. Банктык пластикалык төлөм карталарын пайдалануу менен накталай эмес төлөмдөр системасына толугу менен өткөн бюджеттик каражаттарды алуучуларга ушул Убактылуу Нускаманын 13-тиркемесинде көрсөтүлгөн накталай акча каражаттарын алууга катуу тыюу салынат.
111. Мурда төлөмдүн накталай ыкмасы менен жүзөгө ашырылган кассалык чыгашаларды калыбына келтирүүдө бюджеттик каражаттарды алуучунун ыйгарым укуктуу адамынын накта акчалай каражаттар менен төгүлгөн салымы алуучу тарабынан бюджеттик каражаттар тейленген жердеги тиешелүү КРБнун агент-банкы тарабынан накталай эсеп боюнча жүзөгө ашырылат.
112. Банк-агент тарабынан банк агентке түшкөн накталай акча каражаттары КРБдун накталай эсебине түшөт. Банк-агент КРБнун накталай эсебине түшкөн каражаттар жөнүндө операциялык күн жабылганга чейин КРБго кабарлайт. КРБму КМБСда аларды бирдиктүү казыналык эсепке чегерүү үчүн түшкөн каражаттардын суммасынын эсебине түшкөн накталай каражаттар жөнүндө кабарлайт. КРБ КМБСда бирдиктүү казыналык эсепке которуу үчүн түшкөн каражаттардын суммасына төлөмдүк тапшырманы калыптандырат.
7. Бирдиктүү казыналык эсеп боюнча банктык көчүрмөнү иштеп чыгуунун тартиби
113. Борбордук казыналык ар күнкү негизде Улуттук банктан бирдиктүү казыналык эсеп жана ага кире турган электрондук түрдөгү жана кагаз жүзүндөгү төлөм документтерине кирген бирдиктүү казыналык эсеп боюнча Улуттук банктын көчүрмөсүн алат.
114. Күн сайын электрондук банктык көчүрмөнү жана ЭПДны алуу Улуттук банктын маалыматтык системасы менен байланыштуу тиешелүү интерфейсти пайдалануу менен жүзөгө ашырылат (банк системасынын кардардык орду аркылуу), Улуттук банктан төмөндөгү маалыматтар алынды:
- кызматтык документтер (каттар, конвертацияга билдирмелер, келишимдер жана башка документтер);
- валюта курсу;
- коммерциялык банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана уюмдардын маалымат китеби.
115. Улуттук банктын интерфейси аркылуу Борбордук казыналык төмөндөгү маалыматты берет:
- бюджеттик мекемелердин кассалык чыгашаларын жүзөгө ашыруу үчүн төлөм документтери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төлөмдөрү боюнча каражаттарды чегерүү үчүн төлөм документтери;
- Улуттук банк менен түзүлгөн келишимге ылайык электрондук төлөм документтеринин, төлөм документтерин алмашуунун электрондук системасы, электрондук санарип кол жазмасын коргоонун программалык-криптографиялык системасын пайдалануу.
116. Улуттук банктан жана Борбордук казыналыктан маалымдамаларды КМБСга берүү жана кабыл алуу төлөмдөрдү көп сериялуу иштетүүнү пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Төлөмдөрдү иштетүүнүн көп рейстүү ишке ашырылышы агымдагы операциялык күндүн ичиндеги Улуттук банктан алынган бардык убактылуу электрондук көчүрмөлөрдү жана электрондук төлөм документтерин жалпылаган бирдиктүү казыналык эсептин агымдагы операциялык күндүн ичиндеги бир нече банктын көчүрмөлөрүн иштетүүнүн процессин камтып турат.
117. КМБСда корутундуну электрондук банктык көчүрмө алууда (каттоодо) киргизилген маалыматтын тууралыгы текшерилет:
- көчүрмөлөрдүн толук эместигин жокко чыгаруу же кайра каттоону жокко чыгаруу үчүн банктык көчүрмөнүн номерин контролдоо;
- банктык жазуу боюнча кириштелген калдыктын жана Башкы китептин маалымдамаларынын ылайык келишин контролдоо;
- кириш калдыкты жана бирдиктүү казыналык эсеп боюнча жүргүзүлгөн операцияларды эске алуу менен банктык эсеп боюнча акыркы калдыктын тууралыгына контролдук жүргүзүү;
- банктык көчүрмөнүн милдеттүү талааларынын болушуна контролдук жүргүзүү жана жүргүзүлгөн операциялардын жол берилишин контролдоо.
118. Ушуну менен катар КМБС Башкы китепте бирдиктүү казыналык эсеп боюнча электрондук банктык көчүрмөнүн жана электрондук төлөм документтеринин негизинде жүргүзүлгөн тиешелүү өткөрүүлөрдү жүзөгө ашырат.
119. Андан ары КМБС электрондук банктык көчүрмөнүн Улуттук банкка берилген көчүрмөлөрүн жана электрондук төлөм документтерин, ошондой эле Улуттук банктын электрондук төлем документтеринен түшкөн натыйжалары менен салыштырууну жүзөгө ашырат. Салыштыруу КМБСте ар бир электрондук телөм документи боюнча текшерүү үчүн параметрлердин тизмесине КМБСнын тизмесине ылайык төлөм документи боюнча жүргүзүлөт.
120. Төлөмдөрдү көп рейстүү иштетүү процессинде КМБСда ката табылган учурда , автоматтык түрдө катанын баяндамасы жазылган контролдоо протоколу түзүлөт, мында убактылуу жазма жана электрондук төлөм документтерин КМБСда сактоо аткарылбайт.
121. Борбордук казыналык КМБСда жазылган контролдоо протоколунун негизинде банктык жазууларда табылган каталар жөнүндө Улуттук банкка маалымдайт. Улуттук банк тарабынан электрондук убактылуу банктык жазманын маалымдамалары оңдолгондон кийин КМБСда андан кийинки убактылуу электрондук банктык жазманы иштетүү жол-жоболору жүзөгө ашырылат. Убактылуу электрондук банктык жазмаларды иштетүү процесси агымдагы операциялык күн аяктаганга чейин жана корутундуну электрондук банктык жазма жасалганга чейин көптөгөн жолу кайталанат.
122. КМБСда жүктөлгөн корутундуну электрондук банктык жазмалардын жана төлөм документтердин маалыматтык базасы түзүлөт, зарыл учурда апарды кароого жана басып чыгарууга мүмкүнчүлүк болот.
123. КМБСда электрондук банктык жазманы иштетүү процесси банктык жазмаларды жана төлөм документтерин бирдиктүү казыналык эсеп боюнча иштетүүнүн натыйжалары боюнча катталган операциялардын мүмкүндүгүн контролдоо жол-жобосу камтылат, алардын жыйынтыгы боюнча КМБСте катталган операциялар боюнча контролдоо протоколун түзүү жүзөгө ашырылат, алар тиешелүү өздүк эсеп боюнча мүмкүн эмес болуп эсептелет. Аталган контролдук бирдиктүү казыналык эсеп жана ар бир КРБ банктык нактапай эсеби үчүн жол бериле турган операциялардын топтомуна (тизмесине) багытталып жүргүзүлөт.
124. Банктык жазманы контролдоонун натыйжалары жана ЭПД оң болгон учурда КМБС банктык жазмалардын жана төлөм документтеринин КМБСте иштетилген классификацияланган түшүүлөрдүн негизинде маалымдамаларды автоматтык түрдө сактоону жүзөгө ашырат, алардын түшүүлөрдүн администраторлорунун аймактык органдарынын, түшүүлөрдүн администраторлорунун бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн, бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөрдүн жана алуучулардын жана тиешелүү түрдө бухгалтердик жүгүртмөлөрдү автоматтык калыптандырууну, аны Башкы китепте чагылдырууну жүзөгө ашырат.
8. Түшүүлөрдү иштетүүнүн тартиби
125. Бирдиктүү казыналык эсепке түшкөн, тиешелүү бюджеттердин кирешелерине чегерилүүгө тийиш болгон каражаттар банктык жазманын кредити боюнча чагылдырылат.
126. Бирдиктүү казыналык эсепке түшкөн каражаттарды эсепке алуу жана кирешелерди ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү төмөндөгү документтердин негизинде жүзөгө ашырылат:
- бирдиктүү казыналык эсептен алынган электрондук банктык көчүрмөнүн негизинде;
- кирешелер жөнүндө толук маалыматты камтыган, банктын көчүрмөсүнө, кагаз жүзүндөгү документтерге жана электрондук түрдөгү документтерге тиркеле турган төлөм тапшырмаларынын, ордерлердин, төлөөчүлөрдүн мемориалдык ордерлеринин негизинде;
- Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын салыктардын ашык төлөнгөн же ашык өндүрүлгөн суммаларын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө корутундуларынын негизинде;
- казыналык ордерлердин (ушул Убактылуу Нускаманын 14-тиркемеси) негизинде жүзөгө ашырылат.
127. Оперативдүү аналитикалык эсеп, кирешелердин аналитикалык эсебинин реестрлеринде кирешелерди бөлүштүрүү жана чагылдыруу бир күндүк негизде жүзөгө ашырылат, анын натыйжасы боюнча Борбордук казыналыктан КРБдорго, түшүүлөрдүн администраторлорунун аймактык органдарына жана финансылык органдарга түшкөн кирешелер жөнүндө маалымдамаларды берүү жүргүзүлөт.
128. Региондук деңгээлде өз ара аракеттенүүнүн алкагында КРБдор, түшүүлөрдүн администраторлорунун аймактык органдары жана финансылык органдар Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын киреше бөлүгүн аткарууда маалымат алмашуунун ар кандай формаларын белгилеши мүмкүн.
129. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын ар кандай деңгээлдеги бюджеттеринин кирешелерине салыктардын ашык төлөнгөн же ашык алынган суммаларын эсепке алуу жана кайтарып берүү түшүүлөрдүн администраторлорунун тиешелүү аймактык органдары тарабынан ашык төлөнгөн же ашык алынган төлөмдөрдү эсепке алуу, кайтаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
130. Түзүлгөн корутундунун тууралыгын жана анын өз убагында тиешелүү органдарга берилишин Кыргыз Республикасынын бажы жана салык органдарынын жетекчилери контролдошот жана ал үчүн жоопкерчиликте болушат.
131. Электрондук банктык көчүрмөнү иштетүүдө КМБС кирешелердин түрлөрүнүн (салыктын, жыйымдын, төлөмдүн аталышы) кирешелердин классификациясынын элементтерине ылайык келишин контролдойт жана төлөмдү идентификацияоо үчүн төлөм документтеринин реквизиттеринин толук толтурулушун контролдойт.
132. Бардык төлөмдөр төлөм документинде көрсөтүлгөн төлөмдүн багыты боюнча гана чегерилет. Бир төлөм документинде төлөөчү тарабынан кирешелердин классификациясынын бир гана элементи көрсөтүлөт.
133. Төлөм документинде кирешелердин классификациясынын бир нече элементи жаңылыштык менен көрсөтүлгөндө мындай документ КМБСда иштетилбейт. Ушул төлөм документинин негизинде төлөмдү жөнөтүүчүнүн эсептешүү эсебине каражаттарды чегерүү менен төлөм тапшырмасын автоматтык түрдө түзөт.
134. Бирдиктүү казыналык эсепке кирешелердин суммалары боюнча каражаттар аталган аймактагы салык органында эсепте турбаган салык төлөөчүлөр тарабынан чегерилгенде, б.а. төлөөчү салык органында эсепке турган дарегин өзгөрткөн кезде төлөөчүнүн эсептик карточкасы түшүүлөрдүн администраторунун башка аймактык органына берилет. Которулган каражаттар которулган сумманын түрүнө жараша салык органынын корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылат, мында: төлөмдү жаңы дарек боюнча которуу үчүн казыналык ордер, төлөм тапшырмасы, чек (эгерде алуучу коммерциялык банкта эсептешүү эсеби жок болгон жеке жак болсо) толтурулат.
135. Түшкөн кирешелер өзү турган жерди же жашаган жерин алмаштырган аталган төлөөчү эсепте турган түшүүлөрдүн администраторунун тиешелүү аймактык органын тарабынан эсепке алынат. Эсепке алуунун ушул тартиби жаңылыш чегерилген бажы төлөмдөрүн эсепке алууда да колдонулат.
136. Электрондук банктык көчүрмөдө жана ЭПДца, КМБСтин маалымат базасында камтылган маалыматты ИСУКта иштетүү аяктагандан кийин КМБСте бирдиктүү казыналык эсептен кредит боюнча электрондук банктык көчүрмө боюнча чагылдырылган төмөндөгүдөй маалымат сакталып калат:
- төлөмдүн суммасы;
- төлөөчүнүн аталышы;
- төлөөчүнүн ИНН;
- төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ыйгарылган катталган номери;
- түшкөн датасы (каражаттар бирдиктүү казыналык эсепке чегерилген дата);
- төлөм документинин номери;
- кирешелердин бюджеттик классификациясына ылайык төлөмдүн түрүнүн коду;
- администрациялык-аймактык бирдиктин коду, түшүүлөрдүн администраторунун аймактык органынын кирешелердин бюджеттик классификациясына ылайык коду.
137. Электрондук банктык көчүрмөнү иштетүүлөрдүн натыйжалары боюнча КМБС келип түшкөн кирешелерди автоматтык түрдө кирешелердин төмөндөгү топторуна бөлөт жана топтойт:
а) классификацияланган түшүүлөр:
- салыктык (бажылык) жана кирешелердин классификациясынын элементтери бар салыктык эмес түшүүлөр;
- активдери жана милдеттенмелери бар операциялардан түшүүлөр;
- бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине түшүүлөр;
б) аныкталбаган (жаңылыш) түшүүлөр.
138. Түшүүлөрдүн түрлөрү боюнча топтолгон маалымдамалар КМБСтин электрондук базасында сакталат.
139. Классификацияланган түшүүлөрдүн маалымдамаларынын негизинде КМБС автоматтык түрдө КМБСте түзүлүп коюлган параметрлердин топтому боюнча агымдагы күндөгү классификацияланган түшүүлөрдүн реестрин автоматтык түрдө калыптандырууну жүзөгө ашырат.
140. Классификацияланган түшүүлөрдүн күн сайын калыптандырылган реестри КМБСнын жардамы менен тиешелүү КРБно берилет жана аталган реестр КРБ аркылуу ЭПД менен бирге түшүүлөрдүн администраторунун тиешелүү аймактык органына жиберилет (түшүүлөрдүн администраторунун аймактык органынын АЖО пайдалануу менен).
141. Бюджеттик классификацияга ылайык келбеген төлөмдөрдүн коду жок, толук эмес же туура эмес көрсөтүлгөн администрациялык-аймактык бирдиктин коду же башка зарыл параметрлерден улам түшкөн төлөмдү классификациялоо мүмкүн болбогон учурда, аталган төлөм КМБСда сакталат жана "аныкталбаган түшүүлөр" катары классификацияланат.
142. КМБСда аныкталбаган төлөмдөрдүн санын азайтуу үчүн Улуттук банктык маалыматтык төлөм системасы менен төлөм документтерин толук форматта алмаштырып туруу жүзөгө ашырылат.
143. Борбордук казыналык тиешелүү сунуш-талаптарды калыптандыруу жана КРБго берүү аркылуу КМБСда аныкталбаган төлөмдөрдү эсепке алууну жана алардын таандыктыгын аныктоону жүзөгө ашырат. КМБС реквизиттерин (бюджеттик классификациялык кодун, администрациялык аймактык бирдиктин кодун, ИНН, ж.б.) аныктоо мүмкүн болбогон төлөмдөрдүн таандыктыгын аныктоо үчүн автоматтык түрдө сунуш талап даярдайт. КМБС банктык көчүрмөнү иштетүүдө даярдалган сунуш талаптарды КРБго берүүнү жүзөгө ашырат. КМБС ар бир аныкталбаган төлөмдүн таандыктыгын аныктоо үчүн сунуш-талаптын катталган номерин, ошондой эле анын КРБго берилген датасын каттоону да жүзөгө ашырат.
144. Аныкталбаган төлөмдөрдүн таандыктыгын аныктоо боюнча КРБдон алынган кабарлоолордун негизинде КМБСда ушундай төлөмдөрдүн таандыктыгын каттоо жүзөгө ашырылат, анда алардын тиешелүү кабарлоо күнгө карата кирешелердин классификациясынын тиешелүү коддору боюнча чагылдырылат. КМБС аныкталбаган төлөмдөрдүн (алынган кабарлоонун номерин жана датасын) таандыктыгын аныктоо жөнүндө келип түшкөн кабарлоолорду каттайт. Ушул жол-жобо электрондук түрдө келип түшкөн жана кагаз жүзүндө ырасталган электрондук төлөм документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
145. Аныкталбаган төлөмдөрдүн таандыктыгын аныктоо жөнүндө кабарлоо алынган учурда КМБС документтин бардык зарыл болгон жерлеринин туура жана так толтурулушун (анын ичинде бюджеттик классификациясынын коддорун жана администрациялык-аймактык бирдиктин коддорун) текшерүүнү жүзөгө ашырат. Андан кийин КМБСда аныкталган төлөмдү каттоо жүзөгө ашырылат жана аталган төлөмдүн түшүүлөрдүн администраторунун тиешелүү өздүк эсебине таандыктыгын аныктоо жөнүндө кабарлоону каттоо жүргүзүлгөн дата боюнча аталган төлөмдү чегерүү боюнча операция бухгалтердик өткөрмө түрүндө чагылдырылат.
146. КМБСда зарыл учурда төлөмдөрдүн таандыктыгын аныктоо үчүн түзүлгөн сунуш-талаптарды басып чыгаруу, ошондой эле жиберилген сунуш талаптар жана түшкөн жооптор жөнүндө отчетту түзүү жүзөгө ашырылат.
147. Төлөмдөр бирдиктүү казыналык эсепке жаңылыш чегерилгенде аларды кайтарып берүү төлөөчүнүн төлөм документинде көрсөтүлгөн маалымдамалардын негизинде жүзөгө ашырылат.
148. Төлөмдүн багыты аныкталган жана анын таандыктыгы аныкталгандан кийин түшкөн төлөмдөр кирешелердин классификациясынын тиешелүү элементи боюнча активдери жана милдеттенмелери бар операциялардын классификациясынын төлөмдүн такталган жана түрү аныкталган датасы боюнча эсепке алынат.
149. "Аныкталбаган (жаңылыш) түшүүлөр" катары түшкөн төлөмдөр жана кирешелердин түрүнө таандыктыгы белгиленбеген төлөмдөр "аныкталбаган түшүүлөр" катары эсептелет, ал алар чегерилген күндөн тартып 2 (эки) айдан ашык эмес, ал эми өтүп жаткан жылдын декабрында келип түшкөн төлөмдөр ошол жылдын 30-декабрына чейин эсепке алынат. Аталган мөөнөттөр өткөндөн кийин "аныкталбаган түшүүлөр КМБСда республикалык бюджеттин кирешесине автоматтык түрдө чегерилет жана кирешелердин 14511200 "Башка салыктык эмес түшүүлөр классификациясынын элементи боюнча эсепке алынат.
150. КМБСдагы "Аныкталбаган (жаңылыш) түшүүлөр" эсеби ар бир аныкталбаган телөм боюнча өзүнчө, банктын көчүрмөсү боюнча төлөмдүн чегерилген датасын, төлөм документинин номерин жана датасын, документтин аныкталбаган төлөмдөргө таандык кылынышынын себептери жана төлөмдү аныктоо үчүн чараларды көрүү боюнча кабарлоонун реквизиттерин көрсөтүү менен түзүлөт.
151. Классификацияланган түшүүлөрдүн КМБСда түзүлгөн реестри түшүүлөрдүн ар бир администратору боюнча өзүнчө жалпысынан же анын ар бир аймактык органы боюнча түзүлөт.
152. Классификацияланган түшүүлөрдүн реестрин түзүүдө КМБС автоматтык түрдө түшкөн төлөмдөрдү иштетүүнүн төмөндөгү жол-жоболорун жүзөгө ашырат:
- мыйзамда белгиленген чегерүүлөрдүн ченемдерине ылайык жалпы мамлекеттик салыктарды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү;
- ар бир салык төлөөчү боюнча түшкөн салыктарды эсепке алууну жана ашык төлөнгөн суммалар же агымдагы салыктык милдеттенмелердин ордуна карыздар жөнүндө эсептөөлөрдү;
- аныкталбаган түшүүлөрдү иштетүүнү;
- тиешелүү деңгээлдеги бюджеттерге бир бюджеттен экинчи бюджетке берилүүчү суммаларды аныктоону жүзөгө ашырат.
153. Бирдиктүү казыналык эсепке түшкөн кирешелер КМБСга ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин ортосунда Кыргыз Республикасынын салыктык жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык тиешелүү финансылык жылга белгиленген чегерүүлөрдүн ченемдери (пайыздар менен) боюнча бөлүштүрүлөт, ал эми жергиликтүү салыктар жана жыйымдар жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү финансылык жылга жергиликтүү бюджеттери жөнүндө ченемдик-укуктук актылары тарабынан актыларына ылайык жүргүзүлөт.
154. Кирешелерди бюджеттердин ар кандай деңгээлдеринин ортосунда бөлүштүрүү жалпысынан келип түшкөн кирешенин (кирешелерди классификациялоо элементи) суммасы боюнча белгиленген чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча жүргүзүлөт.
155. Келип түшкөн кирешелерди КМБСда бөлүштүрүүдө төмөндөгү операциялар жүргүзүлөт:
- бир күндө келип түшкөн кирешелерди түрлөрү - кирешелердин классификациясынын элементтери боюнча бөлүштүрүү;
- кирешелердин түрлөрү боюнча аныктоо жана топтоштуруу - кирешелердин классификацияларынын элементтери, ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге (республикалык жана жергиликтүү бюджетке) чегерилүүгө тийиш болгон кирешелердин суммасы;
- активдер жана милдеттенмелер менен жүргүзүлгөн операциялардан которулган кирешелердин жана каражаттардын ашык төлөнгөн же ашык өндүрүлгөн суммаларын төлөөчүлөргө кайтарып берүү.
156. Кирешелерди ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүдө кайсыл бир деңгээлдеги бюджеттин киреше каражаттары жетишсиз болгондо, төлөөчүгө ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн активдер жана милдеттенмелер менен операцияларды жүргүзүүдөн которулган кирешелердин жана каражаттардын суммасын төлөөчүгө кайтарып берүү боюнча салык жана бажы органдарынын корутундуларын жарым-жартылай аткарууга жол берилет.
157. Ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин ортосундагы кайра эсептөөлөр боюнча операциялар жана кирешелерди ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге которуу КМБСда агымдагы күндөлүк түшүүлөрдүн чектеринде жүзөгө ашырылат. Агымдагы күндүн кирешелери жетишсиз болгондо, кирешелерди кайра бөлүштүрүү жарым-жартылай аткарылат, кирешелерди кайра бөлүштүрүү боюнча аткарылбай калган бөлүк кийинки күнү аткарылат.
158. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында башкача белгиленбесе, өтүп жаткан финансылык жылдын акырына карата аткарылбаган бюджеттердин ортосундагы кайра эсептешүүлөр кийинки финансылык жылда жүргүзүлбөйт.
159. Өтүп жаткан финансылык жылда бирдиктүү казыналык эсепке түшкөн кирешелер жана башка түшүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген, колдонулуп жаткан ченемдер боюнча каражаттар аталган эсепке чегерилген учурдан тартып бөлүштүрүлүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын бюджеттердин деңгээлдери боюнча чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген учурда бюджеттердин ортосундагы кайра эсептешүү агымдагы жылдын башынан тартып жүзөгө ашырылат.
160. Салык жана бажы органдары тарабынан администрацияланбай турган кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча жана тартипте бөлүштүрүлөт жана кирешелердин классификациясынын тиешелүү элементтери боюнча эсепке алынат. Салык жана бажы органдары тарабынан администрацияланбай турган кирешелерди кайтарып берүү тиешелүү КРБ тарабынан жиберилген жеке же юридикалык жакка кызмат көрсөткөн органдардын катынын негизинде жүзөгө ашырылат. РОК алынган каттардын негизинде КМБСте ушул Нускамада белгиленген тартипте кайтаруу боюнча билдирмени түзөт жана аны КМБС аркылуу Борбордук казыналыкка берет.
161. Ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин кирешелерин эсепке алуу КМБСда автоматтык түрдө мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча эсепти жана отчетту жүргүзүү боюнча казыналык жол-жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат.
162. КМБС республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүүнү күн сайын, жөнгө салуучу салыктар боюнча КМБС маалымат базасында сакталган чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык күн сайын жүзөгө ашырат. Бөлүштүрүүнүн жыйынтыктары боюнча түшүүлөрдүн администраторлору боюнча жана бюджеттердин тиешелүү деңгээлдери боюнча төлөмдүн ар бир түрү боюнча кирешелерди бөлүштүрүүнүн реестри түзүлөт.
163. Кирешелерди бөлүштүрүүнүн реестрин түзүү аяктагандан кийин КМБСда автоматташтырылган бухгалтердик жазуулар жүргүзүлөт, алар түшүүлөрдүн администраторлорунун өздүк эсептериндеги кирешелердин классификациясынын элементтеринин кодуна ылайык келген бөлүштүрүүнүн натыйжаларына негизделет.
164. Төлөм документтеринде берилген маалыматтын негизинде КМБСда күн сайын ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге түшкөн кирешелердин жана түшүүлөрдүн түрлөрү боюнча түшкөн кирешелердин реестрлери банктык документтер боюнча, казыналык ордерлер боюнча, салык жана бажы органдарынын корутундулары боюнча өзүнчө түзүлүп турат. Реестрде көрсөтүлгөн кирешелер кирешелердин классификациясынын элементтери боюнча кирешенин ар бир түрү боюнча жыйынтыктоочу сумманы көрсөтүү менен топтоштурулат.
165. Түзүлгөн реестрлерге жазуулар КМБСда автоматтык түрдө ар бир операция боюнча банктык электрондук көчүрмөнүн негизинде төлөм тапшырмасынын реквизитин керсөтүү менен киргизилет. Түзүлүп жаткан реестрлердин жазуулары КМБСда казыналык ордердин маалыматына ылайык, анын бардык реквизиттерин көрсөтүү менен автоматтык түрдө киргизилет.
166. Салык жана бажы органдарынын КМБСда катталган корутундуларын эсепке алуу салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды бюджеттен кайтаруунун (эсепке алууну) каттоо журналында жүргүзүлөт. Корутундуларды аткаруу боюнча КМБСгы эсептик жазуулар документтин катталган номерин, ашыкча төлөө келип чыккан кирешенин элементин, жана кайтаруу качан жүргүзүлөөрүн (салыктын суммасы <-> белгиси коюлат), жана киреше эсепке алына турган (кирешенин элементи <+> белгиси) көрсөтүү менен автоматтык түрдө киргизилет.
167. Корутундулар боюнча реестрде бюджеттин ар бир деңгээлине күн сайын келип түшкөн кирешелерге негизденүү менен бюджеттердин ар кандай деңгээлдеринен кайтарылууга (эсепке алынууга) тийиш болгон кирешелердин суммасы чагылдырылат. Ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге кайтарылууга (эсепке алынууга) тийиш болгон суммаларды чагылдыруу салык органынын төлөмдү кайтаруу (эсепке алуу) жөнүндө ар бир корутундусу боюнча жүргүзүлөт.
168. КМБСда калыптандырылган жогоруда аталган реестрлер кирешелердин классификациясына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык бюджеттердин түрлөрү боюнча жыйынтыктоочу суммаларды көрсөтүү менен топтоштурулат.
169. Реестрлерде: ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге түшүүлөрдүн түрлөрү боюнча кирешелер (кирешелердин классификациясына ылайык бюджеттер, кирешелердин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү менен) бюджеттин ар бир түрү боюнча жалпы жыйынтыктоочу сумманы жана реестр боюнча түшүүлөрдүн жалпы жыйынтыктоочу суммасы чагылдырылат.
170. Жогоруда аталган реестрлерди түзүүнүн жыйынтыгы боюнча алардын түшүшүнүн булактары боюнча (казыналык ордерлер, корутундулар, банктын көчүрмөсү) агымдагы күн үчүн жыйынды реестр түзүлөт.
171. Жыйынды реестр жүргүзүлгөн кайтарууларды эсепке алуу менен ар кандай бюджеттердин деңгээлдерине бөлүштүрүлгөн жана иш жүзүндө которулган кирешелерди эсепке алууга арналган. Бюджеттин ар бир деңгээли үчүн жыйынды реестрде белгиленген ченем боюнча эсептелген кирешенин суммасы үчүн графа каралган.
172. Бюджеттердин деңгээлдери боюнча кирешелерди чегерүүнүн суммасы жыйынды реестрде тиешелүү бюджетин "Сумма" деген графасында чагылдырылат, ага кирешелерди чегерүү жүргүзүлөт. Бардык реестрлердин маалыматтарын эске алуу менен кирешенин ар бир түрү жана бюджеттин деңгээли боюнча "Жыйынтыгында түшкөн" сумма чыгарылат.
173. Ошол күндүн жыйынды реестрине ылайык реестрлер боюнча бардык түшүүлөр такталгандан кийин келип түшкөн кирешелер (түшүүлөрдүн реестрлери жана тиешелүү электрондук төлөм документтери) Борбордук казыналык тарабынан КМБСнын жардамы менен КРБго берилет.
174. Борбордук казыналыктан алынган түшүүлөрдүн реестрлерине жана электрондук төлөм документтерине электрондук санарип кол тамгасын пайдалануу менен КРБ ыйгарым укуктуу адамдары кол коет жана КМБСнын жардамы менен түшүүлөрдүн администраторунун тиешелүү аймактык органына берилет.
175. Мамлекеттик бюджет боюнча кирешелерди бөлүштүрүүнүн Борбордук казыналыкта түзүлгөн реестри күн сайын КМБСтин жардамы менен тиешелүү КРБ берилет жана КРБ аркылуу түшүүлөрдүн администраторунун тиешелүү аймактык органына, тиешелүү финансы органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берилет.
176. Борбордук казыналык күн сайын түшүүлөрдүн администраторлоруна жана Финансы министрлигинин тиешелүү структуралык бөлүмдөрүнө КМБСда түзүлгөн бюджеттин ар бир түрү боюнча кирешелердин бөлүштүрүлүшүнүн жыйынды реестрлеринин жана жалпы консолидацияланган бюджет боюнча жыйынды реестрлерди күн сайын берип турат.
177. Ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин активдери жана милдеттенмелери менен жүргүзүлгөн операциялардан келип түшкөн кирешелерди эсепке алуу ушул Нускаманын ушул главасында белгиленген ушул сыяктуу тартипте жүзөгө ашырылат.
178. Мурда КМБСда активдер жана милдеттенмелер менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешелер катары катталган жана эсепке алынган каражаттарды кайтарып берүү түшүүлөрдүн тиешелүү администраторунун же каражаттарды чегерген төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.
179. КМБС учурдагы операциялык күндө жүргүзүлгөн операцияларды бирдиктүү казыналык эсепте өздүк эсептер боюнча чагылдырууну төмөндөгүдөй жүзөгө ашырат:
- кассалык чыгаша билдирмелери боюнча төлөмдөр, накталай акча каражаттарын алуу жана кайтаруу, кассалык чыгашаны калыбына келтирүү операциялары, бюджеттик каражаттарды алуучулардын өздүк эсептеринде чагылдырылат;
- казыналыктын системасы колдонулган зонадан тышкары жайгашкан бюджеттик каражаттарды алуучулардын эсептерине каражаттарды которуу, ошондой эле алардан каражаттарды кайтаруу бюджеттик каражаттарды алуучулардын өздүк эсептеринде чагылдырылат;
- ички казыналык операциялар боюнча төлөмдөр ички казыналык эсептешүүлөр үчүн өздүк эсептерде чагылдырылат;
- төлөөчүлөрдөн түшкөн каражаттар, бюджеттик мекеменин атайын каражаттары, аванстык төлөмдөрдүн жана башка каражаттардын түшүшү, республикалык бюджеттик мекемелердин убактылуу тескөөсүнө түшкөн каражаттар, ашык төлөнгөн, жаңылыш чегерилген каражаттарды кайтаруу, түшүүлөрдүн администраторлорунун аймактык органдарынын өздүк эсептеринде чагылдырылат;
- жергиликтүү бюджеттерге түшкөн каражаттар башка бюджеттер менен эсептешүүлөр боюнча өздүк эсептерде чагылдырылат.
180. КМБС агымдагы күндө бирдиктүү казыналык эсепте жүргүзүлгөн операцияларды эсепке алуу жана чагылдыруу үчүн КМБСда сакталган маалымдамалардын негизинде өздүк эсепти автоматтык түрдө идентификациялоону жүзөгө ашырат.
181. Кассалык чыгаша билдирмелерин жана эсепке алуу жана кайтаруу билдирмелерин иш жүзүндө аткаруу аларда аткарылган электрондук төлөм документтеринин корутунду жазуусу, электрондук-банктык көчүрмөнүн дебеттик бөлүгүндө чагылдырылгандан кийин жүзөгө ашырылат.
182. Электрондук-банктык көчүрмөнүн маалымдамалары боюнча кассалык чыгашаны толук же жарым-жартылай калыбына келтирүүнү КМБСда каттоодо бюджеттик милдеттенмелерди аткарбоонун калдыгын жана кассалык чектөөлөрдү автоматтык түрдө калыбына келтирүү жүргүзүлөт. КМБСда катталган бюджеттик милдеттенме кассалык чыгаша билдирмесинин (келишимсиз бюджеттик милдеттенмелер) негизинде автоматтык түрдө:
- мурда жүргүзүлгөн кассалык чыгашанын бүткүл суммасын толук калыбына келтирген шартта жокко чыгарылууга;
- окшош суммадагы кассалык чыгаша калыбына келтирилген шартта кассалык чыгашанын калыбына келтирилген суммасына азайтылууга, бюджеттик милдеттенмелердин эркин лимиттеринин тиешелүү суммаларынын автоматтык түрдө калыбына келтирилүүгө же кирешелердин сметаларынын тиешелүү параметрлери жана атайын каражаттар боюнча чыгашалары автоматтык түрдө калыбына келтирилүүгө тийиш.
9. РОКтун накталай эсеби боюнча банктык көчүрмөнү иштеп чыгуунун тартиби
183. КРБ электрондук банктык көчүрмөнү жана ЭПД КРБдогу агент-банктан төмөндөгү маалыматты кабыл алууну камсыз кыла турган ыйгарым укуктуу агент банктын маалыматтык системасы менен байланыштуу интерфейсти пайдалануу менен (банк системасындагы кардарлык орун аркылуу) алат:
- электрондук банктык көчүрмө;
- төлөнгөн кагаз чектери боюнча электрондук төлөм документтери;
- электрондук маалымдаманы алмашуу жөнүндө агент банк менен Борбордук казыналыктын ортосунда түзүлгөн кызматтык электрондук документтерге ылайык алат.
184. Мында КРБ банк-агент төмөндөгү маалымат берүү жүзөгө ашырылат:
- накталай акча каражаттарын берүү үчүн электрондук чектердин реестри;
- КРБнун атынан накталай акча каражаттарын алууга ыйгарым укук берилген адамдарды көрсөтүү менен тейленүүчү бюджеттик мекемелердин тизмеси;
- төлөмдөрдү иштетүүнүн белгиленген тартибине жана электрондук маалымдамаларды алмашуу жөнүндө келишимге ылайык кызматтык электрондук документтерди берет.
185. КМБСда банк-агент электрондук түрдө түшкөн (банк системасындагы кардарлык орун аркылуу) банктык көчүрмөнү жана электрондук төлөм документтерин автоматтык түрдө жүктөө камсыз кылынат, КРБдо орнотулган көчүрмө боюнча жана кагаз жүзүндөгү төлөм документтери боюнча маалыматты кол менен киргизүүнү караган система камсыз кылынат.
186. КМБС КРБдун маалымдамалар базасында агент банктан алынган төлөнгөн кагаз чектер боюнча электрондук банктык көчүрмөлөрдү жана электрондук төлөм документтерин сактайт, Борбордук казыналык аларга мүмкүнчүлүк алат.
187. КРБнун накталай эсеби боюнча электрондук банктык көчүрмө жүктөлгөндөн кийин (КМБСга жеткирилгенден кийин) КМБС банктык көчүрмөнү каттоону жана андан ары иштетүү үчүн Борбордук казыналыкка берүүнү аткарат.
188. Борбордук казыналыкта КРБнун накталай эсептери боюнча банктык көчүрмөнү иштетүү жүзөгө ашырылат, ал төмөндөгү операцияларды каттоону, эсепке алууну жана контролдоону камтыйт:
- каражаттардын бирдиктүү казыналык эсептен КРБнун накталай эсептерине түшүшүн;
- КРБнун накталай эсептеринен каражаттарды бирдиктүү казыналык эсепке которууну (кассалык чыгаша калыбына келтирилгенде бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан накталай акча каражаттары кайтарылган учурда).
189. КРБнун накталай эсептерин боюнча банктык көчүрмөнү иштетүүдө КМБС бюджеттик каражаттарды алуучуларды тиешелүү өздүк эсептериндеги накталай төлөмдөр боюнча кассалык чыгашаларды чагылдырууну автоматтык түрдө жүзөгө ашырат.
190. КРБнун накталай эсептеринин банктык көчүрмөсүн иштетүүнүн натыйжалары боюнча Борбордук казыналыкта КМБСда Борбордук казыналыктын Башкы китебинде өткөрүүлөрдү автоматтык калыптандыруу жүзөгө ашырылат.
1-тиркеме
Консолидацияланган табыштама № ______
Дата ____________
Бюджет түрү ______________________________________________________
Ченөө бирдиги: сом. ______________________________________________
┌──┬────────────────────────────────────────────────┬──────┬───────────
│№ │ Бюджеттик каражаттарды алуучу │Төлөө │Бюджеттик
│п/├─────────┬────────┬─────┬───────┬────────┬──────┤кезек-│милдеттен-
│п │Кассадагы│Бюджет- │Өздүк│Банктык│Чыгым- │Табыш-│түү- │ме
│ │чыгымдоо │тик │эсеп-│эсептин│доолор- │тама │лүгү ├──────────┬
│ │табышта- │каражат-│тин │коду │дун │боюнча│ │Чыгымдоо │
│ │маларын │тарды │коду │ │элемент-│сумма │ │сметасы │
│ │каттоо │алуунун │ │ │тик коду│ │ │боюнча │
│ │ │аталышы │ │ │ │ │ │калдык │
│ │ │ │ │ │ │ │ │(тактап │
│ │ │ │ │ │ │ │ │эсеп) │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼────────┼─────┼───────┼────────┼──────┼──────┼──────────┼
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │

└──┴─────────┴────────┴─────┴───────┴────────┴──────┴──────┴──────────┴
─────────────────┬─────────────────────────────┬──────────┬───────────┐
│ Алуучунун реквизиттери │Төлөө │Корреспон- │
├─────────┬───────┬───────┬───┤багыты │понденттик │
│Юридика- │Коммер-│№ │ИНН│жана коду │эсеп ЕПС │
┬───────┬────────┤лык │циялык │эсептик│ │ │(гр. 4 + │
│Бюджет-│Бюджет- │жактын │банктын│эсеби │ │ │гр. 6) │
│тик │тик │аталышы │БИК │ │ │ │ │
│милдет-│милдет- │ │ │ │ │ │ │
│тенме- │тенменин│ │ │ │ │ │ │
│нин │каттоо │ │ │ │ │ │ │
│каттоо │боюнча │ │ │ │ │ │ │
│номери │калдык │ │ │ │ │ │ │
┼───────┼────────┼─────────┼───────┼───────┼───┼──────────┼───────────┤
│ 10 │ 11 │ 12 │ 13 │ 14 │ 15│ 16 │ 17 │

┴───────┴────────┴─────────┴───────┴───────┴───┴──────────┴───────────┘
2-тиркеме
Кассалык чыгымдоого табыштама № _____
Датасы:___________________________________________________________
Бюджеттик каражаттарды алуучунун аталышы _________________________
Өздүк эсеп-чот коду ______________________________________________
ОКПО коду ________________________________________________________
ИНН ______________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ПИН ____________________
Бюджеттин түрү ___________________________________________________
Ченее бирдиги: сом. ______________________________________________
┌──┬───────────────────────────────┬─────────────────────┬─────────────
│№ │ Касcалык чыгаша │Табыштамаларды │Төлөө үчүн
│п │ │аткаруу мөөнөттөрү │негиз
│п/├───────┬────────┬────────┬─────┼──────────┬──────────┤
│ │Төлөө │Чыгымдоо│Чыгымдоо│сумма│Чыгымдоо- │Чыгымдоо- ├────────────┬
│ │түрү │элемен- │элемен- │ │нун старт-│нун чектүү│документтин │
│ │ │тинин │тинин │ │тык │мөөнөттөрү│аталышы │
│ │ │коду │аталышы │ │мөөнөттөрү│ │ │
├──┼───────┼────────┼────────┼─────┼──────────┼──────────┼────────────┼
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │

└──┴───────┴────────┴────────┴─────┴──────────┴──────────┴────────────┴
───────────────────┬─────────┬────────────────────────────────────────┐
│БО каттоо│ Алуучунун реквизиттери │
│номери │ │
│ ├────────────┬──────┬─────────┬──────────┤
┬─────────┬────┬───┤ │юридикалык │алуучу│алуучунун│юридикалык│
│документ-│дата│эм-│ │/жеке жактын│банк │алыш- │/жеке │
│тин │ │не-│ │аталышы │ │бериш │жактын │
│номуру │ │ге │ │ │ │эсеби │ИНН │
┼─────────┼────┼───┼─────────┼────────────┼──────┼─────────┼──────────┤
│ 9 │ 10 │ 11│ 12 │ 13 │ 14 │ 15 │ 16 │

┴─────────┴────┴───┴─────────┴────────────┴──────┴─────────┴──────────┘
Жетекчинин колу: _________________________________________________
Башкы бухгалтердин колу: _________________________________________
3-тиркеме
Эсепке алууга табыштама
20__ жылдын "___" ________________________
__________________________________________________________________
ИСУК тун каттоо номери____________________________________________
ТОАП аталышы _____________________________________________________

┌──────────────┬────────┬───────┬─────┬────┬───────┬─────┬────┬───────┐
│ Эсепке алуу │Салык │Салык- │БК │Эсе-│Салык- │БК │Эсе-│Түшүү- │
│ негизи │төлөөчү-│тын │коду │пке │тын │коду │пке │лөрдүн │
├─────┬───┬────┤нүн │аталышы│(эле-│алуу│аталышы│(эле-│алуу│админи-│
│ Наи-│Но-│Дата│аталышы │(эсепке│мент)│чета│(чеге- │мент)│сум-│стра- │
│мено-│мер│ │ │алын- │ │сум-│рилген)│ │масы│циялык │
│вание│ │ │ │ган) │ │масы│ │ │ │аймак- │
│ │ │ │ │зачет) │ │ │ │ │ │орган- │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │дары │
├─────┼───┼────┼────────┼───────┼─────┼────┼───────┼─────┼────┼───────┤

└─────┴───┴────┴────────┴───────┴─────┼────┼───────┴─────┼────┼───────┘
БК жыйынтык (элемент) │ │БКдан БКга │ │
│ │эсепке алуу │ │
│ │боюнча │ │
│ │жыйынтык │ │
├────┤ ├────┤
Бардыгы │ │ Бардыгы │ │
└────┘ └────┘
Бөлүм башчы:
(аны алмаштыруучу адам) __________________________________________
(кызматы) (колу) (кол тамгасын чечмелөө)
Жооптуу аткаруучу ________________________________________________
(кызматы) (колу) (кол тамгасын чечмелөө) (телефон)
4-тиркеме
Корутундуларга ылайык акча каражатын
кайта берүүгө (которууга)
ТАБЫШТАМА
20__ жылдын "___" _______________________
(которуу) корутундуга ылайык акча каражатын кайта берүү __________
ИСУКтун каттоо номери ____________________________________________
ТОАПаталышы ______________________________________________________
Өздүк эсептин коду _______________________________________________
Ченөө бирдиги: сом._______________________________________________
┌────────────────┬──────────┬──────────┬─────────┬───┬─────────┬──────┐
│ Кайра берүү │Каражат- │Накталай │Накталай │БК │Кайта │Түшүү-│
│ негизи │тарды │эмес │төлөгөндө│ко-│берүүнүн │лөрдүн│
├────────┬───┬───┤алуучу │төлөөнү │кассалык │ду │суммасы, │адми- │
│наимено-│но-│да-│салык │алуучу │чектин │ │БАРДЫГЫ │нист- │
│ вание │мер│та │төлөөчүнүн│банктын │номери │ │ │рато- │
│ │ │ │аталышы │реквизити │жана │ │ │рунун │
│ │ │ │ │ │төлөөнүн │ │ │аймак-│
│ │ │ │ │ │сериясы │ │ │тык │
│ │ │ │ │ │ │ │ │органы│
├────────┼───┼───┼──────────┼──────────┼─────────┼───┼─────────┼──────┤

└────────┴───┴───┴──────────┴──────────┴─────────┴───┼─────────┼──────┘
БК коду боюнча жыйынтык: │ │
└─────────┘
5-тиркеме
Түшүүлөрдүн администраторунун
кортундуларына ылайык акча
каражаттарын эсепке алуунун
РЕЕСТРИ
20__ жылдын "___" _________________________

Ченеө бирдиги: сом. ______________________________________________
┌──────────────┬────────┬───────┬───────┬──────┬───────┬───────┬──────┐
│ Эсепке алуу │Салык │Салык- │БК │Эсепке│Салык- │БК │Эсепке│
│ үчүн негиз │төлөөчү-│тын │коду │алын- │тын │коду │алын- │
├─────┬───┬────┤нүн │аталышы│(эле- │ган │аталышы│(эле- │ган │
│Ата- │но-│дата│аталышы │(эсепке│мент) │сумма │(чеге- │мент) │сумма │
│лышы │ме-│ │ │алуу │ │ │рилген)│ │ │
│ │ри │ │ │жүргөн)│ │ │ │ │ │
├─────┼───┼────┼────────┼───────┼───────┼──────┼───────┼───────┼──────┤

└─────┴───┴────┴────────┴───────┴───────┼──────┼───────┴───────┼──────┤
БК коду боюнча жыйынтыгы │ │БКдан БКга │ │
│ │эсепке алуу │ │
│ │боюнча │ │
│ │жыйынтык │ │
├──────┤ ├──────┤
Бардыгы │ │ Бардыгы │ │
└──────┘ └──────┘

Жооптуу аткаруучу ______________________
(кызматы) (колу) Барактын номери
(кол тамгасын чечмелөө) Бардык барактар
6-тиркеме
Түшүүлөрдүн администраторунун корутундуларына
ылайык акча каражаттарынын кайта жиберүүнүн
Реестри
20__ жылдын "__" ________________________

┌────────────────────┬──────────┬──────────┬─────────┬──────┬─────────┐
│ Кайтарып берүүнүн │Каражат- │Накталай │Накталай │БК │Кайта │
│ негизи │тарды │эмес │төлөөдө │коду │жиберүү │
├────────┬─────┬─────┤алуучу │ыкмада │кассалык │ │суммасы │
│аталышы │номе-│дата-│салык │төлөөнү │чектин │ ├─────────┤
│ │ри │сы │төлөөчүнүн│алуучу │номери │ │(Бардыгы)│
│ │ │ │аталышы │банктын │жана │ │ │
│ │ │ │ │реквизит- │төлөөнүн │ │ │
│ │ │ │ │тери │сериясы │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├────────┼─────┼─────┼──────────┼──────────┼─────────┼──────┼─────────┤
└────────┴─────┴─────┴──────────┴──────────┴─────────┴──────┼─────────┤
БК коду боюнча жыйынтыгы: │ │
├─────────┤
Бардыгы │ │

Жооптуу
аткаруучу ________________________________________ Беттин номери
(кызматы) (колу) (кол тамгасын чечмелөө) Барак, бардыгы
7-тиркеме
Корутундулар боюнча
Реестр
20__ жылдын "___" _____________________
┌─────────────────┬───────────┬───────────────┬───────────┬───────────┐
│ Түшүүлөрдүн │ Бардык │ Республикалык │Шаардык │Айыл │
│ түрлөрү │ кирешелер │ бюджет │бюджет │округунун │
│ │ │ │ │бюджети │
├─────────────────┼───────────┼───────────────┼───────────┼───────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │

│Бардыгы │ │ │ │ │
└─────────────────┴───────────┴───────────────┴───────────┴───────────┘
8-тиркеме
Жыйынды реестр
20__ жылдын "___" ___________________
┌────────────┬───────┬───────────────┬───────────┬────────┬───────────┐
│Түшүүлөрдүн │Бардык │ Республикалык │ Облустук │Райондук│Айыл окру- │
│ түрлөрү │киреше-│ бюджет │(шаардык) │ бюджет │гунун │
│ │лер │ │ бюджет │ │бюджети │
├────────────┼───────┼───────────────┼───────────┼────────┼───────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │

│Бардыгы: │ │ │ │ │ │
└────────────┴───────┴───────────────┴───────────┴────────┴───────────┘
КРБ нын жооптуу аткруучусу _______________________________________
(колу)
Кабыл алды:
Түшүүлөрдүн администраторунун жоопту адамы _______________________
(колу)
9-тиркеме
Жокко чыгарууга табыштамалар № ______
Датасы: __________________________________________________________

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондук ПИН ______________________
Кассалык чыгымдоо табыштамасын жок кылууну каттоо номери _________

│№ │ Кассалык чыгымдоо │ Аткаруу мөөнөтү │Негиз
│п/├───────┬────────┬────────┬─────┼──────────┬──────────┤(коштомо
│п │ Төлөм │Чыгымдоо│Чыгымдоо│Сумма│Чыгымды │Чыгымды │документтер)
│ │ түрү │берене- │элемен- │ │жумшоонун │жумшоонун ├────────────┬
│ │ │синин │тинин │ │старттык │чектик │документтин │
│ │ │элемен- │аталышы │ │мөөнөтү │мөөнөтү │ аталышы │
│ │ │тинин │ │ │ │ │ │
│ │ │коду │ │ │ │ │ │

│БО │ Алуучу │
│каттоо │ │
│номери ├────────────┬──────┬─────────┬──────────┤
┬─────────┬────┬───┤ │юридикалык/ │алуучу│алуучунун│юридикалык│
│документ-│дата│за │ │жеке жактын │банк │алыш- │/жеке │
│тин │ │что│ │аталышы │ │бериш │жактын │
│№ │ │ │ │ │ │эсеби │ИНН │

Жетекчинин колу ______________________
Башкы бухгалтердин колу _____________________
10-тиркеме
Чекти толтуруунун
ТАРТИБИ
1. Чекти бюджеттик каражаттарды алуучунун ыйгарым укуктуу адамы шариктүү калем же сыяны пайдаланып кол менен толтурулат. Мында чекти гель калем менен толтурууга тыюу салынат.
Чектин биринчи бетинде:
- чекти берүүнүн датасы жана орду (күнү жана жылы цифра менен көрсөтүлөт, ал эми айы - сөз менен жазылат);
- "суммалар сандар менен" деген сабында алынуучу накталай акча каражаттын жалпы суммасы көрсөтүлөт, суммадан мурунку жана кийинки бош орундар милдеттүү түрдө эки линия менен чийилүүгө тийиш;
- "төлөгүлө" деген сөздөн кийин бюджеттик каражаттарды алуучу накталай акчаны ишеним кат боюнча алууга ыйгарым укук берген адамдын аты-жөнү жазылат;
- сөз менен жазылган сумма милдеттүү түрдө саптын башынан башталууга тийиш, "сом" деген сөз сөз менен жазылган суммадан кийин бош орун калтырбастан көрсөтүлүүгө тийиш;
Чектин кийинки бетинде:
- бюджеттик классификацияга ылайык чыгымдоо беренелери боюнча сумма цифра менен;
- качан, ким тарабынан берилгендигин көрсөтүү менен бюджеттик каражаттарды алуучу ыйгарым укуктуу адамдын паспортунун сериясы жана номери көрсөтүлөт.
2. Чектин негизги бөлүгүнүн биринчи бетин толтурууда бир эле учурда анын алдыңкы бетиндеги чектин дүмүрчөгүнүн бардык реквизиттери толтурулат. Чектин арткы бетине милдеттүү түрдө бюджеттик мекеменин өздүк эсебинин номери жана бюджеттик классификациянын беренелери боюнча чыгымдоонун суммасы (жыйынтык суммасы жана ар бир чыгымдоо беренеси боюнча өзүнчө сумма) коюлат.
3. Чекте жана дүмүрчөктө эч кандай оңдоолорго жана тазалоолорго жол берилбейт. Эгерде чекти толтурууда ката кетсе, анда мындай чек бузулган деп эсептелет. Бузулган чекте жана бул чектин дүмүрчөгүндө диоганалы боюнча "бузулган" деген жазуу жазылууга, датасы жана КРБнын жооптуу кызматкеринин колу коюлууга тийиш.
4. Туура толтурулган чек дүмүрчөктөн бөлүнбөйт, ал КРБнын жооптуу кызматкерине текшерүү үчүн берилет.
5. Чектин реквизиттерин жана чектин дүмүрчөгүн толтурганга чейин чекке кол коюуга катуу тыюу салынат, мында милдеттүү тартипте чектин дүмүрчөгүнө КРБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин колу коюлат.
6. Таризделгенден (кол коюлгандан) кийин чек дүмүрчөктөн бөлүнөт жана бюджеттик каражатты алууга ыйгарым укуктуу адамга берилет, ал чектин дүмүрчөгүнө аны алуу датасын көрсөтүү менен кол коет.
7. Төлөнгөн жана бузулган чектин дүмүрчөгү, ошондой эле бузулган чектер КРБнын архивинде 5 жылдан кем эмес сакталат.
8. Айыл өкмөтү кийинки тейлөөдө кириштөө ордеринин дүмүрчөгүн тапшырууга укуктуу. Мында бюджеттик каражаттарды алууга ыйгарым укуктуу адам чектин дүмүрчөгүнүн арткы бетине кассалык кириштөө ордеринин номерин жана датасын коет жана өзүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрөт.
9. Бюджеттик каражаттарды алуучу тарабынан белгиленген чек китепчесин толук пайдаланууда бюджеттик мекеменин жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин колу коюлган эки нускадагы чек китепчесин пайдалануу тууралуу отчет КРБга тапшырылат. Тапшырылган отчетту текшергенден кийин КРБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин жана башчысынын колу коюлат. Отчеттун биринчи нускасы КРБда сакталат, ал эми экинчи нускасы бюджеттик каражатты алуучуга кайта берилет.
11-тиркеме
Электрондук чектердин
РЕЕСТРИ
Казыналыктын региондук бөлүмүнүн аталышы _________________________
Казыналыктын региондук бөлүмүнүн БИК _____________________________
┌────────┬──────┬────┬────────────┬────────┬──────────┬─────┬─────────┐
│ИСУК │Чек- │Чек-│Бюджеттик │Өздүк │Кассирдин │Чек- │ИСУКта │
│чегинин │тин │тин │мекеменин │эсептин │аты-жөнү │тин │кассалык │
│каттоо │серия-│да- │аталышы │коду │ │сум- │чыгымдоо │
│номери │сынын │та- │ │ │ │масы │табышта- │
│ │№ │сы │ │ │ │ │масын │
│ │ │ │ │ │ │ │каттоо │
│ │ │ │ │ │ │ │номери │
├────────┼──────┼────┼────────────┼────────┼──────────┼─────┼─────────┤

└────────┴──────┴────┴────────────┴────────┴──────────┴─────┴─────────┘
ЭЦП 1 коду _______________________________________________________
ЭЦП 2 коду _______________________________________________________
(КРБнын ыйгарым укуктуу адамынын ЭЦП коду көрсөтүлөт)
12-тиркеме
Электрондук чек
ИСУКтун каттоо номери ____________ Датасы 20__ жылдын "__" _______
Кассалык чыгымдоого табыштаманын каттоо номери ___________________
┌──────────────┬────────┬───────────────────┬────────┬────────────────┐
│ Бюджеттик │ Өздүк │ Чек │Чыгымдоо│Накталай акчаны │
│ каражаттарды │эсептин ├─────┬────┬────────┤берене- │алууга ыйгарым │
│ алуучунун │ коду │серия│дата│сумма, │синин │укуктуу адамдын │
│ аталышы │ │жана │ │сом │элемен- │аты-жөнү жана │
│ │ │номер│ │ │тинин │анын паспорттук │
│ │ │ │ │ │коду │маалыматы │
├──────────────┼────────┼─────┼────┼────────┼────────┼────────────────┤

│ │ │ │ │Бардыгы │ │ │
└──────────────┴────────┴─────┴────┴────────┴────────┴────────────────┘
13-тиркеме
Накталай ыкма менен төлөө каралган
чыгымдоолордун аталышынын
ТИЗМЕСИ
Эмгек акы:
- стипендиялар;
- жумушка жарамсыздык баракчасына акы төлөө;
- мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине жол киреге жана тамак-ашына акчалай компенсациялар;
- аскер кызматчыларына акчалай берүүлөр;
- аскер кызматчыларга акчалай компенсациялануучу буюмдук үлүштөр;
- аскер кызматчыларына турак жай жалдоого компенсациялык төлөөлөр;
- аскер кызматчыларына азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациялар;
- аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга жөлөк пулдар жана башка социалдык жөлөк пулдар.
|
|
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ