Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-апрели № 206
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 482 "Дашман мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын режимин сактоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 482 "Дашман мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы "8189,6" цифралары "7958,1" цифраларына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
1-пункттагы "5158,5" жана "3068,6" цифралары тиешелүү түрдө "4927,0" жана "2378,1" цифраларына алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясындагы "8189,6" жана "5691,8" цифралары тиешелүү түрдө "7958,1" жана "5460,3" цифраларына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Чыгыш тарабынан Көк-Алма токойчулугунун инструменталдык чек арасынан баштап Сары-Таш жана Кара-Үңкүр сууларынын кошулушуна чейин. Түндүктү көздөй автожолдун батыш жээги боюнча токойдун чети менен кеткен сайдын (аталышы жок) нугунун кесилишине чейин.
Андан ары чек ара аталган сай боюнча батышты көздөй Ак-Булак калктуу конушунун батыш чекитине чейин кетет. Бул жерден коруктун чек арасы түндүк-чыгышты көздөй түз сызык боюнча Ак-Булак калктуу конушунун түндүк чек арасы менен автомобиль кара жолунун кесилишине чейин барат.
Андан ары чек ара автожолдун батыш чек арасы боюнча Катар-Жаңгак калктуу конушунун түштүк чек арасынан түндүк-чыгышты көздөй түз сызык боюнча аталган калктуу конуштун батыш бурчуна чейин барат.
Андан ары - түз сызык боюнча түндүк-чыгышты көздөй кара жолдун Катар-Жаңгак калктуу конушунун түндүк чеги менен кесилишкен жерине чейин барат.
Андан ары - автожолдун батыш жээги менен Күмүш-Суу дарыясынын багыты боюнча 1378 м бийиктиктеги чокуга, Кара-Үңкүр жана Ак-Коргон дарыяларынын куймаларына, 4441,4 м бийиктиктеги чокуга чейин.".
2. Бул токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|