Сравнение редакций…
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 токтому менен бекитилген |
2012-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын
автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн
СТРАТЕГИЯСЫ
2. Учурдагы абал. Автомобилдик транспорт тармагынын көйгөйлөрү
4. Автомобиль транспортун өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттар
5. Стратегияны ишке ашыруунун механизмдери
6. Максаттуу программалар жана стратегиянын ишке ашырууну
камсыздаган иш-чаралар комплекси
10. Стратегияны ишке ашыруу мониторинги жана контролдоо
1. Киришүү
Автомобиль транспорту - өлкөнүн бирдиктүү транспорттук системасынын жана өндүрүштүк инфраструктурасынын маанилүү курамдык бөлүгү. Анын туруктуу жана эффективдүү иштеши экономиканын туруктуулугунун, жогорулашынын жана түзүмдүк кайра курулушунун, өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоонун, калктын жашоо шартын жана деңгээлин жакшыртуунун зарыл шарты болуп эсептелет.
Өлкөнүн бийик тоолуу шарттарында жана жетүүгө кыйын региондорунда автомобиль транспорту Кыргызстандагы транспорттун негизги түрү болуп эсептелет. 95% жүк ташуулар жана 97% жүргүнчү ташуулар өлкөнүн транспорттук секторунун негизги бөлүгүн түзгөн автомобиль транспорту менен ишке ашырылат. Автомобиль транспортунун мааниси туруктуу социал-экономикалык өнүгүүнүн олуттуу фактору, республиканын экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн чечүүдөгү эң башкы инструменттердин бири болуп кала берүүдө.
2011-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясы (мындан ары - Стратегия) автомобилдик тармак рыногун өнүктүрүүдө артыкчылыктуу милдеттерди аныктайт жана социал-экономикалык көйгөйлөрдүн эффективдүү чечилишин камсыздаган максаттуу программалардын, өзүнчө долбоорлордун жана программалык эмес иш-чараларды ишке ашыруунун милдеттери, мөөнөтү жана ресурстары боюнча өз ара байланышкан системасы болуп саналат.
Стратегияны иштеп чыгуунун негизин төмөнкү жоболор түздү:
- экономиканын башка тармактарына салыштырганда автомобиль тармагынын динамикалык өнүгүүсүн камсыздоо, автотранспорттук кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- мамлекет тарабынан автотранспорттук инфраструктураны субсидиялоо, жолдорду жана социалдык маршруттарды курууну жана реабилитациялоону республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо;
- автотранспорт кызматтарын өнүктүрүү, автотранспорт тармагынын ишин мамлекеттик жөнгө салууну оптималдаштыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- атамекендик автоташуучулардын таламын коргоо жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- абага чыгарууларында булганычтуу заттар камтылган же атмосфералык абага зыяндуу таасири белгиленген ченемдерден ашыкты түзгөн транспорт каражаттарын жана кыймыл түзүлүштөрүн эксплуатациялоодо атмосферанын сапатын ченемдештирүү жолу менен экологиялык коопсуздукту сактоо.
Бул Стратегия, автотранспорт тармагын өнүктүрүүнүн бааланышына жана келечегине адаттагыдай жана жаңы көз караштарды бириктирүү менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин программаларын, пландарын жана ишинин көрсөткүчтөрүн жана автомобилдик транспортту өнүктүрүү жаатында ведомстволук максаттык программаларды, орто мөөнөттөгү перспективалык социалдык-экономикалык өнүгүүнүн ченемдүү болжолун иштеп чыгуу үчүн негиз болушу керек.
2. Учурдагы абал. Автомобилдик
транспорт тармагынын көйгөйлөрү
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын автомобилдик паркы 427 миң автомобилден турат, анык 347 миңге жакын жеңил, 51 миңи жүк автомобилдери жана 22 миңге жакын автобустар жана кичи автобустар түзөт.
Азыркы мезгилде автомобиль тармагында жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн 350 юридикалык жак (анын 30 жеңил автотранспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча юридикалык жак), жүк ташуу боюнча 50 юридикалык жак, ошондой эле жүк ташуу боюнча 20300 менчик жак жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобилдик транспорттук процессти камсыздоочу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 69 ишканасы (автостанциялар, автобекеттер, автокассалар) бар.
2005-2011-жылдардын ичинде автомототранспорт
каражаттарынын динамикасы
2008-2010-жылдарда автомобилдик транспортто жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуулардын анализи жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана жүкайлантуу негизги көрсөткүчтөрүнүн анча-мынча оош-кыйыштыгын көрсөтөт. Ташуулардын бул түрлөрү боюнча аталган мөөнөттөгү жогорку көрсөткүчтөр 2009-жылы белгиленген. Ошону менен бирге жүкайлантуу боюнча анча маанилүү эмес өзгөрүү 2010-жылы байкалган - 6% жакын.
Республиканын автотранспорттук каражаттар паркынын анализи эксплуатацияланган кыймылдуу курам тез эскирүүсүн көрсөтүүдө, автомобилдердин көпчүлүк бөлүгүнүн ресурсу бүтүп жаңыланууну талап кылат. Мисалы, акыркы үч жылда (2007-2010-ж.) 10 жылдан ашык эксплуатациядагы жүк ташуучу автомобилдердин жана автобустардын үлүшү 28%дан 41%га жана 30%дан 48%га чейин өстү.
Акыркы жылдары республиканын жол-транспорт чөйрөсүндө жолдордо авариялардын өсүшүнө шарт түзгөн факторлор пайда болду - бул транспорт каражаттарынын санынын, алардын кыймылдуу сапаттарынын өсүшү кыймылынын интенсивдүүлүгүнүн өсүшү.
Социалдык мааниге ээ болгон, региондордун эң зарыл социалдык-экономикалык байланышын камсыздаган, коомдун чектелишинен арылууга жана анын ынтымагына көмөктөшүүчү автомобилдик жүргүнчүлөрдү ташуулар өзгөчө мааниге ээ болууда.
Автомобилдик транспорттун эффективдүү иши биринчи кезекте автожолдор тармагына кирген тиешелүү инфраструктура менен камсыздалат. Биздин тоолуу республикада автомобилдик жолдор мамлекеттин бардык транспорттук системасынын негизин түзөт жана автотранспорттук ташуулар экономиканын бардык тармагында үстөмдүк кылаары белгилүү.
Азыркы учурда республиканын дээрлик бардык райондорунда маршруттук каттам менен камсыз болбогон айылдар бар. 1807 калктуу конуштарына 1646 (91,1%) маршруттук каттам менен камсыздалган, ал эми калган 161 (8,9%) маршруттук каттамсыз калууда.
Алыскы айыл калктуу конуштарында маршруттук каттамдардын жоктугунун себептери калктуу айыл жерлеринин чачыранды болуп жайгашкандыгынан жана алардын элинин санынын аздыгынан улам автобустук маршруттардын рентабелдүү эместиги жана чыгашалуулугу, жол-транспорт инфраструктурасынын абалынын начардыгы.
Мындан тышкары, мындай төмөн рентабелдүүлүктүн себептеринин бири, ички каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтердин мамлекеттик жөнгө салуу системасы болуп саналат. Керектелүүчү майга, электр энергиясына, материалдарга жана техникалык каражаттарга болгон баанын өсүшү кирешеден ашып кеткендиктен ташуучуларга өз маалында кыймыл курамын жаңыртууга жана жекече өндүрүштүк-техникалык базаны өнүктүрүүгө, айдоочулар курамын окутууга ж.б. каржы каражатын бөлүүгө мүмкүндүк бербейт.
Мындай чыгашалуу маршруттардын ишин камсыздоо үчүн мамлекеттик колдоо жана жергиликтүү жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен компенсация берүү зарыл, алар кийин жергиликтүү бийлик органдары менен макулдукта ар бир маршрут боюнча аныкталат. Мындан тышкары, жүргүнчү транспортун толуктоо жана жаңыртуу үчүн инвесторлорду тартып, кыргыз автоташуучулары менен жүргүнчү автотранспорт каражаттарын даярдоочу заводдордун биргелешкен ишканаларын түзүү керек.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу ири шаарларда сыйымдуулугу чоң автобустардын жоктугу же жетишсиздиги майда кичи автобустардын санынын кескин өсүшүнө алып келди, алар шаардык автобустук маршруттардагы сыйымдуулугу чоң автобустардын 95%ын алмаштырды. Кичи автобустардын санынын өсүшү жүргүнчүлөрдү ташуулардын жана жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурат, айлана-чөйрөнү булгайт (парниктик жана башка зыяндуу газдардын чыгуусунун көбөйүшүнө алып келет).
Автотранспорт тармагы көптөгөн өз алдынча чарба субъектилерине бөлүнүп кетти, алардын ишиндеги транспорттук каражаттарды техникалык эксплуатациялоонун нормативдик технологиялары, кадрдык камсыздоо жана профилактикалык жумуштар өздөрүнүн мурдагы милдеттүүлүгүн жоготту.
Ташууларды көбүнчө автотранспорт каражаттарын коммерциялык эксплуатациялоо менен гана аракеттенген жана өздөрүнүн өндүрүш-техникалык базасы, аларды сактоо үчүн жайлары жок майда ишканалар жана жеке жактар ишке ашырат. Алардын айдоочулар курамынын жана инженер-техникалык жумушчуларынын квалификациясы автомобилдик транспорт процессинин коопсуздугун камсыздоого жетишердик эмес. Автомобилдик ташууларга байланышкан персоналдарды окутуу зарыл, бирок окуу борборлорун заманбап уюштуруу техникалары менен жабдууга байланыштуу көйгөйлөр бар.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Мамлекеттик транспорт инспекциясына караштуу "Техникалык-окуу борбору" мамлекеттик ишканасы жана анын региондук окуу пункттары акча каражатынын жетишсиздигинен айдоочулардын квалификациясын жогорулатуунун 40 сааттык программасы боюнча сабактарды заманбап техникалар менен жабдылбаган окуу класстарында өткөрүшөт.
Азыркы мезгилде автоташуулардын ата мекендик рыногунда чет өлкөлүк жүк ташуучулар да көбөйүүдө, жыйынтыгында автоташуулардын тышкы гана эмес, ички рыногунан акырындык менен сүрүлүп бара жаткан атамекендик ташуучуларды коргоо маселелери ачык бойдон кала берүүдө. Республиканын аймагына кирүүдө автомобилдерге тийиштүү транспорттук контролдун жоктугунан улам салмактык жана габариттик параметрлерден ашып кетүүгө жол берген чет өлкөлүк ташуучулардын транспорттук каражаттарынын салыштырмалуу салмагы жогору болгондуктан автомобилдик жолдор бузулууда, жол тармагына жана кыймыл коопсуздугуна зыян келтирилүүдө.
Башка мамлекеттердин аймагы боюнча кыргыз автоташуучуларынын тоскоолдуктарсыз өтүүсүндөгү көйгөйлөрдүн бири эл аралык автомобилдик ташууларды өнүктүрүүгө жана жакшыртууга, жол кыймыл коопсуздугун жогорулатууга, транспорттук каражаттардын айдоочуларынын жана экипаждын эмгек шарттарын регламенттөөгө, 1970-жылы Женева шаарында кол коюлган, эл аралык автомобилдик ташуулардагы транспорттук каражаттардын экипажынын жумушуна тийиштүү Европа Макулдашуусуна (ЕСТР) Кыргыз Республикасынын кошулуу маселеси болуп эсептелет. Бул Макулдашууга 47 мамлекет кошулган: Евросоюздун жана КМШнын бардык өлкөлөрү (Грузия, Кыргызстан жана Тажикистандан башка). 2010-жылдын 16-июлунан баштап жаңы жүк ташуучу автотранспорт каражаттарына санариптик тахографтарды колдонуу шарттарына байланыштуу ЕСТРга киргизилген оңдоолор күчүнө кирди.
Санариптик тахографты колдонуу менен эл аралык ташууларга катышкан автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынын белгиленген эмгек жана эс алуу режимин сакталышына мамлекеттик контроль системасын түзүү үчүн алдыда өтө чоң уюштуруу иши турат. Кыргыз Республикасында азыркы учурда 1800 автотранспорт каражаты эл аралык ташууларды ишке ашырууда, анын 162синде (90%) аналогдук тахографтар, 90унда (5%) санариптик тахографтар бар жана 90унун (5%) тахографтары жок.
Тармактын мыйзам чыгаруу базасынын жетиле электиги, ошондой эле автомобилдик транспорт жаатында Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын карама-каршы келиши тармактын мамлекеттик жөнгө салуу функциясынын жоготуусуна, ошондой эле ташуучулардын ортосунда көнүмүш эмес жана катуу атаандаштыкка алып келди. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн натыйжасында жеңил автомобиль менен жүргүнчүлөрдү ташуу, ички жүк ташуу иштерин техникалык тейлөө станцияларынын (СТО), авто май куйуучу станциялардын иштерин лицензиялоо алып салынган. Натыйжада, жеңил таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда коопсуздук техникасы жана жол кыймыл коопсуздугу боюнча өндүрүштүк базасы, эксплуатациялык кызматы, квалификациялуу адистери жок, бул чөйрөдө иш тажрыйбасы жок кокустуктан келип калган жана иш билги эмес ташуучулар көбөйгөн. Ченемдик укуктук актыларда автомобилдик ташуучулардын жоопкерчилигинен башка транспорттук процессти камсыздаган кызмат аткаруучуларга болгон талаптардын аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик же санкциялар чагылдырылган эмес.
Автобустардын жана кичи автобустардын катышуусундагы авариялардын саны төмөн жана автобустар, кичи автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташууларды лицензиялоо аркылуу жана жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыздаган лицензиялык талаптарды аткаруу боюнча ташуучулар менен үзгүлтүксүз жумуштарды жүргүзүү аркылуу жол кырсыктарынын саны төмөндөөдө (айдоочулар курамын тандоо, окутуу, айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин сактоону камсыздоо, линияга чыгаардын алдында айдоочулар курамын күн сайын медициналык күбөлөндүрүүнү камсыздоо, күн сайын кыймыл курамына техникалык контролду камсыздоо).
Орто жана узак мөөнөттүү перспективада Кыргыз Республикасынын автоунаа тармагын өнүктүрүү үчүн корпоративдик инвесторлорду тартуу жана жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү автомобиль унаасы менен ташууда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн мамлекеттик-жеке менчик кызматташтык механизмин пайдалануу муктаждыгы пайда болот.
Автотранспорттун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири көбүнчө ташуулардын интенсивдүүлүгү жана транспорттук каражаттар паркынын техникалык абалы, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшү менен аныкталат. Автотранспорт ишине кеткен күйүүчү майдын бир жылдык чыгымы, жеке транспортту кошкондо 400-600 миң тонна шарттуу отунду түзөт. Пайдаланылган отундун 99% автомобилдик бензинге жана дизелдик отунга кетет. Унаа каражаттарынын агымынын өтө жыштыгы атмосфералык абанын абалына тескери таасир берет.
Линияга чыгаардын алдында транспорт каражаттарына болгон көзөмөлдүн, техникалык кароо жана техникалык тейлөө системаларынын начардыгынан автомобилдердин көпчүлүгү ууландыргычтыгы жана түтүнү жогору деңгээлде иштетилгендиктен, автотранспорт атмосферанын булганышына алып келген интенсивдүү жана туруктуу өскөн булактардын бири болуп кала берет.
Азыркы учурда мамлекеттик техникалык кароонун системасы транспорт каражаттарынын коопсуздугунун эл аралык талаптарына жооп бербейт жана Кыргыз Республикасынын "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" Мыйзамына ылайык реформалоону талап кылат. Автомобиль жолдору боюнча илимий изилдөөлөр керек, алар бир канча багытта жүргүзүлүүгө тийиш: бул илимий-техникалык иштеп чыгууларды баалоо жана андан ары өнүктүрүү, тармактын азыркы шарттарга ылайыкталып жасалган укуктук жана ченемдик-техникалык базасын өркүндөтүү, ал кайра иштелип чыгууга жана азыркы шарттарга ылайыкташтырылууга тийиш.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, автотранспорт секторунун төмөндөгү көйгөйлөрүн баса белгилөөгө болот:
- ченемдик укуктук базанын өркүндөтүлбөгөндүгү, автомобилдик транспорттун иштөөсүн аныктоочу техникалык регламентинин, ченемдиктердин жоктугу аны тейлөө жана оңдоо, көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн сапаты;
- республиканын автопаркынын эскириши, транспорттук тейлөө рыногунун ири көлөмдөгү автобустар менен толукталышынын чектелгендиги жана ыңгайлуулук, көрсөтүлгөн төлөөлөрдүн сапатынын жана коопсуздуктун төмөндөшүнө алып келген кичине автобустардын көбөйүшү;
- транспорттук тейлөөлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана сапатынын деңгээли өлкөнүн калкынын талаптарына жооп бербейт, өлкөнүн калктуу айыл конуштарынын кыйла көбү туруктуу транспорттук тармак менен, тынымсыз жүрүп туруучу автобустук маршруттар менен камсыздалган эмес;
- транспорттук технологиялар рынок шартында транспорттун эффективдүү иштөөсүнүн азыркы талаптарына жооп бербейт;
- ченемдик укуктук базанын жетишсиздигинен, ошондой эле автотранспорттун абалынын экологиялык жана техникалык параметрлерге ылайыктуулугунун шайкеш келбегендигинен улам, сырткы автотранспорт рыногунда ата мекендик ташуучулар чет мамлекеттик ташуучулар тарабынан сүрүлүп чыгарылууда;
- экологиялык жана жол кыймылынын коопсуздугунун төмөндөшү калктын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туудурууда.
3. Максаттар жана милдеттер
Стратегиянын максаты - автомобилдик ташууларда өлкөнүн экономикасын жана калктын керектөөлөрүн толук камсыздандырууга, автомобилдик транспорттун эффективдүү жана коопсуз иштөөсүн жогорулатууга, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн эффективдүү ишке ашырууга жана транспорттук чыгымдарды минималдаштырууга түрткү берген автотранспорттук кызмат көрсөтүү рыногунун системасын өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын транспорттук тармагын алдыга озуп өнүктүрүүнү камсыздоо.
Стратегиянын максаттарына жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
- калкты жүргүнчүлөр жана жүк ташуулар менен толук сапаттуу камсыздоо жана автотранспорт тармагында мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо максатында бирдиктүү транспорттук саясатты түзүү;
- ченемдик укуктук базаны түзүү жана өркүндөтүү, аны эл аралык мыйзамдар жана стандарттар менен айкалыштыруу, транспорт тармагынын инвестициялык жагымдуулугу үчүн шарттарды түзүү;
- автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуулардын коопсуздугун камсыздоо;
- айлана-чөйрөгө автотранспорт секторунун тийгизген терс таасиринин деңгээлин төмөндөтүү жана экологияны жакшыртуу;
- эл аралык автомобилдик ташуу рыногунда ата мекендик ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;
- калктын мобилдүүлүгүн жогорулатуу жана региондордо транспортун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;
- жүк жана жүргүнчүлөр ташуучу автотранспорт каражаттарынын паркын жаңыртуу жана толуктоо, тармактын маалыматтык камсыздоо системасын түзүү.
4. Автомобиль транспортун өнүктүрүүдөгү
артыкчылыктуу багыттар
Автотранспорт тармагын өнүктүрүү милдеттери Стратегиянын натыйжаларына, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана геосаясаттык артыкчылыктарына жетишүүгө түздөн-түз багытталган.
Стратегиянын пландалган жыйынтыктарына жетишүү төмөнкү багыттардын жана төмөнкү негизги багыттар боюнча атаандаштыкка жарамдуу автотранспорт тармагын өнүктүрүүгө жана түзүүгө багытталган иш-чаралар комплексин аткаруу алкагында ишке ашырылышы мүмкүн:
4.1. Калкты автомобилдик жүргүнчүлөр жана жүк ташуулар менен сапаттуу камсыздоо максатында бирдиктүү мамлекеттик транспорттук саясатты түзүү:
- автотранспорт тармагын мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүндө функционалдык анализ жүргүзүү;
- коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө автомобилдик тармактын башкаруу функцияларын түзүү жана күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" Мыйзамына ылайык, чет мамлекеттердин иш тажрыйбасынын негизинде автотранспорт каражаттарынын техникалык абалын жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" Мыйзамына ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү боюнча диагностикалык борборлор тармагын түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында жол-транспорт тармагын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин жана стандарттардын, методикалардын, экологиялык нормативдердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча илимий-техникалык борборлорду түзүү;
- автотранспорттун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жана автотранспорттун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин төмөндөтүү.
4.2. Автотранспорт тармагынын мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүү жана реформалоо:
- катаал тарифтик схемалар боюнча иштен атаандаштык чөйрөнүн өнүгүшүнө жараша жогорку рентабелдүүлүктү орнотуу принцибин колдонууга жана андан кийин ташууга акы төлөөгө жарамдуу суроо-талабын канааттандыруучу ташуучулардын кызмат көрсөтүүгө эркин баа коюсуна акырындык менен өтүү;
- сертификаттоо жана лицензиялоо системасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү жана айкалыштыруу, ошондой эле автомобилдик транспорт каражаттарын техникалык эксплуатациялоо эрежелерин эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү;
- эффективдүү жана рыноктук механизмдин так жана толук шарттарын белгилөө аркылуу коомдук транспорт маршруттарын бөлүштүрүү максатында конкурстарды өткөрүүнүн жол жоболорун өркүндөтүү, конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдин алкагында көрсөтүлгөн шарттарды сактоо контролун жакшыртуу;
- бардык автотранспорттук процессти жана көрсөтүлүүчү автотранспорттук кызматты бир орган тарабынан эффективдүү башкарууну жана жөнгө салууну камсыздоону караштырган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүн кайрадан уюштуруу;
- жүргүнчүлөр үчүн, айрыкча айыл жерлеринде ташуулар боюнча социалдык маанилүү кызматтарды көрсөткөн ташуучуларга мыйзамда белгиленген тартипте жеңилдиктерди берүү;
- администрациялык, экономикалык жана уюштуруучу тоскоолдуктарды жоюу, ата мекендик автоташуучуларынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- автомобиль транспорту менен ташууда автоташуучулардын жоопкерчилигин, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү камсыздандыруу.
4.3. Транспорттук саясаттын ченемдик укуктук базасын түзүү жана өркүндөтүү, жагымдуу инвестициялык жана фискалдык режимди түзүү:
- "Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жөнүндө", "Транспорт жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу жаатында, ошондой эле айлана-чөйрөнү жана климатты өзгөртүү жаатында улуттук транспорт мыйзамдарын эл аралык документтер менен айкалыштыруу;
- жүргүнчүлөр ташуучу автомобилдик транспорт паркын толуктоо жана жаңыртуу үчүн, анын ичинде бензинге альтернативалык түрдөгү отундар менен жүрүүчү транспорт каражаттары үчүн жагымдуу инвестициялык шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү;
- жүргүнчү ташуучу маршруттарды тең бөлүштүрүүгө жана автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугуна шарт түзүү;
- автотранспортту пайдаланууда атмосфералык абага чыгарылган булганыч нерселердин жана зыяндуу физикалык таасирлердин коюлган ченемден ашып кетпөөсү үчүн чектөө системасын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү.
4.4. Автотранспорт тармагында эл аралык кызматташтыкты, улуттук транспорт системасын дүйнөлүк транспорт системасына андан ары айкалыштырууга багытталган Кыргыз Республикасынын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү:
- Кыргыз Республикасынын соода өнөктөштөрү-мамлекеттер менен эл аралык автомобилдик ташуулар боюнча өкмөт аралык жаңы макулдашууларды түзүү;
- эл аралык транспорттук каттамдарда автомобилдик ташууларды андан ары өнүктүрүү үчүн негизги эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга кошулуу боюнча иштерди жүргүзүүнү улантуу;
- Кыргыз Республикасынын Европалык Макулдашууга кошулушунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени иштеп чыгуу;
- ата мекендик автоташуучулардын таламын коргоо максатында автомобилдик транспорт жаатында кызматташтык боюнча түзүлгөн эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды (Кытай Эл Республикасы, Өзбекстан Республикасы менен) өркүндөтүү.
4.5. Транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү. Автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөр рыногун өркүндөтүү:
- коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү;
- республиканын калктуу конуштарын маршруттук транспорттук каттам менен камсыздаган автожолдорду жана эл аралык транспорттук коридорлорду куруу жана реабилитациялоо;
- администрациялык, экономикалык жана уюштуруучулук тоскоолдуктарды жоюу менен эл аралык автомобилдик ташууларды өркүндөтүү;
- жол жээгиндеги сервис объектилерин өнүктүрүү аркылуу транзиттик транспорттук коридорлордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- азыркы талаптарга ылайык келтирүү жана заманбап техникалар, жабдуулар менен жабдуу максатында автобекеттерди жана автостанцияларды өнүктүрүү жана реконструкциялоо программаларын жана өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу.
4.6. Жүргүнчүлөр жана жүк ташуучу автотранспорт каражаттар паркын толуктоо жана жаңыртуу:
- жүргүнчү жана жүк ташуучу автотранспорт каражаттар паркын толуктоо жана жаңыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- жүргүнчү жана жүк ташуучу автотранспорт каражаттар паркын толуктоо жана жаңыртуу үчүн инвесторлорду, ошондой эле техникалык жардамдарды тартуу.
4.7. Көп профилдүү терминалдык жана логистикалык комплекстердин негизинде эффективдүү транспорт-логистикалык технологияларды жана ташуучу системаларды өнүктүрүү:
- республиканын ири калктуу конуштарында жана чектеш райондорунда логистикалык борборлорду түзүү (Бишкек жана Ош шаарларында логистикалык борборлорду куруу).
4.8. Автотранспорт тармагын маалыматтык камсыздоонун азыркы системасын түзүү жана телекоммуникациялык жана навигациялык системаны киргизүү:
- мамлекеттик транспорт саясатын жана автотранспорт ишин өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн автотранспорт иши жөнүндө маалыматтар базасынын бирдиктүү маалыматтык борборун түзүү.

Ишке ашыруунун механизмдери мамлекеттик жөнгө салуунун негизги чараларын жана Стратегиянын артыкчылыктуу маселелерин чечүүнү камсыздаган мамлекеттик-менчик өнөктөштүк чараларын аныктайт:
1) ченемдик укуктук актыларды (ЧУА) иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүү:
- автомобилдик транспорттук процесстердин коопсуздугун камсыздоо үчүн иштелип чыгып жаткан "Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Автомобиль транспорту менен ташууларды уюштуруу эрежелеринин долбоорун иштеп чыгуу;
- Автоташуучуларды аныктоого ачык конкурстарды өткөрүү жөнүндө жобонун жаңы долбоорун иштеп чыгуу;
- автомобиль транспорту жаатында башка ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу;
2) автомобилдик транспорт каражаттарына мамлекеттик техникалык кароо жүргүзүүнүн азыркы системасын түзүү:
Муну менен катар, мамлекеттик техникалык кароо "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде регламенттелип, автомобилдик транспорт каражаттарынын түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын завод тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келишин аныктоо боюнча контролдоо-ченөө иштерин жүргүзүү үчүн азыркы диагностикалык жабдуулары бар мамлекеттик же жеке менчик субъекттер (диагностикалык борборлор) тарабынан жүргүзүлүшү зарыл;
Стратегиянын алдыга коюлган максаттарын ишке ашырууну төмөнкү этаптарга бөлүүгө болот:
1-этап - 2012-2013-ж.:
ченемдик укуктук базаны даярдоо, транспорт тармагын реформалоону аягына чыгаруу. Транспорт секторуна инвестицияларды тартуу жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү;
2-этап - 2013-2015-ж.:
экономиканын жана калктын автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талабынын өзгөрүшүнө ылайыктуу жооп берүүгө жөндөмдүү эффективдүү автотранспорттук системаны түзүүнү аяктоо жана аны сапаттуу, жетимдүү жана коопсуз автотранспорт менен канааттандыруу, транзиттик ташуулардын көлөмүнүн интенсивдүү өсүшү; автотранспорт инфраструктурасынын азыркы стандарттарга ылайык келиши; стандарттарды киргизүү жана эл аралык транспорттук чөйрө менен айкалыштыруу.

Программалар жана долбоорлор
"Ар бир калктуу конушка - маршруттук каттам" программасын ишке ашыруу".
Республиканын автомобиль тармагында бир катар көйгөйлөр топтолду жана алардын эң маанилүүсү жана социалдык-маанилүүсүнүн бири айыл жерлерин автобустук каттам менен камсыздоо боюнча көйгөйлөрдү чечүү болуп эсептелет.
Региондор боюнча автомобиль менен жүргүнчүлөрдү ташуулардын камсыз болуусуна жүргүзүлгөн анализи Ысык-Көл, Талас, Чүй, Баткен облустарындагы айылдардын көбүрөк камсыз болгондугун жана Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарындагы айылдардын жетишсиз камсыз болгондугун көрсөтөт.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн алыскы айылдарга жолдорду куруу жана алардын калкын маршруттук каттам менен камсыздоо боюнча маселелерди комплекстүү чечүү, төмөнкү негизги чараларды ишке ашыруу зарыл:
- калкты сапаттуу автомобилдик ташуулар менен толук камсыздоо максатында бирдиктүү мамлекеттик автотранспорт саясатын жүргүзүү үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- калктуу конуштарды маршруттук каттамдар менен толук камсыздоо үчүн региондордун автотранспорттук инфраструктурасын жакшыртуу;
- жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу автотранспорт каражаттар паркын толуктоо жана жаңыртуу;
- республиканын бардык калктуу конуштарын автобустук каттам менен камсыздоо максатында жүргүнчүлөрдү ташуулардын рационалдуу маршруттук тармактарын иштеп чыгуу;
- жалпы узундугу 1009,2 км автомобилдик жолдорду оңдоо;
- жалпы көлөмү 548,1 метр көпүрөлөрдү куруу, реконструкциялоо жана оңдоо.
Бул программанын негизги максаты республиканы автобустук маршруттук каттам менен толук камсыздоо болуп эсептелет.
Бул программаны ишке ашырууда республиканын региондорунда автомобилдик жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу, реконструкциялоо жана оңдоо, ошондой эле, айылдарды маршруттук каттам менен толук камсыздоо үчүн региондордун автотранспорттук инфраструктурасын жакшыртуу каралат.
Республика боюнча бул жумуштун көлөмү аткарылганда 161 калктуу конуш камтылат жана 28 автобустук маршруттук каттам ачылат.
Бирдиктүү транспорттук контролдоо принцибин киргизүү
Мамлекеттик чек аралардагы өткөрүү пункттарында контроль жүргүзүүнүн оперативдүүлүгүн жана тазалыгын камсыздоо үчүн мамлекеттик контролдун кайталоочу процедураларын жөнөкөйлөтүү жана жоюу, аларды бирдиктүү маалыматтык система менен жабдуу максатында мамлекеттик контролдоо органдары жыйнактуу жайгашышы керек.
Ошону менен бирге эле, аталган органдардын учурдагы жайларын жана ишин уюштуруу шарттарын эске алуу менен:
- мамлекеттик контролдоо органы статусуна ээ болгон мамлекеттик органдар үчүн мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында транспорттук контролдун стационардык постторун куруу (ПТК);
- санитардык-тиричиликтик ченемдерге ылайык келген транспорттук контролдоо постторун модернизациялоо аркылуу транспорттук контролдоо кызматынын кызматкерлеринин жумуш шарттарын жакшыртуу жана аларды азыркы оперативдүү жана мобилдүү байланыш каражаттары, транспорттук каражаттар менен камсыздоо, электрондук документ жүргүзүү системасын киргизүү менен мамлекеттик чек ара аркылуу жүк жана жүргүнчүлөр агымдарынын өтүшүнө контролду компьютерлештирүү зарыл.
"Бирдиктүү терезени" киргизүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигине техникалык жардам берүү долбоору
Чек арадан өтүүдө транспорттук контролдун (ПТК) бирдиктүү постторун куруу үчүн бул долбоорго ылайык жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин контролдоо органдарынын кызматкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, ошондой эле МТИнин алдындагы "Окуу-техникалык борбору" мамлекеттик ишканасынын окуу процессин өнүктүрүү жана сапатын жогорулатуу максатында 4 млн.АКШ доллары өлчөмүндө каржы керектелет.
ЕврАзЭКтин артыкчылыктуу өнүгүү багытын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн иш-чараларга киргизилген Ош (2016-ж. чейин биринчи этапта) жана Бишкек (2020-ж. чейин) шаарларында логистикалык борборлорду куруу. (Логистикалык борбор - жүк агымдарын башкарууну жана уюштурууну жүргүзгөн, ошондой эле тийиштүү кызматтарды көрсөткөн уюм).
Бишкек жана Ош шаарларында логистикалык борбор курулуучу жерди аныктоо зарыл.
Бир долбоордун наркы 15 млн-го жакын АКШ долларын түзөт.
Дагы бир маанилүү көйгөйлөрдүн бири Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында эксплуатациялоо мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу шаардык жүргүнчүлөр маршруттарында иштөөчү чоң автобустардын жетишсиздиги. Ушуга байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана гранттарды жана донорлорду тартуу эсебинен бирге каржылоо мүмкүнчүлүгү менен автотранспорт каражаттарынын шаардык жүргүнчүлөр паркын 1000 чоң автобус жана 200 троллейбус менен толуктоо жана жаңыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү курч маселеси турат.
7. Тобокелдиктерди баалоо
Стратегияны ишке ашыруу пландуу натыйжаларга жетишүүгө тоскоолдук кылуучу тобокелдиктер менен коштолушу мүмкүн. Мындай тобокелдиктерге төмөнкүлөр кирет:
а) Макроэкономикалык тобокелдиктер, экономиканын өсүү темпинин жана инвестициялык активдүүлүк деңгээлинин төмөндөө мүмкүндүгүнө, банк системасынын кризисине, бюджеттик дефициттин жана инфляциянын келип чыгышына байланыштуу болот.
Автомобилдик транспорт энергия булактарынын дүйнөлүк баасынын деңгээлинен, автожолдордун, ошондой эле, эл аралык транспорттук коридорлордун абалынан түздөн-түз көз каранды. Баанын конъюктурасынын жагымсыз өзгөрүшү автомобилдик транспорттук өнүгүүнүн төмөндөшүнө, транспорттук ташууларынын өздүк наркынын жогорулашына, калкка транспорттук тейлөөлөрүнө баанын жогорулашына, транспорттук чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет.
б) Кабыл алынган жол-жоболордун жетишсиздигине, стратегияга техникалык жана ченемдик укуктук колдоо көрсөтүүлөрдүн алсыздыгына байланыштуу операциялык тобокелдиктер.
Автомобиль транспортун эффективдүү жана динамикалык өнүктүрүү көбүн эсе эң маанилүү мыйзамдардын жана мыйзам алдындагы актылардын кабыл алынышына көз каранды, мисалы: "Автомобиль транспорту жөнүндө", "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө". Мындай ченемдик укуктук актылардын жоктугу бул стратегияны ишке ашырууда олуттуу тоскоолдук кылып, калкты сапаттуу тейлөөгө, транспорттук каражаттардын коопсуздугуна таасирин тийгизет.
в) Геосаясаттык тобокелдиктер.
Кыргыз Республикасынын эл аралык транспорттук системага ийгиликтүү кирүүсү көбүнчө өлкөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү стабилдүү саясий жагдайларга байланыштуу болот. Эл аралык жагдайлардын стабилдүү эместиги үчүнчү өлкөлөр аркылуу деңиз коммуникацияларына чыгуучу транспорттук коридорлорду, транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда тескери таасирин тийгизет.
г) Техногендик жана экологиялык тобокелдиктер. Транспорттогу бардык эле техногендик (техникалык каражаттын физикалык же моралдык эскиришинин жогорку деңгээли, адам фактору) табигый (ташкын, жер титирөө, көчкү ж.б.) же социалдык мүнөздөгү транспорттун иштешине мыйзамсыз кийлигишүү, терроризм, инфраструктурага тийиштүү мүлккө зыян келтирүү жана тоноо, ж.б.) ири кыйроолор кошумча олуттуу капиталды талап кылат.
8. Стратегияны каржылоо
Стратегиянын ишке ашуусун каржылоо транспорттук кызмат көрсөтүү рыногун андан ары либералдоону эсепке алуу менен жүргүзүлөт, жеке менчиктеги өндүрүштү өнүктүрүү, транспорт каражаттарынын кыймыл составын жана инфраструктура объектилерин жаңыртуу жана модернизациялоо боюнча жеке демилгелерди ишке ашырууда мамлекеттин жардамы ийкемдүү ченемдик-техникалык жана фискалдык саясатты жүргүзүүнү кошкондо, жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү менен бүтөт.
Стратегияны ишке ашырууну каржылоо төмөнкү булактардан жүзөгө ашырылууга тийиш:
(а) мамлекеттик бюджет;
(б) жергиликтүү бюджет;
(в) жеке сектор;
(г) инвестициялар.
Каржылоонун стратегиясы бардык белгиленген иш-чараларды, каржылоо булактарынын түзүмүн ишке ашыруу, тармактын инвестициялык өзүнө тартуучулугун жогорулатуу механизмин иштеп чыгуу үчүн каржы ресурстарына жалпы талапты негиздөөгө мүмкүндүк берет.
"Ар бир калктуу конушка - маршруттук каттам"
мамлекеттик программасы
Каржы керектөөлөрү 582 млн.сом/12,38 млн. АКШ долларын түзөт, анын ичинен республикалык бюджеттен 317 млн.сом/6,75 млн. АКШ доллары, жергиликтүү бюджеттен 265 млн.сом/5,63 млн. АКШ доллары, ал эми каражат жок болсо инвестицияны тартуунун эсебинен.
Автожолдорду жана көпүрөлөрдү курууга, реконструкциялоого жана оңдоого жергиликтүү бюджеттен 265 млн.сом талап кылынат, жергиликтүү бюджеттин каржылоо мүмкүндүгүн эске алып, ошондой эле инвестицияларды тартуу зарыл болгондо донорлорду тартуу боюнча тийиштүү жумуштарды өткөрүү зарыл.
Муну менен катар, бул Программаны ишке ашыруу үчүн жүргүнчүлөр автомобиль транспортунун муктаждыгы 350гө жакын бирдикти түзөт, ага гранттарды жана инвестицияларды тартуунун эсебинен 1269 млн.сом (27 млн. АКШ доллары) зарыл.
- "Бирдиктүү терезени" киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине техникалык жардам берүү долбоору.
Гранттарды жана инвестицияларды тартуунун эсебинен 4 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо.
- Ош (биринчи этапта 2016-ж. чейин) жана Бишкек (экинчи этапта 2020-ж. чейин) шаарларында логистикалык борборлорду куруу.
Бир долбоордун наркы гранттарды жана инвестицияларды тартуунун эсебинен 15 млн. АКШ долларын түзөт.
Ошентип, Автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоордун ресурстук керектөөлөрү 3547,38 млн.сом/75,38 млн. АКШ долларын түзөт. Мамлекеттик бюджеттен 582 млн.сом/12,38 млн. АКШ доллары, инвестициялардын эсебинен 3000 млн.сом/63 млн. АКШ доллары. Жабылбай калган бөлүгү 63 млн. АКШ долларын түзөт.
Бүгүнкү күндө ЕврАзЭС линиясы боюнча инвестицияларды тартуу жөнүндө келишимдер бар, алар төмөнкү долбоорлор боюнча:
- "Бирдиктүү терезени" киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине техникалык жардам берүү долбоору, жалпы суммасы 4 млн. АКШ долларын түзөт;
- Ош (биринчи этапта 2016-ж. чейин ) жана Бишкек (экинчи этапта 2020-ж. чейин) шаарларында логистикалык борборлорду куруу, жалпы суммасы 30 млн. АКШ долларын түзөт.
Андыктан сырткы жана ички инвестициялардын (автоташуучулардын жеке ишканаларынын жана ассоциациялардын), мамлекеттик-жеке кызматташтыктын, ошондой эле гранттык жана инвесторлордун насыя каражаттарынын эсебинен толтурулчу каржылоонун жабылбаган бөлүгү 30 млн. АКШ долл. түзөт.
9. Күтүлүүчү жыйынтыктар
Бул Стратегияны ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жалпы оң социал-экономикалык таасирин тийгизет жана калкка көрсөтүлгөн транспорттук кызматтардын кеңейишине олуттуу түрткү берет. Бардык транспорттук тармак иштөөнүн жаңы сапаттуу деңгээлине өтөт. Тиешелүү талаптарга ылайык транспорттук тармак түзүлөт жана ишенимдүү, коопсуз транспорт кызматтарында экономиканын жана калктын керектөөлөрүн камсыздоонун тийиштүү деңгээлине жетишет.
Жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнүн эсебинен транспорттук комплекстин узак мөөнөттүү активдери жаңыланат. Улуттук транспорттук системанын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аны коңшу мамлекеттердин тышкы экономикалык жана соода кызыкчылыктарында пайдалануусунда мүмкүндүк берет.
Транспорт системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу аны өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жарамдуу элементине айлантат. Продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн транспортко кеткен өздүк наркы төмөндөйт, ата мекендик экспорттун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Транспорттук комплекс мамлекеттин экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп калууга тийиш.
Стратегиянын ишке ашышы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүндө жалпы оң социал-экономикалык натыйжага жетүүгө;
- тармактын автотранспорттук уюмдарынын каржылык абалын жакшыртууга;
- азыркы талаптарга ылайык келген жана автомобилдик жүргүнчүлөр ташууга калктын талаптарын камсыздоодо тийиштүү деңгээлге жетүүгө мүмкүндүк берген рационалдуу маршруттук тармакты түзүүгө;
- менчик формасына жана алардын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу процессиндеги мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан бардык автотранспорттук ишканалар үчүн бирдей шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү;
- автобустук маршруттарды ташуучуларга ачык жана калыс бекитип берүүгө;
- атамекендик автоташуучулардын укуктарын жана таламдарын коргоого;
- жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилдүү сапатын камсыздоого;
- өлкөнүн транспорттук коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн бардык калктуу конуштарын маршруттук каттам менен толук камсыздоого, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатууга;
- автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну аткарган кыймыл курамынын техникалык абалын жакшыртууга жана жаңылоого;
- ташуу процессинин бардык катышуучуларынын таламын көздөгөн ийкемдүү тарифтер системасын түзүүгө;
- автомобилдик транспорттук операторлордун ортосунда атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн негизсиз администрациялык жана экономикалык тоскоолдуктарды жоюуга;
- өлкөнүн ыңгайлуу географиялык абалын максималдуу пайдалануу менен улуттук автотранспорт комплексин дүйнөлүк транспорттук системага кошууга;
- автомобиль тармагынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга;
- автомобиль транспортунун коопсуз иштөөсүн камсыздоого жана автотранспорттун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин эл аралык нормаларга жана стандарттарга ылайык деңгээлге чейин төмөндөтүүгө.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автомобиль транспортунун ишин жөнгө салуу, координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча бир катар чараларды көрөт жана Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын, пландарын ишке ашырат.
Ушуга байланыштуу, 2012-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу иш-чаралары жана аткарылышынын жүрүшү мониторинги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлөт, ал өзүнчө программалардын, долбоорлордун жана пландардын аткарылышынын мониторингин камсыз кылат. Стратегия бүткүл аракеттенүү мезгили боюнча жүргүзүлөт.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ