Сравнение редакций…
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябрындагы № 702 токтому менен бекитилген |
Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Аттестацияны даярдоо жана өткөрүү тартиби
3. Корутунду жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Аттестация салык консультанты болууну каалашкан жана Кыргыз Республикасынын "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарды канааттандырган адамдар үчүн өткөрүлөт.
3. Аттестация аттестациядан өтүүнү каалашкан адамдардын саны экиден кем эмес болгон шартта жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
4. Салык консультанты болууну каалашкан жеке жактардын аттестацияга катышуусу акы төлөмө негизде ишке ашырылат.
5. Аттестациядан өтүүгө акы төлөөнүн өлчөмү салык консультанттарынын кесиптик уюмунун кайрылуусунун негизинде, аттестация өткөрүүгө сарпталган сметага жараша фискалдуу саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Аттестацияны даярдоо жана өткөрүү тартиби
6. Төмөнкү талаптарды канааттандырган адамдарга салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестациядан өтүүгө жол берилет:
- толук ишке жарамдуу, экономикалык же юридикалык адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик билимге ээ болгон жана экономикалык, финансылык, эсептик-аналитикалык, контролдук-текшерүүчү же укуктук иште үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар;
- пайда табуу ниети менен атайылап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу болгон.
7. Салык консультанты болууну каалаган адам төмөнкү документтерди берүү менен, аттестация өткөрүлө турган күнгө чейин бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен, салык консультанттарынын кесиптик уюмуна арыз берет:
- талапкердин арызы;
- паспортунун көчүрмөсү;
- экономикалык же юридикалык адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик билимин ырастаган дипломунун же башка документинин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- соттуулугу жоктугу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат-аналитикалык борборунун маалымкаты;
- аттестациядан өтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндөгү төлөм документинин көчүрмөсү.
8. Арызды, керектүү документтерди берүү жана аттестациядан өтүүгө акы төлөө салык консультанттарынын кесиптик уюмунда жүргүзүлөт.
9. Аттестациядан өтүүгө жол берилген адамдардын документтери Аттестациялык комиссиянын курамына аттестация өткөрүүгө чейин 15 күндөн кечиктирилбестен берилиши керек.
10. Салык консультантынын милдеттерин бузгандыгы үчүн квалификациялык сертификаттын колдонуусу токтотулган адамдарга анын колдонуусу токтотулган учурдан тартып 5 жылдын ичинде экзаменге катышууга жол берилбейт.
11. 7-пунктта каралган документтердин болушун текшерүү, арыздарды каттоо жана материалдарды даярдоо аттестациялык комиссиянын катчысы тарабынан ишке ашырылат.
12. Аттестация тестирлөө жана маектешүү турларынан турган квалификациялык экзамен түрүндө өткөрүлөт.
13. Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестациянын жол-жоболорун уюштуруу жана өткөрүү аттестациялык комиссия тарабынан аныкталат.
14. Тематикалык суроолор ар бир аттестациянын алдында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кайрадан каралышы зарыл. Тематикалык суроолордун тизмесине салык салуунун, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, ишкананын экономикасы жана финансылары, салык милдеттенмелерин эсептөөгө тиешеси бар укук негиздеринин маселелерин камтыган суроолор сөзсүз киргизилет.
15. Аттестациядан өтүүчү адам ага катыша албай калган учурда аталган адамдар аттестация башталганга чейин 10 күндөн кечиктирбестен аттестациялык комиссияны эскертүүгө, зарыл болгондо алардын катышпагандыгын негиздеген документтерди берүүгө милдеттүү.
16. Салык консультанты болууну каалаган адам аттестациядан өтүүдөн баш тарткан учурда ал тарабынан төлөнгөн акы экзамендер башталганга чейин 10 күндөн кечиктирбестен анын кат жүзүндөгү арызы боюнча кайтарылып берилет.
17. Аттестациялык комиссиянын чечими Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жободо белгиленген тартипте кабыл алынат.
18. Аттестациялык комиссиянын чечими кол коюлгандан кийин аттестациядан өткөн адамдардын катышуусунда угузулат. Аттестациянын жыйынтыгы аттестация өткөрүлгөндөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен салык консультанттарынын кесиптик уюмунун расмий сайтына жайгаштырылат, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
19. Аттестациядан ийгиликтүү өтүшкөн (салык консультанты ишин ишке ашыруу укугуна экзамен тапшырышкан) адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген форма боюнча квалификациялык сертификат алышат.
20. Салык консультантынын квалификациялык сертификаты аттестациялык комиссия тарабынан аны берүү жана салык консультантынын квалификациялык сертификатын алышкан адамдарды Бирдиктүү кесиптик реестрге жазууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө берилет.
21. Экзаменди бере албай калган адамдар алты айдан кийин кайталап аттестациядан өтүүгө укуктуу.
3. Корутунду жобо
22. Аттестацияга катышуу үчүн берилген документтер, ошондой эле аткарылган аттестациялык тапшырмалар аттестациялангандарга кайтарылбайт жана аттестациялык комиссиянын чечими менен бирге аттестациядан өткөн адамдардын өздүк ишине тиркелет жана "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябрындагы № 702 токтому менен бекитилген |
Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 14 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Аттестацияны даярдоо жана өткөрүү тартиби
3. Корутунду жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Аттестация салык консультанты болууну каалашкан жана Кыргыз Республикасынын "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарды канааттандырган адамдар үчүн өткөрүлөт.
3. Аттестация аттестациядан өтүүнү каалашкан адамдардын саны экиден кем эмес болгон шартта жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
4. Салык консультанты болууну каалашкан жеке жактардын аттестацияга катышуусу акы төлөмө негизде ишке ашырылат.
5. КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 14 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
2. Аттестацияны даярдоо жана өткөрүү тартиби
6. Төмөнкү талаптарды канааттандырган адамдарга салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестациядан өтүүгө жол берилет:
- толук ишке жарамдуу, экономикалык же юридикалык адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик билимге ээ болгон жана экономикалык, финансылык, эсептик-аналитикалык, контролдук-текшерүүчү же укуктук иште үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар;
- пайда табуу ниети менен атайылап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу болгон.
7. Салык консультанты болууну каалаган адам төмөнкү документтерди берүү менен, аттестация өткөрүлө турган күнгө чейин бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен, салык консультанттарынын кесиптик уюмуна арыз берет:
- талапкердин арызы;
- паспортунун көчүрмөсү;
- экономикалык же юридикалык адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик билимин ырастаган дипломунун же башка документинин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- соттуулугу жоктугу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат-аналитикалык борборунун маалымкаты;
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 14 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
8. Арызды, керектүү документтерди берүү салык консультанттарынын кесиптик уюмунда жүргүзүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 14 токтомдун редакциясына ылайык)
9. Аттестациядан өтүүгө жол берилген адамдардын документтери Аттестациялык комиссиянын курамына аттестация өткөрүүгө чейин 15 күндөн кечиктирилбестен берилиши керек.
10. Салык консультантынын милдеттерин бузгандыгы үчүн квалификациялык сертификаттын колдонуусу токтотулган адамдарга анын колдонуусу токтотулган учурдан тартып 5 жылдын ичинде экзаменге катышууга жол берилбейт.
11. 7-пунктта каралган документтердин болушун текшерүү, арыздарды каттоо жана материалдарды даярдоо аттестациялык комиссиянын катчысы тарабынан ишке ашырылат.
12. Аттестация тестирлөө жана маектешүү турларынан турган квалификациялык экзамен түрүндө өткөрүлөт.
13. Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестациянын жол-жоболорун уюштуруу жана өткөрүү аттестациялык комиссия тарабынан аныкталат.
14. Тематикалык суроолор ар бир аттестациянын алдында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кайрадан каралышы зарыл. Тематикалык суроолордун тизмесине салык салуунун, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, ишкананын экономикасы жана финансылары, салык милдеттенмелерин эсептөөгө тиешеси бар укук негиздеринин маселелерин камтыган суроолор сөзсүз киргизилет.
15. Аттестациядан өтүүчү адам ага катыша албай калган учурда аталган адамдар аттестация башталганга чейин 10 күндөн кечиктирбестен аттестациялык комиссияны эскертүүгө, зарыл болгондо алардын катышпагандыгын негиздеген документтерди берүүгө милдеттүү.
16. КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 14 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту