Сравнение редакций…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 645 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 28-июнундагы № 388 токтомунун
редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Амбулатордук деңгээлде кошумча төлөм
3. Стационардык деңгээлде кошумча төлөм
4. Кошумча төлөмдү төлөөнүн жана кайтарып берүүнүн тартиби
5. Кошумча төлөм каражаттарын колдонуу тартиби
6. Кошумча төлөм каражаттарын пайдаланууну эсепке алуу,
отчеттуулук, контролдоо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын (мындан ары - МКП) каржылоонун көлөмүнөн тышкары медициналык кызмат көрсөтүүдө Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) менен жарандардын ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле кошумча төлөм каражаттарын киргизүү, кайтаруу, колдонуу, эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин аныктайт.
2. Жарандар МКПнын каржылоо көлөмүнөн тышкары саламаттык сактоо уюмдары көрсөтүүчү медициналык кызматты пайдалангандыгы үчүн акы төлөөгө катышат.
3. Акысыз же жеңилдетилген медициналык-санитардык жардам алууга укугу бар жарандарынын категориялары МКП тарабынан аныкталат.
2. Амбулатордук деңгээлде кошумча төлөм
4. Амбулатордук деңгээлде үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (мындан ары - ҮМБ), Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда (мындан ары - ҮДТ), жалпы тажрыйбалык дарыгерлер борборлорунда (мындан ары - ЖДТБ), үчүнчү деңгээлдеги стационарлардын консультативдик-диагностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - КДБ) жана кеңири профилдеги стационарлардын амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - АДБ) жүргүзүлгөн лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр (базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдөн башка) үчүн кошумча төлөм төлөнөт.
5. ҮМБда, ҮДТда, АДБда, КДБда жана ЖДТБнын амбулатордук бөлүмдөрүндө медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм Баалардын прейскуранты (мындан ары - Прейскурант) боюнча төлөнөт.
Прейскурант Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча иштелип чыгат жана бекитилет жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген бардык саламаттык сактоо уюмдары үчүн бирдей болуп эсептелет.
6. Жеңилдик алууга укугу жок, ошондой эле лабораториялык жана диагностикалык текшерүүгө жолдомосу жок жарандар Прейскурантка ылайык кошумча төлөм төлөшөт.
3. Стационардык деңгээлде кошумча төлөм
7. Саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда медициналык кызмат үчүн кошумча төлөмдүн деңгээли саламаттык сактоо мамлекеттик секторун каржылоонун көлөмүнө жараша Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республикалык бюджет бекитилгенден кийин бекитилет.
8. Стационардык деңгээлде кошумча төлөмдүн көлөмү оорунун түрүнө, жолдомонун бар же жок экендигине, стационардын түрүнө жараша аныкталат жана минималдуу, орто жана максималдуу кошумча төлөмгө бөлүнөт.
9. Стационарлардын хирургиялык жана гинекологиялык бөлүмдөрүнө операциясыз жаткырууда кошумча төлөмдүн деңгээли терапевтикалык профилдеги кошумча төлөмгө теңдештирилет.
10. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген аз каражатты талап кылган хирургиялык жана гинекологиялык операциялардын жана манипуляциялардын тизмесине ылайык ооруканага жатса, кошумча төлөмдүн көлөмү терапевтикалык профилдеги кошумча төлөмгө теңдештирилет.
11. Стационарларга жана ЖДТБнын стационардык бөлүмдөрүнө өтө шашылыш көрсөткүчтөрү менен келип түшкөн бейтаптарга стационардык өтө шашылыш жардам бейтаптын өмүрүнө коркунуч келе турган абалдан чыкканга чейин акысыз көрсөтүлөт.
Операция жасоону, гемодинамика жана дем алуу көрсөткүчтөрүн стабилдештирүүнү кошкондо өтө шашылыш жардам көрсөтүлгөндөн кийин бейтаптар жолдомосу бар адам катары, кошумча төлөмдүн бекитилген өлчөмүнө ылайык кошумча төлөм төлөшөт.
12. Пландуу стационардык жардам жалпы практика, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, жалпы дарыгердик практика борборлорунун дарыгерлери, ведомстволук медицина кызматынын адистери, аскердик-дарыгердик комиссиянын, стационарлардын консультациялык-диагноздук бөлүмдөрүнүн адистери берген ооруканага жаткыруу жолдомосу болгондо көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Стационардык дарыланууда тиешелүү кеңештерди берүүдө, лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө кымбат турган лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жана манипуляцияларды эске албаганда, кошумча акы төлөөнү талап кылууга жол берилбейт.
14. Стационарда же ЖДТБда тиешелүү адистер жана/же лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрүн жүргүзүү үчүн шарт жок болсо (кымбат турган лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жана манипуляцияларды эске албаганда), аталган изилдөөлөр жана манипуляциялар жогоруда аталган уюмдар менен келишимдик мамилеси бар башка саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт. Изилдегендиги үчүн акы төлөө жолдомо берген саламаттык сактоо уюмунда жүргүзүлөт. Мындай учурда кошумча акы төлөө же кошумча төлөм алынбайт.
15. Стационардык дарылануудагы бейтапка кымбат турган лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан учурда, изилдөө үчүн бейтаптын акы төлөөсү Прейскурантка ылайык (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана катышуучуларынан башкасы) же Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
16. Эгерде бейтапты дары-дармек менен камсыздоого кеткен накта чыгымдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген стационардык дарылоонун наркынан үч эсе жогору болсо, дары-дармек каражаттарына кеткен кошумча чыгымдарга акы төлөө МКПга ылайык жүргүзүлөт.
17. Аз камсыз болгон категорияга кирген Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары социалдык коргоо органдары же айыл өкмөтү, аскердик бөлүктүн командири тарабынан берилген маалымкатты көрсөткөндө, саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдоо комиссиясынын чечими менен кошумча төлөмдү төлөөдөн бошотулат.
Бейтаптын аз камсыз болгондугу боюнча маалымкатты алууга мүмкүн эместигинин себеби көрсөтүлгөн жеке арызы бар болсо, саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдоо комиссиясынын чечими менен кошумча төлөмдү төлөөдөн бошотууга жол берилет.
18. Кошумча төлөмдөн бошотулган жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү дарылоо-алдын алуу мекемесинин топтоштурулган бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
4. Кошумча төлөмдү төлөөнүн жана
кайтарып берүүнүн тартиби
19. ҮДТнын дарыгери, жалпы тажрыйба дарыгери, ҮМБнын, АДБнын, КДБнын адиси же стационардын кабыл алуу бөлүмүнүн жана ЖДТБнын стационардык бөлүмүнүн дарыгери тарабынан берилген кошумча төлөмгө талон кошумча төлөмдү төлөөгө негиз болуп эсептелет.
Саламаттык сактоо уюмунун кассасында талон көрсөтүлмөйүн бейтаптан кошумча төлөм кабыл алынбайт.
20. Кошумча төлөмгө талон медициналык-санитардык жардамды акысыз алууга укугу бар адамдардан башкасынын бардыгына жазып берилет. Кошумча төлөмгө талонду толтурууда айрылган бөлүгү бейтапка берилет.
21. Кошумча төлөм бейтап тарабынан саламаттык сактоо уюмунун кассасына төлөнөт. Стационарлардын АДБ, КДБсында, ҮМБда текшерүүлөрдөн өтүүдө жана медициналык жардам алууда бейтап текшерүү жүргүзүлгөн жердин кассасына текшерүүнүн наркын төлөйт.
22. Бейтапка кошумча төлөмдүн суммасы, бейтаптын фамилиясы, талондун номери көрсөтүлгөн кассалык-кириштөө ордеринин квитанциясы берилет. АДБнын, КДБнын адистери тарабынан жолдомо берилген бейтаптар үчүн кошумча кассалык-кириштөө ордеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн аталышы көрсөтүлөт.
23. Кошумча төлөмгө берилген талондо кассир тарабынан кириштөө-кассалык ордеринин номери, күнү жана кошумча төлөмдүн суммасы көрсөтүлгөн төлөгөндүгү жөнүндө белги коюлат жана кассирдин колу менен күбөлөндүрүлөт жана "төлөндү" деген штамп коюлуп, ал кабыл алуу бөлүмүнө же бейтапты текшерүүгө жөнөткөн ҮДТнын дарыгерине, АДБ, КДБ адистерине көрсөтүү үчүн кассалык-кириштөө ордерине жазылган квитанция менен кошо бейтаптын колуна берилет. Кошумча төлөмгө берилген талон бейтаптын медициналык (амбулатордук) картасына тиркелет, төлөгөндүгү тууралуу квитанция бейтапка кайтарылат.
24. Бейтап стационардык дарыланууга келип түшкөндө, кошумча төлөмгө берилген талон бейтап келип түшкөн күнү жазылып берилет.
25. Ооруканага шашылыш жаткырганда, кошумча төлөмгө берилген талон бейтаптын медициналык картасына тиркелет жана анын өмүрүнө коркунуч келе турган абалдан чыккандан кийин бейтапка көрсөтүлөт.
Эгерде бейтап оор абалдан чыккандан кийин же стационарга келип түшкөндө кошумча төлөмдү төгүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, кошумча төлөмгө берилген талонго тиешелүү белги коюлат жана саламаттыкты сактоо уюмунун дарылоо-контролдоо комиссиясы бейтапты андан ары амбулатордук дарылоого ҮМБ/ҮДТга жөнөтүү, же андан ары стационарда дарылоо жөнүндө чечимин чыгарат. Дарылоо-контролдоо комиссиясынын чечими протокол менен таризделет.
26. Бейтап стационардын хирургиялык же гинекологиялык бөлүмүнө келип түшкөндө, адегенде терапевтикалык профилдеги кошумча төлөмдүн деңгээлине барабар сумма төлөнөт. Операция болгон учурда, бейтап терапевтикалык жана хирургиялык профилдеги кошумча төлөмдөрдүн ортосундагы айырманы төлөйт. Мындай болгон учурда кошумча төлөмгө дагы бир талон жазылып берилет, анда кассалык-кириштөө ордери жана кошумча төлөнгөн сумма чагылдырылат.
27. Кошумча төлөм бейтапка төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:
- эгерде бейтаптын жеңилдик алууга укугу кошумча төлөмдү төлөгөндөн кийин белгиленсе;
- МКПнын алкагында медициналык-санитардык жардам алууда бейтаптын укугу бузулган фактылар ачыкка чыкса;
- стационардык дарыланууда жаткан бейтапты башка стационарга которгондо, бейтап өлүмгө дуушар болгон учурда же дарылануудан баш тарткан учурда.
28. Эгерде бейтаптын жеңилдик алууга укугу кошумча төлөмдү төлөгөндөн кийин аныкталса, саламаттыкты сактоо уюму төлөнгөн сумма менен белгиленген кошумча төлөмдүн ортосундагы айырманы кайра төлөп берүүгө милдеттүү.
29. Стационардык дарыланууда жаткан бейтапты башка стационарга которуу зарылдыгы келип чыкса, бейтап өлүмгө дуушар болгон учурда же дарылануудан баш тарткан учурда, төлөнгөн кошумча төлөм төмөнкү көлөмдө кайтарылып берилет:
- эгерде бейтап бир суткага жетпеген убакыт бул стационарда жатса же өлүмгө учураса, - 100 пайыз;
- эгерде бейтап бир күндөн үч күнгө чейин бул стационарда жатса же өлүмгө учураса, диагнозун тактоо үчүн дарыгердин көзөмөлүндө болсо - 50 пайыз кайтарылып берилет.
Бейтап стационарда жатса же өлүмгө учураса үч суткадан ашкандан кийин - төлөнгөн кошумча төлөм кайтарылбайт.
30. Бейтапты бир уюмдан башка уюмга которгондо бейтаптын медициналык картасына саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-көзөмөлдөө комиссиясынын чечиминин протоколунунан көчүрмө чапталат, кошумча төлөмдүн талонунда сумманы көрсөтүү менен кайтарылгандыгы жөнүндө белги коюлат жана чыгыштоо-кассалык ордери тиркелет.
31. Кошумча төлөмдү кайтаруу бейтаптын же анын жакын туугандарынын кошумча төлөмгө жазылган талондун номурун жана кассалык-кириштөө ордеринин квитанциясынын номурун, кошумча төлөм катары төлөнгөн сумманы көрсөтүү менен саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин атына жазылган арыздын негизинде жүргүзүлөт. Кошумча төлөмдү кайтаруу жөнүндө арыздар кошумча төлөмдү саламаттык сактоо уюмунун кассасына төлөгөн күндөн баштап үч айдан кечиктирилбестен берилиши керек.
32. Кошумча төлөмдү кайтарып берүүдө, кошумча төлөмдүн каражаттарын кайтаруу үчүн эмне негиз болгонун көрсөтүү менен кассалык чыгыштоо ордери жазылат. Кошумча төлөмдүн каражаттары кассалык чыгыштоо ордери боюнча ошол күнү келип түшкөн кошумча төлөмдүн каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

33.. Кошумча төлөмдүн каражаттары тикеден-тике дарылоо-дартты аныктоо процесси жана бейтаптардын тамак-ашы менен байланышкан иш-чараларга жумшалат жана төмөнкүлөргө багытталат:
- медикаменттерди сатып алууга;
- медициналык багыттагы буюмдарды, чыгышталуучу материалдарды, химиялык реактивдерди, диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн реагенттерди, жугушсуздандыруучу жана жууп тазалоочу каражаттарды сатып алууга;
- дарылоо - дартты аныктоо процессинде колдонулуучу жабдыктарды (приборлорду) ондоого жана алдын-ала тейлөөгө;
- тамак-аш азыктарын сатып алууга.
34. Саламаттык сактоо уюмдары кошумча төлөмдүн каражаттарын колдонуу үчүн кварталдар боюнча бөлүнгөн кошумча төлөмдүн каражаттарын бөлүштүрүү планын түзүшөт жана бекитишет. Бөлүштүрүү планы Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыктарына макулдашуу жана жалпылоо үчүн жөнөтүлөт.
35. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан кошумча төлөмдүн каражаттарын чыгымдоо Кыргыз Республикасынын финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын кварталдарга бөлүнгөн бөлүштүрүү планынын негизинде жүргүзүлөт.
36. Отчеттук мезгилдин аягына калган кошумча төлөмдүн каражаттарынын калдыгы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө алынбайт жана саламаттыкты сактоо уюмунун карамагында калат.
37. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери кошумча төлөмдүн каражаттарын максаттуу пайдалангандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
6. Кошумча төлөм каражаттарын пайдаланууну
эсепке алуу, отчеттуулук, контролдоо
38. Келип түшкөн кошумча төлөмдүн каражаттары жана саламаттык сактоо уюмдары тарабынан алардын чыгымдалышы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүндө чагылдырылат.
39. Кошумча төлөмдүн каражаттарынын келип түшүшүн жана колдонулушун эсепке алуу максатында Казыналыктын регионалдык бөлүмүндө (мындан ары - КРБ) кошумча эсептер ачылат.
40. Саламаттык сактоо уюмдарынын кассасына келип түшкөн кошумча төлөмдүн каражаттары кошумча төлөмдүн каражаттарын эсепке алуу боюнча КРБнын кошумча эсебине (субсчет) жөнөтүлөт.
Кошумча төлөмдөн келип түшкөн бардык каражаттар уюмдун кассасында кириштелиши, КРБнын кошумча эсебине (субсчет) которулушу жана өзүнчө кассалык китепте чагылдырылышы керек.
41. Саламаттык сактоо уюмдары кошумча төлөмдүн каражаттары боюнча Кыргыз Республикасынын финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген формалар боюнча кварталдык финансылык, бухгалтердик отчет түзүшөт жана көрсөтүлгөн мөөнөттө Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарына тапшырышат.
42. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан кошумча төлөмдүн каражаттарын максаттуу колдонулушуна контролдоо Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
43. Саламаттык сактоо уюмдары кошумча төлөмдүн каражаттарын колдонуу жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыктарына тапшырышат.
44. Бейтаптын кошумча төгүм төлөгөндүгүн контролдоону жана талон жазып берүүнү кабыл алуу бөлүмүндөгү жооптуу адам же бейтап дарыланып жаткан бөлүм жүргүзөт.
Жооптуу адамдар саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен дайындалат.
45. Саламаттык сактоо уюмунда кошумча төлөм каражаттары боюнча берилген талондорду эсепке алуу үчүн эсепке алуу китеби ачылат. Берилген талондорду эсепке алуу китеби номерленген, боо өткөрүлгөн жана саламаттык сактоо уюмунун тегерек мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн болушу керек. Кошумча төлөмгө берилген талондор номерленет жана жооптуу адамга кол коюлуп өткөзүп берилет, бул жөнүндө берилген талондорду эсепке алуу китебинде жазылат. Кошумча төлөмгө берилген талондордун номерлерин кайра кайталап жазууга жол берилбейт.
46. Саламаттык сактоо уюмунда келип түшкөн кошумча төлөм каражаттарын эсепке алуу үчүн номерленген жана боо өткөрүлгөн, саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин жана башкы эсепчисинин колу менен ырасталган жана тегерек мөөр менен күбөлөндүрүлгөн өзүнчө кассалык китеп ачылат.
47. Ай сайын саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарына кошумча төлөм боюнча жыйынтыкталган отчетту жана кошумча төлөм каражаттарынын келип түшүшү жана колдонулушу жөнүндө отчет тапшырышат.
48. Квартал сайын саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарына кошумча төлөм каражаттары боюнча чыгашаларды бөлүштүрүү планынын аткарылышы жөнүндө отчет тапшырышат.
49. Кошумча төлөм каражаттарынын келип түшүшү жана колдонулушу боюнча отчеттуулук формасы жана аны толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ