Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 202 токтому менен бекитилген
|
Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып кирүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
1. Ушул Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып кирүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун убактылуу тартиби (мындан ары - Тартип) атайын техникалык каражаттарды (мындан ары - АТК) ташып кирүү жана ташып чыгуу тартибин жөнгө салат.
2. АТКны Кыргыз Республикасына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
Бул максатта ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акысыз негизде АТКга эксперттик изилдөө жүргүзүлөт. АТКны ташып кирүүдөн жана ташып чыгуудан баш тартуу үчүн негиздер жок болгон учурда, жеке же юридикалык жакка белгиленген тартипке жана мөөнөткө ылайык зарыл болгон жол-жоболорду аткаруу үчүн кат жүзүндө билдирүү жиберилет.
3. АТКны Кыргыз Республикасына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу максатында арыз ээси ыйгарым укуктуу органга эксперттик изилдөө жүргүзүү үчүн АТКны ташып кирүү/ташып чыгуу максаттары жана себептери жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен тиешелүү арызды, ошондой эле төмөнкүлөрдү берет:
- АТКга толук техникалык документтерди;
- АТКнын үлгүлөрүн (чечим чыгарылганга чейин үлгүлөр ыйгарым укуктуу органда убактылуу сакталат);
- чыгарган өлкөнүн шайкеш келүү тастыктамаларын;
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөлөрүн;
- уюштуруучу документтердин көчүрмөсүн (юридикалык жактар үчүн).
4. Эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш. Эксперттик изилдөө жүргүзүү мөөнөтү арыз жана ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып эсептелет.
Арыз ээсинин бардык документтерди ыйгарым укуктуу органга берүүсү акты боюнча жүргүзүлөт. Актыга буюмдун толук аталышы, аларды эсепке алуу (сериялык) номери жана документтердин тизмеги киргизилет. Актылар эки нускада түзүлөт, алардын бири арыз ээсинде калат, ал эми экинчиси ыйгарым укуктуу органдын эксперттерине берилет.
Айрым учурларда, берилген документтердин көлөмү көп же кошумча изилдөөнү талап кылган документтер болгондо, ошондой эле АТКнын түрлөрүнүн көлөмү жана тизмеги чоң болгон учурда эксперттик изилдөө жүргүзүү мөөнөтү 10 календардык күнгө узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө арыз ээсине кат жүзүндө билдирилет.
5. Баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- эксперттик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө корутунду;
- арыз ээси тарабынан берилген документтерде анык эмес, толук эмес же бурмаланган маалыматтын болуусу.
Ыйгарым укуктуу органдын макулдугун алуу үчүн берилген документтер тигилип, арыз ээсинин (юридикалык жактын) колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
6. Эксперттик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча АТКнын үлгүлөрү арыз ээсине акт менен кайтарылып берилет.
7. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү жана Кыргыз Республикасынан ташылып чыгуучу АТК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык бажылык таризделүүгө жана бажы контролуна алынууга тийиш. АТКны бажылык тариздөөнү жана бажы контролун жүзөгө ашыруу үчүн зарыл шарт болуп экспертизанын жыйынтыгы боюнча берилүүчү ыйгарым укуктуу органдын кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн болушу саналат.
8. Кыргыз Республикасынын Бажы органдары ушул Тартиптин талаптары бузулгандыгын аныктаган учурда, бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органга билдирет. Бажы контролундагы товарларды АТК деп эсептөөгө негиздер болгон учурда, Кыргыз Республикасынын бажы органдары АТКны убактылуу сактоочу кампага жиберүү менен бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө тез арада билдирет.
Мында товарларды убактылуу сактоочу кампада сактоо менен байланышкан бардык чыгымдар товардын тапшырыкчысына жүктөлөт.
9. АТКны Кыргыз Республикасына ташып кирүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ