Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 219, 2014-жылдын 17-мартындагы № 133, 2014-жылдын 14-ноябры № 650, 2015-жылдын 12-марты № 115 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Министрликтин максаты
3. Министрликтин милдеттери
4. Министрликтин функциялары
5. Министрликтин укуктары
6. Министрликтин ишин уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги (мындан ары - Министрлик) аткаруу бийлигинин отун-энергетика комплексин жана өнөр жайды өнүктүрүү, анын ичинде электр энергетикасы, газ,мунай, көмүр өнөр жайы, мунай жана газ магистралдык түтүктөрү жана аларды кайра иштетүү продуктулары, калыбына келип туруучу энергия маселелери боюнча борбордук мамлекеттик орган болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
1-1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги өнөр жай функциялары бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин укук мураскору болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 219 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 219 токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий жана англис тилинде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, Казыналык тутумунда бюджеттик, атайын жана башка эсептери болот, өз атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелерде тарап катары чыгуу укугуна ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
6. Министрликтин максаты отун-энергетикалык комплексинде жана экономиканын өнөр жай секторунда бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана отун-энергетика комплексин жана өнөр жайды өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- энергонатыйжалуулук, энергия үнөмдөө жана калыбына келип туруучу энергия булактарын пайдалануунун стимулдоочу механизмдерин иштеп чыгуу;
- керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурс, өнөр жай товарлары жана кызматтар менен ишенимдүү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябры № 650 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Министрлик иштин белгиленген чөйрөсүндө төмөндөгү функцияларды ишке ашырат:
1) Тармактык саясат функциялары:
- отун энергетика комплекси жана өнөр жай жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;
- энергетикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча талаптарды эске алуу менен энергетиканы келечектүү өнүктүрүү программасын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- калыбына келип туруучу энергия булактарын киргизүү жана пайдалануу боюнча иштерди уюштурат;
- отун-энергетика комплекси тармагындагы тарифтик саясат жана бюджет боюнча сунуштарды киргизет;
- ишкердик субъектилери менен бирге отун-энергетика комплекси, өнөр жай тармактарын жана айрым ишканаларды реструктуризациялоо программасын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, аны жүзөгө ашыруу боюнча амортизациялык саясат жана чаралар туурасында сунуш киргизет;
- отун-энергетика комплекси жана өнөр жайындагы чарбакер субъектилердин өнөр жай, илимий-техникалык жана инновациялык иштерине мамлекеттик колдоо механизмин түзөт жана жүзөгө ашырат;
- отун-энергетика жана өнөр жай секторундагы финансы-экономикалык абалды анализдейт жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн комплекстик божомолуна карата тийиштүү материалдарды иштеп чыгат;
- аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүү жана аны сатууну камсыздоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен болгон өнөр жай жана аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатын түзүү боюнча сунуш киргизет;
- ички керектөө жана экспортту курал-жарак жана аскердик техника менен камсыздоо максатында аскердик продукцияны өндүрүү бөлүгүндө аскердик-техникалык кызматташтык боюнча мамлекет аралык мамиле жана коргонуу жаатындагы ишканаларды өнүктүрүү программасын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- жаратылыш газын чыгымдоо нормаларын бекитет жана Кыргыз Республикасында жаратылыш газын пайдалануунун эрежелерин иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бөлүштүрүүчү уюмдар менен керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин жөнгө салуучу энергия менен камсыздоого типтүү келишимдерди, ошондой эле электр энергиясы жана газ рыногунун катышуучуларынын ортосундагы контрактарды иштеп чыгат;
- аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары менен биргеликте отун-энергетика комплекси жана өнөр жай тармагындагы техникалык регламенттерди иштеп чыгат;
- энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү жана алардын сапатын жогорулатуу жөнүндө стандарттарды жана ченемдик документтерди макулдашат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды ишке киргизүүнү камсыздайт.
2) Жөнгө салуу функциялары:
- электр энергиясын экспорттоону жана импорттоону жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгат, ошондой эле белгиленген тартипте бул багыттагы иштерди координациялайт;
- (үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын белгиленген тартипте экспорттоого эксперттик корутунду берет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
3) Контролдоону жана көзөмөлдөөнү координациялоо функциялары:
- отун-энергетика комплексин жана өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү, жаңы индустрияларды түзүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик бирдиктүү саясатты ишке ашырууну координациялайт;
- мамлекеттик отун-энергетика жана өнөр жай саясатын түзүү боюнча аткаруу бийлиги органдарынын ишин тармактар жана регион аралык координациялоону жүзөгө ашырат;
- тейлеген чөйрөлөрдөгү эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн болжолун иштеп чыгат;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
- башка мамлекеттик органдар менен биргеликте республиканын отун-энергетика комплекси менен өнөр жайын өнүктүрүүгө келип түшкөн техникалык жардамдарды координациялайт;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген тартипте Министрлик менен энергокомпаниялардын ортосундагы Ишмердик жөнүндө макулдашуунун шарттарынын аткарылышын контролдойт;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдар менен биргеликте отун-энергетика комплекси субъектилери менен алардын кызматынан пайдалануучу керектөөчүлөр ортосундагы келишим шарттарынын аткарылышын контролдойт;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдар менен биргеликте техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр менен энергетикалык сектордогу белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын контролдойт.
4) Колдоо функциясы:
- кызыкдар болгон башка министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте мамлекеттик отун-энергетика комплекси жана өнөр жай ишканаларынын мүлктүк наркын баалоо экспертизасын өткөрүүгө катышат;
- отун-энергетика комплекси жана өнөр жай тармагындагы эл аралык жана ата мекендик уюмдар менен болгон кызматташтыкты жана ишти жүзөгө ашырат;
- кызыкдар болгон мамлекеттик башкаруу органдары менен биргеликте республиканын отун-энергетика комплексине жана өнөр жайына инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурат;
- ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн жана башка өлкөлөрдөгү энергетикалык ишканалардын кызыкчылыктарын жылдырууга көмөктөшөт;
- Министрлик менен Атомдук энергетика боюнча Эл аралык агенттиктин ортосунда эл аралык техникалык, экологиялык стандарттарга жана өндүрүш коопсуздугуна ылайык уран сырьесун казуу жана кайра иштетүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка техникалык долбоорлорду тартуу боюнча сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган аскердик-техникалык, аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча эл аралык, мамлекеттер аралык иштерге катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды өткөрөт.
9. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндө функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн эл аралык келишимдер жана башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен макулдашуулар боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан эки тараптуу же көп тараптуу макулдашууларга жана келишимдерге, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдар менен макулдашууларга жана келишимдерге кол коюуга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан Министрликтин иш чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- белгиленген иш чөйрөсүндө жумушчу, техникалык, координациялык жана кеңеш берүүчү (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
- энергетика жана өнөр жай маселелери боюнча Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө эл аралык институттардын, эксперттик топтордун, ведомстволор аралык комиссиялардын, конференциялардын, кеңешмелердин материалдарын даярдоого жана ишине катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде Министрликтин иш чөйрөсүндө ведомстволук бөлүнүштөр, мамлекеттик ишканалар жана башка мамлекеттик органдар тарабынан сөзсүз аткарылуусу керек болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
- Министрликтин компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын мамлекеттер аралык (региондук) ишканаларда көрсөтүүгө;
- отун-энергетика комплекси жана өнөр жай ишканаларынын макулдугу боюнча аларда иштеген кызматкерлерди белгилүү бир тапшырмаларды аткарууга тартууга. Мындай кызматкерлердин иш режими Министрликтин буйругу менен аныкталат;
- өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө, башка өлкөлөрдүн тиешелүү ведомстволору, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана макулдашууларга кол коюуга;
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары менен өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуу, меморандум, протоколдорго кол коюуга;
- министрликтин компетенциясына кирүүчү иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык уюм жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- инвестициялык долбоорлорду даярдоо, жүзөгө ашыруу жана алдыга жылдыруу боюнча инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө;
- республиканы энергетикалык жана өнөр жайлык өнүктүрүү менен байланышкан айрым долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрүн, илимий-изилдөө жана башка мекемелерин, айрым окумуштууларды жана адис-практиктерди тартууга, өнөр жай жана отун-энергетика комплексинин негизги көйгөйлөрү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу комиссияларды (топторду) жана убактылуу чыгармачыл топторду түзүүгө;
- экспертиза жана консультацияларды өткөрүү үчүн аткаруу бийлиги органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын коллегияларынын ишине катышууга;
- Министрликтин кызматкерлерин кесиптик даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана стажировкага жиберүүнү уюштурууга.
10. Министрликти Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу министр жетектейт.
11. Министрликте жогорку администрациялык кызмат болгон статс-катчынын, ошондой эле министрдин орун басарларынын кызматы уюшулган.
12. Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат. Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат. Министр тарабынан статс-катчыга мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча башка функцияларды жана укуктарды ишке ашыруу жүктөлүшү мүмкүн.
13. Министр:
- министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүнүштөрүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жооп берет;
- статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрөт;
- белгиленген ченемдердин чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет, ошондой эле Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн түзүмүн бекитет, анын өзгөрүшү Министрликтин милдеттерин жана функцияларын өзгөртүү менен гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине министрдин орун басарларын дайындоо үчүн талапкерлерди көрсөтөт;
- статс-катчынын сунушу боюнча Министрлик системасынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот, аларга карата сыйлоо же жаза көрүү чараларын колдонот;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине ведомстволук бөлүнүштөрдүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
- белгиленген тартипте ведомстволук бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- Министрлик системасынын кызматкерлери сөзсүз аткарышы керек болгон буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин мүлкүн жана каражаттарын тескейт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшырмасы боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча өз ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды аткарат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык статс-катчынын сунушу менен Министрликте мамлекеттик кызмат өтөөгө байланыштуу маселелерди чечет;
- белгиленген тартипте Министрликтин кызматкерлерине класстык чиндерди ыйгарат;
- белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга жана Министрлик системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн пенсия чектөөгө көрсөтөт;
- Министрликтин ведомстволук бөлүнүштөрүнө тапшырма берет, алардын аткарылышын контролдойт;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
- кызматы боюнча Министрликтин жарандык коргонуу начальниги болуп саналат жана Министрликте жарандык коргонууга жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ.
14. Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жана иштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда министр жеке жоопкерчилик тартат.
15. Статс-катчы жана министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат, иштин өздөрү тейлеген багыттары боюнча иштерди уюштурушат.
16. Министрликте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына кызматы боюнча министр, статс-катчы, министрдин орун басарлары кирет. Коллегиянын калган мүчөлөрү министрдин сунушу боюнча Премьер-министр тарабынан бекитилет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Өкмөттүн Аппаратынын өкүлү кирет. Коллегиянын өз ишин министр бекитүүчү Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Коллегиясы жөнүндө жобого ылайык жүргүзөт.
17. Министрликтин коллегиясынын жана борбордук аппаратынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин, иш тартибин уюштуруу жана пландоо, Министрликтин документтеринин жүрүү тартиби жана контролдоо жана иштин башка маселелери министр бекитүүчү тиешелүү жоболор менен жөнгө салынат.
18. Министрликтин алдында Министрлик жана жарандык коомдун өз ара макулдашылган иш-аракетин жүргүзүү максатында түзүлгөн консультациялык-байкоочу орган болуп саналган Коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт. Коомдук байкоочу кеңештин чечимдери сунуштама мүнөзгө ээ болот.
19. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн ишин контролдоо белгиленген тартипте Министрлик тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Министрликтин борбордук аппаратын жана ведомстволук бөлүнүштөрүн күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
21. Министрликтин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
22. Министрликтин иши токтотулган учурда Министрликтин документтери «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)