Загрузка документа…
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 120 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Министрликтин максаттары
3. Министрликтин милдеттери
4. Министрликтин функциялары
5. Министрликтин укуктары
6. Министрликтин ишин уюштуруу
7. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги (мындан ары - Министрлик) маданият, искусство, туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктун актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланкы, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын тутумунда эсептешүү эсеби бар.
4. Министрлик ведомстволук уюмдарды башкарууга катышат жана Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство мамлекеттик мекемелеринин уюштуруучу функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
5. Борбордук аппараттын, ведомстволук бөлүмдөрдүн, мекемелердин жана аймактык органдардын күтүүгө чыгымдарын каржылоо бюджеттик сметанын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Министрликтин ишинин максаттары тарыхый-маданий жана руханий мурасты сактоо, кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү жана маданият, искусство чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.
7. Министрликтин маданият жана туризм чөйрөсүндө милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- маданият, искусство жана тармактык билим берүү чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу;
- маданият, искусствонун жетишкендиктерине жарандардын бирдей жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;
- маданият, искусство чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
- элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү жана калктын эс алуусун уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
- туризм объекттерин жана инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу инвестициялык шарттарды түзүү;
- туризм сектору көрсөтүүчү кызматтардын сапатынын өсүшүнө көмөк көрсөтүү;
- туризм үчүн жагымдуу өлкө катары Кыргызстандын жакшы кадыр-баркын калыптандыруу жана колдоо көрсөтүү.
8. Коюлган милдеттерди аткаруу максатында Министрлик төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- маданият, искусство, туризм чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын колдонулушун жана тийгизген таасирин талдоону жана баалоону жүргүзөт;
- маданият, искусство, туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Министрликтин карамагына таандык маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- маданият, искусство, туризм чөйрөсүн каржылоого тиешелүү жагында республикалык бюджеттин долбоорлорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- маалыматты чогултуу жана өз компетенциясынын чектеринде маалыматтык-талдоо материалдарын, эксперттик жана болжолдуу баа берүүлөрдү даярдоону жүзөгө ашырат;
- эл аралык жана республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттерин каржылоо, эсепке алуу, аныктоо, изилдөө, күтүү, консервациялоо, реставрациялоо, регенарациялоо, музейлештирүү, пропагандалоо тартибин белгилейт;
- маданият, искусство жана туризм чөйрөсүндө тармактык жана тармактар аралык мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- бардык категориядагы эстеликтердин сакталышына коркунуч түзгөн ишти токтотот же тыюу салат;
- мамлекеттик жана жеке менчикте турган маданият, искусство объекттерин жана чыгармаларды паспорттоштурууну жана инвентаризациялоону жүргүзөт;
- башка маданий баалуулуктардын предметтерине, коллекцияларына экспертиза жүргүзөт жана маданий баалуулуктарды алып чыгуу (жөнөтүү, убактылуу алып чыгуу) укугуна белгиленген тартипте уруксат берет;
- тарых жана маданият эстеликтерин изилдөө боюнча атайын иштерди жүргүзүүгө уруксаттарды каттайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун Талаа комитети тарабынан берилүүчү ачык баракчаларды каттоону жүзөгө ашырат;
- тарых жана маданият эстеликтеринин, шаарлардын жана калктуу конуштардын тарыхый-архитектуралык таяныч пландарынын жайгашуу карталарын (схемаларын) макулдашууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтерин коргоо зоналарын макулдашууну жүзөгө ашырат;
- тарых жана маданият эстеликтери бар шаарлардын жана башка калктуу конуштардын пландоо, куруу жана реконструкциялоо долбоорлорун белгиленген тартипте макулдашууга катышат;
- Министрликтин милдеттерине кирген чөйрөлөрдө маданий баалуулуктардын реестрин түзөт;
- мамлекеттик маданият жана искусство мекемелеринин колдоо жана өнүктүрүү боюнча көркөм-эксперттик кеңеш түзөт;
- маданият жана искусство жагында сиңирген эмгеги үчүн сыйлыктарды уюштуруу жана тапшыруу жана наамдарды ыйгаруу боюнча сунуштарды киргизет;
- республикада туризмдин абалын изилдейт, жалпылайт жана талдайт, Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүндөгү негизги стратегиялык багыттарды аныктайт;
- Кыргызстандын аймагында туризм чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактардын ченемдик жана укуктук актыларды аткарышын жана сакташын камсыз кылат;
- кызыкдар министрликтер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте туризмди өнүктүрүүнүн эл аралык, республикалык жана региондук программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгууну жана мамлекеттик экспертизалоону жүзөгө ашырат;
- кызыкдар министрликтер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте туризмди өнүктүрүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды даярдайт жана туризм тармагына чет өлкөлүк капиталдын келишине жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды киргизет;
- инвестицияларды тартуу үчүн туризм чөйрөсүндөгү бизнес-долбоорлорун илгерилетүүдө, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен инвестициялык байланыштарын өнүктүрүүдө туристтик уюмдарга көмөк көрсөтөт;
- тийиштүү министрликтер жана администрациялык ведомстволор менен туризм жагында Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосунда кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларынын жана эл аралык келишимдеринин долбоорлорун даярдайт жана макулдашат;
- туризмди өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына жана багыттарына комплекстүү талдоо жана божомол өткөрөт;
- туристтик тейлөө рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана туристтик иштердин бардык субъекттери үчүн бирдей шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- маданият жана искусство мамлекеттик мекемелеринин репертуарын түзүү боюнча ишти координациялайт;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана аймактык органдарынын, анын ичинде маданият, искусство чөйрөсүндө билим берүүчү мекемелердин ишин координациялайт жана контролдукту жүзөгө ашырат;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо маселелери боюнча башка мамлекеттик органдардын ишин координациялайт жана контролдойт;
- туристтик объекттерди эсепке алуу жана мониторинг, аларды сарамжалдуу пайдалануу, коргоо жана калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик контролдукту жүргүзөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышына талдоо, мониторинг жана контролдук жүргүзөт;
- тарых жана маданият эстеликтерин пайдалануу жана күтүү тартибине, эстеликтерди консервациялоо, реставрациялоо, оңдоо, музейлештирүү жана регенерациялоо боюнча иштин аткарылышына белгиленген тартипте мамлекеттик контролдукту жүзөгө ашырат;
- маданият чөйрөсүндө ички контролдоо системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында финансылык, эсепке алуу, администрациялык, долбоорлук процесстердин жана башкаруучулук маалыматтын ички аудитин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын музей фондусунун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүгүн, ошондой эле тарыхий-маданий мурас объекттерине кирген китепканалык фонддорунун абалына жана сактоо шарттарына мамлекеттик эсепке алууну жана контролдукту жүзөгө ашырат;
- шаарлардын жана райондордун маданият башкармалыктары жана бөлүмдөрү, ведомстволук бөлүмдөрү, мекемелери жана аймактык органдары кабыл алган Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келген актыларды жокко чыгарат.
4) колдоо функциялары:
- чыгармачылык бирликтер жана менчигинин түрүнө карабастан маданият маселелери боюнча башка уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- искусствонун жаңы чыгармаларын (театралдык, музыкалык, хореографиялык, көркөм өнөр, монументалдык, декоративдүү-колдонмо, кинематография, архитектура, адабият, концерттик программаларды жана башка) түзүүгө жана маданий кызматтарды көрсөтүүгө юридикалык жана жеке жактар үчүн максаттуу чыгармачылык буюртмаларды (анын ичинде конкурстук негизде) жайгаштырат;
- маданият кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;
- маданият, искусство объекттерин куруу, долбоорлоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо боюнча ведомстволук бөлүмдөргө, мекемелерге жана аймактык органдарга көмөк көрсөтөт;
- маданият, искусство чөйрөсүнүн кызматкерлерин сыйлоонун тармактык системасын иштеп чыгат;
- белгиленген тартипте маданият объекттерине "улуттук" жана "академиялык" макамын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
- мыйзамга ылайык Министрликтин архивдик документтерин комплектөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн, мекемелердин жана аймактык органдардын кызматкерлеринин конкурстарын, аттестациялоону, квалификациялык экзамендерди өткөрөт;
- маданият, искусство жана туризм мекемелерин модернизациялайт, техникалык жана технологиялык деңгээлин жогорулатат;
- маданият, искусство жана туризм мекемелеринин кызматкерлерин жана кызматчыларын мамлекеттик жана ведомстолук сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө материалдарды даярдайт;
- эл аралык жана республикалык иш-чараларды, фестивалдарды, акцияларды, көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
- маданият жана искусство чөйрөсүн кесипкөй кадрлар менен камсыз кылат.
9. Министрлик төмөнкү укуктарга ээ:
- маданият, искусство жана туризм маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча анын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте Министрликтин иши үчүн эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын тартууга;
- Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан белгиленген тартипте сурап алууга;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
- ведомстволук бөлүмдөрдү, мекемелерди жана аймактык органдарды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды киргизүүгө;
- ведомстволук бөлүмдөр, мекемелер жана аймактык органдардын финансылык тартипти сакташына, алардын материалдык жана акчалай каражаттарды максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылышына текшерүү жүргүзүүгө, чыгымдардын сметасын бекитүүгө жана алардын аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга;
- маданият, искусство жана туризм жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
10. Министрликти Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу министр башкарат.
11. Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана иштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Министр:
- Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана аймактык органдарынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Министрликке жүктөлген милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Министрликтин системасында аткаруу үчүн милдеттүү буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- министрдин орун басарлары, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Министрлик системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуш кылат, моралдык жана материалдык сыйлоонун башка чараларын колдонот, анын ичинде ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасына кирген ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет;
- министрдин номенклатурасына кирген аймактык органдарынын жана ведомстволук мекемелердин жетекчилерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- статс-катчынын сунушу менен мыйзамда белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, аймактык органдарынын жана ведомстволук мекемелеринин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн, мекемелердин жана аймактык органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген буйруктарын жокко чыгарат;
- эмгек акы төлөө фондунун жана чектик санынын белгиленген чектеринде Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана аймактык органдарынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук мекемелеринин жана аймактык органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерге кол коюуга укуктуу;
- Министрликтин милдеттерине кирген маселелер боюнча ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын ишине катышат;
- Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
- министрдин номенклатурасына кирген кызмат орундарынын тизмесин, алардын функциялык милдеттерин аныктайт жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча Министрликтин компетенциясына кирген тармактык саясат маселелери боюнча функционалдык милдеттерди аткарууну статс-катчыга жүктөйт.
13. Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык кызмат орду уюштурулган. Статс-катчынын кызмат ордуна дайындоо жана кызматтан бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
14. Министрдин орун басарлары болот.
15. Министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат, түздөн-түз министрге баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чектеринде Министрликтин ишин уюштурат.
16. Министрликте саны 15 адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына министр (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, министрдин орун басарлары, ведомстволук бөлүмдөрдүн, мекемелердин жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, маданият жана туризм чөйрөсүнүн кызматкерлери жана ишмерлери кирет.
17. Министр, статс-катчы, министрдин орун басарлары жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери коллегиянын курамына кызмат орду боюнча кирет. Министрликтин коллегиясынын жеке курамы министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
18. Коллегиянын иши Министрдин буйругу менен бекитилген Коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.
19. Министрликтин алдында министрлик менен жарандык коомдун макулдашылган өз ара аракеттенүүсү максатында түзүлгөн консультациялык-байкоочу орган болуп саналган Коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт.
Коомдук байкоочу кеңештин чечими сунуштама мүнөзүндө болот.
20. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.