КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-декабры № 861
Ялта шаарында 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинде Маданият жаатында кызматташуунун багыттары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, Ялта шаарында (Украина) 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинде Маданият жаатында кызматташуунун багыттары жөнүндө макулдашуунун 12-беренесинде каралган ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Расмий тилде тиркелген Ялта шаарында 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинде Маданият жаатында кызматташуунун багыттары жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Аталган Макулдашууну аткарууга жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирүүнү ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетине жиберсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |