Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-январындагы № 34 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-декабры № 864
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 "2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 "2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасында:
- 3, 4, 5, 6, 8, 12, 17, 20, 26, 27, 28, 29, 30, 35, 38-пункттарынын "иштеп чыгуунун башталышы" графасындагы "2012-жылдын I кварталы", "2012-жылдын II кварталы" жана "2012-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын IV кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- 3, 4, 5, 6, 8, 12, 27, 30, 35, 38-пункттарынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү мөөнөтү" графасындагы "2013-жылдын I кварталы", "2013-жылдын II кварталы" жана "2013-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын IV кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |