Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-майы № 308
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мобилизациялык даярдыкты арттыруу, кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизасынын мамлекеттик борборуна жүктөлгөн кызматтык-оперативдик милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 10-пунктунда "жана укук коргоо органдары," деген сөздөр ", укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизасынын мамлекеттик борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|