Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-майы № 310
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Баткен чек ара отрядынын "Капчыгай" чек ара тозотуна майор Раимбеков Бейшенбек Жакшылыковичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жаш муундарга аскердик-патриоттук тарбия берүү, курман болгон майор Раимбеков Бейшенбек Жакшылыковичтин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Баткен чек ара отрядынын "Капчыгай" чек ара тозотуна майор Раимбеков Бейшенбек Жакшылыковичтин ысымы ыйгарылсын жана ал мындан ары "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Баткен чек ара отрядынын майор Раимбеков Бейшенбек Жакшылыков атындагы "Капчыгай" чек ара тозоту деп аталсын".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов
|