Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 7 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-майы № 311
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш поселкасынын тиричиликти камсыздоо ишканасынын кызматкерлеринин материалдык абалын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү обьекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына жана Миң-Куш айыл өкмөтүнө каралган жалпы ассигнованиелердин чегинде турак жай-коммуналдык чарбаны жана социалдык чөйрөнүн обьекттерин кармоого 2-тиркемеге ылайык каражат бөлсүн.";
- аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
аталышында "республикалык бюджеттин" деген сөздөр "республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
"Кармоого чыгымдар, миң сом" графасындагы "4279,2", "5445,7" сандары тиешелүү түрдө "9458,1", "10624,6" сандарына алмаштырылсын.
2. Миң-Куш тиричиликти камсыздоо ишканасынын иштешине бөлүнүүчү каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууга жоопкерчилик жана контролдоо бала-бакчаларды кармоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына жана Миң-Куш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарык көргөн күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|