Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-майы № 316
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 771 "1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 771 "1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. 1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.".
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
"1993-жылдын 29-майындагы Гаага шаарындагы Балдарды коргоо жана чет өлкөлүк асыроо жагында кызматташуу Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жактырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Нидерланд Королдугунун Тышкы иштер министрлигине ратификациялоо жөнүндө грамотаны жиберсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу бийлигинин балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагындагы мамлекеттик органына 1993-жылдын 29-майындагы Гаага шаарындагы Балдарды коргоо жана чет өлкөлүк асыроо жагында кызматташуу жөнүндө Конвенция менен тапшырылган нормаларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары милдеттерди тапшырсын.
4-берене.
1993-жылдын 29-майындагы Гаага шаарындагы Балдарды коргоо жана чет өлкөлүк асыроо жагында кызматташуу жөнүндөгү Конвенциянын 23-беренесине ылайык чет өлкөлүк асыроо күбөлүгүн жарандык абалдын актыларын каттоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу аткаруу органы берет.
5-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенциянын (мындан ары - конвенция) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык натыйжалары жөнүндө маселе боюнча төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.
Конвенция эл аралык асыроо процессин, эл аралык асыроонун субъекттерин, алардын укуктарын жаан милдеттерин жөнгө салат. Конвенция Макулдашкан мамлекеттердин биринин ("чыккан мамлекеттин") аймагында туруктуу жашаган бала Макулдашкан башка мамлекетке ("кабыл алуучу мамлекетке") барган, барып жаткан же барууга тийиш болгон учурда, же жубайлар же кабыл алуучу мамлекетте жашаган адам чыккан мамлекетте асырап алгандан кийин, же кабыл алуучу мамлекетте же чыккан мамлекетте асыроого алуу максатында колдонулат.
Конвенция төмөнкүдөй учурларда гана колдонулат, эгерде:
- баланы асырап алууга мүмкүн экендиги аныкталса;
- эл аралык асыроо баланын кызыкчылыгы үчүн гана болсо;
- макулдугу зарыл болгон адамдардын же мекемелердин расмий, жазуу жүзүндө, ыктыярдуу макулдугу бар болсо жана андай макулдук акы үчүн берилбесе;
- баланын пикири эске алынса жана макулдугу акысы үчүн берилбесе;
- жооптуу орган асырап алууга кандидаттар асырап алуу үчүн укуктары бар экенин аныктаса.
Кыргыз Республикасында эл аралык асыроо маселесин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылар болуп Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 "Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу", 2011-жылдын 27-августундагы № 522 "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алуу боюнча чет мамлекеттердин органдарын жана уюмдарын аккредитациялоо жана иштөө тартиби жөнүндө", 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомдору эсептелет.
Жогоруда аталган нормативдик укуктук актылардын талаптарына ылайык асырап алуу үчүн ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, өз үй-бүлөсүндө ата-энелик камкордуктан ажыраган балдар алардын кызыкчылыктарын коргоо жана баланын кызыкчылыктары үчүн гана берилишет.
Асыроого берүү баланын макулдугу менен, ал эми бала он жашка чыкканда - өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ишке ашырылат.
Мыйзамда баланы туугандары асырап алышына артыкчылык берүү каралган. Туугандары жок болсо бала Кыргыз Республикасынын жарандарына асырап алууга сунушталат. Эгер андай балдар жөнүндө маалыматтар Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына түшкөндөн үч ай өткөн соң баланы асырап алуучу Кыргыз Республикасынын жарандары чыкпаса, ошондой учурда гана бала эл аралык асыроого берилет. Мында балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган потенциалдуу асыроочулардын конкреттүү балага асыроочу боло алуу мүмкүндүгүн текшерет да, андан кийин асыроого берүүнүн негиздүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарат. Асырап алуучу ошонун негизинде сотко асырап алгандыкты белгилөө жөнүндө арыз менен кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзамдык экспертиза жасаган жана ага ылайык Конвенциянын жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.
Конвенция асыроого берилчү баланын кызыкчылыгы корголушун, анын негизги укуктарын сыйлоону камсыздоо максатында мамлекеттер арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Конвенцияны ратификациялоо Кыргыз Республикасынын чегинен тышта жашаган андай балдардын жашоо шарттарын контролдоого мүмкүндүк берет. Жалпысынан, эл аралык асыроо, чет өлкөлүктөргө асыроого берүү процессинде балдарды укуктук жактан коргоо маселелерин жөнгө салууда Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүүгө өбөлгө болот.
Конвенцияда катышуучу мамлекеттерге коюлуучу нормативдик талаптар такталган жана мамлекетке процедуралык талаптардын тийиштүү түрдө сакталышы боюнча милдеттерди жүктөйт, алар:
- баланы асыроого берүү компетенттүү органдар тарабынан гана санкцияланышын камсыздоо;
- балага чыккан өлкөсүндө тийиштүү багуу камсыздалышы мүмкүн эмес болгон учурда баланы чет өлкөдө асыроо багуунун альтернативдүү жолу катары каралса болоорун моюнга алуу;
- баланы чет өлкөлүк үй-бүлөгө бергенде процесске катышкан тараптардын эч бири финансылык пайда албашы үчүн бардык тийиштүү чараларды көрүү;
- максатка жетүү үчүн эки тараптуу же көп тараптуу макулдашууларды же келишимдерди түзүү менен көмөктөшүү жана баланы чет өлкөлүк үй-бүлөгө берүү компетенциялуу инстанциялар же органдар тарабынан ишке ашырылышы үчүн Конвенциянын алкагында аракет кылуу.
Ошентип, жогоруда аталган конвенцияны ратификациялоонун натыйжасында баланы асыроого бергенден кийин анын укуктары сакталышын гарантиялачу эл аралык мүнөздөгү бирдей стандарттар жана эрежелер колдонулат, ошондой эле Кыргыз Республикасы эл аралык укуктук мамиленин субъекти катары, балага Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен асыроочу чыкпаган учурда Конвенцияда баланы эл аралык асыроого берүү боюнча белгиленген процедураларды аткарышы зарыл болот.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эксперттик баалоосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Конвенцияга кошулушу республикалык бюджеттен, анын ичинде кошулуудагы взнос же мезгили менен төлөнүүчү акылар сыяктуу чыгымдарды жаратпайт.
Ушул айтылгандарга байланыштуу, ошондой эле баланын асыралууга укугун ишке ашырууга жардамдашуу жана асырап алынган балдардын кийинки тагдырын контролдоо максатында 1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган Балдарды коргоо жана чет эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенцияга кошулуу туура болот деп эсептейбиз.
1. Кыргыз Республикасы 1989-жылдын 12-январындагы Баланын укугу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 20-ноябрындагы токтому менен кошулган. Ал Конвенция декларациялык мүнөздө, баланын билим алууга, ден соолугун сактоого, социалдык камкордукка ж.б. укуктары сыяктуу жалпы укуктарын жана милдеттерин белгилейт.
Ошондой эле бул Конвенцияда ата-энесинин экөөнүн тең баланын тарбияланышы жана өсүшү үчүн жалпы жана бирдей жоопкерчилик принцибин таануунун камсыздалышы каралат. Ата-энелер же тийиштүү учурларда мыйзамдуу камкорчулар баланын тарбияланышы жана өсүшү үчүн негизги жоопкерчиликти алышат. Катышкан мамлекеттер баланы ата-энелери, мыйзамдуу камкорчулары же балага кам көрүүчү ар кандай башка адамдар тарабынан физикалык же психологиялык басмырлоонун, кордоонун же катуу кармоонун бардык формаларынан, кам көрбөөнүн же этибар албоонун, орой мамиле кылуунун же эксплуатациялоонун, анын ичинде жыныстык эксплуатациялоонун бардык формаларынан коргоо максатында бардык зарыл мыйзамдык, администрациялык, социалдык жана түшүнүк берүүчү чараларын колдонушат. Бул Конвенцияда асыроо маселелери, асыроо боюнча милдеттерди жана милдеттүү талаптарды жөнгө салуу каралган эмес.
2. 1993-жылдын 29-майындагы Балдарды коргоо жана чет өлкөлүк асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенция Макулдашуучу мамлекеттердин ("чыккан мамлекеттин") биринде жашаган бала аны жашап турган мамлекетинде кабыл алуучу мамлекетте жашаган жубайлар же адам асырап алгандан кийин, же кабыл алуучу мамлекетте же жашап турган мамлекетинде ошондой асырап алуу максаты үчүн башка Макулдашуучу мамлекетке ("кабыл алуучу мамлекетке") кеткен, барууга тийиш болгон учурларда колдонулат.
Ошондой эле Конвенцияда бала аны кабыл алуучу мамлекетке өткөрүп берилгенден кийин асыроого алынган жана ал мамлекеттин борбордук органы бала аны асыроого алуучу ата-энелерде андан ары калышы баланын кызыкчылыктарына ылайык эместигин аныктаган учурда андай борбордук орган баланы коргоо үчүн чараларды көрүшүнүн процедуралары каралган, атап айтканда:
a) баланы асырап алмак болгон ата-энелерден кайра алат жана баланы убактылуу камкордукка алууну уюштурат;
b) бала чыккан мамлекеттин борбордук органы менен кеңешүү боюнча баланы кармабастан асыроого берүү максатында жайгаштырууну уюштурат, же антүүгө болбосо альтернативдүү узак мөөнөттүү камкорчулукту уюштурат; чыккан мамлекеттин борбордук органы белгиленип жаткан кабыл алуучу ата-энелер жөнүндө тийиштүү түрдө маалымдалмайынча асыроого берүүгө болбойт;
c) эгер баланын кызыкчылыгы талап кылса, акыркы айла катары анын кайра кетишин уюштурат.
Ишке ашыруу механизми: Бул Конвенция кабыл алуучу мамлекетте жана чыккан мамлекетте күчүнө киргенден кийин эл аралык асыроонун ар бир учурунда колдонулат, башкача айтканда, катышуучулардын арасында кошумча эки тараптуу же көп тараптуу макулдашуусуз иштейт. Ошондой эле ар бир Макулдашуучу мамлекет өз ара мамилелерде Конвенцияны жакшылап колдонуу максатында Макулдашуучу мамлекеттердин бири же бир канчасы менен Конвенциянын айрым пункттары боюнча кошумча макулдашуу түзө алат.
Башкача айтканда, асыроо, асыроого алуучулар жөнүндө зарыл информация, мамлекеттин ал маселелер боюнча органдарынын аракеттери, укуктары жана милдеттери, ошондой эле асырап алуучулардын жоопкерчилик чаралары бул Конвенцияны жөнгө салынган жана бирдей түргө келтирилген.
Финансылык милдеттенмелер: Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулуусу кирүү взносу же мезгилдүү төлөм сыяктуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Анализден көрүнгөндөй, чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын балдарын негизинен чет өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстандык балдарды асырап алууга жардам көрсөтүүчү чет мамлекеттик өкүлчүлүктөр аркылуу асырап алышкан. Бирок балдарды асырап алуу жагында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими жоктугу, маалыматтардын автоматташтырылган базасы жөнүндө жобо жоктугу, КР колдонуудагы нормативдик укуктук базасында эл аралык асыроо процедурасын ишке ашыруунун так механизми жоктугу жана чет өлкөлүк уюмдардын иштөөсүн аккредиттөө тууралуу жобонун жоктугу ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүүнүн эрежелери жөнүндө жобонун 3-бөлүмүн жокко чыгарууга себеп болду (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 117 токтому менен). Азыркы учурда Кыргызстандын балдарын (кыздарын) чет өлкөлүк жарандардын асыроого алышы мамлекеттер аралык асыроо маселеси жөнгө салынганга чейин токтотулган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроосу боюнча 2009-жылдын майында Кыргызстандын Гаага конвенциясына кошулуу мүмкүндүгүнө байланыштуу Гаага конференциясынын эл аралык жеке укук боюнча эксперти менен консультация жүргүзүлгөн. Эксперттин отчетунда төмөнкүдөй рекомендациялар берилген, алардын негизгилери: мамлекеттер аралык асыроо боюнча жооптуу мамлекеттик органдарды аныктоо, органдардын компетенцияларынын чөйрөлөрүн белгилөө, Гаага конвенциясын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн нормативдик укуктук актыларды кабыл алуу, асыроо боюнча агенттиктер менен кызматташуу маселесин чечүү.
Азыр бул проблемаларды жайгаруу үчүн чаралар көрүлүүдө.
Азыркы учурда 2011-жылдын 19-апрель № 169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде балдардын укуктарын коргоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу аткаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо министерствосу болуп аныкталган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 2-марты № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомун кабыл алган. Кыргыз Республикасынын Президенти менен "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2011-жылдын 4-майында кол коюлган. Аталган мыйзамды аткаруу үчүн "Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" № 521 жана "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алуу боюнча чет мамлекеттердин органдарын жана уюмдарын аккредитациялоо тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө" № 522 токтомдор 27-август 2011-жылы кабыл алынган.
Андан сырткары чет өлкөлүк асыроого Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 19-майдагы № 473-V токтому менен мораторий алынып салынган.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, баланын асыралууга укугун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жана асыроого берилген балдардын андан аркы тагдырын контролдоо максатында 1993-жылдын 29-майындагы Гаага шаарындагы Балдарды коргоо жана чет өлкөлүк асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу зарыл деп эсептейбиз.
Министр | Р.Сабиров |