Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 323
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтому менен бекитилген |
┌──────────────────────────────────────────────┬──────────────────────┐
│ Кызматтын аталышы │ Калктын саны боюнча │
│ │штаттык сан (миң адам)│
│ ├────┬─────┬─────┬─────┤
│ │5 ке│5тен │10дон│20дан│
│ │чей-│10го │20га │жого-│
│ │ин │чейин│чейин│ру │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Башчы │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Башчынын орун басары │ - │ 1 │ 1 │ 1 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Жооптуу катчы │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Башкы адис - юрист │ - │ 1 │ 1 │ 1 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Маалыматтык-компьютердик технологиялар │ - │ 1 │ 1 │ 1 │
│боюнча адис │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы - │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
│башкы бухгалтер(***) │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Башкы адис - эсеп бухгалтери │ - │ 1 │ 1 │ 1 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Мал чарбачылык жана ветеринария маселелери │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
│боюнча башкы адис │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү │ - │ 1 │ 1 │ 1 │
│адис │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Киреше боюнча жетектөөчү адис(****) │ 1 │ 1 │ 2 │ 3 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Чыгымдар боюнча адис - бухгалтер-кассир │ - │ 1 │ 1 │ 1 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Социалдык коргоо жана социалдык-маданий │ - │ - │ 1 │ 1 │
│маселелер боюнча жетектөөчү адис │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Социалдык коргоо боюнча адис │ 1 │ 1 │ 1 │ 2 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Жер, турак жай-коммуналдык маселелер жана │ - │ - │ 1 │ 1 │
│өзгөчө кырдаалдар боюнча сектор башчы │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Жер, турак жай-коммуналдык маселелер жана │ 1 │ 2 │ 2 │ 2 │
│өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Жер жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча │ 1 │ 2 │ 2 │ 2 │
│жетектөөчү адис │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору │ │ │ │ │
│(*****) │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Айыл башчысы (******) │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Жыйынтыгы: │ 8 │ 16 │ 19 │ 21 │
├──────────────────────────────────────────────┴────┴─────┴─────┴─────┤
│Техникалык тейлөөдө иштеген кызматкерлер: │
├──────────────────────────────────────────────┬────┬─────┬─────┬─────┤
│ТТП │ 1 │ 1 │ 2 │ 3 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│КТП │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
├──────────────────────────────────────────────┼────┼─────┼─────┼─────┤
│Бардыгы: │ 10 │ 18 │ 22 │ 25 │
└──────────────────────────────────────────────┴────┴─────┴─────┴─────┘
(*) Эскертүү: Айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна жана негизделгендигине, ошондой эле өз алдынчалыгына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүндөгү жана штаттык санындагы кызмат орундардын аталышы айыл өкмөтүнүн штатынын жалпы санынын чегинде тийиштүү кызмат орундарына өзгөртүлүшү мүмкүн.
(**) Эскертүү: Айыл өкмөтүнүн түзүмүнө участкалык врач, ветеринардык врач, ички иштер органдарынын кызматкери (участкалык инспектор) кирсе болот. Участкалык врачтын, ветеринардык врачтын, участкалык инспектордун (ички иштер органынын кызматкери) кызмат ордуна талапкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контракттык негизде кабыл алынат.
(***) Эскертүү: Айылдык аймактын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысын - башкы бухгалтерди жергиликтүү кеңештин көпчүлүк депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органдарынын макулдугу менен айыл өкмөттүн башчысы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
(****) Эскертүү: Калктын саны 5 миң адамга чейин айыл аймактарда экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адистин милдеттери киреше боюнча жетектөөчү адиске жүктөлөт.
(*****) Эскертүү: Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн персоналды аскердик-эсепке алуунун саны төмөнкү жүктөмдүн нормаларына ылайык белгиленет:
каттоодо 300гө чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу болгон учурда - бир бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспектору;
- каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу болгондо - эки бошотулган кызматкер жана андан кийинки ар бир 1000 аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучуларга - бирден бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспектору;
(******) Эскертүү: Айылдык кеңештин чечими боюнча айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин деңгээлинде айыл башчысы кызматы киргизилиши мүмкүн.