Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 329
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 100 күндүк иш-чаралардын планын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жолдо жүрүү эрежелеринде:
2.1.1-пункттагы төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"ушул транспорт каражатына IV топтогу мүлк үчүн салыкты төлөгөндүгүн ырастаган, же аны төлөөдөн бошотулгандыгын күбөлөндүргөн документти;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелеринде:
45-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"45. "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык транспорт каражаттарын алгачкы каттоодо, ошондой эле кайра каттоодо, бүтүмдүн түрүнө карабастан, жыйым алынат, буга ушул Эрежелердин 46-пунктунда каралган учурлар кирбейт.
Транспорт каражатын алгачкы каттоодо жыйымдын өлчөмү анын наркынан 5 процентти, ал эми кайра каттоодо анын наркынан 1 процентти түзөт.
Транспорт каражатынын наркын Департамент рынокто түзүлгөн орточо бааны эске алуу менен аныктайт, тарифтик торчо түзүлөт, ал монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги тарабынан бекитилет.".
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-сентябрындагы № 687 "Кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана автотранспорт каражаттарын башкарууга ишеним каттарды каттоонун бирдиктүү системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 664 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
6. Бул токтом 2012-жылдын 11-июнунан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 329
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 100 күндүк иш-чаралардын планын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жолдо жүрүү эрежелеринде:
2.1.1-пункттагы төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"ушул транспорт каражатына IV топтогу мүлк үчүн салыкты төлөгөндүгүн ырастаган, же аны төлөөдөн бошотулгандыгын күбөлөндүргөн документти;".
2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту)