Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 818 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик электрондук сатып алууларды жана электрондук кайтарылуучу аукционду өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө жобо (мындан ары Жобо) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-1-статьясына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик электрондук сатып алууларды жана электрондук кайтарылуучу аукционду өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Жобонун максаттары мамлекеттик электрондук сатып алууларга байланышкан иштерди жөнгө салуу, координациялоо жана контролдоо болуп саналат.
Мамлекеттик электрондук сатып алуулар товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү маалыматтык ресурстар аркылуу айкын убакыт режиминде сатып алуу үчүн пайдаланылат.
2. Терминдер жана түшүнүктөр
3. Ушул Жободо төмөнкү терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
мамлекеттик сатып алуулар порталы (мындан ары - Портал) - "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык мамлекеттик электрондук сатып алуулардын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн алууга мүмкүнчүлүк берүүчү мамлекеттик маалыматтык система;
электрондук документ - электрондук санариптик түрдө берилген документ.
3. Сатып алуулар боюнча ишти башкаруу
4. Сатып алуу ишин уюштуруу сатып алуу ишин пландаштыруу жана сатып алуучу уюмдун иштөөсү үчүн зарыл болгон продукцияларга керектөөлөрдү документтештирүүгө, сатып алууларды жүргүзүүгө уруксаттарды берүүгө, жөнөтүүчүлөрдү издөөгө, тандап алууну уюштурууга жана алар менен сатып алуу келишимдерин түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга, аталган иш процесстерди маалыматтык жактан камсыз кылууга багытталган иш чаралардын комплексин ишке ашырууну болжолдойт.
5. Сатып алуу ишин уюштуруу максаттарды жана келечекти аныктоого, алдыдагы иштерди пландаштырууга жана макулдашууга, күндөлүк милдеттерди коюуга, жооптуу адамдардын аракеттерин координациялоого, аткарылган иштин жыйынтыгын тариздөөгө, ошондой эле аталган иш-чараларга контролдук жүргүзүүгө сатып алуучу уюмдун катышуусун караштырат.
6. Сатып алуучу уюмдун муктаждыктары үчүн продукцияларды сатып алууну жүргүзүүгө уруксат берүү, сатып алуу ишин күндөлүк контролдоо жана координациялоо ички уставга же электрондук сатып алууларды жүргүзүү боюнча жобого ылайык ишке ашырылат.
7. Сатып алуучу уюмдун ишинин регламенти сатып алуучу уюм үчүн төмөнкүлөрдүн болушун билдирген системалуу мамилеге негизделет:
1) регламенттөөчү чөйрөнүн;
2) сатып алууларды башкаруунун жана аларды контролдоонун белгиленген уюштуруучулук түзүмдөрүнүн;
3) сатып алууларды жүргүзүү үчүн даярдалган кадрлардын, анын ичинде сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү негизги кызматтык милдети болуп эсептелген кызматкерлердин;
4) сатып алуулардын жөнгө салынган инфраструктурасынын (интернетти пайдалануу мүмкүнчүлүгү, электрондук системалардын каражаттары, сертификат берүү, кесипкөй адистер).
4. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик электрондук сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү
8. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик электрондук сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү (мындан ары - электрондук сатып алуулар) Порталда төмөнкү иш-чаралардын аткарылышын караштырат:
1) тендердик документтерди түзүүнү, ошондой эле тендердик комиссиянын курамын түзүүнү жана бекитүүнү;
2) Порталда электрондук сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө кулактандырууну жарыялоону;
3) тендердик документтердин Порталдан алынганын автоматтык түрдө каттоо менен, жөнөтүүчүлөр тарабынан анын алынышын;
4) сатып алуучу уюмдун Порталды пайдалануу аркылуу тендердик документтердин жоболорун аны алган жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) түшүндүрүп берүүсүн;
5) электрондук сатып алууларга катышууга электрондук документ түрүндө берилүүчү табыштамаларды Порталда автоматтык түрдө каттоону;
6) тендердик табыштамаларды автоматтык түрдө ачуу жана тендердик табыштамаларды ачуунун тиешелүү протоколун Порталда жарыялоону;
7) электрондук сатып алууларга катышуучулардын табыштамаларын карап чыгууну, баа берүүнү жана салыштырууну жана жеңүүчүнү аныктоону, Порталда жыйынтыктардын протоколун жарыялоону. Тендердик комиссиянын рекомендацияларынын негизинде сатып алуучу уюм менен электрондук сатып алуулардын жеңүүчүсүнүн ортосунда мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүүнү же "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык башка чечим кабыл алууну.
9. Бир тектүү товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бир нече түрү боюнча мамлекеттик электрондук сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуучу уюм тендердик документтерде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү алардын бир тектүү түрлөрү боюнча жана (же) алар жөнөтүлө турган жер боюнча (аткаруу, көрсөтүү) лотторго бөлөт.
5. Тендердик комиссия жана сатып алуулар бөлүмү
10. Ар бир сатып алуучу уюм ар бир электрондук сатып алуу үчүн өзүнчө тендердик комиссия түзөт.
11. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу учурунда сатып алуучу уюм тендердик комиссиянын курамына иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүн алар менен макулдашуу боюнча киргизе алат.
12. Сатылып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык тапшырмасын жана (же) техникалык спецификацияларын иштеп чыгуу үчүн сатып алуучу уюм тендердик документтерди иштеп чыгуу мезгилинде эксперттик комиссияны (экспертти тартуу) түзө алат.
13. Тендердик комиссия конкурстук тоорукту өткөрүү жөнүндө тендердик комиссияны түзүү жөнүндө буйрук чыккан учурдан тартып жеңүүчү менен келишим түзүү жөнүндө сатып алуулар бөлүмү тарабынан чечим кабыл алынганга чейин иштейт. Эгерде конкурстук тоорук болгон жок деп табылса же анын жыйынтыгы жокко чыгарылса тендердик комиссия өз ишин токтотот.
14. Тендердик комиссиянын чечими Порталды пайдалануу менен добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана ал үчүн тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
15. Тендердик комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, бул тендердик комиссиянын кайсыл болбосун мүчөсү өзгөчө пикирге укуктуу, ал тендердик комиссиянын протоколунда жазылууга тийиш.
16. Протоколго тендердик комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат. Тендердик комиссиянын тиешелүү протоколдорунда тендердик комиссиянын мүчөсүнүн колу жок болгон учурда, анын жок болуусунун себеби көрсөтүлүп, ага ушул фактыны ырастаган кагаз жүзүндөгү документтин электрондук көчүрмөсү тиркелет.
17. Сатып алуучу уюмдун бөлүмү:
1) Порталда тендердик документтерди түзөт жана жайгаштырат;
2) электрондук бюллетенде электрондук сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө кулактандырууну, электрондук сатып алуулардын жыйынтыктары жөнүндө протоколду, ошондой эле тендердик комиссиянын башка протоколдору бар болсо, аларды Порталга жарыялайт;
3) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана мамлекеттик сатып алуулардын ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
18. Сатып алуучу уюмда жөнөтүүчүлөр тарабынан сунуш кылынган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн тендердик документтердин талаптарына ылайык келишин аныктоо үчүн тиешелүү профилдеги адистер жок болгон учурда, сатып алуучу уюмдун бөлүмү эксперт катары акысыз негизде мамлекеттик кызматчыларды жана (же) башка эксперттерди тараптардын макулдашуусу боюнча акы төлөмө, ошондой эле акысыз негизде тартышы мүмкүн.
19. Эксперт катары тигил же бул адамды тартуу үчүн милдеттүү шарт болуп, анын ишинин профилинин мамлекеттик сатып алуулардын предметине ылайык келиши эсептелет.
20. Бир нече эксперттер тартылган учурда сатып алуучу уюм тартылган эксперттердин ичинен эксперттик комиссияны түзөт жана алардын ичинен эксперттик комиссиянын жетекчисин аныктайт.
21. Эксперттер (эксперттик комиссия) жөнөтүүчүлөр тарабынан сунуш кылынган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн тендердик документтердин талаптарына ылайык келишине карата эксперттик корутунду беришет жана тендердик комиссия тарабынан чечим кабыл алынганда добуш берүү укугуна ээ болушпайт. Эгерде эксперттердин (эксперттик комиссиянын) корутундусу тендердик документтерде каралган талаптардын чегинде түзүлсө, анда ал тендердик комиссия тарабынан милдеттүү түрдө эске алынат.
22. Электрондук сатып алууларды өткөрүү башталганга чейин тендердик комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле эксперт (эксперттик комиссия) бекитилген тендердик документтер жана алардын тиркемелери менен таанышууга тийиш.
6. Электрондук сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө кулактандыруу
23. Сатып алуучу уюм тендердик документтер бекитилген күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен, бирок потенциалдуу жөнөтүүчүлөр тарабынан электрондук конкурска катышууга табыштамаларды берүүнүн акыркы күнүнө чейин жыйырма бир календардык күндөн кем эмес Порталга боло турган электрондук конкурс жөнүндө кулактандырууну, ошондой эле бекитилген конкурстук документтерди жарыялайт.
7. Жөнөтүүчүлөргө тендердик документтерди берүү
24. Электрондук сатып алууларды өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып каалоочуларга Порталдан жайгаштырылган тендердик документтерди алууга мүмкүнчүлүк берилет.
25. Порталда электрондук сатып алууларды өткөрүү жөнүндө билдирүү жарыяланганга чейин тендердик документтерди берүүгө жол берилбейт.
8. Тендердик документтердин жоболорун түшүндүрүү
26. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясына ылайык жөнөтүүчү сатып алуучу уюмга Портал аркылуу тендердик документтердин жоболорун түшүндүрүп берүү жөнүндө суроо-талап жиберүүгө укуктуу.
27. Сатып алуучу уюм "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясына ылайык тендердик документтердин жоболорун түшүндүргөн текстти Порталда жарыялайт, ошондой эле өзгөчө учурларда өз демилгеси боюнча же жөнөтүүчүлөрдүн суроо-талабына жооп катары тендердик документтерге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Порталда чагылдырылууга тийиш.
9. Электрондук сатып алууларга катышууга табыштамалардын мазмуну жана аларды берүү
28. Электрондук сатып алууларга катышууга табыштама электрондук документ түрүндө берилет жана электрондук сатып алууларга катышууга талапкер жөнөтүүчүнүн тендердик документтерде каралган талаптарга жана шарттарга ылайык товарларды жөнөтүүнү (жумуштарды аткарууну, кызматтарды көрсөтүүнү) жүзөгө ашырууга макулдугун билдирген түрү болуп саналат.
29. Электрондук сатып алууларга катышууну каалаган жөнөтүүчү тарабынан сатып алуучу уюмга берилүүчү электрондук сатып алууларга катышууга табыштамада тендердик документтердин электрондук түрүндө саналып өткөн документтер камтылууга тийиш.
30. Электрондук сатып алууларга катышууга табыштама жөнөтүүчү тарабынан сатып алуучу уюмга табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин электрондук документ түрүндө берилет.
31. Электрондук сатып алууларга катышууга табыштама электрондук сатып алууларга катышууга табыштама берген жөнөтүүчүгө тиешелүү билдирүү Портал менен автоматтык түрдө жиберилген учурдан тартып кабыл алынды деп эсептелет.
32. Жөнөтүүчү электрондук сатып алууларга катышууга бир гана табыштама берүүгө укуктуу.
33. Тендердик табыштамалардын колдонулуу мөөнөтү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясы менен жөнгө салынат.
34. Жөнөтүүчүлөр тарабынан электрондук сатып алууларга катышууга берилген табыштамалар Порталда "талапкер" статусу менен жөнөтүүчү жөнүндө маалыматтар камтылган электрондук сатып алууларга катышууга табыштамаларды каттоонун электрондук журналында автоматтык түрдө катталат.
35. Жөнөтүүчү өзүнүн төгүлгөн электрондук сатып алууларга катышууга табыштамасынын кепилдигин камсыз кылууну кайтарып алуу укугун жоготпостон, электрондук сатып алууларга катышууга табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин кайсы болбосун убакта өзүнүн электрондук сатып алууларга катышууга берген табыштамасын өзгөртүүгө же кайра алууга укуктуу.
36. Электрондук сатып алууларга катышууга арыздарга аларды берүү мөөнөтү аяктагандан кийин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
37. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-статьясында каралган учурларда электрондук сатып алуулар болгон жок деп таанылат.
10. Электрондук сатып алууларга катышууга тендердик табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу
38. Электрондук сатып алууларга катышууга тендердик табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу жөнөтүүчү тарабынан "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясына ылайык төгүлөт.
39. Жөнөтүүчү тарабынан электрондук сатып алууларга катышууга тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу банктык кепилдик түрүндө төгүлгөн учурда, анын түп нускасы электрондук түрдө берилет, ал эми түп нускасы сатып алуучу уюмдун сунуш-талабы боюнча үч күндүн ичинде берилет.
40. Жөнөтүүчү тарабынан электрондук сатып алууларга катышууга тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу сатып алуучу уюмдун банктык эсебине же кассага төлөнүүчү акчалай түрдө төгүлгөн учурда, жөнөтүүчү кепилдикке төгүлгөн акчалай төгүмүн ырастаган төлөм документинин электрондук көчүрмөсүн берүүгө тийиш.
11. Электрондук сатып алууларга катышууга табыштамаларды ачуу
41. Электрондук сатып алууларга катышууга табыштамаларды ачуунун протоколу автоматтык түрдө Порталга чыгарылат.
42. Сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясынын 5-пунктунда каралган функцияларды электрондук форматта ишке ашырат.
43. Талапкерди электрондук сатып алууларга катышуудан четтетүү, ошондой эле тендердик табыштаманы кабыл албоо "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
44. Тендердик табыштамаларды тандоо жол-жобосун жүргүзүүдө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана тендердик документтерде каралган жол-жоболор жана критерийлер гана колдонулат.
45. Электрондук сатып алууларга катышууга табыштама, эгерде анда электрондук сатып алууларга катышууга берилген табыштаманын маанисине тийбестен, белгиленген тартипте оңдоого мүмкүн болгон грамматикалык жана арифметикалык каталар гана болсо, тендердик документтердин талаптарына жооп берет деп таанылат.
12. Товарларды сатып алуу боюнча электрондук кайтарылуучу аукциондорду уюштуруу жана өткөрүү
46. Электрондук кайтарылуучу аукциондорду өткөрүү жөнүндө кулактандыруу:
1) Сатып алуучу уюм Порталда электрондук кайтарылуучу аукцион ыкмасы менен өткөрүлүүчү электрондук сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну, бекитилген тендердик документтерди, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин долбоорун жарыялайт.
2) Электрондук кайтарылуучу аукционду өткөрүү жөнүндө кулактандыруу Порталда аукционго катышууга табыштамаларды берүү күнү аяктаганга чейин 7 (жети) күндөн кечиктирилбестен сатып алуучу уюм тарабынан жайгаштырылат.
3) Сатып алуучу уюм электрондук кайтарылуучу аукционго катышууга табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин 3 (үч) күндөн кечиктирбестен электрондук кайтарылуучу аукционду өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу. Сатып алуучу уюм электрондук кайтарылуучу аукционду өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып бир күндүн ичинде Порталда электрондук кайтарылуучу аукционду өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу билдирүүнү жайгаштырат.
47. Боло турган тооруктар жөнүндө кулактандырууда сатып алуучу уюм товар үчүн төлөөгө даяр баштапкы бааны белгилейт жана жөнөтүүчүлөр баалык планканы ыраттуу төмөндөтүү менен ага өздөрүнүн сунуштарын беришет.
48. Жөнөтүүчүлөр тарабынан тендердик табыштамалардын берилиши:
1) Аукционго катышуу үчүн ар бир жөнөтүүчү төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш тендердик табыштаманы беришет:
а) аталышы, ИНН, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги (юридикалык жак үчүн), фамилиясы, аты-жөнү, ИНН, жашаган жери (жеке жактар үчүн);
б) жөнөтүүчүнүн банктык реквизиттери;
в) товарлардын мүнөздөмөсү, саны (көлөмү) боюнча болгон товарга, ошондой эле товарды жөнөтүү мөөнөттөрүнө жана ордуна сатып алуучу уюмдун талаптарынын шарттарына жазуу жүзүндө макулдугу;
2) Тендердик табыштамада камтылган товарларды жөнөтүү шарттары сатып алуучу уюм тарабынан жайгаштырылган электрондук кайтарылуучу аукцион ыкмасы менен товарларды мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруу жөнүндө электрондук кулактандырууда камтылган шарттарга карама-каршы келбөөгө тийиш.
3) Жөнөтүүчүнүн тендердик табыштамасына товарларды жөнөтүү менен байланышкан бардык чыгашалар киргизилүүгө тийиш.
4) Тендердик табыштама жөнөтүүчү тарабынан Порталды пайдалануу менен сатып алуучу уюм электрондук кулактандырууда көрсөткөн тендердик табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин сатып алуучу уюмга берилет.
5) Тендердик табыштама тендердик табыштаманы берген жөнөтүүчүгө тийиштүү билдирүү Портал менен автоматтык түрдө жибергенден кийин кабыл алынды деп саналат.
6) Жөнөтүүчүлөр берген тендердик табыштамалар жөнүндө маалыматтар баалык сунуштарды каттоонун электрондук журналына автоматтык түрдө киргизилет.
7) Жөнөтүүчүлөр тендердик табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин берген тендердик табыштамаларын кайтарып алууга укуктуу.
8) Жөнөтүүчүнүн тендердик табыштамасы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясында каралган учурларда Портал менен автоматтык түрдө четке кагылууга тийиш.
9) Эгерде электрондук аукционго катышууга табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганда бир же эки табыштама берилген же бир дагы табыштама берилбеген учурда, электрондук аукцион болгон жок деп таанылат. Ошондой эле электрондук кайтарылуучу аукцион "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-статьясында каралган тартипте болгон жок деп танылат.
49. Тендердик табыштамаларды салыштыруу жана электрондук кайтарылуучу аукциондун жыйынтыгын чыгаруу:
1) Электрондук кайтарылуучу аукционго катышууга тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну беришкен жөнөтүүчүлөргө автоматтык түрдө электрондук кайтарылуучу аукционго катышууга уруксат берилет.
2) Ар бир жөнөтүүчүгө мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу орган белгилеген убакыт аралыгында товар үчүн бааны үч жолу берүү мүмкүнчүлүгү берилет.
3) Электрондук кайтарылуучу аукциондун жеңүүчүсү деп эң төмөн баалык сунушту сунуштаган жөнөтүүчү таанылат.
4) Эгерде эң төмөн тендердик табыштама бир нече жөнөтүүчү тарабынан берилсе, анда жеңүүчү болуп тендердик табыштамасы башка жөнөтүүчүлөрдүн тендердик табыштамаларынан мурун берилген жөнөтүүчү саналат. Тедердик табыштамаларды салыштырууну Портал автоматтык түрдө жүргүзөт.
5) Электрондук кайтарылуучу аукциондун жыйынтыктары Порталда автоматтык түрдө жарыяланат.
6) Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
а) сатып алуучу уюмдун толук аталышы, анын почта дареги;
б) сатып алынуучу товарлардын аталышы;
в) тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин тендердик табыштамаларды берген жөнөтүүчүлөрдүн толук аталышы, алардын товарларга билдирген баалары;
г) мамлекеттик электрондук сатып алуулардын жеңүүчүсү жөнүндө, ошондой эле жеңүүчү сунуш кылгандай бааны сунуштаган жөнөтүүчү жөнүндө же болбосо тендердик табыштамасы жеңүүчү сунуштаган баадан кийинки болуп эсептелген жөнөтүүчү жөнүндө маалымат;
7) Электрондук кайтарылуучу аукционду өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча сатып алуучу уюм жеңүүчүгө эки нускадагы келишим менен кошо билдирүүнү кол коюу үчүн жиберет.
8) Эгерде жеңүүчү тендердик документтердин талаптарына ылайык сатып алуучу уюмдун шарттарында келишимге кол коюудан баш тартса, анда талапкер "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясынын 5-пунктуна ылайык тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну кайтарып алуу укугун жоготот.
Мында "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-статьясынын 3-пунктуна ылайык келишим кийинки талапкер менен түзүлөт.
9) Эгерде калган талапкерлер да келишим түзүүдөн баш тартышса, сатып алуучу уюм электрондук кайтарылуучу аукцион ыкмасы менен кайра мамлекеттик сатып алууларды өткөрө алат.
13. Мамлекеттик электрондук сатып алуулардын жана электрондук кайтарылуучу аукциондун келишимин түзүү
50. Мамлекеттик электрондук сатып алуулардын жана электрондук кайтарылуучу аукциондун жеңүүчүсү болуп аныкталган жөнөтүүчү, Порталда электрондук сатып алуулардын жыйынтыктарынын протоколу жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коюлганга чейин, мурда мамлекеттик электрондук сатып алууларга жана электрондук кайтарылуучу аукционго катышууга табыштамага электрондук көчүрмө түрүндө тиркелген квалификациялык талаптарга жөнөтүүчүнүн ылайык келүүсүн ырастаган документтердин түп нускасын жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана мамлекеттик электрондук сатып алууларга, электрондук кайтарылуучу аукционго катышууга табыштамага кол коюу укугуна ишеним кагазынын түп нускасын сатып алуучу уюмга берет.
51. Сатып алуучу уюм тендердик документтердин талаптарына ылайык түзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин долбоорунун эки нускасын жөнөтүүчүгө жиберет.
52. Жөнөтүүчү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө сатып алуучу уюм тарабынан белгилеген мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылууну төгүүгө милдеттүү.
53. Жөнөтүүчү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылуунун түрлөрүнүн бирин тандоого укуктуу.
54. Сатып алуучу уюм тарабынан "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаган максаттарга жөнөтүүчү төлөгөн кепилдик төгүмдүн пайдаланылышына жол берилбейт.
55. Сатып алуучу уюм төгүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылууну келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө же жөнөтүүчү келишим боюнча өзүнүн милдеттерин толук жана тийиштүү түрдө аткарган учурдан баштап үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүчүгө кайтарып берет.
56. Эгерде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөтүүчү келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу бузулган учурда, сатып алуучу уюм келишимди аткарууну камсыз кылууну кайтарып бербейт.
57. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди аткарууда товарлардын аталышы, саны, сапаты, техникалык спецификациясы, баасы жана аларды жеткирүү орду жана мөөнөттөрү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин мазмунуна ылайык келүүгө тийиш.
58. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим сатып алуучу уюм жана жөнөтүүчү аталган келишим боюнча алган милдеттерин толук аткарган шартта аткарылды деп эсептелет.
14. Ишенимсиз (ак ниетсиз) жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) реестри
59. Эгерде жөнөтүүчү/катышуучу келишим боюнча өзүнө алган милдеттеринин аткарылышын камсыз кылбаган учурда, сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга негизделген себептерди көрсөтүү менен электрондук тооруктарга жөнөтүүчүнү/катышуучуну Ишенимсиз (ак ниетсиз) жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) реестрине киргизүү жөнүндө сунушту жазуу жүзүндө киргизет.
60. Жазуу жүзүндө билдирмени алгандан кийин мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнөтүүчүнү/катышуучуну Ишенимсиз (ак ниетсиз) жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) реестрине киргизүү боюнча келип түшкөн сунушту карайт.
61. Комиссия оң чечим чыгарган учурда, электрондук тооруктардын жөнөтүүчүсү/катышуучусу Ишенимсиз (ак ниетсиз) жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) реестрине киргизилет, ал Порталда жарыяланат.
62. Ишенимсиз (ак ниетсиз) жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) реестрине киргизилген жөнөтүүчүгө/катышуучуга комиссиянын чечимине байланыштуу, бир же үч жылдын ичинде мамлекеттик сатып алууларга катышууга жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н. Момуналиев |