Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 825 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87, 2016-жылдын 23-июнундагы № 347 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо жыйынга чакырылууга тийиш жарандарды изилдөө, чакыруу, каттоо, жыйындардан өтүү, жарандарды аскердик бөлүктөргө (окуу борборлоруна) жиберүү жана ташуу, запаска бошотуу тартибин, аскердик жыйындардан өтүп жаткан жарандардын укугун, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чакыруунун мөөнөтүн узартууга же аскерге чакыруудан бошотууга укугу жок, жыйырма беш жана андан жогору жаштагы жарандар ушул Жободо белгиленген тартипте жана шарттарда алгачкы аскердик жыйындардан өтүүгө милдеттүү.
3. Жарандардын алгачкы аскердик жыйындардан өтүүсү (мындан ары - жыйындар) конституциялык парзды жана Мекенди коргоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында жалпыга бирдей аскердик милдетти аткаруу болуп саналат.
4. Алгачкы аскердик жыйындардан өтүү өзүнүн укуктук статусу боюнча чакыруу боюнча аскердик кызматка кирет.
5. Жыйындардан өтүү жарандар тарабынан аскерге чакырылган жери боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү акчалай төлөмдүн төлөнүүсүн карайт.
Аскер комиссариаттары республикалык бюджеттин кирешесине атайын каражаттарга салыкты чегергенден кийин, калган сумманын 20% мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине жана 10 пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине которот.
Жыйындарга чакырылган жарандардан келип түшкөн акча каражаттары аскерлерди кармоого жана камсыз кылууга, аскер бөлүктөрдүн окуу-материалдык базасын өнүктүрүүгө, аскердик кызматчыларын социалдык жактан коргоону жогорулатууга жумшалат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Жарандарды жыйындарга чакырууга, каттоо жүргүзүүгө, жыйындарды өткөрүүнү уюштурууга жана акчалай төлөмдөрдүн төлөнүшүн контролдоого жалпы жетекчиликти коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөнкүлөр жүктөлөт:
- жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарынын аткарылышын контролдоо;
- республиканын калкына жыйындардан өтүү тартиби жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымат берүү;
- жарандар тарабынан жыйындардан өткөндүгү үчүн коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине акчалай төлөмдөрдүн төлөнүшүнүн жүрүшүн контролдоо;
- жыйындарды өткөрүүнү уюштуруу;
- жыйындардын күжүрмөн даярдык программасын иштеп чыгуу;
- жыйындардан өтүү бүткөндө жарандарды запаска бошотуу.

8. Аскер комиссариаттарына төмөнкүлөр жүктөлөт:
- жыйындарга чакырылууга тийиш жарандарды изилдөө жана тандоо;
- жыйындардан өтүп жаткан жарандарды жеке каттоо жүргүзүү;
- жыйынга чакырылууга тийиш жарандарга медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү;
- жарандарды жыйындарга чакыруу;
- жыйындардын күжүрмөн даярдоо программасына ылайык аскер комиссариаттарында теориялык сабактарды жана жыйындарды өткөрүү;
- жыйындарга чакырылган жарандарды жыйындардан өтүү мезгилинде практикалык сабактарды өтүү үчүн аскердик бөлүктөргө (окуу борборлоруна) жиберүү;
- жыйындардан өткөндөн кийин бошотулган жарандарды аскердик каттоого коюу;
- жыйындардан өтүүнүн өзгөчөлүктөрү жана мүнөзү жөнүндө жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
9. Аскердик бөлүктөргө (окуу борборлоруна) төмөнкүлөр жүктөлөт:
- жыйындардан өтүү үчүн келген жарандарды үлүштүн бардык түрлөрүнө кабыл алуу жана коюу, бөлүкчөлөр боюнча бөлүштүрүү жана жайгаштыруу;
- жарандарды Жыйындардын күжүрмөн даярдоо программасына ылайык аскердик-каттоо адистиктери боюнча даярдоо;
- аскерлер кызматын уюштурууну жана аскердик кызматтын коопсуздугун, аскердик тартиптин сакталышын камсыздоо жана жыйындардан өтүп жаткан жарандардын ден-соолугун сактоо;
- жыйындардан өтүп жаткан жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн каада-салттарынын рухунда, Мекенге жана өзүнүн элине берилгендикте тарбиялоо;
- жыйындардан өтүп жаткан жарандардын Аскердик антты кабыл алуусун уюштуруу;
- Аскердик антты кабыл алган жана жыйындардын толук курсунан өткөн жарандарды запаска бошотуу жана аларды уюшкандыкта жыйноо пункттарына жеткирүү.
10. Жыйындарга чакырылууга тийиш жарандарды изилдөө аскер комиссариаттары тарабынан ишке ашырылат.
11. Жыйындарга чакырылууга тийиш жарандарды изилдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйынга чакырылууга тийиш эмес жарандарды жыйынга чакыруу учурларын болтурбоо максатында, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жарандар жөнүндө толук маалыматтар менен камсыз кылуу максатында аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт.
12. Жыйындарга чакырылууга тийиш жарандарды изилдөө аскер комиссарынын жетекчилиги алдында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, ички иштер органдарынын, ишканалардын, уюмдардын жана менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин өкүлдөрүн тартуу менен аскер комиссариаттарынын өздүк курамы тарабынан жүргүзүлөт.
13. Аскер комиссариаттары изилдөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө жарандын жарандыгы бардыгын, соттуулугу жоктугун, ден-соолугунун абалын, билимин, жарандык адистигин, башка керектүү маалыматтарды тактайт. Изилдөө жарандар менен жеке, ал эми зарыл болгондо алардын туугандары менен сүйлөшүү жолу аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир сүйлөшүү протокол түрүндө таризделет, ал жарандын жеке колу, ошондой эле сүйлөшүүнү жүргүзгөн адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт.
Изилдөөнүн жыйынтыктары изилдөө баракчасында чагылдырылат, аскер комиссарынын колу жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
14. Жыйындарга чакырылуучу жарандарга жыйындардан өтүү тартиби жеткирилет.
15. Жыйындарга чакырылууга тийиш жарандар тарабынан акчалай төлөмдөрдүн белгиленген суммасынын төлөнүшү аларды жыйынга чакыруудан мурда жүргүзүлөт.
16. Аскер комиссариаттары жыйындарга чакырылууга тийиш жарандардын саны жөнүндө маалыматтарды коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына ай сайын 25-не чейин берип турушат.

17. Жарандарды жыйындарга чакыруу аскер комиссариаттары тарабынан ишке ашырылат. Жыйындарга чакыруу жөнүндө тиешелүү буйрукту аскер комиссары чыгарат.
Чакыруунун мөөнөтүн узартууга же андан бошотууга мыйзамдуу укугу жок, жыйырма беш жана андан өйдө курактагы эркек жарандар жыйындарга чакырылууга тийиш.
18. Жыйындарды өткөрүү убактысын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы биргелешип аскер комиссариаттарында чакыруу ресурстарынын болушунун негизинде аныкташат.

19. Райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимди чыгарат.
20. Жарандар тарабынан Мыйзамда белгиленген акчалай төлөмдөрдүн төлөнүшү медициналык комиссия алардын жыйындарга чакырууга жарамдуулугу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.
21. Жыйындардан өтүп жаткан жарандарды каттоону жалпы жетектөөнү жана контролдоону коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы биргелешип, ал эми республиканын райондорунун жана шаарларынын чегинде - аскер комиссариаттары ишке ашырышат.

22. Аскер комиссарлары тейленүүчү аймакта жашаган жарандарды каттоонун уюштурулушуна жана толуктугуна жоопкерчилик тартат.
23. Жыйындардан өтүп жаткан жарандарды каттоо жеке жана сандык болуп бөлүнөт. коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында сандык каттоо, аскер комиссариаттарында - жеке каттоо жүргүзүлөт.
Жеке каттоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- өздүк иши боюнча;
- жеке каттоо журналдары боюнча.

24. Жыйындарга чакырылууга тийиш жарандарды каттоо жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле жарандардын өздүк ишин, күбөлүктөрүн жана каттоо - кызмат өтөө карточкаларын жана аскер комиссариаттарындагы башка документтерди жүргүзүү тартиби коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
25. Жарандар узактыгы 24 күн болгон алгачкы аскердик жыйындардан өтүшөт, 14 күн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында теориялык сабактар, 10 күн аскердик бөлүктөрдүн (окуу борборлорунун) базасында практикалык сабактар болот. Аскердик бөлүктөрдү (окуу борборлорун) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы биргелешип аныкташат.
Жыйындардын башталышы болуп жыйындардан өтүү үчүн аскер кызматына чакыруу жөнүндө аскер комиссарынын буйругу чыккан күн эсептелинет.
Аскер комиссарынын жыйындарга чакыруу жана "катардагы жоокер" аскердик наамын берүү жөнүндө буйругу чыккандан кийин, жарандар аскер кызматчылары статусун алышат.

26. Аскердик жыйындар коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилген атайын Программа боюнча өткөрүлөт.
Жарандарды даярдоо өткөрүлүп жаткан аскердик адистиктердин тизмелери коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.

27. Жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарындагы жыйындар, жарандардын аскердик кызматтын негиздери боюнча теориялык даярдыкты жана алгачкы практикалык көндүмдөрү алуу максатында өткөрүлөт.
Аскер комиссариаттарындагы жыйындар коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көрсөтмөлөрүнө ылайык өткөрүлөт.

28. Аскердик бөлүктөрдөгү (окуу борборлорундагы) жыйындар аскердик бөлүктөрдүн (окуу борборлорунун) туруктуу жайгашкан пункттарында жарандардын аскер адистигин алуу максатында өткөрүлөт.
Жарандар аскердик бөлүктөрдө жыйындардан (окуу борборлорунда) өтүү мезгилинде Аскердик антты беришет.
29. Жыйындардын бүтүшү болуп өздүк курамдын тизмесинен чыгаруу жөнүндө аскердик бөлүктүн командиринин (окуу борборлорунун башчысынын) буйругу чыккан күн эсептелинет.
30. Жыйындарга чакыруу тартибин, жыйындарды өткөрүү тартибин жана жарандарды жыйындардан запаска бошотуу тартибин коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы биргелешип аныктайт.

31. Аскер комиссарлары, аскердик бөлүктөрүнүн командирлери (окуу борборлорунун башчылары) Жыйындарды өткөрүү пландарын түзүшөт, анда жыйындарды уюштуруу, камсыздоо жана өткөрүү үчүн зарыл иш-чаралар аныкталат.
32. Жарандарды жыйындардан өтүү мезгилинде үлүштүн бардык түрлөрү менен камсыз кылуу тартиби коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү буйруктары менен аныкталат.
33. Аскердик бөлүктөргө (окуу борборлоруна) жарандарды жөнөтүү жыйноо пункттары аркылуу жүргүзүлөт.
Аскер комиссарлары Жарандарды жыйындардан өтүү үчүн аскердик бөлүктөргө (окуу борборлоруна) жөнөтүү планына ылайык жарандардын жыйноо пункттарына келүүсүн камсыз кылат.
34. Жарандар жыйноо пункттарына коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы биргелешип аныктоочу мөөнөттөрдө аскер комиссариаттары тарабынан уюшкандыкта жеткирилет.

35. Аскердик бөлүктөрдүн (окуу борборлорунун) өкүлдөрү аскердик бөлүктөргө (окуу борборлоруна) келгенде өздүк курамды ысмы жазылган тизме боюнча өткөрүп беришет. Ошол эле учурда тиешелүү башчыларга аскердик тартиптин абалы жана бара жаткан жолдогу тартип бузуунун бардык учурлары жөнүндө баяндайт.
36. Жыйындардын толук курсунан өткөн жарандар аскердик бөлүктүн (окуу борборлорунун) командиринин буйругу менен запаска бошотулат жана экинчи категориядагы запаска киргизилишет.
37. Жарандар берилген аскердик форма кийиминин комплекти менен запаска бошотулат.
38. Запаска бошотулган жарандар жыйноо пункттарына аскердик бөлүктөрдүн (окуу борборлорунун) автомобиль транспорту менен жеткирилет жана жыйноо пункттарынын башчыларына ысмы жазылган тизме боюнча өткөрүп берилет.
39. Запаска бошотулган жарандарды, аскердик бөлүктөрдө (окуу борборлорунда) негизсиз кармоого тыюу салынат.
40. Мобилизация жарыяланган учурда жыйындардан өтүп жаткан жарандарды запаска бошотуу өзгөчө буйрукка чейин токтотулат.
41. Жарандарды запаска бошотууда аскердик-каттоо документтерин толтуруу тартиби Так отчеттуулук бланктарын жасоо, каттоо, сактоо жана толтуруу тартиби жөнүндө нускамада аныкталат.
42. Жарандарды запаска киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө тиешелүү жобо менен аныкталат.
43. Жыйынга чакырылган жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- чакыруу боюнча белгиленген мөөнөткө жыйындардан өтүү үчүн аскер комиссариатына келүүгө;
- жашаган жеринин, үй-бүлөлүк абалынын бардык өзгөрүүлөрү жөнүндө 10 күндүк мөөнөттө аскер комиссариатына билдирүүгө;
- жашаган жери алмашканда каттоого туруу үчүн жазма буйрукта көрсөтүлгөн аскер комиссариатына жана мөөнөттө келүүгө.
44. Жыйындардан өтүүдөн баш тарткан жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
45. Жарандардын жыйындардан өтүү мезгилиндеги укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери чакыруу боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
46. Жарандардын жыйындардан өтүү мезгилиндеги өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу аскер кызматчылары үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| Н. Момуналиев |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 566 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ